, 06.02.09 - 9-бет:
  Кайрылуудан соң калыс ой

Улуттук ар-намыстын иши
(Башталышы гезиттин №8 санында)
II
Дегинкиси, Курманбек Бакиевдин Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайланышын мыйзам ченемдүү көрүнүш жана тарыхый зарылчылык катары баалоо абзел. Мындай деп айтууга бери дегенде төрт негиз бар. Биринчиден, Курманбек Бакиев аброю таза, өндүрүштүк мол тажрыйбасы бар, жетекчиликтин райондук деңгээлден баштап, республикалык масштабга чейинки баскычтарын ийгиликтүү басып өткөн, эл аралык коомчулукка аты белгилүү, өлкө калкынын көпчүлүгүнүн көөнүнө толгон мыкты башкаруучу, чечкиндүү саясатчы катары элдик лидерликке, жол башчылыкка даяр болчу. Биз муну менен ошол учурда эл ичинде ажолук такка татыктуу башка азаматтар жок болчу дегибиз келбейт. Кудайга шүгүр, уучубуз куру эмес экендигин 2005-жылы өткөн шайлоо көрсөттү. Курманбек Бакиевди колдоо менен өздөрү президенттик шайлоого катышуудан баш тартышкандарды жана мыйзам талаптарын так аткара албай талапкерликтен четтетилгендерди айтпаганда да, "кызыл тебетей" мага ылайык" деген алты мекендешибиз ат салышты. Тек, биз өткөн кылымдын акыркы он жылдыгынан баштап, 2005-жылга чейинки мезгилде элибиз айтмакчы, "жерден боор көтөрүп", элге алынып калган саясатчылардын арасында К. Бакиев өзгөчөлөнүп, журт башчылыкка жарай турган баралга толуп турган кези эле деген ойду баса айтмакчыбыз.
Экинчиден, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы шайлоо округу боюнча республиканын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутаттыкка күрөшүү учурунда шайлоочулардын талабы менен Курманбек Бакиев кезектеги президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына өз талапкерлигин коёрун жалпы журтка жарыялаган. Бул 2002-жылдын кеч күзүндө болгон окуя эле. Бийликти түбөлүк энчисине басып алчудай өктөмдүгү ашынып турган А. Акаевден жана анын "бөрк ал десе, баш алган" жан жөкөрлөрүнөн корунбастан ачык күрөшкө чыгуу менен К. Бакиев көкжалдыгын көрсөткөн. Бул куру убада эмес, "Жол башчыбыз бол!"- деп бата тартып турган элине болгон урмат-сыйы, өлкөсүн чексиз сүйгөндүгү жана калкына ишенип, журтуна таянып, алтын башын тобокелге салганы эле. Биздин оюбузча, 2005-жылдагы президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өткөн күндө деле Курманбек Бакиевдин ийгиликке жетишүү үчүн бардык шарты бар болчу. Мындай азаматын биздин элибиз томсортмок эмес.
Үчүнчүдөн, Курманбек Бакиев 2000-жылдын декабрь айынан тартып, 2002-жылдын май айына чейин Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп иштеп, Аксы трагедиясынан кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткен жана ошондон баштап оппозициялык маанайын жашырган эмес жана А.Акаевдин кызматташуу тууралуу бир нече жолку сунуштарын четке каккан. ( 2002-жылдагы Аксы окуясынан кийин элге ата болуп жүргөн үчтүн бири катары каргашалуу окуя үчүн жоопкерчилигин сезип, адамдардын курман болушуна түздөн-түз күнөөкөр болбосо да, уят деген улуу журтту сыйлап, өз эрки менен жогорку даражалуу кызматынан кеткен жалгыз ушул инсан эмес беле?!. Адамгерчилик, жигиттик жолун кылып, курун моюнга илип, аксылыктардын алдына барып, шейиттерге куран окуп, бата тарткан дагы ким болду Кызыл тебетейчендин Ордосунда олтургандардан?.. Көрбөдүкпү, Коопсуздук кеңешинин отурумунда Акаев баш болуп, тынч элге ок атуунун күнөөкөрү ким, трагедиянын себептери эмне деген суроолорго так жооп бербей тайсалдашып, күнөөнү эч ким билбеген кайдагы мистикалык үчүнчү күчтөргө, эл аралык уюмдарга, укук коргоочу Турсунбек Акунга оодара салууга далбасташканын?!. Ал эми өзүн актоо үчүн даражасы бийиги кызматы төмөнүрөөгүн "чөктүргөнгө" далбастап, бири-бирине азуу жаркылдаткандарын көргөн элдин баары жийиркенип,
Акаевдин айланасынан көңүлү калбады беле?!)
2003-жылы К. Бакиев "Жаңы Кыргызстан" партиясына (лидерлери Ү.Сыдыков жана Досбол Нур уулу) кирет. 2004-жылдын 5 - ноябрында республикадагы 9 саясый партиялар "Кыргызстан элдик кыймылына" баш кошушту. Курманбек Бакиев анын лидери болуп шайланды. Мына ошол тарыхый курултайда жаңы түзүлгөн саясый бирикме өз алдына коррупцияга малынган Акаев бийлигин тынч, конституциялык жол менен алмаштыруу милдетин койгон. Ал эми 2005-жылдын 10-мартында оппозициядагы саясый күчтөр Курманбек Бакиевдин төрагалыгы алдында "Эл биримдигинин Координациялык Кеңешин" түзүштү. Ошентип, ал 2005-жылдагы парламенттик шайлоолордун учурундагы адилетсиздикке каршы, журтубуздун жек көрүндүсүнө айланган А.Акаев бийлигине каршы элдик күрөштүн башында туруп, тажрыйбалуу жетекчи, такшалган саясатчы экендигин далилдеди. Анын аракеттери оппозициядагы көптөгөн саясый уюмдардын жетекчилери гана эмес, бүткүл эл тарабынан толук колдоо тапты. Ошол кездеги нааразычылык акцияларынын активдүү уюштуруучуларынын бири, "Эр-Айдоочу" Коомдук бирикмесинин президенти Качкын Булатовдун миңдеген адамдар катышкан митингде айткан сөздөрү буга күбө: "Биз Курманбек Бакиевдин Кыргызстандын президенттигине шайланышы үчүн чечкиндүү күрөшөбүз. Бүгүнкү күндө мынчалык бүткүл элдин кадырлоосуна жана ишенимине жетишкен башка лидер жок. Түштүктүк Бакиевди жердешчиликтен далай зыян тарткан кочкорлуктардын Кыргызстанда биринчилерден болуп, жактап жатышы бүткүл элибиздин колдоосуна алынышы керек. Кыргызстандын биримдигин мына ушинтип гана сактап калабыз жана элге жек көрүнүп бүткөн азыркы режимди кыйрата алабыз. Чындыгын айтканда, кимде ким бүгүн Бакиевге каршы чыгып, аны кыргызстандыктардын көпчүлүгү колдоп жаткан лидер экендигин көргүсү келбесе, ал республиканын жаңыланышына жана Кыргызстан элине каршы чыккан болуп эсептелет." ("МСН", 9.03.2005-ж.)
24-март - эл өз укугун коргоп, бийликтин жалгыз булагы экенин, эл бийлиги баарынан жогору, Мекендин тагдыры баарынан ыйык экенин көрсөткөн тарыхый күн болду. Акаев бийлиги Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда мандат үчүн мыйзамсыз иштерге барышып, демократиянын талаптары бузулуп, экономикадагы өксүк абал мыйзам ченемдүү түрдө элдин көтөрүлүшү менен аяктады. А.Акаев коркоктук кылып, өлкөдөн чыга качты да, эгемен Кыргызстан заматта президенти да, өкмөтү да жок, бири-бири менен орун талашкан эки курамдуу парламенти бар арсар өлкөгө айланды да калды. Ушундай кыл чайнашкан татаал кырдаалда өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчилик жана бийликтин эки тизгин, бир чылбыры Эл биримдиги Кыймылынын Координациялык кеңешине тапшырылды, анын лидери Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, республика премьер-министри болуп дайындалды.
Республиканын мурдагы жетекчилигинин элдин таламдарына каршы келген, алдамчы, эки жүздүү саясатынын кесепетинен 2005-жылы март айында Кыргызстан граждандык тирешүүнүн чегине жетип, айрым аймактардын өлкөдөн бөлүнүп калуу коркунучу пайда болгондугу - бул тарыхый чындык. Эгерде элдик ыңкылап ишке ашкан күнү оппозициянын башында Курманбек Бакиев эмес, өтө радикалдуу көз карашты тутунган, ою тайкы, мүнөзү жеңил башка бир адам болгондо,
Акаев бийлигине каршы элдик күрөштүн башында тургандардын арасында Мекенин, элин сүйгөн, турмуштун ысык-суугун көрүп калган, жеке кызыкчылыктардан өлкө биримдигин, журт ынтымагын бийик туткан чыныгы мекенчил инсандар көп болбогондо, ошол эле күнү республика Конституциясы күчүн жоготуп, мыйзамдар иштебей, элдин атын жамынган кичинекей бир топтун бийлиги орноп, саясый репрессия, менчикти кайра бөлүштүрүү, "акаевчилер" деген шылтоо менен кесипкөй кадрларды бардык чөйрөлөрдөн сүрүп чыгаруу сыяктуу көптөгөн ашынган необольшевиктик өзүм-билемдиктер күчөп, анын акыры атуулдук тирешүүлөргө алып келери бышык болчу.
Ыңкылаптан кийин өлкө тагдыры үчүн жоопкерчиликти мойнуна алган "Эл биримдиги" Координациялык кеңешинин лидери Курманбек Бакиев окуялардын андан ары өнүгүшүн Конституциянын чегине кайтарып, мамлекет ишин мыйзамдуу нукка салып, республика ичинде коомдук-саясый туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түздү.
Тилекке каршы, мурунку бийликтен кеткендер, мамлекеттин экономикалык өсүп-өнүгүшүнө кызыкдар эмес ар түрдүү күчтөр элдин тынчтыгын бузуп, коомчулукту чайкагысы келди. Ошол татаал процесстерге жана кыйынчылыктарга карабастан, К. Бакиев башында турган бийлик өлкөнү опурталдуу кырдаалдан алып чыгуу менен гана чектелбестен, келечектеги өнүгүү үчүн шарт түзүүгө жетише алды. Анын тутунган урааны "Эмгек жана Биримдик" деген асыл сөздөр болду.
Төртүнчүдөн, кыргыз элинин чыгаан уулу Курманбек Бакиев жалпы элдин эрки, каалоосу, тандоосу жана мүдөөсү менен республиканы жетектеп калды. Ал 2005-жылы 10-июлда болуп өткөн президенттик так үчүн ат салышууда 6 талапкердин ичинен суурулуп чыгып, жеңишке жетишти. К. Бакиев үчүн ошол жылдын жазында ишке ашкан элдик ыңкылаптан кийин чукул өткөрүлгөн шайлоого катышкан шайлоочулардын 89 пайызга жакыны добуш беришти. Ал басымдуу көпчүлүктүн добушун атаандаштарынын бирин да басынтпай, кодулабай, адилет жана чыныгы демократиялык маанайда өткөн шайлоодо жеңип алды.
Президенттик шайлоонун жыйынтыктары К. Бакиевдин бийликке келишинин тарыхый зарылчылык, элдин эрки экендигинин ишенимдүү далили. Барган сайын кедейчиликтин сазына батып, жарым-жартылай талкаланган айыл, жок болуп бара жаткан өнөр жайы, калктын кеңири катмарын кучагына ала баштаган жумушсуздук, караламан журттун турмуш деңгээлинин начарлашы - ушунун баары жаңы саясатты, радикалдуу өзгөртүүлөрдү талап кылды. Бакиев бийликке так ушундай шартта - элдин үмүтүн, тилегин жана максатын ойготуп, Жаңы Мезгилге өтүүчү жолду куруучу, жаратман катары келди! Чындыгында элдин Курманбек Бакиевге ишеними - бул караламан калктын өзүнө, элдик бийлик орношу менен өлкөгө адилеттик келип, көптөн эңсеген бакубат турмуш курууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүнө ишенгендиги эле. Шайлоо алдында белгилүү акын кызыбыз Өмүрбүбү Бегалиева да бекеринен мындай деп айткан эместир: "Бакиев во время своего президентства добьется определенного процветания нашего народа, подготовив почву для подлинного расцвета нашего государства... Бакиев является как бы предшественником или предтечой времени, когда о Кыргызстане заговорит весь мир. Этот процесс уже пошел и весь мир почувствовал приближение этого дня, о котором пели в своих стихах многие поколения кыргызских акынов и пророков. Начинается... новый этап нового развития." ("МСН", 14.06.2005-ж.)




Ардагерлерин урматтаган өлкө келечектүү
2008-жыл бейпил жыл болду. Мамлекетибиз өнүгүүгө бет алып, өнөр жайыбыз калыптана баштады, жеке ишкерлерге толук шарт түзүлдү, бир топ тармактардын айлык маяналары, пенсия, пособиелери көбөйдү. Кудайга шүгүр, элибиз келечекке зор үмүт тилек менен ишенип калышты.
Кара-Кулжа району тоодо жайгашкан алыскы аймактардын бири. Калк негизинен мал чарбасы, дыйканчылык менен жашайт, районубузда 12 миңден
ашуун согуштун, эмгектин ардагерлери бар. Райондун ардагерлери үчүн мамлекетибиздин көрсөтүп жаткан камкордугуна кенен токтоло кетейин. Азыр 51 согуштун ардагерлеринин 32си 2-топтогу майып, согуштун ардагерлеринин жесирлери 79, ооруктун ардагерлери 227, Ооган согушуна катышкан жеңилдик алууга укуктуулар 63, Чернобыль АЭСине катышкандар 9, ошондой эле эмгектин жана бала кезинен табигый 1-2-3-топтогу 1965 майыптар жашайт.
Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери болушкан 318 адамга 60,7 миң сом жылда берилүүчү пособие, Президенттин жарлыгына ылайык 318 адамга 265,5 миң сом акчалай компенсация, 25 ардагерге санаторий-курортторго жолдомонун ордуна 183,6 миң сом акчалай жардам көрсөтүлгөн. Телефон кызматы үчүн 27 ардагерге 7,0 миң, жолдо жүрүү акысы үчүн согуштун, ооруктун, Ооган согушунун катышуучуларына, Советтик Армиянын майыптарына, персоналдык пенсионерлерге бардыгы болуп 404 адамга 388,2 миң, 1-2-3-категориядагы 489 адамга 1343,8 миң сом электр энергиясы, көмүр үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилген.
Жалпысынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен жеңилдик алуучуларга 555,0 миң сом акча төлөнүп берилген. Ошондой эле райондогу оокаты тартыш 7773 үй-бүлөнүн 21635 баласына 40684 миң сомдук жөлөк пул берилиши мамлекетибиздин камкордугунун күбөсү деп айтууга арзыйт.
Өткөн жылы 9-майда согуштун ардагерлери, районубуздун коомчулугу катышкан салтанаттуу митинг өткөрүлүп, аларга "Ак Жол" элдик партиясынын фракциясы тарабынан материалдык, акчалай жардамдар берилди. Ошондой эле улгайган адамдардын, майыптардын күнү белгиленип, ар бирине 200 сомдук азык-түлүктөр берилди. Айыл округдарынын башчылары да акчалай жардам көрсөтүштү. Бул иш-чараларды райадминистрациянын жетекчилиги уюштургандыгын белгилей кетүү парз. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Нурпазыл Атамбаев элди таза суу менен камсыз кылууга жана оокаты тартыш үй-бүлөлөргө өз каражатынан 100 миң сом жардам берди. Ошондой эле согуштун ардагерлерине ысык тамак уюштурууга, "Белек" чайканасына жаңы идиш-аяк ж.б. жабдууларды алууга акчалай жардам көрсөткөн Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбековго кара-кулжалык ардагерлердин ыраазычылыгын айта кетейин.
Президентибиздин азык-түлүктүн тартыштыгын жоюу боюнча койгон талаптарын жүзөгө ашырууда калк арасында үгүт иштерин жүргүзүүдө демилгечи болгон согуш ардагерлери Ысмайыл Асанов, Акматжан Жорокулов, Абдыкалык Исмаилов, Ашимбай Орозматов, Жаркынбай Жолдубаев, Ысак Акимкулов, учурунда районубуздун чарбаларын жетектеп, социалдык, экономикалык өнүгүшүнө салым кошушкан эмгек ардагерлери Саип Көкөев, Абдурасул Исманов, Бакы Бейшебаев, Бакалбай Эркинбаев, Ташполот Кармышаков, Тентиген Азимов, Ташкул Абдыкадыров, Саапилда Алиев
сыяктуу ардагерлерибизге элибиздин куту, уюткусу болуп, ыймандуулукту туу тутууга салым кошуп жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирем.
Декабрдын акыркы күндөрү бир метр кар жаады, кийин эки күндүк жамгыр менен жерге сиңип, нымдуулук сакталып калды. "Жер тойсо - эл тоёт" дегендей болду. Бирок, жазгы айдоо-себүүгө, элдин колунда үрөн жок, ошондой эле күн карама, зыгыр, софлор уруктары менен камсыз кылууну айыл чарба министрлиги колго алып, аны Өкмөт көзөмөлдөбөсө болбойт. "Өлбөгөн кулга жаз келет" дегендей жаз да келет. Президент тарабынан бөлүнгөн акча каражаты "Айыл банктар" тарабынан февралда берилиш керек. Дегинкиси, 2009-жыл молчулуктун, токчулуктун жылы болот деп элибиз ишенип турат.
Ноябидин САЛИЕВ,
Кара-Кулжа районунун
ардагерлер Кеңешинин
төрагасы