, 10.02.09 - 2-бет:
  Расмий маалыматтар

12-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев жумушчу кеңешме өткөрүп, ага КРнын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу, КРнын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Данияр Үсөнов, КРнын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеваная, КРнын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары Каныбек Жороев, КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров жана КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Амангелди Бакиров катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө 12-февралда мамлекет башчысынын төрагалыгы менен өтө турган КРнын Коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдык көрүү маселелери талкууланды. Аталган жыйындын күн тартибине Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы, ошондой эле өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жана айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндөгү маселелердин киргизилиши пландаштырылууда.

Өз маалыматыбыз,
Э.Болжуров (фото)




Жол - жашоонун күрөө тамыры
Жер-жерлерде өтүп жаткан облустук администрациялар менен министрликтердин коллегияларынын жыйындарындагыдай эле өлкөбүздүн транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жалпы жыйынында да өткөн жылдын иш жыйынтыктары чыгарылып, үстүбүздөгү жылга жаңы милдеттер белгиленди.
Жыйынга катышкан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов азыркы шарттарда автоунаа менен жол ар бир адамдын турмушунда бир кыйла мааниге ээ болуп, адамдар менен жүктөрдү гана ташуучу тармак катары каралбастан, ишмерчилик менен чарба жүргүзүүгө шарт түзүүчү тармактар аралык түйүн болуп калгандыгына токтолду. Коллегиянын жыйынынын жүрүшү менен гезиттин кийинки санында кенен-кесири тааныштырабыз.

Өз маалыматыбыз




Баштапкы уюмдарга басым жасалууда
"Ак жол" элдик партиясынын Ош шаардык бөлүмүнүн V конференциясы Ошто болуп өттү.
Конференциянын күн тартибинде 2007-2008-жылдарда "Ак жол" элдик партиясынын Ош шаардык бөлүмү тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыгы, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин 2009-жылдын 27-январында улутка болгон кайрылуусун талкуулоо жана "Ак жол" элдик партиясынын IV съездине делегаттарды шайлоо сыяктуу маселелер каралды.
Конференцияда "Ак жол" элдик партиясынын Ош шаардык бөлүмүнүн координатору Кубанычбек Исаков "Ак жол" элдик партиясынын Ош шаардык бөлүмү Президенттин Кайрылуусун элдин калың катмарына жеткирүү максатында иш-план түзүп, баштапкы уюмдар менен биргеликте аракеттер жасалып жаткандыгын белгиледи. Партиянын стратегиялык максаттарына, келечектеги милдеттерине токтолду.
Партиянын шаардык бөлүмүнүн координаторунун отчётунда белгиленгендей, улам барган сайын "Ак жол" партиясы эл ишенимине кирип, колдоосуна ээ болду жана өткөн парламенттик шайлоодо жеңип чыкты. Жаңы Кыргызстандын тарыхында бир дагы саясый партия мындай жеңишке жетишкен эмес.
"Ак жол" партиясынын сунушу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдөгү оор экономикалык абалды жөнгө салууга, өнүгүүнүн алгачкы тенденцияларын камсыз кылууга жетише алды. Өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө ордолуу Ош шаары, оштуктар бараандуу салымын кошууда. 2008-жылы эле өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи мурдагы жылга салыштырганда 129,1 пайызга жетти.
Жыйындын акырында Бишкекте өтө турган "Ак жол" партиясынын IV съездине 11 делегат шайланды.

Ж.Акунова




А.МАДУМАРОВ:
"Ганси маселеси чечилди, чечим кайра каралбайт"
Учурда республикабыздын коомчулугунун гана эмес, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү да акыркы эки чоң окуяга - Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашууларга жана "Манас" эл аралык аэропортуна жайгашкан коалициялык күчтөрдүн же эл арасында аталгандай америкалык аскер-аба күчтөрүнүн авибазасынын чыгарылышы боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн чечимине жана алардын өз ара байланышы бар же жок экендигине бурулуп турган кез. Өткөн жума күнү өткөн маалымат жыйынында бул окуялар боюнча өз түшүндүрмөлөрүн ал чечимдерге түздөн-түз тиешелери бар КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы А.Мадумаров менен тышкы иштер министри К.Сарбаев беришти.
Кириш сөз сүйлөө менен А.Мадумаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мамлекет башчыларынын 4-февралда Москвада болуп өткөн саммитинин массалык маалымат каражаттарында зор кызыгуу жаратып жаткандыгын баса белгиледи. Анда кабыл алынган чечимдердин бардыгы кеңири чагылдырылып, талкууланууда. Ошондуктан, айрым бир өзгөчө кызыгуу жараткан суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирди.
Авиабазаны чыгаруу боюнча чечимге токтолуу менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстан эл аралык терроризм менен күрөшүүгө активдүү катыша тургандыгын, ошол эле мезгилде өлкөнүн кызыкчылыктарын жогору коё тургандыгын да белгилеп өттү. Эгерде кандайдыр-бир маселелер келип чыкса, аларды дайыма өз ара сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө боло тургандыгын да айтты. Ошол эле учурда биздин өлкө терроризм менен күрөшүүгө өз салымын кошо бермекчи, анткени, мындай коркунучтун кесепеттерин өзү баштан өткөргөн.
ЖККУнун алкактарында коопсуздукту сактоо үчүн тез көңүл буруучу жамааттык күчтөрдүн курамы чыңдалмакчы. Бул журналисттердин эл аралык коалициялык күчтөрдүн авибазасынын Кыргызстандын аймагынан чыгарылып кетүүсүнөн улам коопсуздук маселесине байланыштуу суроого жооп болуп калды. Ал эми аларды финансылоодо уюмдун бюджети бир аз көбөйтүлмөкчү жана анын 50%ын РФ финансыламакчы. А калган 50%ы уюмдун калган 6 мүчөсүнүн арасында тең бөлүнмөкчү.
К.Сарбаев авиабаза боюнча макулдашууну денонсациялоонун убактысы мыйзамдарга ылайык чечиле тургандыгын баса белгиледи. Парламент карап чечим кабыл алган учурда Тышкы иштер министрлиги макулдашууну токтотуу боюнча иш-чараларды көрө баштамакчы. А.Мадумаров коалициялык күчтөргө 12 мамлекеттин куралдуу күчтөрү тартылгандыктан, авиабазанын чыгып кетүүсүнүн азырынча конкреттүү мөөнөттөрү жөнүндө так айтууга эрте экендигин кошумчалады.
Албетте, азыр көпчүлүктү авиабаза боюнча чечимдин биздин Өкмөт тарабынан Кыргыз делегациясынын Москвадагы саммитке баруусу жана РФ Өкмөтү менен эки тараптуу макулдашууларды түзүү алдында кабыл алынгандыгы жана анын алгач Москвада жарыя айтылгандыгы боюнча суроолор кызыктырып, ар кандай бири-бирин жокко чыгарган да версиялар айтылууда.
А.Мадумаров мындай чечим Кыргыз Өкмөтүнүн жабык жыйынында кабыл алынгандыгын, ошондуктан, ал маселе Москвада чечилди деп айтуу туура эмес болорун баса белгиледи. Ал мындай чечимден улам эми АКШ менен байланыштар начарлап кетет дегенди да туура эмес деп эсептейт. А версиялар боюнча мындай нерселер демократиялык коомдогу адаттагы көрүнүш экендигин айтып, база келген күндөн баштап аны чыгаруу боюнча пикирлер тынбай айтылып келгендигин эске салды. Ал мындай чечим кабыл алынгандан кийин анын кайра өзгөртүлүшү мүмкүн эместигин да баса белгилеп өттү. Бирок, эл аралык терроризм менен күрөштө башка формалардагы кызматташуу болушу мүмкүн.
Айрым депутаттардын пикирлери боюнча "Ошол эле депутаттар айткандай, биз азыр Камбар-Ата-1 ГЭСинин ордуна Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун аягына чыгаруу жана Бишкек ТЭЦинин реконструкциясын баштасак, "А эмне үчүн "Камбар-Ата-1 ГЭСин курушпайт" дешмек! Башкача айтканда, Коопсуздук кеңешинин катчысынын пикири боюнча, алар бийлик кандай чечим кабыл албасын, баары бир сындашмак", деген пикирин билдирди.
Ошол эле учурда буга чейин Ооганстандагы калыбына келтирүү иштерине Кыргызстан тартылбагандыгы таң калыштуу экендигин мисалга келтирип, авибазаны биздин өлкөнүн аймагына жайгаштыруу менен бирге биздин өлкөнүн терроризм менен күрөштүн экономикалык курамына катышпагандыгына нааразылыгын жашырган жок.
"АКШны эң өнүккөн демократиясы бар өлкө деп эсептеп келебиз, ошондуктан, алардын чиновниктеринин оозунан чыккан сөз дайыма аткарылат деп ишенебиз. Ал эми алардын ири чиновниктери биздин жаран Александр Ивановдун өлүмүнө айыптуу аскер кызматкери Закари Хэтфильд сөзсүз мыйзам чектеринде жоопкерчилигин алат деп дайыма бизди ишендирип келишкен", - деди Мамлекеттик катчы бул маселе боюнча журналисттердин суроосуна.
К.Сарбаев авиабазанын Кыргызстандын аймагында болушу боюнча сүйлөшүүлөр буга чейин да дайыма болуп келгендигин, анткени авибазанын жарандык аэропорттун аймагында жайгашуусу, экологиялык, авиабазанын аскер кызматкерлеринин статусу боюнча маселелер дайыма чыгып тургандыгын кошумчалады.
Коопсуздук кеңешинин катчысы белгилегендей, бул маселе боюнча Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Президент К.Бакиев авибазанын биздин аймакта болушунун юридикалык негиздери, кыргыз жараны А.Ивановдун өлтүрүлүшү, авиабазанын самолётунун туура эмес аракетинен улам биздин Президенттин самолётунун кырсыкка учурашын, коалициялык күчтөрдүн аскер кызматчыларынын биздеги жүрүм-туруму, статусу жөнүндө проблемалар болгондугун көтөргөн.
Бул маселеде РФнын ролу жөнүндө суроого А.Мадумаров аскердик авиабазаны чыгаруу маселеси биринчи кезекте биздин жарандардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана партиялардын алда качантан бери коюп келишкен талаптары болуп келгендигин айтты. Келишимдерге ылайык, биздин мамлекеттер суверендүү жана мындай чечимдерди өз алдынча кабыл алышат.
Ошол эле учурда Москвадагы саммит учурунда А.Мадумаров өзү биринчи жолу Кыргызстандын жараны экендигине сыймыктанып тургандыгын баса белгиледи. "Анткени, Кыргыз Республикасынын Президенти ЖККУнун саммитинин мындай толук форматта өтүүсүндө чоң роль ойноду. Бул жөнүндө саммитке катышкандардын дээрлик бардыгы билдиришти. Ошондуктан, өз өлкөңдүн башчысы мындай ири маселелерде олуттуу ролду ойногону жагымдуу. Кыргызстан кичине өлкө, Москва кысым көрсөткөн жокпу деген сыяктуу шектенүүлөр да жок эмес", - дейт ал. Ал эми РФнын Кыргыз Республикасына ушундай кыйын кезең учурда финансылык колдоо көрсөтүүсүнө себеби биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү болгон келишимдердин түзүлүшүнө эки өлкөнүн өзгөчө тыгыз мамилелери болгондугун да тастыктады.
Ал эми Россиянын биздин карызыбыздын бир бөлүгүн кечип салгандыгы боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысы айрымдарга ал да жакпай, шектенип жатышкандыгына таң калгандыгын айтты. Ошол эле учурда ал карыздарды кечтире албаган учурда да бийлик ошол эле саясатчылардын сынына кабылмак. А бул иш, А.Мадумаровдун пикири боюнча, тескерисинче, Кыргызстан өз алдынча мамлекет катарында өз киндигин өзү кесип, өзү проблемаларын өзү чече ала тургандыгынын далили. Авибазаны чыгаруу маселесин Кыргызстан 2006-жылга чейин да көтөрүп келген, сүйлөшүүлөр жүргөн. Мындай жооп журналисттердин карыздарды кечүү Россиянын оюну экени боюнча суроосунан улам берилди.
Бирок, айрымдар ойлогондой, авиабаза боюнча чечим кайра каралышы мүмкүн эмес. Мамлекеттик катчынын пикири мына ушундай.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"
С.ДОСАЛИЕВ (фото)