, 03.02.09 - 7-бет:
  Кайрылуудан соң калыс ой

Улуттук ар-намыстын иши
" Келечектен үмүтүм чоң жана ага терең ишенем.
Элимдин абалы оңолушуна, экономикабыздын өнүгүшүнө жетүү жолун көзүм көрүп, акылым билип турат."
Курманбек Бакиев
(Кыргыз Республикасынын Президенттик
кызматына киришүүдө сүйлөгөн сөзүнөн)

Мезгил учат закымдап..." деп калабыз. Мезгил жылган сайын анын сапарлашы болгон адам баласынын нечен миңдеген муундары, он сегиз миң аалам тарыхы, өлкө тарыхы, эл тарыхы кошо адымдайт. Адам баласы мезгил менен кошо илешип, дайым жолдо келет сапары карыбай. Бир муун жешилсе, алар салып кеткен жолду кийинки муун улайт. "Жол - ыйык", дейт кыргыз. Жолду кыргыздар жылдыздарга теңейт, ошондуктан, Тогуз Теңирдин (Асман, Умай эне, Күн, Ай, Жылдыз, Жер, Суу, Тоо, Кан) бири Жолдун дагы бир аталышы Жылдыз. Кылымдарды карыткан кыргызда Теңирден тышкары пир деген да түшүнүк бар. Мисалы, акылдын пири - Секелек сары кыз (Асан шайыр), дыйканчылыктын пири - Баба Дыйкан (Боз кемпир),
жоопкерчиликтин пири - Кырк чоро (Кырк чилтен), даанышмандыктын пири - Бакай, же Ыйык Баба, усталардын пири - Дөөтү ата, жылдыздын пири - Үркөр, дарактын пири - Бай терек, жигиттин пири - Шаймерден ж.б., айрым ойчулдар ыйыктардын санын 99га жеткиришкен. Алардын ичинде жолдун пири - Жоламан деп айтылат. Кыргыздар эзелтен "ЖОЛ" деген сөзгө өтө терең жана ар тараптуу маани берип келген. "Жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун!", "Жолуң ачылсын!" деп биздин эл сапарга аттанган адамга да, чоң турмуштун босогосун аттаганы турган улан-кыздарга, жакшы жөрөлгөнү баштаганга кам урган адамга, ж.б. учурларда ак бата, жакшы каалоо, тилек иретинде айтат.
Ушуларды ойлоп олтуруп, ата-бабалардан калган, бирок, кийинки кезде унутулуп калган бир ырым эске түшөт. Кыргызда жаңы туулган музоону кылоолоп коюу кеңири тараган. Элдин ишениминде, жаш малды кы-лоолоп (дубалап) койгон музоо ошол оорудан оолак болот. Дуба учурунда:
"Илгери болсоң ууру алат,
Кийин калсаң карышкыр жейт,
Орто жерден чыкпагын,
Кылоо, кылоо, кылоо... - деген сөздөр айтылып, жаңы туулган музоонун үстүнө ууз тамызылат. Маанисине сүңгүй түшкөн кишиге бул сөздөр бата, каалоо-тилек, насаат экендигин түшүнүү кыйынга деле турбайт. Мисалы, мага бул сөздөр атанын балага айткан нускасы катары таасир этет. Дубанын чордону "Орто жерден чыкпагын" деген терең философиялык мааниси бар сөздөрдө жатат. Бул сөздөр алмуздактан жаратылыш менен камыр-жумур күн көргөн, мал жандуу Кыргыз Атанын жаңы туулуп, алгачкы чалыш кадамдарын таштай баштаган музоо аркылуу өз урпактарына "Аста-секин, ашыкпа, бөтөн жолго түшүп кетип, ааламдашуунун алкымына оп тартылба ("Шашкан шайтандын иши", "Сабырдын түбү сары алтын", "Кыбыраган кыр ашат" ж.б.), ошол эле учурда цивилизациянын өнүгүшүнөн артта калба, бирок, улам бир жээкке чайпалбай, бөлүнүп-жарылбай, бу жарымы жарык, жарымы түн, карама-каршылыктуу заманда ортону - тең салмактуу жолду таап, кылымдар бою уланып келаткан Кыргыз Көчүн сакта, Кыргыз Жолун тап!.." деп айтып турган нускасы болуп жүрбөсүн?! .
Арийне, биз, кыргыздар көп кылымдардан кийин тарыхый шарттарга, дүйнөлүк өнүгүүнүн логикасына байланыштуу өз алдынча мамлекеттүүлүккө ээ болдук. Өлкөбүздө саясый система алмашып, демократиялуу, укуктук мамлекетти түптөөгө кириштик. Социалдык-экономикалык турмушта кескин өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатабыз. Дүйнөгө таанылдык, эл аралык, чөлкөмдүк уюмдарга (БУУ, ЕККУ, НАТО, КМШ, ШКУ, ЕвразЕК ж.б.) мүчөбүз. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде элчилик ачылды. Мамлекеттүүлүктүн белгилерине толук ээ болдук. Бирок, саясый көз карандысыздыкка жетишип, эл аралык шериктештикте өз ордубуз болгону менен мамлекетибиз бутуна толук тура элек, азыркы ка-таал жана карама-каршы заманда өзүнүн тарыхый ордун, узак жолун, келечегин так аныктай элек. Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болуп, азаттыкта өнүгө баштагандан баштап, улут кыртышына төп келген Кыргыз идеясын табуу жана улуттук идеологияны иштеп чыгуу жөнүндө көп сөздөр, ой-пикирлер айтылды, ар түрдүү концепциялар да иштелип чыкты. Бирок, экономикалык, социалдык, рухтук негизи бекем, тең салмактуу, теориялык жактан жеткилең иштелген, мамлекеттин стратегиялык өнүгүүсүнүн эрежеси болуп кала турган, өлкөнүн биримдигин, элдин ынтымагын ого бетер ширештирип, баш коштурган, жарандардын жүрүм-турумдарына, абийир-адебине, мекенчилдик сезимине таамай таасир эте турган улуттук идеяны таба элекпиз.
Мындан 5 жыл мурда социология профессору Кусеин Исаев мындай деген: "…Биз азыр тарыхтын омоктуу бурулушунда турабыз… Мына, азаттык алганыбызга 14 жыл болду. Биз ушул убакта кыргыз элинин өнүгүү жолун тактадыкпы? Тарыхтагы ордубузду, алыскы жана жакынкы кошуналар менен болгон аброюбузду таптыкпы?.. Тилекке каршы, ушул маселелерди тик коюп, биз кыргыз элинин кызыкчылыгын жогорку деңгээлге көтөрө алган жокпуз. Башкача айтканда, калагы жок кайыкка окшоп, илең-салаң, калт-култ этип турабыз, бирде оңго, бирде солго кылчактап. Мунун бардыгы тең биздин жетекчилердин элди каякка, эмнеге алып барарын билбегендигинен келип чыкты. Экономика, социалдык чөйрө, коомдук турмуштагы эркиндик, рухий дөөлөт төмөндөөдө.
Азаттыктын 14 жылы ичинде ушундай абалга келгенибизге башкаруунун жана башкаруучулардын мажестиги себеп. Жалпылап айтканда, республикабыздын жаңы шартында улуттук ар-намысы бар баатыр, чынчыл, акыйкат мүнөздүү жигиттерибиз бийлик башкарууга дээрлик тартылбайт. Эл айтмакчы, "Бастырганды билбей жол бузган бар, башкарганды билбей эл бузган бар". ("Аалам", 04.06.2004-ж.)
Ошондуктан, март (2005-ж.) элдик ыңкылабынын шарапаты менен, өлкөнүн, журттун тагдырына туш болгон улуу толкундан жана ойго келбеген оор сыноолордон соң бийликке келген саясый лидерден калкыбыз өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн жеткилең талдап, жаратылыш ресурстарын, интеллектуалдык жана технологиялык дараметин, топтолгон тарыхый жана саясый тажрыйбаны туура баалоо менен ар бир атуулдун бакубат жашоосун жана өлкөнүн эл аралык коомдоштуктагы татыктуу беделин камсыз кыла ала турган реалдуу экономикалык жана социалдык программаларды ишке ашырууну күтүп жаткан. Өлкө башчысынын милдетин аткарууга киришип жатып, Курманбек Бакиев: "Бүгүнкү күндө элибиз бийликтен күткөн бирден-бир гана нерсе - бул даанышман башкаруу, өзүн эмес, калктын камын ойлоо, ак ниеттүүлүк, калыстык жана акыйкаттуулук. Элдин ушул улуу тилегин актоо - менин ыйык парзым деп эсептейм.
Келечектен үмүтүм чоң жана ага терең ишенем. Элимдин абалы оңолушуна, экономикабыздын өнүгүшүнө жетүү жолун көзүм көрүп, акылым билип турат",- деп, Кыргызстандын ар бир атуулунун көкүрөгүндө уялаган үмүт-тилектин так үстүнөн чыкты.
К. Бакиевдин бул ойлору салтанат учурунда айтыла жүргөн кадимки кооз сөздөр эмес эле. Анын турмушта тутунган принциби, көп жылдар бою калыптанган жетекчилик иш стили ушундай. Мисалы, президенттик шайлоодон мурдараак, элдик ыңкылаптын жеңишинен кийин республика Президентинин милдетин аткарып, Өкмөттү жетектеп жүргөн түйшүгү түмөн күндөрү анын дагы бир айтканы бар: "Менин үлүшүмө туш болгон мурасты душманыма да каалабас элем. Бийликтин бедели нөлгө түшкөн... Өлкөнү саясый туруксуздук кучагына алган... Бир четинен мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн кыр-
даалды ого бетер курчутууга багытталган чагымчылдыгынан, бир чети элдин бийликке ишеними кеткенден улам келип чыккан нааразычылыктар өлкөнүн бардык аймактарын каптады, менчикти кайра бөлүштүрүү үчүн аракеттер жана жер басып алуулар тыйылбай жатат. Мунун баары мыйзамсыз аракеттер экени түшүнүктүү, бирок, аларды күч колдонуу менен басып коё да албайсың. Бул көрүнүштөрдүн ар биринин далдасында адамдардын көкөй кескен көйгөйлөрү жана алардын адилеттүүлүктү калыбына келтирүү тууралуу акыйкат талаптары турат..."
Иш жүзүндө да Курманбек Бакиев башында турган жаңы бийлик ыңкылаптан кийин республиканы каптаган нааразычылык акцияларына көтөрүмдүү болуп, элдин талаптарына түшүнүү менен мамиле жасай алды. Ошол кезде жаңы бийликтин душмандары да, кечээ эле Акаев бийлигине каршы күрөштө ийин тийиштире бирге жүргөн таламдаштарынын арасындагы радикалчылар да Курманбек Бакиевди өлкөдө мыйзамдуулукту жана тартипти орнотууга жөндөмсүз деп айыпташты. Аларга жооп кылып, К. Бакиев билдирүү жасады: "Элдин өз пикирин айтуусуна тыюу салууга бийликтин укугу жок экендигин мурда эле айткан болчумун жана азыр да ошол пикиримден кайтпаймын. Күч бийликтин карамагындагы башкы жана бирден-бир аргумент болуп келген мурдагы мезгилге кайрылууга мени эч ким мажбурлай албайт." Курманбек Бакиев нааразычылыкка чыккандардын көпчүлүгү менен ортомчуларсыз көзмө-көз жолугушуп, адамдарды акыл-эс токтотуп, өлкө жөнүндө, эл жөнүндө ойлонууга, жаңы өкмөттүн иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырып жүрдү. "Эл мамлекетке эмес, мамлекет элге кызмат кылышы зарыл", "Өлкөнүн келечеги эмгек менен биримдикте", "Мамлекеттин саясаты куру сөз, кооз ураандарга эмес, реалдуу жана келечектүү иштерге таянуу аркылуу жүргүзүлүшү керек", "Кыргызстан элинин биримдиги - биздин негизги күчүбүз. Түндүк жана Түштүк жок, бир гана өлкө бар. Биримдигин сактаганда гана Кыргызстан өсүп-өнүгөт",- эртеңки күнү республиканын эл шайлаган жетекчиси боло турган адамдын ушул сөздөрү жана сөз артынан жасалган иштер К. Бакиевдин турмушка реалисттик мамиле жасаган чыгаан саясатчы жана тажрыйбалуу жетекчи экендигин тастыктап, ага болгон элдин ишенимин арттырды.
Мелис АЙДАРКУЛОВ,
журналист





Улуттук биримдик - улуу түркүк
Президент Курманбек Бакиевдин бул Кайрылуусу улуттук биримдиктин жаратмандык күчүнө басым жасагандыгы, анын түркүк өзөгүнө терең маани бергендиги менен айырмаланды. Улуттук биримдик аркылуу өнүгүүнүн далай сынынан өткөн дүйнөлүк өнүгүү концепциясын улуттук өзөккө айландыруу менен Президент кайрылуусунда баса белгилеген: "Өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө толук ынанган, жарандарынын экономикалык өз алдынчалуулугу жана татыктуу жашоо-турмушу, маданий өз алдынчалуулук, улуттун туруктуу өнүгүп жаткан интеллекти, дүйнөлүк жана жергиликтүү кырдаалга ылайык башкаруу системасы, дени сак жана билимдүү улут" болуу менен улуттук нарк-салттарды, асыл дөөлөттөрдү мындан ары да сактап өнүктүрө алабыз.
Улут катары биз кимбиз" деген суроону өзүбүзгө берүү менен биз эгемендүү Кыргыз мамлекети, анын көп улуттуу өкүлдөрүнөн куралган эли үчүн да бул тарыхый жаңы түшүнүктү жан дүйнөбүзгө уялатып жатабыз. Айталы, Америка улуту сыяктуу эле Кыргызстандын улуту калыптанганда гана биз да бир Ата Мекени бар, ошол Мекенин атуул катары чындап сүйгөн, ага бүт чыгармачылык күчүн арнаган, аны көз карегиндей коргогон чыныгы патриотко айланабыз, жуураттай уюган бирдиктүү Кыргызстандын эли боло алабыз.
Бул жагынан жаңы эле башталган 21-кылымда кыргыз элине өлкөдөгү титулдук улут катары Кыргызстандын бирдиктүү уюткулуу элин түптөө өңдүү тарыхый миссия жүктөлүп отурат. Кайрылуудагы маңыз-мазмундун өзөгү мына ушунда жатат. Ошондон улам да ал республиканын элине күтүүсүз жаңылык катары таасир калтырды. Мамлекет башчысынын көп эле кайрылууларынын күбөсү болгон эл-журт мындай мазмундагы ой-пикирди чынында эле күткөн эмес. Ошого байланыштуу Кайрылуу өлкөнүн атуулдарынын ортосунда ар түркүн ой толгоолорду пайда кылууда. Кайрылуунун турпатындагы түпкү маани - Кыргызстандын көп улуттуу эли биринчи кезекте өздөрүн бул өлкөдө жөн эле жашаган жаран эмес, анын атуулу катары сезээрин так кесер тастыктоо, ошол ишенимди бекемдөө. "Мен Кыргызстандын атуулумун" деген туюмду ой-сезимде жаратуу.
Бул - азырынча эч акылга сыйбас, жүзөгө ашпас нерсе катары каралышы мүмкүн. Ала Тоо аймагында жашап, тирилигин өткөрүп, өз элинин нарк-салттарын, маданиятын жоготпой тукумун эркин эгемендик маанайда улантып жаткан сексенге жакын улуттун өкүлдөрү иш жүзүндөгү реалдуу турмушта "Мен Кыргызстандын атуулумун" деген түшүнүк-туюнтманы акылында уютуп, каны-жанына чындап сиңдире алабы? Кыргызстанды көздүн карегиндей, ыйык тумардай барктап-нарктап сактай турган жападан-жалгыз Ата Мекеним деп атай алабы? Ушул өлкөнүн атуулу, эли-журту дегенге руханий моюн сунуп, жуураттай уюп, камырдай жуурулуша алабы? Ушул суроо азыр акыл-ойду чаргытып алдыбызда турат. Ооба, ошенте алат деген ынанымды байыркы тарыхыбыздан, Айкөл Манастын өзүнөн, элибиздин каны-жанында эзелтен жашап келаткан толеранттуулуктан, кыйын-кезеңдерде да кемибеген кең пейил меймандостугунан көрүп сезебиз. Манас баатыр Кыргыз мамлекетинин чамгарагын көтөргөндө өз элинин ошол толеранттуулугуна, кыйынчылыкты көтөргөн чыдамдуулугуна, ичине кара ташты да батырган кең пейилдигине таянган. "Кулалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган". Кырк уруу кыргыздын, канатташ, талапташ элдердин башын кошуп мамлекет курган. Манастын мамлекетин кыргыз баатырларындай эле башка элдин баатырлары да көз карегиндей коргоп турган.
Анан ушул мамлекет эмне үчүн узак жашай албады? Эмне себептен кулап калды? Улуттук биримдиктин жоктугунан. Бир улут болуп уюй албагандыктан. Манас баатырдын көзү өткөндө Абыке, Көбөш, Чынкожо, Толтой, Кыяз өңдүү уруу башчылары уюган элди уйгу-туйгу чаап, бөлүп-жарып кеткендиктен. Ошондон ушул күнгө чейин эл-журтубуздун башы биригип, мамлекет чамгарагын көтөрө албаганына тарых күбө. Ушундай мезгилдин туңгуюк мунарына көз таштасак, андан калайык-калкыбызды бириктирем, мамлекет курам деп канжыгага баш байлаган канчалаган баатыр бабаларыбыздын караанын көрөбүз. Барсбек менен Тапу Алп Сол кагандардан, Мукамбет Кыргыздан (Тагай бий) кечээги эле Ормон хан, Алымбек даткага чейинки эрендерибиздин кыргыздын башын кошуп мамлекет курам деген ак тилек аракети ошол уруучулук жиктешүүнүн, бийлик кумарлык бөлүнүп-жарылуунун, азыркыча айтсак, трайбализмдин айынан оңунан чыкпай келиптир. Ушунун бүгүнкү күндө да Чубактын кунундай чубалып, мамлекетибизге коркунуч туудуруп жатканы жанды кейитет. Бул жагынан дал ушул тапта өлкөдө жашап жаткан башка улуттардын өкүлдөрүнө улуттук биримдиктин мисалында өрнөк болушубуз элибиздин тарыхый миссиясы да, мезгилдин талабы да. Анткени Президенттин Кайрылуусундагы: "Улут катары биз кимбиз?" деген маанини башка нукта талдаган жана тактаган пикирлер басма сөздө көп айтыла баштады.
Анын бири катары "Белый парус" гезитинин 30-январдагы № 7 санына жарыяланган Елена Авдееванын "Как Президент обращался к нации" деген макаласын келтирүүгө болот. Анда автор "улут" (нация) дегенди эч моюндагысы келбейт. "Демократии в стране все больше... Настолько, что нас уже не спрашивают, хотим ли мы так много. Буду ли я лично смотреть обращение Президента к нации? Нет, ответила я, - детективчик хочется посмотреть: политикой сыта, да и принадлежу я к народу Кыргызстана, но не к нации" деп андан саясый кынтык издейт. Улутту теңсинбей, текеберленет. Анын бул пикирин бир жагынан чычалоо десек, дагы бир жагынан улуттук биримдигибизге ынанбай шектенгендик десек болот. Анткен менен азыркы биримдигибиз бекем түркүккө айланып жатканы анык. Ага айтылчу далилдер көп. Эмки сөз ошондо.
Бекбай АЛЫКУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"