, 06.02.09 - 11-бет:
  Тарых

Улуттун улуу инсаны - Мухаммед Кыргыз
Ал Түркстан, Ташкент, Сай-
рамга жүрүш жасай баштады жана ал жактагылардын бардыгынын катуудан казанын, жумшактан күлүн калтырбай, күлүн көккө сапырып, тополоңун тоз кылды. Ал чектеш четки аймактардагы шейбанилик султандардын аны артка сүрүү аракетинен майнап чыккан жок. Бир сапар ал Түркстанга хандын ал кезде хан боло элек Абдаллах султан Түркстандын валийи (акмими) эле. Ал ошол замат анын артынан түшүп кууп жөнөгөн. Ал калаадан бир аз алыстаганда Мухаммед Кыргыз шарт ат тизгинин артка бурду жана алар башаламан айкашты. Далай жоокердин өмүрүн кыйган бул кыргындан Мухаммед Кыргыз жеңиш менен чыкты… Туткунга түшкөн султанды (Абдуллах султанды) ал өзүнүн жанында бир күн бою кармап турган, андан соң ага хан тукуму катары сый - урмат көрсөтүп аттап - тондоп аман калгандар менен бирге Түркстанга узатып койду…
Бул кабар ханга жеткенде, анын мындай жоругуна аябагандай ачуусу келди жана ошол эле 1517 - жылы жаз (күз) айында Мухаммед Кыргызды жазалоо үчүн Моголстан тарапка аскерин алып жөнөдү. Ал Мухаммед Кыргызга чыккынчылык кылды деп жөнү жок жалаа жапкан. Саид хан өзүн өзү акташ үчүн ушул жолку жортуулун коңшу өлкөлөрдүн мусулмандарын талап - тоногон "каапыр" кыргыздарга каршы ыйык согуш урааны астында уюштурду. Адегенде аскерлерин Кашкарга топтоп, аксуулук Айман Кожо - султан, Кожо Али-бахадур баштаган жакын адамдары, жан - жөкөрлөрү менен алдыдагы жортуул тууралуу кеңеш курган. Кеңеште жортуулдун багыттары, кыргыз жерине капыстан кол салар жолдор аныкталган. Саид хан өзү башкарган башкы кол Барскоон ашуусу аркылуу өтчү жол менен жөнөмөк. Саид хандын Аксуудан келген иниси Айман - Кожонун кошуундары Жууку ашуусун ашып өтчү жолго түшмөк. Ал эми алдыда бараткан кошуунга (авангард - йазак) баарындардан чыккан Кожо Али Бахадур кол башчылык кылган.
Анын кошууну жолдо кыргыздардын мекен кыйырын кайтарган чакан кошуунуна капилеттен кол салып, колго түшкөн туткундарды кыйнап териштирип жатып Мухаммед Кыргыздын аскери Ысык-Көлдүн кылаасындагы Барскоондун куймасында топтолгонун билген. Бул тууралуу ал Саид ханга чабарманын чаптырып шашылыш кабар айттырып, негизги аскерлердин Ысык-Көлгө жортуулун тездетүүнү жана кыргыздарга күтүүсүздөн, кармашка камынууга, коргонууга үлгүртпөй чабуул коюну өтүнөт.
Саид хан калган аралыкты тез арада басып өтүп, күүгүм кире, күн бата Барскоон капчыгайынын чыга беришиндеги жылгаларга аскерин жашырды. Моголдор түнү бою кармашка камынып, таңга маал жерге жарык киргенде жез керней, мүйүз сурнай, добулбастардын ачуу үнүнүн коштоосунда жер жаңырткан ышкырык, ызы-чуу менен кыргыз айылдарына кол салып, кызыл кыргын баштады. Эрегишкен эки тараптын ортосундагы негизги салгылашуу Барскоон суусунун чатындагы кең жайыкта өттү. Жоокерчилик заманда жоо капыстан кол салганда өтө ыкчам аяк - башын жыйганга маш болгон кыргыздар, ар дайым эл четинде, жоо бетинде жүрүп, күтүүсүз келген душманга каршы тайманбай күрөшүүгө көнгөн эрлер касташкан жоого катуу каршылык көрсөттү. Адеп могол аскерлери ар тараптан чабуул коюп катуу кысып киргенине карабастан, кыргыз кошуундары кармаш кызыган учурда душмандын мизин майтарып, атүгүл маал-маалы менен артка сүрүп, могол аскерлерин аралай чаап жиреп кирип турду. Албетте, алдын ала атайлап айкаштарга камылга көргөн, аскери арбын, жоо-жарагы шайма-шай капилет келген жоонун кысымына кыргыздар узакка туруштук бере алышмак эмес. Айкашта акыры кыргыз кошуундары жеңилип, Мухаммед Кыргыз туткунга түштү. Баскынчылар кыргыз айылдарын бир нече күн талап-тоноп, үйүр-үйүр жылкысын, топ-тобу менен айры өркөчтүү төөлөрүн, короо-короо койлорун олжолоду. Кастарын тиккен карөзгөй жоо элет элин биротоло мүңкүрөтүп тизе бүктүрүш үчүн Мухаммед Кыргызды Кашкар тарапка хан ордосуна "ак үйлүү аманатка"- мейман туткун кылып ала кетишет. Кыргыз өкүмдарына Кашкарда, бөлөк жер, бөтөн элде 5 жыл могол ханынын кашында "сыйлуу коногу" сымал жүрүүгө туура келди. Ал эми колго түшкөн кыргыздардын бардыгын туткундан аргасыздан бошотуп жиберишет.
Барскоон көк жайыгындагы салгылашууларда жеңишке жетишкенине карабастан могол ханы кыргыздарды толук багындыра алган жок. Көп өтпөй, 1917-ж. аяк ченинде кышка жуук могол аскерлери кыргыз жеринен чыгып кетүүгө мажбур болду. Жоо кеткен соң кыргыздардын ички биримдиги ого бетер чыңдалып, Ала Тоонун чар тарабына ээлик кылууну уланта беришти. Атүгүл алар "Тарих -и Рашидидеги" кабарга караганда Мухаммед Кыргыз Кашкарда жүргөн 1517-1522-жылдарда Мавераннахрдын четки шаарларына, Түркстан, Сайрам жана Анжияндын айланасындагы аймактарга дембе-дем жортуул жасап, Шейбанилер мамлекетинин тынчын алып турушкан.
Акырындап күч алган кыргыздардын оңой жоо эмес экендигине көзү жеткен Султан Саид хан эми кайрадан алар менен мамилени оңдоого аракеттене баштайт. Ушул максатта ал 1522-жылы Мухаммед Кыргызды мейман туткундан бошотуп элине кайтарган. Анын мурдагы эмгегин жана элине тоодой кадыр-баркы бар эр жүрөк кеменгер жол башчы экендигин эске алып, ага Ата Журтуна кайра кайтаарда сый-урмат көрсөткөн. Аргасыздан аны кыргыздардын өкүмдары катары таанып, ага кыргыздардын эмири - "мансаби амарати кыргыз гарданида" - деген эң жогорку мансап-мартабаны ыйгарган. Көрсөткөн мындай урмат-сыйы үчүн могол ханы Мухаммед Кыргыздан вассал сыпатында баш ийүүсүн үмүт кылган эле. Андыктан ал Ала Тоого кайтканда жанына ханзаада уулу Аб-
д ар -Рашид баш болгон көп аскер кошуп берген болчу. Бирок могол ханынын мындай амалкөй аракетинен майнап чыккан жок. Мухаммед Кыргыз жыл айланбай чачылган элин жыйнап, өлкөсүн өз бетинче, өзү каалагандай башкара баштады. Бул тууралуу Мухаммед Хайдердин эмгегинде мындайча кызыктуу кабар бар: " Рашид- султан Моголстанга келген кезде Мухаммед Кыргыз бардык кыргыздарды жыйнады жана Моголстан толук баш ийди. Бир сөз менен айтканда казактардын бизге каршы аракеттеринин жана кыргыздардын жоолашуусунун натыйжасында Рашид-султан өзүнө караштуу бардык кишилери менен Кашкарга кайтып келди… Моголдор тууралуу айтсак, алардын мүмкүн 30 миңдейи (түтүн) Турфан менен Кашкардын чегинде калды окшойт. Моголстанга казактар менен кыргыздар доомат кылууда. Кыргыздар могол урууларына тектеш (агаин-тууган) болсо дагы хакандарга кайра-кайра каршылык көрсөтүп баш ийишпеген себептен, алар моголдордон бөлүнүп кетишти".
Жогорудагы кабардан даана көрүнүп тургандай дал ошол оомалуу-төкмөлүү учурда кыргыз-казак ынтымагы түптөлө баштаган эле. Мында эки элдин өкүмдар улуктары Мухаммед Кыргыз менен Тахир хандын жана Хакназар хандын эмгеги зор. Айтмакчы XV кылымдын 60-жылдарынын орто ченинде Жети-Суунун батыш тарабында Казак хандыгы түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү Жочу хандын урпактары Гирей султан менен Жаныбек султан болуп эсептелет. Казак хандыгынын админис-тративдик-саясый борбору XVI кылымда азыркы Казакстандын түштүк-батышына ооп, Түркстан шаары ордо калаага айланган.




  Бири кеткен Каңгайга, бири калган Алтайда...

Кытайлык кыргыздарга саякат
Кыргыздардын бир бөлүгү Кытайда, Ооганстанда, Түркияда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана башка бир катар мамлекеттерде жашашат. Тарыхый маалыматтарга
ылайык, кытайлык кыргыздар ал жакка VII кылымда жана андан кийинки убактарда жайгашышса, Тажикстанга, Ооганстанга XVII-XVIII кылымдарда, Түркияга ХХ кылымда ооп барышкан.
Белгилүү тарыхчы А.Асанка-
нов 2005, 2006, 2007-жылдарда ЮНЕСКО тарабынан уюштурулуп, кытайлык кыргыздардын тарыхын, этнографиясын жана маданиятын изилдөөгө барган экспедициялардын курамында кеңири материалдарды топтоп, алардын негизинде чоң илимий эмгек даярдаган. Баш аягы, 20 миң км. чейин жол жүрүп, кыргыздар жашаган бардык жерлерде, башка окумуштуулар менен бирдикте (К.Таш-
баева, С.Жансон,
С.Алымкулов ж.б.) болуп, алардын этникалык тарыхын, маданиятын, чарбасын терең изилдеп келди. Бул экспедиция Ч.Валиханов барып келгенден, туптуура 150 жылдан кийин болуп отурат. Окурмандарга автордун мына ошол эмгектин негизинде даярдалган макаласын сунуш кылабыз.

Шиңжанга кыргыздар качан отурукташкан?
Кытайдагы кыргыздар Шиңжан авто-
номиялуу районунун Или, Ак-Суу, Хотен Кызыл-Суу аймактарын жердешет. Алар Россия жана Цинь империясынын 1860, 1864, 1870 жана 1881-жылдардагы чегараларды аныктоо боюнча келишимдерине ылайык Кытайга караштуу болуп калган. Чегаралар аныкталгыча ал жерлерде жашаган кыргыздар жайында азыркы Кыргызстандын аймагындагы жайлоолорго чыгышып, күз, кыштарда Ысык-Көл, Алайга чейин түшүп келишип, ошол эле мезгилде Кашкар, Жаркенд, Үч Турпан сыяктуу шаарларда соода-сатык иштерин кылышып, эркин көчүп, конуп жүрө беришкен. 1860-жылдагы келишимден кийин орус бийлиги Илидеги кыргыздардын бир бөлүгүн күч менен азыркы Кыргызстандын аймагына көчүрүп келген. Кокон хандыгынын акыркы жылдарындагы тополоңдордо, 1898-жылдагы Анжиан көтөрүлүшүнөн кийин жана Совет бийлигин жаңыдан орнотуп жаткан мезгилде Кытай тарапка оогон кыргыздар аз болгон эмес. 1962-жылы чегара ачылганда Кытайдагы кыргыздардын бир бөлүгү Кыргызстанга көчүп келишкен.
Азыр Кытайдагы Кызыл Суу кыргыз автономиялуу облусунда, Шиңжан автономиялуу районунун башка жерлеринде 200 миңге жакын кыргыздар жашашат. Алардын 80
пайыздан ашыгы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусун жердешсе, калгандары Алтай, Тарбагатай, Или, Ак-Суу, Хотен, Кашкар, Лобнор, Памир ж.б. жерлерге отурукташкан. Кытайлык кыргыздар мундуз, саяк, сарт, саруу, сарбагыш, найман, азык, кытай, солто, моңол, кушчу, кыпчак, тейит, адигине, бугу, дөөлөс, керей, нойгут, черик ж.б. урууларынан, б.а. кыргыздын бардык урууларынын өкүлдөрү бар.
Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун аймагынан сырткары жерлердеги кыргыздар ханзулар, кытайлар, уйгурлар, казактар менен аралаш жашашат. Казак автономиялуу облусунун аймагындагы кыргыздар компакттуу жашаган айылдарына автономиялуу айыл деген макам берилген. Бирок, алардын айлана тегерегиндеги айылдарда уйгурлар, казактар, ханзулар көп болгондуктан жана балдары мектептерде жогоруда аталган этностордун тилдеринде окушкандыктан алар кыргыз тилине караганда уйгур, казак тилдерин жакшы билишет. Негизинен ошол тилдерде сүйлөшүшөт.
Кытайдагы кыргыздардын Шиңжандын Тарбагатай деген жеринде жашагандарынан башкасы ислам динин тутунушат. Ал эми Тарбагатайдын Чадыжы, Чынмие, Калажын, Эки Суу, Оркошаар деген айылдарында жашаган 3 миңдей кыргыз лама буддачылардан болуп саналышат.
Тарбагатайлык кыргыздар эмне үчүн буддачылар болуп калышкан?
Бул биринчи кезекте тарбагатайлык-
тар кыргыздардын негизги массасынан бөлүнүп, моңголдордун, казактардын жана ханзулардын арасында изоляцияда калышкандыктары менен түшүндүрүлөт. Тарбагатайлык кыргыздар эң жакын делген илилик кыргыздардан 1000-1200 чакырым алыстыкта тургандыктан мурда алар менен байланышы үзүлүп, моңголдордун жана ханзулардын таасири астында будда динине кирип кетишкен. Казак жана уйгур тилдеринде сүйлөшкөн менен алар өздөрүн кыргыз этносунун бир бөлүгү катарында эсептешет. Алар өздөрүнүн тектерин жакшы билишет, өз тектери боюнча санжыраларды чогултуп, атайын китеп да кылып чыгарышкан. Андагылардын кытайлык башка кыргыздардан айырмасы; эгерде илилик кыргыздарда 3-4 ата өткөндөн кийин өз ара кыз алып, кыз бергенге уруксат болсо, тарбагатайлыктарда бир уруунун ичиндегилерге 20 ата өткөнгө чейин тамыр сөөк болууга тыюу салынган. Алар негизинен башка уруулардан гана кыз алышат, аларга кыз беришет. Кытайдын башка жерлериндеги кыргыздардын арасында уйгурлар, казактар менен куда сөөк болуу фактылары сейрек эмес. Бирок, тарбагатайлык кыргыздардын арасында андай фактылар жок. Анткени, уйгурлар, казактар тарбагатайлык кыргыздарды каапыр деп эсептешкендиктен алар менен куда сөөк болгулары келишпейт.

(Уландысы бар)
Абылабек АСАНКАНОВ,
тарых илимдеринин доктору, профессор
КУИАнын корреспондент-мүчөсү