, 10.02.09 - 14-бет:
  ЭКОЛОГИЯ

Кара-Шоро каракчылардын талоонуна кабылдыбы?
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.С.Бакиевге
КРнын айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигине
Кайрылуу

ыргыз мамлекети Россиянын курамында турган убакта, кыргыздын Ала-Тоосунун аймагындагы чанда табылуучу тоо кендери, уран кени, Майлуу-Суудан, Миң-Куштан, Кажы-Сайдан, Орловкадан (Кеминден) жана башка тоолордон жашыруун казылып алынып, Кара-Балтадан биринчи тазалоодон өткөрүп, анан аны Орусия мамлекетине жашы-руун алынып кеткен.
Ошол уран кени Кызыл- Сөөк, Кашка-Суу, Миң-Куш, Ак-Улак деген жерлерден казылып алынып, ошол эле капчыгайлардын кээ бир жерин тосмо жаап, биринчи иштетилген урандын калдыгын утурумдук тундурмаларды жасап, анысын кум менен эптеп-септеп көөмп каткан. Азыр жаан-чачын, сел жүргөндө ошол уран калдыктары ар кашаттан агып келип, Миң-Куш суусуна куят, ал эми Миң-Куш суусуна Арал айылынын ылдый жагындагы капчыгайдын бүтүмүнөн эки суу кошулат.
Миң-Куш айылынан агып келген сууда балык эмес, бака жок. Себеби, уран калдыктарынын кесепети илгери ошол эле Кызыл-Сөөк, Миң-Куш деген керемет тоонун ичинде айыл-айыл болуп бапыраган, кызырдай болгон кыргыздын аксакал карыяларын көрчүмүн, ал адамдардын батасын алып, кымызын ичкенмин бала кезимде. Эми ошол карагай, кайың баскан керемет тоонун ичине жашоого мүмкүн болбогондой шарт түзүлүп, кайда барсаң урандын калдыгы, андан кандай нур чыгып, кара чечекейибизди тешип өткөнүн билбейбиз да.
Ал жерде жашаган адамдардын ден соолугу кандай, канча орточо жашы канча?
Жашоого болобу же болбойбу? Ошого чектөө коюп, же ошол жерде жашаган адамдарыбызга Орусия тараптан толук жардамы болобу, же өздөрү казып кеткен урандын ордун эмне менен кайтарым кылат, бул маселе коюлган болсо, эмне үчүн чечилбейт? Чечилмек турсун тосмо доо коюуга укугу бар.
Эмне үчүн кыргыздын тоолорундагы уран кенин казып, Кара-Үңкүргө айландырылган мамлекетке Орус мамлекетине карата доо коюлбайт.
Эмне болсо эле чет мамлекеттен эксперт келип аныктайт дешет, а эмне үчүн Кыргыз мамлекетинде Химия институту, Биология институту, абройлуу Академиясы, ошол илимдин академиктери бар, аларга Кыргыз мамлекети олчойгон маяна төлөйт. Бирок кыргыздын керемет бермети Ысык-Көлүнө уу төгүлүп жатса бири да мың дебейт. Же Салижан аке айтмакчы, диплом менен атак-даңк болсо болдубу, калганы анча билинбейт, бирок радиоактивдүү чөлкөмдө жашаган адамдар өгөй эне балдарыбы? Ага ким, кайсы улут күйөт, кыргызга кыргыз күйбөсө.
Жаман турмуш оңолоор, баш аман болсо. Бирок ушунчалык дөдөй болгондон көрө баарыбыз чогуу ойлонбойлубу, ошол чөлкөмдө жашаган мен тааныган адамдар бүгүн жок, турмуштун ар кандай оош-кыйышына, ооруга, жокчулугуна барына макулмун чыдайын, а көз көрүнө уулап, радиациялык калдыкка кыргыздын керемет Ала-Тоосун андан ары булгап, кыргызды тукум курут кылганга таптакыр макул эмесмин.
Жакында дагы 80ден ашык субъекке сертификат бериптир, кыргыз элинин тоолорун изилдеп, кен казышат экен. Бул эмне деген шумдук! Кыргыздын Ала-Тоосунан кашкайган суусунан бөлөк эмнеси бар.
Кыргыз элинин Ала-Тоосу аталган кашкайган тоодон аккан суусунан башка эч нерсеси жок? Кыргыз элин миңдеген жылдар бою өлтүрбөй тирүү ушул мезгилге жеткизген ошол Ала-Тоосу ээлесин. Дүйнө жүзүндө алтын менен уран казып, анан
байып кеткен мамлекет жок, газ менен нефть саткан бай эл бар. Бирок экологияга зыяны чоң. Ош облусунун Өзгөн району эки кош суунун ортосунда жайгашкан, сол жагынан Тар суусу, оң жагынан Жазы суусу, Зергер суусу кошулуп өтөт, ошол суудан ошол райондун жарандары ичип, тиричилик өткөзүп жашайт.
Кара-Шоро, Туюк-Суу, Кара-Дөбө, Байбиче деген тоодон Жазы дарыясынын башаты ошол жакта. Бирок азыр ошол тоолорду изилдөөлөр көмүр казып чыккан жерлерден көмүр казып, ал эмес бөлөк мамлекеттерге жүктөп кетип жатканына мен нааразымын.
Кыргыздын Ала-Тоосун Орусия мурун эле изилдеп, белгилүү жерлерди картага түшүрүп, геологиялык изилдөөнүн маалыматын жашыруун сакталуучу мекемеде коюлгандыгы боюнча кабардармын, себеби менин таякем Атабаев деген адам геология тармагында өмүрүнүн аягына чейин иштеп Ленин орденин алган адам болчу.
Кыргыз мамлекетинин дүйнө жүзүндөгү таза сууга бай Ала-Тоосу бар. Ошол Ала-Тоодогу ар кандай байлыктарды казбай, козгобой, жаратылыштын наркын бузбай, тоосун, суусун булгабай көз карегиндей сактасак, керемет көлү менен Ала-Тоосун чукулабай аяр мамиле жасап, ошол тоолордун ташы-зоосун, суусун өз жаратылышын бузбай, ошол бойдон койгонубуз оң.
Өзгөндөгү Кара-Шоро тоосунан ар кандай даамдагы газдуу дары суу чыгат, ар жылы жайында миңдеген адамдар ошол жерден шыпаа таап айыгышат.
Эгерде ошол чөлкөмдөн тоо кенин казуу башталса, суунун кошундулары толук өзгөрүп, ал сууну Өзгөн району, Кара-Суу району, Өзбекстан, Анжиян аймагы бүт ичишет. Анда тоолук кыргыздар кайда барып баш калкалайт. Ушундай алааматтын долбоорун ким түздү? Гезитке атын жарыялатып берүүңүздөрдү өтүнөм. Кимдер буга макулдугун берген, депутаттарбы?
Миң-Куш жана башка чөлкөмүндөгү адамдардын ошол жердеги экологиялык жагымсыз жаг-дайын, жер-суу буларды ким калыбына келтирет?
Ош облусунун аймагындагы Өзгөн районунда радиоактивдүү кырдаалды келечекте жаратуучу долбоорго, тоо-кендерин иштетүүгө түзүлгөн долбоорго толук каршымын. Ошол себептен - тоо-кен казууга байланыштуу ар кандай кыймыл аракетти токтотууну өтүнөм.
Өзгөн районунун Жазы суусунан ичкен жарандардын ой пикирин эске албай туруп, ошол жарандардын үстүнөн тон бычкан депутаттардын жоопкерчилигин элге коелу.
Алимжан МУСАЕВ,
адвокат,
Бишкек шаары





Табият тазалыгы - жердин куту
Адам баласынын жашоо шарты жер эненин ыйык боорунда өтүп, ошол жердин табигый шарттарына байланыштуу боло тургандыгы баарыбызга жакшы белгилүү. Айрыкча Ала-Тоону мекендеген кыргыз эли жер-суунун, курчап турган табигый чөйрөнүн ыйыктыгын терең баалап, кылымдардан бери мекендеп келишкен эмеспи.

Тарыхтагы канчалаган кылымдардын оош-кыйыш оор шарттарында да кыргыз жеринин табиятынын, жер-суусунун кунарлуу байлыктары элибизди асырап багып келген эмеспи. Мына ушундай жерибиздин табиятынын, жер-суусунун байлыктарына өзгөчө маани берүү менен анын кутун качырбоо жана келечекке карата сактай билүү багытында, салт-санаасында, үрп-адаттарында турмуштук терең эреже катары элибиз сактап келишпедиби.
Ушул багытта азыркы биздин коомдо айлана-чөйрөнү таза сактоо менен табиятыбыздын экологиялык абалын кандай абалда сактап жатабыз деген жүйөөлүү суроолор туулат. Алып айтканда, биз жашап жаткан шаарлар, айыл-кыштак жерлери күнүмдүк пайдаланылып жаткан синтетикалык салафан баштыктарга, айнек идиштерге булганып, ыплас абалга айланып барууда. Синтетика жана айнек идиштери чирибегендиктен, жер бетиндеги өсүмдүктөрдүн өсүшүнө, жер кыртышынын жаратылышынын тазалыгына өтө терс таасир этүүдө.
Айрыкча айнек идиштеринин сыныктары жол бойлорундагы арыктарда толуп барууда. Мындай ыплас көрүнүштөр калк жашаган жерлерде гана эмес, транспорт каттаган жол бойлорунда, эл токтоп эс алуучу бекеттерде, ашуу белдерде да пайда болууда. Жол бойлорундагы адыр талаалардагы салафандардын чачылып жаткандыгы айлана-чөйрөбүздүн булгануу коркунучун каптап жаткандыгынан кабар берип турат.
Ыйык деп аталган Кыргыз жергесинде, өзүнүн табият тартуулаган кооздугу, тунук, таза суулары менен мазарга айланган жерлерибиз көп. Ошол ыйык деп аталган жерлерибиздеги өскөн бак-дарактарга, арча, кайыңдарга туш келди чүпөрөк-чапарактарды байлай берип, ал жердин көркүн бузуп, бак-дарактардын өсүшүнө да зыян келтирип жатабыз. Андан көрө ушундай бекет жерлерибизге, эл олтуруп эс алуучу шарт-тарын түзүп, айлана-чөйрөсүнүн тазалыгын күтүү зарыл.
Кыргыз эли илгери көчмөн турмушта боз үйлөрү менен бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүшкөн мезгилде да, көчкөн журтун ар кандай таштандылардан, малдын сөөктөрүнөн тазалап, аң-чөнөктөргө көмүп кетишчү. "Көчкөн журтту тазалап кетүү" деген элдик салт бар болучу.
Элибизде жаратылышка ыйык мамиле жасоо менен "Жерди казба, сууну булгаба" деген сыяктуу турмуштук накыл сөздөр, салт санаабызда, нарк насилибизде колдонулуп келген. Ошондуктан, биз дагы табиятты, курчап турган айлана-чөйрөнү таза сактап, аны ыйык тута билсек, табият дагы бизге ошончолук ырайым берип турушу анык эмеспи.
Бизди курчап турган айлана-чөйрөбүздүн, жер суубуздун тазалыгын ыйык сактоо калкыбыздын ден соолугун жана ал аркылуу коомдук түзүлүшүбүздүн бекемдик шартын сактоо болот эмеспи. Ошондуктан, бул ишке биздин республикабыздын айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги жана башка тийиштүү ведомстволор эмне үчүн тийиштүү деңгээлде иш алып барышпай жатат деген жүйөөлүү суроолор туулат. Бул багытта аталган агенттиктер жана ведомстволор тарабынан тийиштүү иш-чаралар кабыл алынып, мамлекеттик деңгээлде иштиктүү чаралар көрүлүп, азыркы турмушта күнүмдүк турмушта колдонулуп келе жаткан синтетикалык жана айнек идиштерди кайра иштетүүчү заводдорду тезинен куруу зарылчылыгы келип чыгууда. Айлана-чөйрөнү таза сактоодо аны булгап жаткан бардык буюм-тайымдарды кабыл алуу механизмдерин иштетип, чирибей турган буюм-тайымдардын жер бетине чачылышына жол бербөө, убагында тазалап турууну жалпы элдик иш катары уюштурууну колго алуу зарыл.
Биз айлана-чөйрөнү таза сактоо боюнча жалпы элдик ишти жайылтуу менен коомдук турмушубуздун социалдык абалын бир катар алдыга жылдыра алмакчыбыз. Ошону менен катар эле туризмдин өлкөбүздө өнүгүшүнө дагы бир багытын ишке ашырган болоор элек. Кийинки жылдарда республикабызга көптөгөн туристтер келип кетип жатышат. Алар биздин жаратылышыбыздын кооздугуна, аба-суубуздун тазалыгына суктанышууда. Ошону менен катар эле шаарларыбыздын, айыл жерлерибиздин, коомдук жайларыбыздын санитардык абалын көрүп, биздин өлкө жөнүндө кандай ойдо кетишкендигин түшүнөбүз. Ал эми башка өлкөлөрдөгү тазалык, та-бияттын экологиясына жасаган мамилеси кандай абалда болгондугу белгилүү эмеспи.
Ошондуктан, азыркы доордо химиялык жолдор менен алынуучу ар кандай турмуш-тиричилик буюмдарын туш келди таштай бербестен, айлана-чөйрөбүздүн экологиялык маданиятын таза сактоо милдети турат. Бул иште жергиликтүү башкаруу органдары,
тийиштүү мекеме-ишканалары, коомдук жаңы турмуштук тартиптерин киргизүү зарылчылыгы келип чыгууда.
Элибиздин байыртадан келе жаткан "табият менен таттуу мамиледе болуу", жаратылыш байлыктарын сактоо сыяктуу турмуштук салттарын улап, куттуу Кыргыз жергесинин тазалыгын, курчап турган чөйрөсүнүн сулуулугун сактап калуу ыйык милдетибиз болууга тийиш.
Садыркул НУРМАНБЕТОВ,
КРнын маданият
жана маалымат министрлигинин Нарын облусу боюнча координатору