, 13.02.09 - 13-бет:
 15-февралда Советтик аскерлердин
Ооганстандан чыгарылганына 20 жыл болот

Ал күндөрдү эстеш өтө оор
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Аскердик факультетинин тактика кафедрасынын башчысы, Жолон Чынтемиров да Ооганстанда отту кечип, оор жаракат алып кайткан.
Кабарчыбыз ага жолугуп, сөзгө тартты.

- Жолон Акимжанович, эмне үчүн аскер адамы болгуңуз келген?
- Мен эмнегедир бала кезимден эле аскер адамы болгум келчү. Экинчиден, чоң атамдын эң жакын досу, Советтер Союзунун Баатыры Николай Лященко биздин айылга 9-май Жеңиш күнүндө келип, жердештерине гүл коюп кетип турчу. Мына ушул кишинин да таасири болду окшойт. 1977-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Өрүктү орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы Алматыдагы Советтер Союзунун эки жолку Баатыры, маршал И.Конев атындагы аскердик окуу жайына тапшыргам. 1981-жылы ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Ооган жерине кеттим.
- Ал жактагы көргөн кыйынчылыктарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Ал жердеги ар бир күндүн
кыйынчылыгы бар. Ошол күндөрдү эстеш мен үчүн кыйын. Баргандагы биринчи кыйынчылык- күндүн ысыктыгы болду. Көлөкөдө 50 градуска чейин ысык болот экен. Бирок, башка жерден келген балдарга караганда биз ал жердин шартына көнүүбүз бир канча жеңил болду. Ошондой эле Ооган жеринин ушунчалык артта калуусу бизди абдан таң калтырды. Биз чоң-чоң машиналар менен ташыган жүктөрдү, алар атка, эшекке, өгүзгө арабаларды чегип алышып, отун-суу жана жашоолоруна керек болгон бардык нерселерин колдун күчү менен жасашат экен. Анан ал жактагы адамдардын кийген кийимдери бизди таңдандырды. Кыз-келиндери паранжы кийип, эркектери болсо узун-узун көйнөктөрдү кийишет, баштарына селде оронушат. Алардын ушул нерселерине көнө албай жүргөн күндөрүбүздө алгачкы уруш жана аскердик операциялар башталды. Эки жактан тең анча тажрыйбасы жок жигиттер окко учуп каза болушту. Аларды жоготуу биз үчүн абдан оор болду. Мен улуу адам жана командир катары ротамдагы аскерлерге билгендеримди үйрөтүп, өздөрүн аман алып калуулары керек экенин түшүндүрүүгө аракет кылчумун. 2 жыл убакыт өттү, мына үйгө кетебиз деп жүргөнүмдө ок жаңылып кырсыктап, бир колумду жана экинчи колумдун айрым манжаларын кесип таштоого туура келди.
- Катуу жаракат алгандан кийин дагы эмне себептен аскер кызматын уланткыңыз келди эле?
- Жарадар болгондон кийин менде: Эми эмне кылуу керек? Кантип жашайм? - деген сыяктуу толтура суроолор жүрөгүмдү өйүдү. Ансайын Москвадагы аскердик госпиталда жатып алып, апамды эстеп кантип жүрү экен, эмне деп кат жазып, жаракатым жөнүндө эмне деп билдиришти билбей башым маң болду. Аскерлердин катарында калтырууну өтүнүп СССРдин Коргоо министрлигине кат жаздым. Үмүтүм деле жок болчу. Бирок, кудай жалгап мени калтырышты. Ошондогу кубанганым. Анткени, армия бул бала кездеги кыялым гана эмес, менин жашоом болчу.
- Кыргызстандан канча аскер барды эле?
- 7000ден ашык кыргызстандык аскерлер барган. Алардын 122си каза табышты. 420 жигит майып болушуп, 4 аскер дайынсыз жоголгон. Советтер Союзунун Баатыры Руслан Аушев: "Туткунга түшкөндөрдүн арасында бир дагы кыргызстандык жок",-деп баса белгилеген эле.
- Ооганга кете электе сүйлөшкөн кызыңыз бар беле?
- Ооба, бар болчу. Мектепте бирге окуган классташым Бейшегүл. Ал азыр менин өмүрлүк жарым. Эки уулубуз бар. Улуусу Сыймык окууну бүткөн, Мирлан болсо студент.
- Учурда аскер реформасы боюнча жаңы мыйзам кабыл алынганы жатпайбы, бул боюнча көз карашыңыз кандай?
- Жашоо токтоп тура бербейт экен да. Улам убакыт өткөн сайын жаңы реформа керек экен. Менимче, 1977-жылдан бери көп эле реформалар болуп келе жатат. Эми боло турган реформа дагы жакшы реформалардын бири болот го деп ойлоп жатам. Баягы саны көп, сапаты жоктордун ордуна, кыска мобилдүү, оперативдүү бөлүктөр
даярдала баштады. Көбүнесе контракттык негизде дейт. Контракттык системанын дагы көп жакшы жактары бар. Негизгиси алдыга коюлган максат өзүнүн убагында аткарылат деп ойлойм.
- Кандай жакшы жактары бар?
- Мисалы, биз Кыргызстандагы болгон мобилизациялык ресурстун бардыгын аскерге чакыра албайт экенбиз. Көбүнесе калып калышат экен. Ошолорго жакшы шарт түзүлдү. "Жок, мен аскерге барбайм", - дегендер бир ай кызмат өтөп, 12 000 сом төлөшөт дагы, аскердик билет алышат. Аскер адамы болот элем дегендер эки ай окуйт, 24 000 сом төгүшүп, "кенже лейтенант" деген наам алышат.
- Бул кызматыңызга чейин кайсы жакта иштедиңиз?
- Өзүмдүн туулган жериме келгенден кийин Октябрь райондук комиссариатында жети жыл иштедим. Андан кийин 1-май райондук аскер комиссариатында төрт жыл эмгектендим. Ошондой эле дене тарбия академиясында аскердик кафедрасында начальник болуп иштеп жүрдүм. Азыр Ж.Баласагын атындагы КУУнун Аскердик факультетинин тактика кафедрасында башчылык кылып келем.
- Бош убактыңызды эмне кылып өткөрөсүз?
- Негизи бизде бош убакыт деле аз болот. Кичине бош болгондо бирге окуган жоро-жолдоштор туурасында окуйм, эстейм. Анан өзүм аскер адамы болгондон кийин, тоо тарапка көп тартат. Тоого чыгууга, аңчылык кылууга, балык уулоого кызыгам.
- Акыркы жолу аңчылыкка качан чыгып келдиңиз?
- Жаңы жылдын алдында чыгып келдим. Бир чабан: "Карышкырлар көбөйүп кетти, мал-жанга кол салып жатат, жардам кылсаңар жакшы болот эле",- дегенинен өзүмдүн өкүл балам болуп тоого барып, бир карышкыр атып келдик.
- Сизге ийгиликтерди каалайбыз!
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"




Отуз жылдан кийинки жолугушуу
Руслан Аушев биздин взводдун командири болчу
- жылдын ноябрь айында аскердик кызматка чакырылып, алгачкы алты айда ошол кездеги Чечен-Ингуш АССРинин борбору Грозный шаарында кызмат өтөөнү баштадык. Болгондо да мотоаткычтар аскерлери үчүн сержанттарды даярдоо мектебине туш келдик. Бизге взводдун командири катары жаңы эле аскердик жогорку окуу жайын бүтүрүп келген 21 жаштагы лейтенантты тааныштырышты. Аны менен бирге бүтүп келген өзүнө коёндой окшош бир тууган иниси Адам башка взводго командир болду. Бир туугандардын дагы бири- Багаутин да аскердик жогорку окуу жайында окуп жатат дешти. Узун бойлуу, арык чырай, ак куба жүзүнө кайраттуу кара муруту жарашкан жаш лейтенант биздин взводдун курсанттары менен тез арада ага-инидей алака түзүп, ошол эле учурда аскердик тартипти бекем сактап, уставдык талаптарды өтө катуу койду.
Грозный шаарынан 25-30 чакырым алыстыкта турган Шали кыштагынын (1990-жылдан шаар статусун алды) аймагында взводдун командири кышкы чыкылдаган аязда аскер палаткаларында биз менен бирге апталап жатып, тоо арасында, айсыз түнкү мезгилдерде түрдүү куралдардан ок атуу, чабуул коюу машыгууларында дайыма катарыбызда болуп, суукка кошо тоңуп, бизден ашык болсо ашык, бирок кем чуркабай, кар үстүндө курсанттардан кем сойлобой аскердик чеберчиликтерди үйрөттү.
Биздин взвод батальондогу 6 взводдун ичинде күжүрмөн
даярдыктардын, аскердик машыгуулардын жыйынтыгы боюнча ар
дайым алдыда болду. Сержанттык алты айлык окуу курсу аяктап, биздин айрымдарыбыз сержант, кээлерибиз кенже сержант наамын алып, башка шаарларга, аскер округдарына жөнөтүлүү үчүн коштошуу сабына тизилгенде ал ар бирибизди кучагына кысып кайырлашты. Мага кезек келгенде:
- Кызматты жакшы өтөгүн, киндик каным тамган Көкчөтоого барганда Кыргызстанга да барып калармын, ошондо жолугушабыз!- деп коштошту. Мына ошол улуту ингуш жаш лейтенанттын аты-жөнү Аушев Руслан Султанович болчу.
Аскердик кызмат өтөөм Баатыр-шаар Волгоградда дагы бир жарым жылдан соң аягына чыгып, туулган мекениме келгенден кийин азы-раак чарбада иштеп, жогорку окуу жайына өттүм. Жогорку окуу жайында окуп, кийин алыскы райондук гезитте иштеп жүргөн мезгилде да взводубуздун командири Руслан Аушевди, анын айткан жалындуу сөздөрүн эсимден чыгарбай жүрдүм. Жетимишинчи жылдардын этегинде Совет өлкөсүнө кошуна Ооганстанда граждандык согуш башталып, президент Х. Аминдин АКШга, же Кытайга көмөк сурап кайрылуусуна жол бербөө аракетинде бул аймакка 1979-жылдын декабрь айында Советтик аскерлердин чектелген контингенти киргизилди.
Ал 39 жашында Ингушетиянын Президенти болду
Өлкөбүздө, аскердик округ-
дардын биринде кызмат өтөп жаткан Руслан Аушевдин да 1985-жылы Ооганстандагы кан күйгөн согушка киргендигин борбордук басма сөздөрдөн окуп, тынчсыздануу менен Советтик аскерлердин чектелген контингентинин согуш аракеттерине, анын ичинде командирим Руслан Аушевдин дарегине назар салып турдум. Анын душмандар менен согушууда зор эрдиктерди көрсөткөндүгүн, катуу жарадар болгондугун жазып жатышты. Ал Советтер Союзунун Баатыры жогорку наамына татыктуу болуп Ооганстандан кайтты. Андан
кийин бир тууган инилери Адам менен Багаутин да офицер катары Ооганстанда, болгондо да Руслан кызмат өтөгөн батальондо интернационалдык милдетин өтөштү.
Руслан Султанович болсо Москвадагы М.В. Фрунзе атындагы аскердик академиядан окуп, кайрадан Ооганстандын кан күйгөн аймагында экинчи ирет болду. 1989-1991-жылдары СССРдин эл депутаттыгына,1993-1995-жылдары Россиянын Федералдык Кеңешинин депутаттыгына шайланды. Ал эми 1995-2000-жылдары Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин мүчөсү, дагы эки жыл Федерация Кеңешинин мүчөсү болду.
1992-жылы ингуштар чечендерден өз алдынча бөлүнүшүп, Россиянын курамында Ингуш республикасы болуп түзүлгөндөн кийин генералдык наамга жетип, турмуштук тажрыйба топтоп калган 39 жаштагы Руслан Аушев жарым миллионго жакын калкы бар (анын ичинде ингуштар 85 пайызга жакын) эгемендүү өлкөсүнүн алгачкы Президенти болуп шайланды жана бул жооптуу да, түйшүктүү да кызматта дээрлик он жыл турду. Жаш эгемендүү өлкөсүнүн телчигишине салымын аябады.
Тагдырдын буйругу менен Москвадагы саясый адабияттар басмасынан 1987-жылы чыккан "Тагдыр сапарга чакырат" аттуу очерктер жыйнагын китеп дүкөнүнөн көрүп калдым. Ага үч бир тууган Руслан, Адам, Багаутин Аушевдердин эрдиктери туурасында жазуучу-журналист И. Дыниндин "Эрдик" аттуу көлөмдүү очерки да киргизилиптир. Үчөөнүн сүрөттөрү да жүрөт. Бул китепти дароо сатып алып, толук окуп чыктым да сары майдай сактап жүрдүм.
Кийин генерал-лейтенант Руслан Султанович Ооган согушуна катышкандардын жалпы шериктеш өлкөлөр боюнча комитетинин жетекчиси болуп шайланып, Москвада жашап калды. Негедир эле менин ички дүйнөмдө командирим, андагы лейтенант, азыркы генерал-лейтенант Руслан Аушев менен жолугушуп калчудай сезимдер боло берди. Кантип эле,-дейм кайра өзүмчө,-бул жөн гана ойдун күлүктүгү го?

30 жылдансоң Ошто жолугуштук
Жок, ички сезимим мени алдабаптыр. 2005-жылдын башында ал иш сапары менен Бишкекке келип, андан бери Ош шаарына биздин "ооганчы" генерал Абдыгул Чотбаев экөөсү бирге жергиликтүү "ооганчылар" менен жолугушканы келатканын капилеттен угуп калдым. Сая кетирбей угуп калышыма "ЭлТР" коомдук телерадио компаниясында маалыматтар бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп жатканымдын пайдасы тийди. "Ооганчылар" менен жолугушчу убакыт, саатты күтүп, учурун тактап, бир күн калганда уйкум качып, өзүмдү коёрго жер таппай, баягы үч бир тууган Аушевдердин эрдиктери туурасында жазылган китепти алып жыйынга бардым. Жыйын бүтөр замат генералдын алдын тосуп, оң колумдун учун чыкыйыма такай аскердик сый көрсөтүп учураштым:
- Жолдош генерал, мен сиздин 30 жыл илгерки курсантыңызмын!-дедим. Ал таң кала түштү да:
- Оо, Грозный, Шали!-деп кучагына кысты.-Кечиргин, аты-жөнүң эсимде жок. Силер көп элеңер да, 4 жыл сержанттар мектебинде кызмат өтөгөнүмдө сен кызмат өтөгөн взводдон 240 сержантты даярдаганмын да, туурабы?
- Сиз ошондо коштошуп жатканда "жолугабыз, Кыргызстанга келемин," деп айттыңыз эле. Офицердик сөзүңүзгө турганыңызга рахмат!
Ал толкунданып, аркы-беркини сурап, сүрөткө түшүүгө чакырды. Катар жүргөн жан сакчысына: "Бул биздин тууган чыкты" - деп тамашалап, жөн-жайыбызды түшүндүрдү. Мен койнумдагы баягы "Тагдыр сапарга чакырат" деген 18 жылдан бери сактап жүргөн китепти алып чыкканда ал андан да таң калды:
- Бул китеп силерге да жеткенби? Сактап жүргөнүң үчүн ыраазымын. Командириңди унутпагандыгыңа чын дилимден ишендим,-деди да колтамгасын жазып берди.