, 06.02.09 - 17-бет:
  Легендага айланган өмүр

Маданияттуу жылдардын бир учурунан калган элес
же коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын бейнесине сүртүмдөр
- Ленинграддык окумуштуу этнограф, консультацияга чакырганбыз, - деди да эже жанында үргүлөп отурган кызды карап койду. - Бу бышарган сары кыз сиңдилерим болот, эс алдырып келейин деп, ала баратам...
Анан эже энеси жөнүндө, айылы, айылдаштары жөнүндө жылуу-жумшак кеп салып баратканы демейдеги сүрдүү министр бизге окшогон эле карапайым жан экенине мени бир чети таңыркатса, бир чети ичими жылытты.
- Ушу жол менен өткөн сайын илгери секелек кезимде Тянь-Шандын Куланак районуна барганым эсиме түшө берет, - деп калды эже.
- Аякка эмнеге бардыңыз эле? - дедим мен.
- Мугалим болуп... Анда азыркыдай даңгыр жол жок. Уңкул-чуңкул, чаң... Түшкөнүбүз грузовой. Ошого эле жыргап жүрүп отурганбыз. Апам каптап берген бир төшөк, бир жууркан, бир жаздыкты дүнүйөм түгөл көрүп, көтөрүп алгам... - Эжеге ошондогусу элестей түштү окшойт, өзүнчө жымыйып койду. - Айтмакчы, арызыңды бердиңби?
- Үй тууралуубу? Жок, - дедим.
- Э, кокуй! Ал эмнең? Башкалар андайды уга албай жүрсө, а сен!..
- Падыша башы менен айный койбос, эже. Өлүп бараткансыбай эс алып эле кийинчерээк жазайын дедим... - десем,
Эже мени сынагандай бир тиктеп алды да:
- Элдин баары сен ойлогондой ойлобойт... - деп, дагы бир нерсе айтчудай болуп туруп, унчукпай тунжурап калды. Айтканымы жактырганыбы бу, же жактырбаганыбы, ажырата албадым. Аңгыча эже сөздү өзгөрткүсү келди окшойт - Сен бизге качан келип иштейсиң? Эмгиче жообуң жок. Же чакыраарын чакырып коюп, мени унутуп калды деп жүрөсүңбү? Я еще с ума не выжила - деди.
Досту саткан - армияны сатат...
1972-жылы кинону маданият министрлигинен бөлүп, өзүнчө комитет түзүлгөндө, мен маданият министрлигинде кино боюнча башкы редактор болчумун, ошондой эле милдет менен кинокомитетке которулгам. Эже мени маданият министрлигиндеги Бириккен репертуарлык - редакциялык коллегиянын башкы редакторунун кызматына чакырганына жыл маалы болуп калган, азыр эмне дээримди билбей буйдала түштүм да:
- Ал ишиңиз өтө оор... - деп жибердим.
- Иштин жеңилин көздөп жүрөм дечи... - деди эле, эже демейдеги министрлик сүрүнө келе түшкөнсүдү.
- Жо-о, эже, мен аны айтпайм... - Мен оңтойсуздана түштүм. - Наоборот, иштин оору кызык, азарт менен иштелет. Сиз чакырган жер чатак, арызчылар көп. Андайлар менен иштешүү азап да, мен ошону айтайын дегем...
- Чегирткеден корккон эгин экпейт. Бизге келсең, в обиду не дадим, - деди эже дале министрлик сынынан жазбай. - Партияга өтүп атып, өтпөй кетип калыпсың. Ал эмнең?
Айтсамбы, айтпасамбы деген ойдо такала түштүм да:
- Эже... - дедим көңүлүн оорутуп аламбы, же каарына каламбы дегендей чочулап, анан калыс жүргөн киши туура сөздү эрөөн көрбөстүр, эрөөн көрсө да, кектебестир деген ойдо, тобокелге салдым. - Эже, сиз кадырлаган бирөөнүн эки жүздүүлүгүн бетине айтып, "досту саткан армияны сатат, армияны саткан фронтту сатат, фронтту саткан өлкөнү сатат! Дос болумуш болуп жүрүп, Чыңгызды саттың" дегем. Дегенимди теңирден тетири бурмалап, мрамор сыячелек менен урду деп, жарым сааттын ичинде ЦКга эки жолу жүгүрүп барбадыбы жанына бир чоң жазуучуну кошуп алып. Алардын "бузулган телефону" сизге да жеткен. Сиз да ишенгенсиз "хулиган" экениме...
Аша чаап кеттимби деп, акырын көзүмдүн кыйыгын эжеге бурдум. Улуубу-кичүүбү, ким болбосун, туура сөз сүйлөнүп атса, эже тынч угаарын, орунсуз айтылып баратса, какпай сөздү башкага буруп коёрун көп байкагам. Бу саам эки тизесинин үстүндө жаткан эки колун тиктегенсип, эженин унчукпай отурганын көрүп, аша чаба элегимди түшүндүм. Ошол кезде жазуучулардын ыркы катуу бузулуп, жаатташып аткан учур болчу. Жаатташуусу Борбордук партия комитетинин бюросунда каралып жаткан. Бул 1965-жыл. Ошондой ыркырашкан абалга алиги ишмерибиздин эки жүздүүлүгү жеткиргенин кошо айттым. Анын атын атабасам да ким экенин эже билди. Эже да анын атын атаган жок, аталышын каалабагандай сезилди мага. Сөзүмдү бузбады. Мынча болду эми баарын айтып калайын деген ниетте ары уладым. Машиненин жай баратканы да эжени сөз угушка аргасыз кылдыбы, ким билет. ЦКнын көргөзмөсү боюнча, менин "хулигандыгымды" Жазуучулар Союзунун Президиумунда караганын, мени Союздан чыгаруу жөнүндө чечимдин долбоору жазылып калганын, а түгүл, атактуу бир жазуучубуз мени соттотуш керек дегенин, андай катуу жазадан мен болгонду болгондой айтып, тиги кишинин эки жүздүүлүгүн, чагымчылдыгын далилдеп, столдун үстүндө жаткан мрамор сыячелекти көрсөтүп, ошону менен урсам, сыячелек же тиги кишинин башына тиймек, эңкейе калса, артындагы тамдын бооруна тийип, тагы калат эле го десем, калпы чыгып, жазадан кутулганымды айтып токтодум. Эже дале үн катпады.
- Жомок ушундай болгон, эже, - дедим тамаша аралаштырган болуп.
Эмне дээр экен деп күтсөм, менин бул "жомогум" жөнүндө эже ооз ачпады. А түгүл, мындай сөз болбогондой:
- Партияга эмне өтпөй жүрөсүң? - деп, жөн гана башканы сурап койду.
Мунусу нааразы кепти укулап-чукулап, кайра-кайра козгоп, ырбатуунун кажети жоктугун билгизген кыраакы кеменгерлигиндей сезилген мага. Чынында да ошондой экен, аны кийинки жылдарда, карамагында иштеп жүрүп, эженин жүрүм-турумунан далай баамдадым.
- Издетип атышыптыр дегенин угуп, алиги чатактын эртеси ЦКга бардым: "Партияда барсыңбы?" - дешти. "Жок" десем, "бала, багың бар экен, партияда болсоң, чаңыңды асманга чыгарат элек", - деди. "Ыракмат, байке, өтүп аттым эле, эми өтпөйм" деп, өтпөй калгам. Экинчи жолу өтүп атканымда, райкомдун пенсионер кемпир-чалдардан куралган парткомиссия дегени болот турбайбы. Өмүр баянымда: "Эгер менде жакшы сапаттар болсо, ал чоң атам Абийирден, начарлары өзүмдүк" деп жазгам. Ошого комиссиядагы бир орус кемпир: "Чоң атаң эмне, партиядан да өөдө болуп кетиппи?!", - деп, жабышып албаспы. "Өөдө да эмес, төмөн да эмес" - десем, калдым балээге, кемпирге беркилери да кошулуп, туш-тушуман талап кирди. Эч кимиси кеп жегидей эмес. "Анда партияңарга өтпөйм" - дедим да чыгып кеткем - десем, эже акырын борсулдап, жарашыктуу күлдү да:
- Алжыган чал-кемпирлердин жинине тийбей жүрбөйсүңбү анан... - деди. - Партияга өтүп алгыла. Жүрө берсеңер, тагдырыңарды башкалар чечип салат...
Таза адам жылдыздуу көрүнөт
Адамдын көңүлүндө жакшы ой, таза пикир турганда, өңү жылдыздуу боло калаарын көп байкадым. Күлүйпа Кондучаловнаны өң түзүлүшү жагынан сулуу аял дешке болбойт, бирок жылмайганда, күлгөндө, ойго батканда, кубанганда, мээрими жүзүнөн жадырап, сулуу көрүнө түшөөрүнө ушу саам көзүм анык жетти. Бая жыргап, жымың эткен сайын жылдызы нурдана калып атканын баамдасам да, жаратылышынан заары жок акылдуу адам, өңү серт болсо да, ойлонуп турганда, күлгөндө, жылмайганда, кубанганда, жүзүнө сулуулуктун боёгу жайыла түшөөрүн этибар албапмын. Мындай сапат ичи тар, мүнөзү мерес, жаратылышынан арамза, акылы аз, кекчил мээримсиздерде болбойт. Арамзалардын күлгөнү тургай каткырганы да ич жылытпайт, а түгүл, денеңди дүркүрөтүп, муз тийгендей ичиркентет.
Жүрүм-турумунун өрнөктүүлүгү, иш билгилиги, акыл-оюнун тактыгы, пикиринин таамайлыгы, акылмандуулугу жагынан көзүнүн тирүүсүндө, иштеп турган кездеринде эле легендага айланган Болот Мамбетов, Исхак Раззаков, Султан Ибраимовдун катарында Күлүйпа Кондучалова да айтылып келген.




Аба булгагандар менен адеп-ахлак бузгандардын айырмасы кайсы?
(Башталышы 16-бетте)
Ошондуктан, экологдор та-
рабынан жүргүзүлгөн өлчөөлөргө ылайык борбордо автоунаалар тыгын болуп калган учурда адам организми үчүн абдан зыяндуу зат болгон формальдегиддин жол берилген нормаларынан 20 эсеге ашып кетүүсү байкалган!
А мунун келип эле келечекте жарандарыбыздын ден соолугуна тийгизген зыяны канчалык боло тургандыгын элестетүү кыйын эмес.
Ошондой эле ал зыянды автоунаа ташуу менен бизнес жасашкан ишкерлердин жана алар алып келишкен арзаныраак, бирок,
зыяндуу автоунааларды пайдалануу менен күнүмдүк турмушка каражат табышкан адамдардын пайдасы менен салыштырууга мүмкүн эмес!
Бул багытта Бишкектеги маршруттук таксилер катары пайдаланылган автоунааларга талаптарды катуулатып, алардын санын азайтып, чоң автобустардын, троллейбустардын санын көбөйтүү боюнча ишти улантуу да зарыл. Шаарыбыздын, шаардыктардын келечегин ойлосок, мына ушундай айрым ишкерлерге жакпаган чечимдерге баруу зарыл.
Казино менен сауна жабылса кайсы "карапайым калк" зыян тартат?
Эми жанагы көңүл ачуучу
жайларга келели. Биринчиден, казинолордун оюнчулары негизинен биздеги жеңил акча табышкан ири чиновниктер менен айрым акчалуу бизнесмендер экени жашыруун эмес. Казинолордо иштешкен кызматкерлер менен сүйлөшүп көргөнүмдө алар дайыма бул фактыны тастыкташат. Күнүмдүк оокатын эптеп өткөрүп жүргөн адамдарда казиного уттура турган ашыкча акча да, күнү-түнү ойноого убакыт да жок.
Экинчиден, казинолорго кирүү менен кумар оюнуна кызыгып, психологдор айтып жатышкандай, игромания дартына чалдыгышып, натыйжада акчасын гана уттурбастан, үй-жайынан, үй-бүлөсүнөн ажырап калгандар канча? А балдардын ойной башташкандарычы? Анын айынан канчалаган жаштарыбыз кылмыш иштерине да барышууда. Бул боюнча атайын статистика жок болсо да, криминалдык хрониканы үзбөй окуган адамдарга кырдаал жакшы тааныш.
А казино ээлери чыны менен эми жакырданып кетишеби? Менин оюм боюнча Премьер-министр Игорь Чудинов Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин коллегиясынын жыйынында журналисттердин суроолоруна берген жообунда бул маселеге аргументтүү жообун айтты:
- Эгерде казино ээлери патент акысын төлөй алышпаса, жабышсын! Бул бизнес ээлери тапкан пайдаларынан мамлекет менен бөлүшкөнгө үйрөнүү мезгили алда качан келип жетти. Бул социалдык аялуу бизнес, же трактор чыгаруу, дан, сүт өндүрүү эмес. 15 жыл аралыгында биз аларга тийишпей, өнүгүп, улам жаңы казинолор ачылып келди. Эми алар табышкан пайдаларга ылайык келген салыктарды төлөсүн десек, пикет уюштурабыз дешүүдө! Бишкекте эле 36 казинонун болушу азбы?
Мен дагы Премьердин позициясын колдойм. Мындан башка дагы кандай аргумент керек?! Эгерде пайдасы азайып калат деп коркушса, казино ээлери кардарларынын эсебинен табуучу пайдаларын көбөйтүп алышса болот. Андан казинолордун кардарлары да жакырданып кетишпесе керек!
Эң өкүнүчтүүсү - жаңы Салык кодекси ишке киргенине бир ай өтүп-өтө электе казино бизнесиндегилердин бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлүшүнө жетишүүсү! Парламентте да казино ээлери жана аларды жактоочулар отурганын эске алсак, эми Өкмөт башчысы өз позициясында бекем тура алышына үмүттөнүү гана калат.
Акча алмаштыруучу жайлар боюнча алганда да ушундай эле пикирдемин.
Эми сауналарга келели. Аларга да негизинен калктын жогоруда саналгандай акчалуу катмарлары барышат. А жөнөкөй адамдар үчүн муниципалдык мончолор эле жетиштүү. Ошондуктан, сауна ээлеринин азырынча кардарлар келбей калышат, пайда таппай калабыз дешкендери ишенич туудурбайт. Болгону аларга мурдагыдай ири кирешелерди алышпастан, чет өлкөлөрдөгүдөй орточо кирешелер менен жашоого туура келет.
Мына ушундай абал буга
чейин ашыкча пайдаларды алып келишкен айрым бизнесмендерге тынчтык бербей жаткандай...
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"