, 06.02.09 - 21-бет:
  медицина

"Оорусу өтүшүп кеткендерди өлүмдөн арачалайбыз"
Улуттук госпиталдын ириң хирургиясы бөлүмү. Аты эле айтып тургандай бул бөлүмгө жедеп оорусу өтүшүп кеткенден жаны катуу кыйналган оорулуулар түшөт. Ошондуктан бардык эле операциялар татаал, оор болуп, хирургдардан өтө кесипкөйлүктү, чеберчиликти, жоопкерчиликти талап кылат. Дегеле бул жерде иштеген врачтардын, медсестралардын бир күндүк ишине көз салган киши ириң хирургиясында иштештин өзү эле эрдик экенин сезишет.
Орозали Көчөров Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүн көп жылдан бери жетектеп келатат. Медицина илимдеринин кандидаты. Өткөн жылы медициналык практикада жакшы ийгиликтерге жетишип, оор операцияларды ийгиликтүү жасаганы үчүн "Руханият" сыйлыгына татыктуу болду. Биз жакында дасыккан хирургга жолугуп, маек курган элек.

- Орозали Тайтокурович, бала чагыңызда ата-энеңиздин сизге берген насааттарынын кайсынысын шам чырактай колго кармап келдиңиз?
- Кара-Суу районунун Акташ айылында төрөлгөм. Ата-энем карапайым эле кишилер, өмүр бою колхоздо иштешти. Ата-апамдын "сабак окугула" дегендери эч эсимден кетпейт. Өздөрү билимдүү болушпаса да, сабак окугула деп бизди үй жумуштарын көп жасатышчу эмес. Эми ойлосом окууга көп убакыт бөлүп беришкени окушса көздөрү ачылат, билимдүү болушат дешип бизге кам көрүшкөндөрү экен.
- Дарыгерлик кесипти ата-энеңиздин нускоосу менен тандап алдыңыз беле?
- Тескерисинче башкача болгон. Мектепте окуй элек кезим эле. Атамдын колтугуна жара чыгып, аябай кыйналган. Денеси ысып, төшөккө жатып калган. Андай жараларды азыр көп эле көрүп жүрөм. Бирок, ал кезде аябай коркунучтуу сезилген. Балдардын улуусу болгондуктан атам мени чакырып алып, керээзин айтканда бала болсом да ушинтип эле атабыздан ажырап калабызбы деп коркком. Мага ушул окуя өтө чоң таасир берген окшойт. Кийин
8-классты бүткөндө атам мени мугалим бол деп, мен медик болом деп талашып, ыйлаганга чейин баргам. Атам мени менен үч күн сүйлөшпөй койгон. Акыры атам көндү, мейли эми "врач болсоң бол" деп акчасын берип Жалал-Абадга жөнөткөнү ар дайым көз алдымда. Ошончо өжөрлөнгөнүмө жараша медокуу жайына шыр өтүп кеттим. Аны бүтүргөн соң эки жыл советтик армиянын катарында кызмат өтөдүм. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик мединститутунун дарылоо факультетине тапшырып, 1985-жылы бүтүрдүм. Үчүнчү курста окуп жүргөндө эле республикалык клиникалык оорукананын ириң хирургиясы бөлүмүндө медбрат болуп иштей баштагам. Менин кийин бул бөлүмдө клиникалык ординатурада калышыма себеп болгон. Анткени, ал убакта окуу жайын бүткөндөрдү адегенде айыл жеринде иштетмей практикасы катуу сакталчу.
- Биринчи жолу операция жасаганыңыз эсиңиздеби?
- Биринчи операцияны студент кезде жасагам. Медбрат болуп иштеп жүргөн кезде түнкүсүн көп операциялар болчу. Ошондой убакта врачтарга жардам берип, жеңилдерине операция жасачумун. Бул жигиттин колунан келет окшойт деп ушул бөлүмгө алып калышканынын жана хирург болуп калышымдын себеби ошол.
Кечке окуп, окуудан кийин ооруканага жумушка барам. Алигүнчө эсимде турат. Бир күнү түнүндө 11 операция жасалды. Кичине уктап алганга да мүмкүнчүлүк болгон жок. Иштен эле окууга жөнөдүм. Окуудан чыгып автобуска түшүп жашаган жериме баратам, шаардан алыс жерде жашачумун. Кирпигимен тартса эле жыгылгыдай чарчап турам. Ошентсе да улгайган адамдарга тура калып орун бошотуп берип, түндөгү операцияларда жасаган ишиме ыраазы болуп, аябай шерденген элем.
- Артисттер сахнага ар бир чыккан сайын толкунданабыз дешет. А хирургдар операцияга кирип баратканда кандай сезимде болушат?
- Жоопкерчилик өтө чоң. Эң эле коркконуң колуңду жакшы жууп, булганбай кийинип алыш. Кээ бир врачтар колун жуугандан кийин халатын топчулай беришет. Бизде бул мүмкүн эмес. Азыр окууну жаңы бүтүп келген жаш врачтар ушундай кемчилик кетирип коюшат. Алар кайра жуунуп киришет же операциядан кууп чыккан күндөр болот. Албетте, эң чоң олуттуу, оор операцияларга кириш кыйын. Буга 10-15 жылдык даярдык керек. Азыр биздин бөлүмгө негизинен райондордо 4-5 жолу операция болуп, айыкпай же өтүшүп кеткенде келишет. Келген оорулуулардын көбүн сакайтып, айыктырабыз.
- Студент кезден бери эле операция жасап келатыптырсыз. Канча кишиге операция жасадыңыз?
- Студент кездегини эсепке кошпойм. Өз алдымча хирург болуп иштегени 5 миңге жакын операция жасадым.
- Жогоруда өтүшүп кеткенде келишет дебедиңизби. Бул врачтардын күнөөсүнөнбү же адамдардын өз ден соолугуна кайдыгер караганынанбы?
- Бул оорунун стадиясына жараша болот. Ошол оорулуу врачка өз убагында кайрылдыбы же кечпи, көп нерсе ушуга байланыштуу. Райондордо врачтар кеч болсо да айласыз операция жасашат.Кайра-кайра жасаган учурлары болот. Айла болбогондо өтүшүп кеткен абалда бизге келишет. Мунун биринчи эле себеби оорулуулардын кеч кайрылганында, камырабай жүрө бергенинде. Ошондуктан айрымдарынын ичегиси, ашказаны тешилип кетет. Экинчи жагы борбор көп райондордон алыс турат. Жолдун алыстыгы жана жол кире төлөп келгенге көбүнүн шарты жоктугу да буга себепкер болот. Албетте, райондогу врачтардын билим деңгээли, ооруканалардын заманбап жабдуулар менен жабдылышы да чоң мааниге ээ. Анын үстүнө райондордо Бишкектегидей академик, профессорлор менен консилиум жасай алышпайт. Мисалы, кечээ эле Кемин районуна барып келдим. Бир кишинин ичегиси түйүлүп, оор ахыбалда экен. Бишкектен операция жасайлы деп борборго алып келдик. Анткени, биздин бөлүмдө лазер, УЗИ, барокамера бар. Айрым жабдуулар эски, аларды жаңыртып алсак деген оюбузда турат.
- Көп жылдык ишиңизде башыңыздан далай эле жолу кызыктуу окуялар өткөндүр?
- Андайлар көп эле болду. Бирок, күлө тургандай эмес, бардыгы эле олуттуу нерселер. Мындан 12 жыл мурун Көлдөн бир аялды алып келишти. Чабандын жубайы экен. Кыштоого баратышканда капчыгайда машина бузулуп калат. Эки баласы менен аялды машинада калтырып, айдоочу айылдан жардам сураганы артка кетет. Айдоочу айылга жеткенби, жетпегенби, билбейм. Кычыраган кышта аял эки баласын кучактаган бойдон тоңуп калат. Аларды тапкан кезде балдар өлүп калыптыр. Аялды оор абалда бизге алып келишти. Эки бутун тең үшүк алып, капкара болуп гангренага айланып кеткен. Мен ушул аялзатынын чыдамдуулугуна абдан баа бергем. Протез кийгенге жеңил болсун деп эки бутун тең тизеден ылдый жактан кестим. Ошондо эки бутумдан, эки баламдан айрылдым деп чөгүп калбай, катуу аракеттенип айыгып кеткен.
Дагы бир учур эсимден кетпейт. 1995-жыл болсо керек. Аксыдан буттарынын сөөктөрү ириңдеп, чирип кеткен баланы алып келишти. Кыргыздар муну кулгуна деп коюшат. Атасы ыйлап-сыктап, "Кербенде, Жалал-Абадда операция жасашты, уулум айыкпай койду",- деп алып келген. Эки буту тең бир учурда ооруптур. Эки бутун тизеден өйдө кесип салбастан, башкача жасадык. Ал убакта азыркы башкы хирургубуз травматология бөлүмүнүн башчысы болчу. Травматологдор менен бирге акылдаштык. Чүкө жилик жоон жана ичке сөөктөн турат. Жоон сөөгү чирип, ичке сөөгү сакталып калыптыр. Эки жоон сөөктү алып салып, 6 айга чейин Елизаров аппаратын койдук. Алты айдан кийин жоон сөөктүн ордуна ичке сөөктү койгонбуз. Азыр ошол бала улак чабат деп угам.
- Ата жолун жолдогон балдарыңыз барбы?
- Жубайым да врач. М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борборунда жогорку категориядагы кардио-ревматолог болуп иштейт. Ата-эне жолун улуу кызыбыз Мээрим жолдоду. Кардиология адистиги боюнча клиникалык ординатураны бүтүрдү. Кызым Жылдыз, уулум Чыңгыз (экөө эгиз) студент, кичүү кызым мектепте окуйт.
- Өткөн жыл оор болду деп жатабыз. Сиздер үчүн кандай жыл болду?
- Узап кеткен жылда медицинадан, искусствобуздан көп атактуу, таланттуу кишилерибизден айрылдык. Бирок, биздин клиника үчүн жакшы жыл болду. Себеби, Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгын белгиледик, китептери чыкты. 1999-жылы белгилегенде клиниканын алдына эстелиги коюлган. 100 жылдыгында туулуп-өскөн айылы Тору-Айгырда эстелиги коюлду. Эң эле жакшы жери медициналык академияга Иса Коноевич Ахунбаевдин аты берилди. Биз үчүн бул чоң окуя. Ушул жылы мага да "Руханият" сыйлыгын ыйгарышты. Баарынан да клиникабызда 12 жаш медиктер кандидаттык диссертациясын жакташты. Өткөн жылы бизди ушундай ийгиликтер коштоду. Буюрса, уй жылы да жемиштүү болот деген ойдобуз.
Маектешкен
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"





  Арактын арты - арман

Жайлоодо атылган октон жайланган өмүр
Соттолуучунун үстөлүндө жашоонун таттуу даамын эми гана тата баштаган, келечегине чоң үмүт менен келген алмончоктой эки баланын атасы атанган, эми гана отуз жаштын кырына келген жаш жигит отурду.
- Мындай оор кылмышка эмне себептен бардың? - деди мамлекеттик айыптоочу, юстициянын 2-класстагы кеңешчиси, Жети-Өгүз районунун прокурору Медербек Абдышев.
- Мас элем... - деп, айтчу сөздөрүн сыртка чыгара албастан, шылкыйып жер тиктеди айыпкер.
Кишинин мас абалында жасаган кылмышын жеңил-ооруна карабастан, мыйзам да, эл да эч качан кечирбей, келишпей тургандыгын сот процессинин жүрүшүндө сүйлөгөндөр дагы бир жолу тастыкташты. Карапайым калк арасына кары-жашына карабай канчалаган жылдардан бери уулуу тамырын улам терең жайып келаткан кадимки "жинди суу" - спирттик ичимдиктери эми алыскы тоолуктарды азгырган "сыйлуу тамагына" айлангандыгынын акыры дагы бир пенденин жаш өмүрүн кыйган.
Жогоруда кеп баштаган Кубан Шакеев (аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу жигит 2008-жылдын 11-августунда Кичи-Кызыл-Суунун Көк-Булак жайлоосунда мас абалында мылтыкчан аттанып чыгып, кошуна бир өрөөндө жашаган малчылардын чатырларын чапкылап кыдырып: "Кимиңер эркек болсоңор, бери чыккыла!" - деп эрдемсинип кыйкыра берген. "Мастан жинди качып кутулуптур" болуп, бардыгы ал тегеректеги карагай-черге жашынышкан.
Акыл-эсин "арам тамакка" алдырган жигит, адам өмүрү тургай, эртеңки, эл алдындагы жоопкерчилигин, эки наристеси менен жаш колуктусунун муң-зарга бата турган армандуу тагдырын ойлогон эмес. Жылыга бир убакта жайлоого бирге чыгып, жайлата ар кимдерден чогулган малды канатташ багып, туздаш-даамдаш, бир туугандай болуп калган, агасындай киши кой-айга барам деп Кубандын кош ооз мылтыгынын аткан огунан ажал тапкан.
Арактан жаралган мастыктын кесепетинен бири - кайра келгис кымбат өмүрүнөн ажыраса, бири - он төрт жылга эркинен ажыратылды. Кечээ эле жадырап-жайнап жашап, эртеңки келечегине талпынган эки үй-бүлө бир заматта көз жашын көлдөткөн көкүрөк муңга батты.
Мындайда дайыма аракты күнөөлөйбүз. Өткөн совет доорунда эле түптөнүп калган аракечтик, улуттун бардык каада-салтына, ал эмес кара ашына да кийлигишип калганын ар бирибиз көрүп-билип, кошо аралашып да жүрөбүз го. Ал эми жогорудагы кайгылуу окуяны былтыр ага чектеш жайлоону журналисттик иш сапар менен кыдырып жүргөндө уккан элем. Бир-эки күндүн аралыгында жайытта жашагандардын күнүмдүк жашоо-тиричилиги менен тааныштым. Бардыгы жаштар. Ал жерде акчасы болсо, болбосо да сатып ала турган көчмөн дүкөнү бар экен. Элден чогулган уйларды саап, сүт өткөрүп, айына кеминде 20 миң сомдон акча табышат экен. Күндө болбосо да, күн алыс шерине жегендери - эт, ичкендери - арак...
Жээнбай ТҮРК,
"Кыргыз Туусу"