, 13.02.09 - 17-бет:
  Быйыл "Кыргыз Туусу"
гезитинин чыкканына 85 жыл толот

Жолугушуудан кийинки ой
Үстүбүздөгү жылдан тартып бийлик менен элдин ортосундагы ишенимдүү көпүрө катары милдетти аткарган "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору Кыяc Молдокасымов өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында гезиттин жашоосун уланткан, нускасын көбөйткөн өз окурмандары менен жолугушууларды өткөрө баштады. Мындай иш-чара башка аймактарда да улантылмакчы.
Улуттук тунгуч - "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору Кыяс Молдокасымовдун окурмандар менен жолугушуусу өлкөбүздүн түштүк борборунда жайгашкан Ош мамлекеттик университетинин окутуучулар жамааты жана шаардык окурмандар менен башталды. Анын жүрүшүндө башкы редактор улуттук тунгуч гезитибиз кийинки мезгилде түбөлүктүү темаларды көтөрүү багытындагы азыркы жаңыланган багытын баяндап, элибиздин рухун, духун арттырууга өбөлгө болгон өзүнүн ишмердүүлүгү, адамгерчилиги менен жаштарга үлгү болгон улуу инсандар тууралуу тарыхый табылгалар, академик Бектемир Мурзубраимовдун коомдогу актуалдуу маселе - ысырапкерчиликке жол берген элдик каада-салттарды чектөө
боюнча көлөмдүү материалына үн кошкон макалаларга токтолуп, гезиттин 85 жылдык мааракесине карата көрүлүп жаткан даярдыгы тууралуу баяндама жасады.
Абалтан эле мугалимдер басма сөзгө жакын, окурман калк эмеспи. Түштүктөгү жогорку окуу жайларынын флагманы болгон бул окуу жайынын ректораты жана профессордук- окутуучулар жа-мааты "Кыргыз Туусу" гезитинин бир мезгилде өткөргөн оош-кыйыш учуруна туура баа берип, кийинки мезгилде гезит беттеринен элибиздин элдүүлүгүн аныктоо, мамлекеттүүлүгүбүздү сактоо, анын экономикалык жана социалдык-маданий кубаттуулугун арттыруу, руханий дөөлөттөрүбүздү бекемдөө сыяктуу материалдарга кеңири орун бериле баштагандыгын, мурдагыдай супсак материалдар кан жүгүргөн жаңы багыттагы макалалар менен алмаша баштагандыгын баса белгилеп көрсөтүштү.
Жолугушуунун кийинки бөлүгү суроо-жооп формасында өтүп, окурмандар башкы редактор Кыяс Молдокасымовдон өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты.
Жолугушуунун жүрүшү окурмандар менен маңдай-тескей олтуруп пикир алышуу эки тарап үчүн пайдалуу боло тургандыгын көрсөттү.
Гезиттин кийинки санында башкы редакторубуздун Жалал-Абад мамлекеттик университетинде болгон жолугушуусу тууралуу андагы материалга орун бермекчи.
Т.АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"




Ардагерлер "Кыргыз Туусун" бекер алып окушат
Премьер-министр Игорь Чудинов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө буйрукка кол койду.
Бул документ согуштун ардагерлерин колдоо жана аларга кошумча мамлекеттик көмөк көрсөтүү максатында кабыл алынды. Мына ушуга байланыштуу "Ар бир ардагерге - бирден басылма" принциби боюнча "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" жана "Эркин Тоо" гезиттерине 2009-жылга бекер жаздырып берүү чечими кабыл алынды.
Мына ушуга байланыштуу, Каржы министрлигине ардагерлерге бир гезитке бекер жаздыруу үчүн республикалык бюджеттен тиешелүү акча каражаттарын таап бөлүштүрүп берүү тапшырылды.
Ал эми Транспорт жана коммуникациялар, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтери жогоруда аталган үч гезитке согуштун катышуучулары менен майыптарына 2009-жылдын мартынан декабрына чейин бекер жаздырып берүүгө жана аларга бул басылмаларды өз убагында жеткирип берүүгө байланыштуу уюштуруу маселелерин чечүүгө тийиш.
Р.ЖЕТИГЕНОВ




  Сессия күндөлүгү

Наристелер тагдыры, Баатыр энелердин кадыр-баркы, кредиттин ачыктыгы
Былтыр 81 бала чет мамлекетке багылып кеткен
Бүгүнкү күндө ата энеси баш тарткан кароосуз балдарды багып алууга кыргызстандык атуулдардын 300дөн ашыгы кезекте турушат. Ошол эле учурда акыркы эки жылдан бери чет өлкөлүктөрдүн наристелерди багып алуулары кескин өскөн. Маселен, 2007 жылы 69 бала чет элдик атуулдар тарабынан багылып алынса, 2008 жылы анын саны 81 балага жеткен. Италия, Франция, Швеция, Израиль өлкөлөрүнө ондогон наристелер багууга кетип жатыптыр. Баарынан кызыгы, кээ бир кайрымдуулук фондуларынын, өкмөттүк эмес фирмалардын атына жамынып алышып, атайын фирмалар бир баланы 12 миңден 17 миң долларга чейин соодалашкан фактылары бар экендигин кечээги парламент сессиясында "Ак жол" фракциясынын депутаты Бегалы Наргозуев маалымдады. Депутаттын айтуусу боюнча ар бир наристенин ден-соолугунун таза же майып экендигине байланыштуу өзүнүн жашы-руун акчалай баа ставкасы бар экен. Бул дале болсо биздеги мыйзам актыларынын али талапка жооп бербегендигинен болуп жатат. Балдарды багып алуу максатында өлкөдөн тышкары чыгарууга бир нече мамлекеттер тыюу салышкан. Өзүбүздүн көптөгөн жарандарыбыз бала багып алууга кезекте турганына карабай, башкаларга кеңкесири жол ачылып жатканы жумшак айтканда туура эмес.
Кесиптешинин билдирүүсүнө депутат Николай Байло каршы чыгып, былтыркы жылдын апрель айынан бери Кыргызстандан бир да наристе тышка багылып кете электигин айтты эле, Бегалы Наргозуев бул орчундуу маселе тууралуу быйылкы жылдын январь-февраль айларында эки ирет өкмөттүн, коомдук уюмдардын ж.б. түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышкан кеңейтилген "тегерек стол"
жыйыны болуп өткөнүн, анда ушул келтирилген фактылардын билдирилгендигин кайра сөз алып бекемдей кетти.
Баатыр энелерге жеңилдиктер берилеби?
Борбордук Азия республикаларынын ичинен Кыргызстан эненин жана ымыркайдын өлүмү
боюнча алдыңкы орунда турат экен. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда 2008 жылы эне бала өлүмү он
пайызга кыскарган. Бирок, муну менен канааттанып калууга болбойт. Республиканын Ысык Көл, Нарын, Баткен ж.б. облустарынан депутаттарга Баатыр энелердин ар кандай жеңилдиктерден жардам сурап кайрылуулары токтоло элек. Парламенттеги "Ак жол" фракциясынын өкүлү Гүлнара Дербишеванын кечээги сессияда айтканына караганда, Баатыр энелерге муниципалдык автоунааларда бекер жүрүү жеңилдигинен башка эч бир колдоолор каралган эмес. Депутат айымга кошулбаска арга жок. Азыр автоунаалардын дээрлик баары менчик ээлериники. Андыктан, алар акысыз ташыбайт. Анын үстүнө өлкө калкынын демографиялык өсүшүн камсыз кылуу максатында деле Баатыр энелердин статусун көтөрүүчү учур небак бышып жеткен. Бул боюнча Өкмөттүн тиешелүү түзүмдөрү менен парламент биригип жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, кабыл алуулары керек экени көтөрүлдү. Себеби, Баатыр энелер боюнча буга
чейинки мыйзамдар азыркы учурдун талаптарына жооп бербей калган.
Россия насыялары айыл чарбасына, туризмге жана сугат тармагына жумшалат
Россия мамлекети убада кылган насыялардын ичинен 300 млн. долларлык каражат боюнча, Өкмөт керектүү долбоорлорду түзүп, даярдоо талаптарын коюп жатат. Мына ошол каражатты эми экономикабыздын өнүгүүгө багыт ала турган эң орчундуу тармагына бурушубуз керек. Тактап айтканда, өнүгүүгө секирик жасоочу кайсыл тармактардын артыкчылыгы бардыгын аныктап алганыбыз оң. Анан ошол тармактар боюнча аймактарга бөлүштүрүп, долбоорлорду даярдашыбыз зарыл экендигине депутат Асылбек Жээнбеков токтоло кетти. Депутаттын пикири боюнча аймактарда ошол талапка ылайык долбоорлорду даярдоочу адистер жокко эсе. Ал эми артыкчылыктуу багыттарга биз кичи шаарларды, айылдарды киргизип, айыл чарбасын өнүктүрүүгө басым жасоочу мезгил жетти. Азык түлүк продукцияларын атаандаштыкка ылайыктуу чыгарып, экспортко жөнөтө баштасак, өнүгүү үчүн секирик жасоочу деңгээлге жетүүгө болот.
Дагы эле Россиядан келе турган насыялар жөнүндө. Республиканын облус, шаар, райондорунан ар кыл долбоорлор Өкмөткө келип түшөт. Мына ошолордун алгылыктууларын тандап, Өкмөт насыялардын эсебинен артыкчылыктуу деп табылган долбоорлорду каржылай турганын Президент Курманбек Бакиев журналисттер менен болгон эки күн мурдагы жолугушуусунда айтты. Ал эми өлкөнүн стратегиялык өнүгүшүндө туризм тармагынын өзүнчө орду бар. Ушуга байланыштуу Ысык Көл облусундагы "Тамчы" аэропорту курулуп баштап, биротоло бүткөрүлбөй турат. Андан тышкары, Алма Ата - Чолпон Ата жолун курууну колго алуу менен коңшулар тараптан туристтердин келишине ыңгайлуу шарт түзүү мүмкүнчүлүгүн ачуу сунушун депутат Аскербек Шадиев киргизди.
Республиканын бир нече аймактарында ирригациялык иштердин начардыгынан сугат жерлери кыскарып, кайрак аянттарга айланууда. Суу тартыштыгынан бак дарактар андан бетер "суусап" турган чагы. Анын бир себеби, акыркы эки жылдан бери табигый кургакчылыктын да кесепети тийди. Ал эми иче турган таза суунун жетишсиздиги да республика аймагында биротоло чечиле элек. Россиядан келе турган насыя, гранттар боюнча жер жерлерден парламент депутаттарына кайрылуулар келип, ирригация жагдайына көңүл буруу өтүнүчтөрүн жиберишүүдө. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов билдирип, өлкөнүн суу ресурстарынын 20 пайызын кыргызстандыктар өзү колдонуп, калган 80 пайызы кошуна республикалардын пайдалануусуна кетип жаткандыгына токтоло кетти. Депутаттын пикири
боюнча табигый суу байлыгынын бери дегенде 40 пайызын кайрак жерлерди иштетүүгө буруп алсак, дыйкандарга кыйла жеңилдик болот.
Президенттин багытын колдоо, алдыда жаз...
Президент Курманбек Бакиев 11 февраль күнү журналисттер менен өткөргөн басма сөз жыйынында келээрки Президенттик шайлоого барарын ачык айтты. Белгилүү болгондой акыркы жылдары тынбай өткөрүлгөн саясый митингдер былтыркы жылы эле токтоп, Президент бир жылдан бери эле толук кандуу иштей баштады. Ушул учурдан баштап өлкөдө социалдык экономикалык өнүгүүлөр мурдагыдан өр тартканы сезилди. Өзгөчө Россия мамлекети менен түзүлгөн келишим тарыхта кала турган окуя болуп, элибиздин келечегине оң таасирин тийгизчү ишке айланды. Андыктан, алдыдагы максаттарды ишке ашыруу үчүн Президенттин экинчи мөөнөткө бара тургандыгын колдоо боюнча Айнур Кенжебаева депутаттык позициясын билдире кетти. Ал "Ак жол" элдик партиясы менен кошо эле оппозициялык маанайдагы партияларды да Президенттин алган багытын колдоого чакырды.
Жадыраган жаз босогодо турат...
Нарынкүл Назаралиева,
"Кыргыз Туусу"




"Кумтөрдүн" дагы бир кубанычы
"Кумтөр" ишканасы 2008-жылдын жыйынтыктарын маалымдады. Сандардын сүйлөгөнүнө караганда иштин сапаты жакшы. Атап айтканда, "Кумтөр" өткөн жылы 556251 унция же 17,3 тонна алтын казып өндүргөн. Жыл боюнча төлөмдөрдүн жана салыктардын суммасы 1 млрд. 869 миллион сомду түзгөн.
Бул туурасында "24 кg" маалымат агенттигинде "Кумтөрдүн" өкүлдөрү журналисттерге атайын билдирүү жасашты. "Кумтөр" жыл өткөн сайын эмгек өндүрүмдүүлүгүн кеңейтип, мамлекеттин казынасын байытууга бараандуу салым кошуп жаткандыгы айтылды. Мунун натыйжасында "Кумтөрдө" иштеген жумушчулардын да айлык акысы жогорулады. Дарыланганга, эс алганга мыкты шарттар түзүлүп, курорт-санаторийлерде ден соолугун чыңдагандардын саны өстү. Көп балалуу үй-бүлөлөргө өзгөчө көңүл бурулуп, алдыңкы жумушчуларга кошумча маяналар чектелген. Ошондой эле "Кумтөрдүн" кесиптик кошуну менен өткөн жылдын күзүндө 30 айлык келишим түзүлүп, жумушчулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган. Демек, эмгек жамаатына болгон камкордук, иштин ийгилигине өбөлгө түзүп олтурат. Ушул тапта "Кумтөрдө" 2300 адам эмгектенет.
"Кумтөр" 2008-жылдын төртүнчү токсондугун кирешелүү
жыйынтыктады. Бул аралыкта алтын сатуунун суммасы 208,5 млн. долларды түздү. Жылдын жалпы жыйынтыгы 468,3 млн. доллар. Демек, акыркы үч айда "Кумтөрдө" өндүрүштүн өсүшү бийикке көтөрүлгөнү байкалат.
Эң башкысы, "Кумтөр" салыктарды убагында төлөп, алтын казылган аймакка жакын жашаган айыл калкына үзгүлтүксүз камкордуктар көрүлүп жаткандыгы, адам өмүрү, ден соолугу башкы маселе экендиги айтылды. "Кумтөрдүн" алдыга койгон чоң максаттары бар. Аны ишке ашыруу үчүн Кыргыз өкмөтү менен да жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болуп келгенин жана боло берерин билдиришти.
Б.БЕРДАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"