, 10.02.09 - 3-бет: Т.Усубалиевдин 90 жылдык мааракеси
мамлекеттик деңгээлде белгиленет
Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин туулганынын 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында комиссия түзүлдү.
Комиссияга бир айлык мөөнөттө Т. Усубалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган салтанатты өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүү боюнча финансы булактарын белгилөө тапшырылды.
С.ЖАКЫПОВА




Депутат кетип, ордуна келди
Өткөн аптанын жума күнү Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму болду.
"Ак Жол" элдик партиясы" саясый партиясынан депутат Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевичтин депутаттык полномочиесин өзүнөн алып салуу жөнүндө берген арызынын негизинде жана Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы өз отурумунда Жогорку Кеңештин депутатынын полномочиелерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу токтом кабыл алды. Полномочиелерин токтоткон ЖКнын депутатынын ордуна, Жогорку Кеңештин депутаты болуп "Ак Жол" элдик партиясы" саясый партиясынан талапкерликке кийинки тизмеде турган Керимова Нурбүбү Сартовна катталды.
Ошондой эле, Бишкек шаардык Кеңешинин депутатынын полномочиелерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Осмоналиев Айбек Шермамбетовичтин берген арызынын негизинде жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктуна, шайлоолор жөнүндө КРнын кодексинин 87-беренесинин 1-пунктуна ылайык, КРнын БШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Осмоналиев Айбек Шермамбетовичтин полномочиелерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу токтом кабыл алды.
Отурумда ошондой эле, процедуралык жана уюштуруучулук мүнөздөгү маселелер каралды.




Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилди
6-февралда Борбор дук шайлоо комиссиясынын жыйындар залында, КРнын БШК мүчөлөрүнүнүн, облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын жалпы жана каржы маселелери боюнча өкүлдөрүнүн, катчыларынын, башкы адистеринин катышуусунда, "Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө КРнын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү: негизги жоболор жана өзгөртүүлөр" жөнүндө мыйзам деген темада республикалык бир күндүк семинар өткөрүлдү.
Бул семинар "Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" 2009-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу уюштурулду.
Семинардын ишин ачып, КРнын БШК төрагасы өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө, кийинки кездери, шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабынан жана Кыргыз Республикасынын жалпысынан бүткүл шайлоо системасына байланыштуу бир катар мамлекеттик жана коомдук-маанилүү иш-чаралар уюштурулуп, өткөрүлгөнүн маалымдады.
Ал ошондой эле, эркин жана адилет шайлоо өткөрүү үчүн шайлоолордун жалаң эле демократиялык практикасы эмес, ошондой эле, шайлоо мыйзамы да олуттуу мааниге ээ болорун белгиледи жана семинардын бардык катышуучуларына жемиштүү иштөөнү каалады.
Семинарда КРнын Борборшайлоокомдун аппаратынын бөлүм башчылары доклад жасашып, семинардын катышуучуларына Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен тааныштырышты.
Семинардын жүрүшүндө, жемиштүү талкуулар болду, анда семинардын катышуучулары бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты, атап айтканда, шайлоо процессинде, облустук шайлоо комиссияларынын шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө катышуусу жана ролу тууралуу сөз болду.
Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө КРнын кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө
ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо учурунда облустук, Бишкек жана Ош шаардык комиссияларынын статусу, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
кеңештеринин депутаттарынын полномочиелерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселелери боюнча ишти кароо жана чечим кабыл алуу полномочиелери калыбына келтирилгенин эске сала кетели, ошону менен бирге, добуш берүү үчүн бөлмөгө кирерде шайлоочуларды атайын аралашма менен белгилөө (маркировка) нормасы алынып салынды, айдоочунун күбөлүгү менен добуш берүүгө уруксат кылынды, ж.б.д.у.с.
КРнын
Борбордук шайлоо
комиссиясынын басма сөз кызматы




Бийлик биринчи болуп колун сунду, кезек оппозицияда
6-февралда КРнын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу республиканын белгилүү коомдук ишмерлери, аксакалдар тобун кабыл алды. Алар: Турдакун Усубалиев, Мамбет Мамакеев, Ишенбай Абдразаков, Миталип Мамытов, Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиев жана Карыбек Молдобаев. Жолугушууга ошондой эле КРнын Президентинин администрациясынын жетекчиси Да-нияр Үсөнов жана КРнын башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиев катышты.
Жолугушууда аксакалдар тобу кол коюп, КРнын Президенти Курманбек Бакиевдин атына жөнөтүлгөн Кайрылуу талкууга алынган негизги маселе болду. Кайрылууда өлкөдөгү коомдук саясый абалга, кээ бир оппозиция өкүлдөрүнө карата кылмыштык иш козголушуна, кысым жасалышына тынчсыздануу билдирилген.
Жолугушууда конструктивдүү сөз болуп, аксакалдардын ар биринин пикирине өзгөчө көңүл бөлүндү. Мындан тышкары, кээ бир оппозиция өкүлдөрүнүн кылмыштык иштер боюнча кысымга алынышы боюнча аксакалдардын берген суроолоруна КРнын башкы прокурору тарабынан толук жооптор берилди.
Бийликтегилер саясый көз карашына карабай ар бир адамдын пикирине кулак төшөөгө даяр экендигин Мамлекеттик катчы белгиледи. "Бүтүн Кыргызстан эли сиздерди өмүрүн Ата Мекенге кызмат кылууга арнаган аксакалдар, көрүнүктүү коомдук ишмерлер катары билет жана сыйлайт. Президентибиз Курманбек Бакиев дагы сиздердин кайрылууну көңүл сыртында калтыра алган жок. Биз конструктивдүү сунушун айткандар менен диалогго барууга даярбыз жана оппозиция менен жолугушууга биринчи болуп кол сунабыз. Биз сиздердин катышууңуздарда оппозиция өкүлдөрү менен жолугушуп, түйүндүү маселелерди талкуулоого каршы эмеспиз. Сиздер, сыйга татыктуу, принципиалдуу адамдар катары бийлик менен оппозициянын ортосунда өзүнчө көпүрө болуп берсеңиздер жакшы болот", - деди Д.Нур уулу.
Жолугушуунун жыйынтыгында, кийинки кадам оппозиция тарабынан болушу керектиги, оппозициянын качан кол сунууга баруусу өзүнө жана ушул жолугушууга катышкан аксакалдардын жигердүүлүгүнө байланыштуу экендиги белгиленди.
А.ЭСЕНОВА,
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




Дайындоолор, бошотуулар
Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Бекбалаев Амангельды Абдыжапарович мурда жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан бошотулуп, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды.
Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Токтоболотов Малабек Анашевич Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Уржанов Курманбек Апышевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин кызматынан бошотулду.Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Султаналиев Турусбек Оморович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалды.




Салык ставкасы бекитилди
Премьер-министр Игорь Чудинов экономикалык ишмерчиликтин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизинде салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө токтомго кол койду.
Өлкөбүздүн Салык кодексинин 349-беренесине ылайык, КРнын Өкмөтү алмаштыруу бюросунун, сауналардын, мончолордун жана бильярддын кызматтарына милдеттүү патенттин негизинде салыктын ставкасын бекитти.
Бул токтом расмий жарыяланган учурдан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
З.ТОКОЕВА




  Кыргызстандын демилгеси колдоо тапты

"Кайрымдуулукка ишенгиң келсе, аны өзүңдөн башта" ( Л.Н. Толстой)
Бишкек гуманитардык университетинин
студенттеринин Кыргызстандын жаштары
менен студенттерине КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасынын Президен
ти К.С.Бакиевдин демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассам-
блеясынын резолюциясында үстүбүздөгү жылдын 20-февралын Социалдык адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнү катары жарыяланышын Бишкек гуманитардык университетинин студенттери III миң жылдыктын жаштары катары терең түшүнүү жана жактыруу менен колдойт.
Коомдук өнүгүүнүн жана социалдык адилеттүүлүктүн кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасы көтөргөн демилгени дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсү колдоого алууда.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын кабыл алынышы дүйнөлүк коомчулукта жана республикабызда туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу, жакырчылыкты жоюу жана калкыбыздын жашоо деңгээлинин жогорулоосуна жагымдуу таасирин тийгизээрине терең ишенебиз.
Социалдык адилеттүүлүк биздин жарандардын керектөөсү менен үмүт-тилегин канааттандырууда олуттуу мааниге ээ экендигине биз түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө көптөгөн өспүрүмдөр ата-эненин мээримине муктаж болсо, көптөгөн карылар менен майыптар камкордукка зар, айрым жарандарыбыз окуу же иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.
Урматтуу студенттер жана жаштар, эртеңки күндүн жоопкерчилиги биздин мойнубузда. Андыктан, социалдык адилеттүүлүк маселеси бизди терең ойлондурушу керек. Ошол себептен кутман карыларыбыз жөнүндө биз кам көрүшүбүз зарыл. Андыктан камкордукка муктаж боордошторубуздун талапка ылайык окуусу жана иштөөсү үчүн бүгүн кам көрбөсөк, эртең кеч болуп калат. Алардын абалына кайдыгер карай албайбыз. Ошондуктан, алардын ар бирине чын пейилден жардам берүүгө
даярбыз. Республикабыздагы 2 миллионго жакын жаштар ушул ыйык ишке кол кабыш кылсак, өлкөбүздө камкордукка муктаж жарандарга жылуу, жакшы, жагымдуу гана маанай түзүлмөк. Бул майрам биримдикке, боорукерликке, ак пейилдүүлүккө, достукка жана өз ара түшүнүүчүлүккө данакер болсун!
Урматтуу Президентибиздин "Биздин Мекенибиз бир, жерибиз бир, ошондуктан, конструктивдүү айтылган ар бир сунуш-пикир көңүл борборунда болот", - деген акыйкат сөзү биздин жасап жаткан ишибизге сөзсүз дем берет.
2009-жылдын 17-февралында Социалдык адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунун негизинде өтүүчү илимий-практикалык конференциянын алдында биздин кайрылуубузга жаштар кайдыгерлик менен карабастан, биздин боорукерлик жана кайрымдуулук боюнча ишибизди колдоп, социалдык адилеттүүлүккө жетишүү менен кайрымдуулукту жасоого, б. а. улуу жазуучу Лев Толстой айткандай: "Кайрымдуулукка ишенгиң келсе, аны өзүңдөн башта" деген кеменгер сөзүн иш жүзүнө ашырууга Сиздерди чакырабыз.
Бишкек Гуманитардык
университетинин студенттери
2009-жылдын 4-февралы

РЕДАКЦИЯДАН: 17-февралда БГУда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен Социалдык адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата республикалык илимий-практикалык конференция өтөт.
Бүгүнкү күндө даярдык иштери жүрүп жатат. Кыргызстандын жаштары жана студенттерине Кайрылуусунда белгиленгендей БГУнун студенттери тарабынан боорукерлик жана кайрымдуулук иш-чаралары өткөрүлүүдө.