Махмуд Кашгари-Барскани
атындагы Чыгыш
университетинин
ректору, профессор А.ОРМУШЕВ
Улуттун улуулугу тарбиядан
(Башталышы гезиттин
№8 санында)
Адамды ач көздүккө, таш боордукка тарых тарбиялайбы?
Учурда Кыргыз Республика-
сынын билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын билим берүү академиясынын, ошондой эле окуу китептерин жазган белгилүү тарыхчы, адабиятчылар жаңы окуу китептерди жазууда душман түшүнүгүн алып таштоо менен толеранттуулук түшүнүгүн камтыган темаларды көбөйтүү жөнүндө талкуулоо, тактоо зарылчылыктары келип чыгууда. Анткени орто мектептердеги жана жогорку окуу жайлардагы окуучуларды жана студенттерди мындан 20-30 жыл мурун жазылган тарых китептери менен окутуудабыз. Азыр деле биздин жаш муундар Александр Македонскийдин, Чыңгыз хандын басып алуучулук жортуулдарын окутуп келишет. Ал эми дүйнөлүк биринчи жана экинчи согуштардын тарыхый маанилерин ар бир мамлекет өз саясатына ыңгайлаштырып, чагылдыруу менен мектептеги окуучуларга тескери, туура эмес түшүнүк берип жаткан жокпу?
Жаштарды тарбиялоодогу мындай көрүнүш биринчиден тарыхтын бурмаланышына алып келсе, экинчи жагынан, бир эле окуяны окуучулар ар башкача кабылдап, ар кандай сезимде болуп, алардын ортосунда бири-бирине болгон карама-каршылыктын жаралышына алып келет.
Мындай жагдай кыргыз тарыхчыларын дагы түйшөлтүп, алардын алдына зор милдеттерди коюп отурат. Биздин оюбузча, бир-бирине тикеден тике байланышкан эки маселе көңүл борборунда турушу керек. Биринчиси - тарыхты сөзсүз түрдө жазуу керекпи деген суроо. Арийне, тарых сөзсүз жазылышы керек - бул жалпыга маалым чындык. Бирок бул жерде кептин баары тарыхты сөзсүз билүү керектигин окуучуларга кантип жеткирүү керек деген суроону чечүүдө жатат. Заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматов шаардыктарга караганда табигат менен коюн-колтук алышып чоңойгон балдар күйүмдүү, сабырдуу болуп өсөрүн өз мезгилинде айтып кеткен эле. Сүрөткердин бул пикиринин туура экендигин биз чечмелеп отургубуз келбейт. Болгону адам баласынын жаратылышы эки кабаттуу келерин, биринчиси табигый жаратылыш, экинчиси рухий жаратылыш экендигин, экөөнүн биринен ажырап калган бала толук кандуу тарбия алууга татыксыз болуп каларын гана баса белгилеп кеткибиз келет.
Тарыхый талаштар тарбияга кедергисин тийгизбесе
Экинчи маселе, болгондо да
негизги маселе төмөндөгүдөй суроолордо жатат: Биз, тарыхчылар, тарыхты ким үчүн жазуубуз керек? Мамлекеттин жетекчилери үчүнбү? Алардын саясый оюндары үчүнбү?
Тарых эл, улут, адамзат жана акыйкат үчүн жазылары айтпаса да белгилүү. Бирок, ушул негизги принциптен тайып кеткендигибизден жогорудагы суроолорду коюуга мажбур болуп отурабыз.
Анда бүгүнкү күнгө чейин орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында колдонулуп келген окуу китептериндеги кээ бир тарыхый окуялар бурмаланып, болгондо да атайылап бурмаланып, же болбосо кээ бир тарыхый терминдер, кээ бир тарыхый окуялар илимий жактан далилденбестен жазылып калган. Алсак, кыргыз элинин чыныгы тарыхы Совет бийлигинин учурунда коммунисттик партиянын саясатына ылайык бурмаланып жазылган эле, бүгүнкү күнгө чейин бул дарттан кутула албай келүүдөбүз. Алсак, 1850-1860-жылдары түндүк кыргыздар Орус империясына өз каалоосу менен, өз ыктыяры менен кошулган деген туура эмес саясатты кээ бир кыргыз тарыхчылары көтөрүп чыгууга аргасыз болушкан. Алар өз мезгилинде букара калк падышалык Россияга ага өз ыктыяры менен кошулууну каалаган кат менен кайрылышкандыгын бетке кармашкан. Чындыгында, ал кат бир ууч кыргыз билермандарынын жеке кызыкчылыктарын гана көздөгөн эле, ал эми букара элдин ой-пикири менен эч ким эсептешкен эмес эле. Кыргыз тарыхчылары бул чындыкты моюндоодон чочулашкан. Дагы бир мисал: кыргыз тарыхында "басмачы" деген термин аттын кашкасындай таанымал. "Басмачы" деп ким болбосун өз эл жерине каршы күрөшкөн зулум, мыкаачы адам катары түшүнүп келген. Чындыгында, алар ("басмачылар") өз Ата Мекенин орус аскеринен коргогон кыргыздын эр жүрөк баатыр жана мекенчил жигиттери болушкан. Ал эми Сталиндик каардуу бийликтин учурунда кыргыздын далай күнөөсүз, акылдуу жана билимдүү интеллигенттерине ак жеринен "эл душмандары" деген айып тагылып, атылганы атылып кетип, калгандары түрмө запкысынан улам түбөлүк майып болуп калган. Бирок биз аларды коммунисттик духтун шаңы менен чын эле "эл душмандары" деп жарыялап, том-том эмгектерди жазып, кум үстүнө курулган идеологиянын негизинде өсүп келаткан муундарды тарбиялап келдик. Бүгүнкү күндө бул кандай "жемиш" берип жаткандыгын айтпай эле коёлу. Андыктан биз өз тарыхыбызды кайрадан карап, илимий негизде жазып чыгууга милдеткербиз.
Бул - тарбия маселесинин бир гана жагы. Маселенин өзүнүн мааниси боюнча мындан кем калбаган, атүгүл татаалдыгы жагынан мындан да ашып түшкөн экинчи жагы бар. Орус падышалыгынын кесепетинен улам 200 миңден ашуун кыргызды мойсоп кеткен үркүн маселесин, же укканда эле кан каңырсыган бугу менен сарбагыштын чабышын ала турган болсок, бул окуялар жөнүндө чындыкты жазуу бир жөн, аны кантип, кандай ык-амалда жеткирүү керек деген суроо андан да оор болуп жатпайбы.
Улуу муундун урпактарга тарбиясын уланталы
Чын эле, мындай опурталдуу окуяларды жаш муундарга кандайча жеткирүү керек? Өткөн кылымдын он алтынчы жылындагы кыргынды таамай, так жана элестүү чагылдырган залкар акын А.Токомбаевдин "Кандуу жылдарын" окуган мектеп окуучусу кандай сезимге кабылып жалпы эле орус эли жөнүндө кандай ойдо калат, кандай тарбия алат? Жөнсүз жерден чыр чыгып, кан суудай агылган бугу менен сарбагыш чабышы жөнүндөгү бурмаланбаган чындыкка күбө болгон мектеп окуучусу бул каргашалуу окуяга тикеден-тике тиешеси бар Ормон хан менен Боромбай манаптын, Балбай баатырдын бүгүнкү күндөгү заңкайган эстеликтерин карап туруп, кандай ойго кабылат, алар жөнүндө жазылган чыгармалардан кандай таалим-тарбия алат, ата-бабаларынын жаратмандык кайсы кудурет-күчүнө сыймыктанат? Өтө оор жана өтө опурталдуу, маанилүү суроолор. Бул суроолор, бери эле алганда, тарыхый чындыкты окутууда жаңы усулду, ык-амалды (методдорду) иштеп чыгуу талабын коюп отурат.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын президенти К.Бакиевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, тарых илимдеринин доктору Досбол Нур уулунун жетекчилиги менен түзүлгөн окумуштуу-тарыхчылардын тобу Кыргызстандын тарыхын кайрадан жаңылап, толуктап, тактап жазууну башташты. "Кыргызстандын жаңы тарыхы" 15 томдон турмакчы. Бирок азыртадан эле Кыргызстандын тарыхын жазуу боюнча "Кыргыз Туусу" газетасына көрүнүктүү социолог Кусейин
Исаев, тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиев, адабиятчы Омор Соороновдор тарыхты жазуунун критерийи тактык, идеологиясы Кыргызстанда жашаган элдеринин биримдиги болушун айтуу менен кыргыз башчыларынын жогорку титулдары болгон манап, бий, баатыр деген терминдердин илимий негизде такталышына зор көңүл буруш керектигин билдиришүүдө.
Сөз башында белгилегендей мен жолдо баратканда да, конференциянын жүрүшүндө да, кайтып келатканда да акыл тегеретип отуруп, акыры тарбияны кандайдыр бир бөлүктөргө бөлүп кароого болбой тургандыгына, анын бүтүндүгүнө толук ынандым көрүнөт. Бул жагынан ал адамга окшош көрүнөт. Адам деген бирөө гана эмеспи, анан аны кантип бир нече бөлүктөргө бөлүп кароого болот? Адамдан татаал, табышмактуу жана карама-каршылыктуу жан жер жүзүндө жок болсо керек. Бирок тарбия андан да татаалбы деп ойлодум. Мен жогоруда бул маселенин четин гана чыгардым.
Макалабыздын аягында жогоруда белгилегендей тарбияга байланыштуу көптөгөн карама-каршы көрүнүштөрдү мисалга келтирип жатып, жаштарды тарбиялоонун үзүрү деле жок окшойт деген ойдон алысмын, тескерисинче, тарбиянын өтө оор, ар тараптуу табышмактуулугун белгилеп, ага өтө олуттуу мамиле кылуу керектигин айткым келип отурат. А сиз кандай дейсиз, окурман!




  Тажикстандагы кыргыз айылдарынын таржымалынан

Чегара ажыратылганда четте калган Жийдели айылы
Тажик Республикасынын Согди (мурдагы Ленинабад) облусунун аймагында Шурап (Шор-Суу) шаарчасы, Матпари, Кыргыз-Кыштак, Мазар-Тал, Жигдалик (Жийдели), Сада, Селкен, Чуулдак, Маданият, Катма, Дигмай (Демай), Андарсай, Бөрүгөн, Мукур ж.б. көптөгөн кыргыз айыл-кыштактары бар. Катаган, Маданият, Гулякандаз өңдүү көптөгөн кыргыздар өзбек, тажик улутунун өкүлдөрү менен аралаш жашаган калктуу пункттар кездешет.
Ошол айылдардын бири Канибадам
районуна караштуу Жийдели айылы. Бул айылдын тургундары 100% кыргыздар. Кыргыздын чапкылдык уруусунун өкүлдөрү.
Айыл Улуу Жибек жолу өткөн Сырдарыянын сол жээгинен орун алып, Кожонт шаарынан 40, Кокон шаарынан 90 чакырым аралыкта жайгашкан. Лейлек районуна караштуу Арка айылынан 10 чакырым. Мурда суу сактагыч курула электе Жийдели: Калтатай, Тайлакы жана Асанали айылы болуп үч бөлүктөн турган. Кайраккум суу сактагычы курулуп, эски Жийдели айылы суу астында калгандан кийин, эл азыркы турган жерине көчүрүлөт.
Падышалык Орусиянын карамагында турган мезгилде Жийдели айылы административдик жактан Кожонт уездинин Чапкылдык болуштугуна карап турган. Совет доорундагы коллективдештирүү мезгилинде да өзүнчө колхоз болуп, Чапкылдык болуштугунун курамында болгон. Кожонт уездинин Чапкылдык, Байкесек, Бөксөсибирги болуштуктары Кокон уездинин Аваат болуштугу менен биригип, Ош облусунун алгач Сүлүктү, кийин Лейлек району түзүлгөн мезгилде Жийдели айылы да Кыргызстанга карап турган. Кийин Тажик Республикасынын курамына кандай жана кантип өтүп калгандыгын айыл жашоочулары өздөрү түшүнбөй калышкан.
Билим берүү тармагында да эмгеги сиңген Жайнак агай баштаган мугалимдердин жоон тобу бар. Канибадам району боюнча жалгыз кыргыз мектептин коллективи үзүрлүү иштеп келүүдө. Учурда айылдагы орто мектепте окуу процесси толук түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Айылдык мектеп жаш муундар үчүн билимдин гана эмес, таалим-тарбиянын уясы, маданияттын башаты катары кызмат кылат эмеспи. Мектепте Амир Рустамов, Жайнак Душаев, Маман Бекмурадов, Акмат Кумаров, Өзгөн Туратов ж.б. агайлар Тажик Республикасынын "Билим берүүнүн мыктысы", Ардак грамоталар ж.б. баалуу белектер менен сыйланышкан.
Бул айылдан чыккан илимпоздор менен баарыбыз сыймыктанабыз. Алардын башында турган математик Жолчу Толубаев Бишкек шаарында жашайт. Айыл чарба илимдеринин кандидаттары: Жумабай Жораев, Ташполот Туркбаев жана Өмүрзак Туратов Душанбе, Кожонт шаарларындагы жогорку окуу жайларда эмгектенишүүдө.
Көп жылдан бери облустук ооруканада эмгектенип жаткан, элге эмгеги сиңген, атактуу дарыгер Махмуджан Ахмадовду Согди (Ленинабад) облусу боюнча таанып билишет. Махмуджанды коллегалары эркелетип "биздин кыргыз доктур" деп коюшат.
Совет доору гүлдөп турган мезгилде бул айылдын үч тургуну Ахмат Самадов, Гадай Алиев жана Пирмат Базаров Социалисттик Эмгектин Баатырлары. Ал эми, Абдурахман Азимов Ленин, Сапар Мадалиев Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу, Балтабай Сахибов Эмгек Кызыл Туу орденинин кавалерлери болушкан. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушка катышкан бир канча согуш ардагерлери бар. Алардын арасынан Нарынбай Ибрагимов Даңк орденинин эки жолку кавалери, бир канча медалдардын ээси. Кахар Батыров Кызыл жылдыз орденинин, Жоро Худояров, Шарип Базаров, Усман Махадов ж.б. орден, медалдардын ээлери болушкан. Согуштан кайтпай, кан майданда курман болгондордун саны да аз эмес.
Социалисттик мелдеште озуп чыккан азаматтардын эмгеги да жогору бааланып, айыл тургундары Жоро Худояров Тажик Республикасынын "Эмгек сиңирген агроному", Бостон Толубаев "Эмгек сиңирген пахтакери" деген наамдарга ээ болушкан. Айылдын тургундары совет доорунда
айылдык, райондук, облустук кеңештердин депутаттары да болушкан.
Кыргыз оозеки чыгармачылыгындагы "Олжобай менен Кишимжан" дастанында баяндалган негизги окуялар ушул чөлкөмдө өткөн дешет айылдын карыялары. "Лейлектин булбулу" аталган акын Абдраим Шаматов жана анын жубайынын сөөгү ушул айылдын көрүстөнүнө коюлган.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan