, 10.02.09 - 13-бет:
  Оңдолбогон кат

Кыргыз тили Онушбек мырзанын мекемесинде өгөйбү?
Бишкектеги мен жашаган участкада баш аламан жер чиймелерине байланыштуу, Бишкек архитектура башкармалыгына түшүнүксүз чиймеленген жерди текшерип-аныктап берүү үчүн кайрылган элем. Менин
17.12.08-ж. кыргыз тилинде жазылган арызымды архитектурага караштуу ремонт бөлүмүнүн кызматкери архитектор Нурлан Маматкеримов дегенге тапшырылган экен (бөлүм башчы Абдиболот
Маматов).

Маматкеримов арыз боюнча жазылган чиймелерди иликтеп текшергендин ордуна, жазылган даректи эмес, менин үй план чиймелеримди чийгилеп, өзүнчө эле унчукпай мени барсыңбы, жоксуңбу, эмне болду деп сурап койбой, архитектура мурда чийип берген үй пландарды бузуп салды. Акыры мен жаш баладай там-тум деп орусча сүйлөп, ага араң капа болуп түшүндүргөнүмдө Маматкеримов баягы чиймелеп бузган кагазды өчүргүч менен өчүрүп, орус тилинде мени кагып-силкип, ишимди чечпей, мени жолго салды. Көрсө, ушул Нурлан Маматкеримов кыргыз тилинен дүпүл нөл экен. Себеби, котормочулукка бир кыргыз кызды ортого чакырды. Менин кыргыз тилиндеги арызыма таптакыр түшүнбөгөн экен. Мындай кыргыз тилин билбеген-сыйлабагандарды эл менен иштей турган жерде кармоонун кандай кажети бар? Булар экономика, мораль, намыс жагынан зыяндан башка эмне пайда алып келет. Бекер эле элдин убактысын алып, күн өткөрүп айлык алса эле болду экен да. Биринчи орунга кыргыз тилин коюп, экинчи орус тили сөзсүз керек, кааласа башка тилдерди да ырдап сүйлөөгө баарыбыз эле милдеттүүбүз го. Аты-жөнү Нурлан Маматкеримов болуп кыргыз тилден жок болсо, бул эмне деген шумдук. "Киргиз" болсо да бир аз эби менен болбойбу. Мындай кыргыз тилинен дудуктар үстөмдүк кыла берсе, эл үчүн жан үрөп иштебей, тескерисинен иш жүргүзүп турса, түбү кыргыз тил жок болуп, экономика пок болот го.
Урматтуу Онушбек мырза! Эл менен иштешкен сиздин мекемеде Нурландай архитектурага доо кетире тургандарга көз кырыңызды салып же курска жөнөтүп тарбияласаңыз, сиз элибиз, жерибиз үчүн аска-тоодой кызмат кылган болот элеңиз.
Караш НАСЕР




Тыбыштык өзгөчөлүктөрдү так жазууга жетишсек...
Кыргыз тили эң байыркы тил жана бул тил чийме жазуу түрүндө кыргыс болуп бириккен, 40 уруу элдин ар биринин эң тамгасы аркылуу туюнтуларын жана ал чийме жазуунун үлгүсү орхон - энисей жазуусу катары бизге белгилүү экендигин карт тарых барактары, санжыра санактары, элдик уламыштар далилдеп келет. Бул жерде дагы бир белгилей кете турган жери кыргыздын байыркы тарыхын изилдөөдө немистердин чыгыш таануучулары жана теги же фамилиялык аталышы немец улутуна жакын окумуштуулардын арбын экендиги бекеринен эмес болсо керек. Анткени, ошол эле тарыхта маалым болгондой Аттила баш болгон баатырлар Европа - жероомадан, йогурт - жуураттан, география - жевропадан, Конрад- Коңурат менен тыбыштык жагынан үндөш эле болбостон маани -маңызы да жакын экендиги көп нерседен кабар берет го деп ойлоймун.

Бирок, бизге "эркиндикти өз колубузга "олчойто" кармата, тамга тааныта көзүбүздү ачкан большевиктер баш болуп, электрлешкен коммунизмде жашайсыңар" - деп демиткен дымактуу коммунисттер 80 жыл ичинде, кыргыз тарыхын, аны менен бирге тилин көмүскөгө калтырып, орус тарыхындагы кыргыз тамырын бурмалап, бирок, саясатты үгүттөөдө башкы курал катары орус тили өз милдетин ашыгы менен аткарууга Одессалык, Манастын токолу (Саара)ь - (мамабыздан)ь таркаган жээн-тайларынын ролу айтып түгөткүс экендиги карт тарыхка үңүлө саресеп салган инсан үчүн аңдаштыра байкоо анчалык кыйынга турбас.
Сөз кезегинде айта кетүүчү кеп, азыркы кызыл желегибиздеги кырк жалын учу кыргыздын 40 элден "кырса түгөнгүс Кыргыз" - болуп куралганын туюнтуп турарын биздин эгемен заманыбыздын башатындагы өзгөчө чоң жетишкендик экендигин баса белгилегим келет. Бул желек тууралуу учурунда анекдот да айтылбадыбы, аны силер да уксаңар керек. Биздин желекти биринчи көргөн орус: "Бул эмне болгон күн карама" - десе, Жапан өлкөсүнүн өкүлү: "Баары туп-туура, бизде күн эми чыгып келе жатса, силерде күндүн кайнаган чак түш мезгили экен", -деп айтыптыр дешет.
Жогоруда айтылгандай кырк жалын, аны кураган "нокто башы Нойгуттар" -деп айтылат санжыра жаатына кулак төшөп жүргөн узун кулактар. Эгерде бул туюк сөздү чечмелей келсек, мындан эки жарым - үч миң жыл илгери, топон суу каптаганга чейин кыпчак - найман баштаган түрк тилдүү элдер санжыра санак эсебин колдонуу менен түп ата хувар- атаны, малдын мүчөсүнүн арткы саны: туяктан тарта башка чейин саноодо 11 мүчө саналып, аны11 ата катарына теңөө менен санжыра эсебин санай колдонуп келген экен. Ошондо, санжыра эсеп тапкандан баштап топон сууга чейин түрк тилдүү элдер: 121 ата саналып, аны ар бир ата өмүрү 25 жыл деп алып, ага көбөйтө салсак 3025 жыл болорун саноо татаал эмес. Ал эми топон суудан кийин Акбалта баштаган Нойгуттардын эмгеги, кырк элди бириктире 40тан кыз чыгарып, 40тан уул үйлөнтүп, 1600 тойду өткөрүп, (3200, 12800 эркек - ургаачы катышып, бул сандар тууралуу өзүнчө сөз бар) ал тойдо кыздын баш себи: өз Ата Журтунда малды энчилөөдө колдонгон эң тамганы кеште үлгүсү катары сайып сеп үстүнө жая жаңы бүлөө эшигин аттаган экен. Ошондон тарта Хувар ата санагы да 11 ата саноо катары кыскара, 7 ата же мал мүчөсүнүн алдыңкы колу аркылуу саналып баш мүчө кошула, санжыра санагы жети ата катары менен туюнтулуп, азырга чейин биз жети ата санагы боюнча үчүнчү дөрбөң ата доорунда турмуш кечирүүдөбүз. Бул жөнүндө мударис Карасаевдин "Өздөш сөздөр" китебинде дөрбөң ата жөнүндө маалымат бар, ал эми дөрбөң ата жөнүндө санжырачылардын айтымында же Кыргыз санжырасы эсеп тапкандан бери төрт дөрбөң ата доорун башынан кечирген: биринчи дөрбөң ата -бул "Улуу Дөрбөң ата", андан кийинки дөрбөң ата бул, уруу санагы, кезектеги дөрбөң ата, бул уруктардын саналышы, ал эми үчүнчү дөрбөң бул уруктан кийинки уруу тобунун санак эсеп катары. Ошентип, Улуу дөрбөң ата санак катарын хувар ата менен баштап, андан кийин уруу, урук топ болуп, жалпы санак боюнча төртүнчү санжыра тобунда жашап жаткан учурубуз. Төртүнчү дөрбөң ата санак катары 1700-жылдардан башталуу менен азыр экинчи топ санагынын аягына жетишүүдө б.а. он төрт ата катары саналат. Бул санак менен өзүмдүн уруу, урук жана топ катарымды саноо боюнча эсептин өзөгү катары ага таянуу менен негизделген. Ошентип, бул кеп жыйынтыгы санжыра эсеби боюнча жыл саноо ар бир жети ата же уруу мезгили 1250 жыл, урук мезгили да 1250 жыл, ал эми уруу тобун саноо боюнча 14 ата мезгили 25 жылга көбөйтсөк 350 жыл, натыйжада жалпы жыйынтыгы 2800 жыл, бардык дөрбөң ата жылдарынын суммасы 5825 жыл. Бул сан еврейлердин атактуу эң улуу деген календары 5679 жылды санап даңазалап келсе, кыргыз санжырасы 5825 жылды санап, ал календарга салыштырмалуу 146 жыл мурда өз эсебин баштаганы же санжыра эсеп тапкандыгын күбөлөндүрүп турат десек болот. Кептин кыскасы мына ушундай тарыхыбызды өзүнө сиңирген биздин желегибиз, кыргыздын чынында кырса түгөнгүс, вазипасын аткаруу менен ЕвроАзия континентинде башкы калк катары ушунча жыл кыргыз атын жоготпой келгени сыймыктанууну туудурат десек аша чапкандык болбос. Жаман жери кыргыз улуту катары өз тилибизди жана маданиятыбызды учур талабына жараша өөрчүтө албагандыктан, кыргыз атын чана: мадияр, немис, славяндар, эң акыркысы казак, өзбек, кара-калпак болуп өз очогунан түтүн булатканы.
Жыйынтыктап айта турган болсок, жогоруда айтылган 40 эң тамганы, грек эли бир эле биздин жаңгагыбыздын аталышын ээлеп албастан, тамгабызды да өздөштүрө, өз тилдерине колдонуу аракетин жасашат, бирок, тыбыштык жагынан каткалаң болгондуктан, өздөрүнүн "е"-дүү жумшак тыбыштуу тамгасын түзүүгө жетишишет. Бирок, славян дүйнөсүнүн духовенствосу 40 голосый алфавит катары православ чиркөө төрүндө (алтарь - ал төр) колдонууну уланта берет. Кошуп кете турган жери болгарин Кирилл, тамгаларды чийип жазуу үлгүсүн кол менен жазуу ыгына жакындата иштеп чыгат жана ал Октябрь революциясынын астанасын большевиктер менен бирге аттап, Лениндин декрети менен 33 тыбыштуу орус алфавити болуп чыга келет. Ошентип, 30-жылдары Бакуда орус алфавитине өтүп "Улуу Лениндин тили менен сүйлөйбүз" - деген ураанга кыргыз тилчилери учурдагы саясый агым багытын кенебестигинен даярдыксыз барып, абакта бир түн ичинде 3 тамга кошкон болуп, бирок "эл душманы" атка конуп келишет. Бул багытта казак туугандар, мактоого татыктуу даярдык менен 40 тыбышты казак тил жана фонетикасына айкалыштыруу менен, (балким көрөгөчтүк мененби) эмне болсо да бул багытта казактын ити чөп жеп, азыр маңка казак тили уккулуктуу да жана казактан өткөн чечен жок экендигин тануу кыйын, түрк тилдүүлөр арасында.
Урматтуу төрага, менимче сөз төркүнү Сизге түшүнүктүү болгон чыгар, быйыл кыргыз тилинин жылы, ошондой эле кыргыз тили реформаланууга муктаж. Жогоруда келтирилген мисал жана далилдерге жооп катары биздин улуу муундагы тилчилерибиздин кетирген катачылыктарын кайталабастан, ал кемчилдиктин ордун толтуруп 41 тыбыштуу, ата-мурасы өз тамгабызды фонетикалык жагынан иштеп чыгып, урпактарга тартуулоо биздин мойнубузга жүктөлүп отурат жана аны казактан кем эмес аткаруу Сиз жана биздин гана милдетибиз экендигин туура түшүнүү менен аткарууга бел байлайт деген сунуш-талапты айткым келет.
Ток этээр жери: жумшак "а"- "аь,ае", "ий-и", ие-I", "к-кы", "к, q - кю", "к, k-кей", түрүндө, балким башкача чийилип жазылабы, эң башкысы тыбыштык өзгөчөлүгүбүздүн ар кимисин өз ордуна келтире так жазууга жетишсек максатка ылайыктуу болот эле.
Кошуп кетсек, азыр бардык жерде жазуу иши компьютер менен жүргүзүлөт, өкүнүчтүүсү ушул кезге чейин Өкмөт тарабынан кабыл алынган кыргызча тамгаларды учур талабына жараша жазуучу жана текшерүүчү бирдей компьютер драйвери жок, ошондуктан, сатылуучу компьютерлер ал драйвери жок болсо сатууга уруксат берилбей турган чечим - токтом болсо гана бул иш максатына жетмек.
А. ПАХРИДИНОВ,
кыргыз тилинин күйөрманы




Ата-бабалар мурасын мураскорлорго жеткирсек
Ата-бабаларыбыздын бизге калтырып кеткен керемет мурастарынын бири - макал-лакаптар жана нуска сөздөр. "Сөз көркү - макал, жүз көркү - сакал" дешет биздин элде. Чыңгыз Айтматов туура белгилегендей, педагогика кыргыз элинде көп убакыт бою илимдин өз алдынча тармагына айлана албады. Бирок, элдин педагогикалык ойлору оозеки чыгармачылыктын бардык түрлөрүндө, бардык жанрларында: макал-лакаптарда, жомоктордо, учкул сөздөрдө, табышмактарда, жаңылмачтарда, мифтер менен легендаларда, "Манас", "Семетей", "Сейтек", "Жаныш-Байыш", "Эр Солтоной", "Эр Төштүк", "Эр Табылды" сыяктуу эпостордо чагылдырылып, жаш муундарды тарбиялоо, алардын акыл-эсин өстүрүү милдетин аткарып келди.
Айтайын деген оюн так, кооз кылып айтуу үчүн жогорку адабий жанрлардын ичинен көбүнчө макал-лакаптарды жазуучулар жана педагогдор кеңири колдонуп келишти. Мисалы, Касым Тыныстанов өзүнүн алгачкы китебин түзүүдө билимдин, тажрыйбанын аздыгын, балдар үчүн ылайыктуу чыгармалардын жоктугун, китепти шашылыш түрдө даярдоонун зарылдыгын белгилеп, китептин баш сөзүндө мындай деп жазган: "... Өзүбүздүн чабалдыгыбызды айтып отурсак да, бул китепти бир ай ичинде даяр кылдык". "Баарын айтпай, бирин айт" дегендей, бул китеп билим кыстагандыктан эмес, зарылдык кыстагандыктан жазылып отурат. Айтор, "жоктон бар артык" дегенди эске алып, куру алакан отурган мектебибизди соорото туралы дедик. "Көч жүрө-жүрө түзөлөт" деген. Биз дагы жүрө-жүрө китеп-куралдарыбызды дурустап кетербиз. Ар бир жолдош "Ат табылганча аяк ылоо" дегенди эске тутса болгону", - деп, аягына "КТ" деп кыскартылган түрдө жазып койгон.
Мында Касым Тыныстанов өз оюн так жана түшүнүктүү билдирүү үчүн төрт макалды ыгы менен келтирген. Ал эми ошол алгачкы окуу китебинде эң бир чеберчилик менен: "Арпа, буудай аш болот, алтын күмүш таш болот", "Асыл таштан чыгат, акыл жаштан чыгат", "Даның болсо орооңдо, малың сыйбас корооңо", "Атага баланын алалыгы жок", "Билим - түгөнбөс байлык", "Наадандын кылган кастыгын жакшылык менен жеңип ал" деген макал-лакаптарды окуучулардын түшүнүгүнө ылайык чечмелеп, аңгеме түрүндө бергени Касым Тыныстановдун устаттыгын көрсөтүү менен биздин жогору жакта айтканыбыздын тууралыгынын ачык мисалы.
Биздин жазуучуларыбыз өз чыгармаларын кооз, көрктүү, келишимдүү, сонун кылып көрсөтүү үчүн макал-лакаптарды кеңири пайдаланышкан. Мисалы, Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолу" жыйнагында 41, К.Баялиновдун "Боордоштор" романында 65, Т.Сыдыкбековдун "Зайыптар" романында 150, "Көк асаба" романында 240, К.Жантөшовдун "Эки жаш" повестинде 81, "Каныбек" романында 115, А.Токомбаевдин "Солдат элек" повестинде 54 макал-лакапты эң эле ылайыктуу, орундуу колдонушкан.
Кумдан алтын тергендей, макал-лакаптарды эл оозунан жыйнап алууга И.Арабаев, Б.Солтоноев, Б.Абдрахманов (Тоголок Молдо), Ы.Абдрахманов сыяктуу агартуучулар баштап киришкен. Демилгечи мугалимдер ат салышкан. Ошондой болсо да, биз "Эл адабияты" сериясынын 10 томунда жарык көргөн "Макал-лакаптар" жыйнагынын ("Макал-лакаптар" "Эл адабияты" сериясынын 10-тому, Бишкек, 2001-жыл) баш сөзүндө айткандай, бул баалуу мурасты толук бойдон жыйнап алдык деп айта албайбыз.
Биз элдин керемет байлыгы болуп саналган макал-лакаптарга элге кеңири таралган нуска сөздөрдү кошуп, кеңирилетип (Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Ысмайыл Кадыров менен бирдикте) иштеп чыгып, компьютерге түшүрүп, басмага даярдадык (көлөмү 480 бет, же болжол менен 26 басма табак).
Анын 1000 нускасын басып чыгаруу үчүн 141 миң сом керек. Ошондо китептин бир нускасы 141 сом болот. Басып чыгаруу үчүн 141 миң сом бизде жок, ал эми китеп чыккан күндө да аны сатып алуу үчүн окуучулар менен мугалимдерде да акча жок. Ошондуктан, биз бул китепти айылдык китепканалар менен мектеп китепканаларына тартуу кылабыз. Типографиялык эле чыгымын төлөп алып, ар бир китепканага жеткирип бергиле деп, республиканын Маданият жана маалымат министри менен Билим берүү жана илим министрине кайрылдык. Алар биздин оюбузду колдоого алышып, каражат издеп жатышат. Эң кур дегенде бул китеп китепканаларда болуп, эл ошондон пайдаланса, калган массага бул баалуу китепти жеткирүү жагын абыдан ойлонууга туура келет.
Түзүүчүлөрдүн атынан Жумаш КОЙЧУМАНОВ