, 06.02.09 - 21-бет:
  Тил тагдыры - эл тагдыры

Байкалбаганы менен башаламандыктар мамлекеттик тилге байланыштуу
Кыргыздын белгилүү тарыхый инсандары - Кокон хандарынын убагында алардын атынан бийликти дээрлик өздөрү жүргүзүп турушкан же хандарга таасирлери күчтүү болушкан Алымкул аталык менен Нүзүп аталык криминалдык дүйнөнүн терминологиясы менен айтканда "мыйзамдагы уурулар" (же "воры в законе") болушканбы, ал эми кийинки криминалдык авторитеттер - Рысбек Акматбаев, Камчы Көлбаев жана Азис Батукаев аталык болушканбы?
Азыркы белгилүү кыргыз инсандарынын арасынан ынды каралар кимдер?
Арактардын даражалары барбы?
Анальгин менен энурезди дарылаганга болобу?
"Шайма-шай телефон" дегенди билесизби?
Мына ушундай бир караганда абсурд сыяктуудай көрүнгөн кызыктуу суроолорго эң жөнөкөй жооп алгыңыздар келеби? Анда бул макаланы окуп коюңуздар.
Албетте, мындай маселеде юморсуз ой жүгүртүүгө болбос. Ошондуктан, алгач тамаша аралашы...

Анча олуттуу эмес "өзүм билемдиктер"...
Ансыз да чычалак кыргыз агаларыма айтып коёрум, акыркы мезгилдеги кыргыз терминологиясындагы баш аламандыктар жана өзүм билемдиктер мына ушундай ирониялуу суроолорду жаратты. Мамлекетибиздин мамлекеттик тилине, а кыргыздардын эне тилине болгон акыркы мезгилдеги мамилеси орусча айтканда бардакка айланып кетти. Мында кыргыз орфографиясынын эрежелери менен айрым окумуштууларыбыздын 2003-жылы "ойной" коюусунан улам жаңы эрежелер кабыл алына калып, же анысы элге толук алынбай, тил менен мындай "эксперименттин" натыйжасында азыр кыргыздын мен сабаттуу деген адамдары, атүгүл кыргыз тилин окуткан мугалимдер, адистер эки башка орфографиялык эрежелердин негизинде жазуу менен эски орфография менен жаңы орфографиянын жактоочулары болушуп, дээрлик эки башка жазуусу бар улуттардай бөлүнүп алышты. Анан мындай баш аламандык коомчулуктун кыргыз тилинин тагдырына кайдыгер эмес катмарынын тынчсыздануусун жарата баштаганда, андайлардын кысымы астында мурдагы эрежелер толук кайра калыбына келтирилбестен, орфографиянын 2003-жылдагы жаңы эрежелерине кайрадан өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилип, кайрадан жаңы эрежелер пайда болду.
Ушул жерден айта кетсем, мына ошентип тилдин эрежелерин улам өзгөртүп жатышкандардын жоруктары биздин айылда өткөн кылымдын 80-жылдары көзү өтүп кеткен бир кемпирдин жоругун эске салып калды. Аны да айта кетейин. Ошол мезгилде биздин айылда бир кемпир жашачу. Жаш кезинде аябай иштерман болуп, жаны тынч алчу эмес экен. Кийин картайып, уулдары үйлөнүп келиндүү болгондон кийин ал кездеги ыймандуу келиндери ага жумуш жасатпай, а балдары "эл эмне дейт?" дешип бир да үй жумушун ага бердиртпей коюшкан. Ошондо кемпир чаркап болуп жыйылып турган көңдү бузуп, бир-эки метр аралыкка орун которуштуруп кайра жыйып, ордун шыпырып тазалап, дагы бир жумадан кийин кайрадан бузуп, жаңы жерге жыйып, мурдагы ордун шыпырып-тазалап... өзүнө жумуш таап алчу. Аны көргөндө алгач айылдыктар күлүп жүрүшчү эле, кийин көнүмүшкө айланып, ага көңүл да бурбай калышкан. Ал го эми жасаганга иши жок калган кемпирдин жоругу. А биздин аттуу-баштуу эле адамдарыбыздын жоруктары ошол кемпирдикиндей болуп жатса, күйбөй койбойт экенсиң.

Башкалар эмес кыргыздар өздөрү түшүнбөгөн сөздөр көбөйдү
Мына ошол аттуу-баштууларыбыздын мамлекеттин тили болгон кыргыз тилине карата жогорудагы кемпирдикиндей жоруктарынан кийин учурда кыргыз тилибизде абракадабра пайда болуп, аны башка тилдүүлөрдү мындай кой, накта кыргызмын дегендер өздөрү түшүнө алышпай баштары маң болуп отурушат. Азыр "эч ким" деген сөз менен "(менин) эчким", "ар кандай" менен "аркандай" (мындай мисалдар четтен чыгат) сыяктуу чынында ар башка түшүнүктү берген сөздөр окшош жазылып, алардын айырмасын сүйлөмдү толук окуп контекстте гана түшүнө ала турган болуп калдык.
Ал эми кыргыз тилибиз мамлекеттик статус алгандан бери терминдердин баш аламан которулушу боюнча "айта берсе арман көп". Союз мезгилиндеги афоризм менен айтканда пионерлерден пенсионерлерге чейин котормочу болуп чыга келишти. Азыркы колдонулуп жүргөн терминдердеги баш аламандыктардын баарын санап отурууга макала көлөмү жол бербес, ошондуктан алардын айрым оркойгондорун эле атай кетели.
Жакында "Азаттык" радиосу (же өздөрү аташкандай - үналгысы) криминалдык дүйнөдөгү "мыйзамдагы ууру" ("вор в законе") маркум Рысбек Акматбаевдин оң колу болгон Исмаил Кочкаровдун өлтүрүлүшүнө байланыштуу Акматбаевди "аталык" деп "вор в законе" термининин эквиваленти катары которушуп, аны макаланын кириш бөлүгүндө саналган кыргыздын улуу инсандары Алымкул менен Нүзүптүн кызмат орундарына же наамдарына теңеп салды. Мүмкүн, эми аталган тарыхый инсандарыбыз, алар жашаган доор жөнүндө жазганда алардын мартабалуу даражалары "мыйзамдагы уурулар" болушкан деп калабызбы?
Баса "даража" демекчи, аба ырайы тууралуу прогнозду айтканда буга чейин баарыбыз көнүп бүткөн "градус" термининин ордуна аталган радиодогулар "даража" терминин колдоно башташкан. Эгерде чынында эле "градусту" "даража" деп которуп алсак, анда эми "кырк даражалуудан" "кылтыйтып", ал эми элине эмгеги сиңген атуулдарыбызды биринчи же экинчи "градустагы" дипломдор же ордендер менен сыйлап калат экенбиз да.
Самолётту "учак", ал эми вертолётту "тик учак" деп алардын жерден көтөрүлүшүнө карата эле которгондордун жана колдонуп жүргөндөрдүн азыркы самолёттор жөнүндө маалыматы болбосо керек. Анткени, өткөн кылымдын 60-жылдарынан баштап жерден тик көтөрүлүп учуучу самолёттор да пайда болушкан. А эмне үчүн вертолёттой болуп тик көтөрүлгөн самолётторду да тик учак дебейбиз?
Аба ырайы жөнүндө маалыматты да берүүчү гидрометереология борборунун функциясы аны менен эле чектелип калбайт. Бирок, аны да "Аба ырайын маалымдоочу борбор" деп которушкандар мына ушундай чектөө киргизүү менен аталган борбордун кылган иши аба ырайын маалымдап гана коюу сыяктуу маалымат беришүүдө.

Болот Шерниязов ынды карабы?
Ошол эле "Азаттыктын" кызматкерлери Америка Кошмо Штаттарында быйыл биринчи жолу негр расасындагы адам президенттикке ат салышкандан бери биз илгертен окуп, айтып келгендей, "негр" деген, же азыркы америкалыктар айтышкандай "афроамерикалык" деген сөздү "ынды кара" дей башташты. "А, кыргыздар эми саясый жактан кара түстөгүлөрдү "таарынтпай турган термин таптык",-деп сүйүнө баштасам, жакында аным да таш капты. Анткени "Айат пресс" аттуу жаңыдан чыгып жаткан гезиттеги кесиптештерим гезиттин 22-январындагы санындагы "...билесиңер, бирок айтпайсыңар" деген туруктуу рубрикадагы маалыматында "ынды каралар" дешип макаланын кириш сөзүндө саналган инсандарыбызды жана дагы бир катарларын атап кетишиптир. Ошентип, өзүбүздүн кара тору жигиттерибизди эми "негрлер" же сыпайыраак "афроамерикалыктар" деп калабызбы?
Дагы бир "патриотторубуздун" демилгеси менен Юстиция министрлигин Адилет министрлиги деп которуп алдык да ал эми министрликтин кызматкерлерине берилүүчү мамлекеттик чиндерибиз ошол боюнча калып, "Эрмамат Кожоакматов - облустук адилет башкармалыгынын начальниги, юстициянын генерал-майору" деп жазып жатабыз ("Кыргыз Туусу", 23-январдагы саны). Ошондо кыргыз тилиндеги мындай "новаторлуктардын сырларын" билбеген адамдарга адилет тармагында иштеген кызматкерге башка, юстиция тармагынын чини берилип калгандай таасир калтырып жатпайбы.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ачып көрүңүз (Мурдагы жана туура аталышы "Жарнама жөнүндө" мыйзам - бул боюнча кайра-кайра жаза берип жададым). 5-статьясынын 9-пунктунда "Интернет, шайма-шай телефондору жана факстар менен жарнактарды (спамдарды) санкция албастан жөнөтүүгө тыюу салынат" деп жазылган. Мында "мобилдүү телефон" дагы бир гений тарабынан "шайма-шай телефон" болуп которулуптур.

Эми олуттуу кесепеттери бар болуп калчулары...
Жогорудагыдай баш аламан котормолордун чынында олуттуу кесепеттери жок. Болгону массалык маалымат каражаттарындагы ар кандай (же аркандай) терминдерден улам угармандар менен окурмандардын жана мамлекеттик тилди үйрөнөбүз деген башка улуттагылардын ашыкча түйшүгүн эске албаганда жана келечекте ал тилибиздеги толук бардакка алып барарын эске албаганда. Анткени, мамлекеттик органдарда иш кагаздарын жүргүзүүгө керек болгон мамлекеттик тилдеги терминдер калыптанбай, ар бир котормочу өзү билгендей жазып, башаламандыктар дагы да улана бермекчи. Демек, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан бери быйыл 20 жыл толгону турса да кыргыз тили мамлекеттик тил катарында өз функциясын толук кандуу аткара албай кала бермекчи.
Жогорудагы мисалдар көрсөткөндөй, биздин айрым "ашынган патриоттордун" кээде которууга болбой турган, анткени кыргыз тилинде алардын эквиваленти жок сөздөрдү да которуу аракеттери тилибиздин заманбап өнүгүүсүнө бут тосууда жана кыргыз тилин мамлекеттик тил катарында үйрөнүүгө аракет кылышкан башка улуттардагы мекендештерибиздин аруу тилектерине бөгөт жасап, жок жерден кошумча кыйынчылыктарды жаратууда.
Расмий органдардын иш кагаздарында (Президенттин, Өкмөттүн жарлыктарында, токтомдорунда, буйруктарында, көрсөтмөлөр менен сунуштарында) мисалы, көп кездешүүчү "контроль" жана "надзор" терминдеринин экөөсүн тең "көзөмөл" деп которуу алардын ар биринин маанилерин бурмалап коюуда. "Предписание" , "предостережение" жана "предупреждение" деген юридикалык терминдер боюнча да ушундай. Мындай мисалдар иш кагаздарында четтен чыгат.
Ал эми биздин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиябыздын терминологиялык комитети болсо, терминдерди бир нукка салуунун ордуна жаңыдан терминдерди ойлоп табуу боюнча "социалисттик күжүрмөн милдеттенмелерди" алгандай улам жаңы терминдерди чыгаруу менен алек да, ошол терминдердин кайсылары расмий иш кагаздарында колдонулуп жатат, а кайсылары терминкомдун "кагаздарында" гана калууда деген маселени ойлоп да койбогондой таасир калтырууда. Бул ого бетер чаташтырууга алып келүүдө.
Анан да айрым "ура-патриотторубуз" "кыргыз тили өтө бай" деген концепцияны бетке кармоо менен чоң жаңылышып жатышат. Мен бул жерде кыргыз тилинин адабий, маданий тармактардагы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айткан жокмун. Мен анын мамлекеттик тил катарындагы негизги функциясы - иш кагаздарын жүргүзүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып жатам. Азыркы дүйнөлүк интеграциялануу заманында бир дагы тил "жакыр" болушу мүмкүн эмес. Цивилизациянын жетишкендиктери, илимий-техникалык прогресстин жемиштери кайсы өлкөдө гана жаралбасын, аларды бардык адамзат пайдаланып жатышкандай, башка өнүккөн тилдердеги терминдерди өнүкпөгөн тилдер каалагандай пайдалана алышат. Анан да техникаларды, технологияларды сатып алууга туура келсе, а терминдер "сатылбайт". Болгону ал ошол өз тилин өнүктүрүүнү ойлогон элдин өзүнүн каалоосуна жана мындай маселеге акылдуу мамиле жасаганына жараша гана болот.

"Импаза" илдеттен арылтпай, дартка кабылдырат
"Бишкек-БРАНТ" медициналык борбору россиялык окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан "Импаза" препаратын сатуу менен жарнамалык кулактандырууларды берип келет. Жаңылбасам, өткөн жылдан бери жарнамаларын кыргыз гезиттерине да кыргыз тилинде бере баштады. Кызыгы, мына ушул олуттуу эле медициналык борборду ал жалдаган котормочулар мыйзам бузууга түрткү беришти деп ойлойм. Анткени "Импаза" препаратын сатуу үчүн атайылап кардарларды адаштыруунун медициналык борборго кереги жок экени айдан-ачык. Эми ошого кеңири токтолоюн.
"Импаза" препараты эркектердин азыркы учурда кеңири жайылтылган дарты - кудуретсиздикти (импотенцияны) же анын башталыш стадиясы - эректилдик дисфункцияны дарылоого арналган(жарнаманын орусчасында бул так, даана көрсөтүлгөн). Бирок, жарнамалык кулактандырууну кыргызчага которушкан "котормочулардын" өзүм билемдигинен улам препарат бел кубатын жакшыртып эмес, "бел суунун сапатына" оң таасир бере тургандай, "бел суунун абалын жакшырта" тургандай, башкача айтканда азыркы учурда "эркектердин дагы бир кылым оорусунан" - тукумсуздуктан дарылай тургандай жарнамалана баштады. "Бел суу" деген кыргызча сперманы түшүндүрө тургандыгына ишенбегендер К. Юдахиндин "Орусча-кыргызча сөздүгүнүн" 815-бетин ачып карап коюшса болот.
Эми ошол жарнамага ишенген тукумсуздук дартына кабылышкан эркектер өз илдетинен дарылануу үчүн "Импазаны" иче башташканын элестетип көрүңүз! Бул эми энурезди анальгин менен дарылагандай болуп жатпайбы!
Медициналык борбордун бул аракети "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына (Жазгырмалуу жарнак), 7-статьясына (Анык эмес жарнак) жана 9-статьясына (Көз көрүнөө жалган жарнак) туура келет. Ошол эле статьяларда мындай жарнактарга жол берилбестиги да көрсөтүлгөн. 9-статьяда "Жарнак берүүчү (жарнакка чыгаруучу, жарнак таратуучу) жарнак керектөөчүнү атайын адаштыруу үчүн пайдаланган жарнак көз көрүнөө жалган жарнак болуп саналары" көрсөтүлгөн.
Ошондуктан, кандай болгон күндө да мыйзам бузулгандан кийин мыйзамдын 30-статьясына (Жарнак берүүчүнүн, жарнак чыгаруучунун жана жарнак таратуучунун жоопкерчилиги) ылайык "Бишкек-БРАНТ" медициналык борбору жоопкерчилик тартууга тийиш. Мыйзамдын 31-статьясынын 2-пунктуна ылайык эми монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик органдын талабы боюнча медициналык борборго эскертүү берилүүгө же мыйзамдар тарабынан белгиленген эң аз эмгек акынын 200гө чейинки өлчөмүндө айып салуу түрүндө административдик жоопкерчилик тартууга тийиш.
А бирок, Өкмөткө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик мыйзамга ылайык өзүнө жүктөлгөн милдетти аткарабы же буга чейин болуп келгендей көз жүмдуга салабы?
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"