, 03.02.09 - 4-бет:
  Жыл жыйынтыктары

Сыйлыктар ыйгарылды
23-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен бир топ кызматкерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.
Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошкондугу, республиканын аймактарын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен төмөнкүлөр сыйланды:
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун эмгек сиңирген кызматкери" деген ардактуу наам Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Айдаралиев Искендербек Рысбековичке берилди;
"Даңк" медалы менен Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич сыйланды;
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Ногоев Арстанбек Иманкуловичке берилди;
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри Раев Султан Акимовичке берилди;
Республиканын аймактарын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн:
"Даңк" медалы менен Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-акими Сагындыков Турдумамат Садыкбекович сыйланды;
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун эмгек сиңирген кызматкери" деген ардактуу наам Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Бекбоев Турдуназирге берилди;
"Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкери" деген ардактуу наам Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасынын башкы инженери Игнатенко Владимир Геннадьевичке берилди;
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери" деген ардактуу наам Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы "Файз" ассоциациясынын президенти Аблазов Усманжанга берилди;
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:
Абдыразаков Дүйшөнбек Токтосунович - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылдык округунун башчысы;
Дубанаев Мурзабек Өмүрзакович - Ош облусунун Алай районундагы Будалык айылдык округунун башчысы;
Ибраимов Таалайбек Бадалович - Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылдык округунун башчысы;
Кожалиев Сапарбек Алтаевич - Талас облусунун Манас районундагы Үч-Коргон айылдык округунун башчысы;
Кульбеда Александр Викторович - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук айылдык округунун башчысы;
Мангиев Мыктыбек Чоймонович - Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айылдык округунун башчысы;
Мансуров Турусбек Искендерович - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-акими;
Медетов Ишенбек Бектурсунович - Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-акими;
Молдобаев Абай Раимович - Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
Муканбетов Кубанычбек Садырбаевич - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык округунун башчысы;
Турсункулов Эркин Асанканович - Талас шаарынын мэри, Талас облусу;
Шайназаров Кубанычбек Төлөнович - Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-акими.

Өз маалыматыбыз




  Жыйындар

Бажы тармагы өлкөнү байытабы же өзгөнүбү?..
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов мамлекеттик бажы комитетинин коллегиясынын жыйынына катышты. Анда 2008-жылдын иш жыйынтыгы чыгарылып, 2009-жылдын биринчи кварталына негизги милдеттер белгиленди.
Коллегиянын жыйынында чыгып сүйлөгөн биринчи вице-премьер-министр дүйнөлүк деңгээлдеги кыйынчылыктардын болгондугуна карабастан, өткөн жыл республиканын жетекчилигинин өз убагында көргөн иш чараларынын натыйжасында дурус жыйынтыктар менен аяктагандыгын белгиледи. Бүтүндөй алганда макроэкономикалык туруктуулук сакталды. Өкмөттүн социалдык милдеттенмелери өз учурунда орундалды. Өткөн жылда ички дүң жыйымдын өсүшү 7,6%ды түзүп, 185 млрд. сом болду. Жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын деңгээли 20%ды түздү. Бажы төлөмдөрү боюнча да позитивдүү көрүнүштөр орун алды. Мисалга алсак, 2008-жылда бажы кызматы тарабынан 18,7 млрд. сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул белгиленген пландын 100%ын түзүп, 2007-жылга салыштырганда 3,5 млрд. сомго арбын болду.
Ошону менен бирге ал бажы төлөмдөрүнүн үлүшүнүн төмөндөгөндүгүнө көңүл буруп кетти. Мисалга алсак, 2007-жылы ички дүң жыйымдын көлөмү 10,4%ды түзгөн болсо, 2008-жылы 10,1%ды түзгөн. "Ошондой эле бажы төлөмүнүн бирдиктүү ставкасынын келип түшүшү боюнча белгиленген божомол орундалган жок жана ал 95,4%ды түздү. Бул белгиленгендегиден 165 млн. сомго аздык кылат", - деди ал.
Үстүбүздөгү жылда өлкөбүздүн алдында дүйнө экономикасындагы кризистик көрүнүштөрдүн шарттарында экономикалык өсүүнүн темптерин сактоо боюнча бир кыйла татаал милдеттердин тургандыгы белгиленди. "Мына ошондуктан Кыргызстандын Президенти К.Бакиевдин Кайрылуусунда жана өткөн жылдын 10-январындагы Билдирүүсүндө, жакындагы эле улутка карата Кайрылуусунда аныкталган милдеттер Өкмөт үчүн стратегиялык милдеттерден болуп саналат", - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.
Өлкөнүн экономика чөйрөсүндөгү кылмыш жасоолордун жолуна бөгөт коюу бажы кызматынын алдында турган маанилүү милдеттердин биринен болуп калаары белгилүү. Коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү, экономикалык кылмыштардын жасалышына бөгөт коюу, салык жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тарткандарга чара колдонуу өңдүү маанилүү милдеттер бажы кызматына таандык. Кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарында бажы органдарынын өзүндөгү коррупция жана кесипкөйлүктө чабалдык орун алгандыгы жазылып жүргөндүгү белгилүү. Мына ушундай терс көрүнүштөр менен күрөш жүргүзүү да - учурдун кечиктирилгис талабы.
Жыйында көптөгөн жылдар бою чечилбей келе жаткан башка проблемалар жөнүндө да сөз болду. Мисалы, тышкы соода жана бажы кызматын автоматташтыруу чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" принцибинин, коркунучтарды башкаруу системасын киргизүүнүн кечеңдеп жатышы буга күбө боло алат. Бул милдеттердин Азия өнүктүрүү банкынын долбоору менен түздөн-түз байланыштуу экенин эске алган биринчи вице-премьер-министр ага карабастан бул иш чараларды тездетилген түрдө ишке киргизүү боюнча чараларды көрүүнү өтүндү.
"Бажы кызматына өтө зор милдеттер жүктөлүүдө. Алардын оң чечилиши Кыргызстандын элинин турмуш деңгээлинин өсүшүнө жана алдыга коюлган максаттарга жетишүүгө оң таасир тийгизе тургандыгы анык. Алардын эң маанилүүсү - жарандар менен ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын системалуу түрдө жана ишенимдүү коргоо. Ишкерлер бейкапар иштөөгө жана өздөрүнүн пландарынын жүзөгө ашырылышына ишенимдүү болууга тийиш. Мына ушуга байланыштуу бажы органдарынын бардык аракеттери мыйзамдын нормасы менен тамгасына катуу таянууга, коомубуздун ыкчам өнүгүүсүнүн максаттарына үндөш болууга тийиш", - деп Өмүрбек Бабанов өз сөзүн корутундулады.

Д.ӨМҮРЖАНОВ




Башкарма эмес, жумушчу болууну каалагандар көбөйдү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын жыйынында аталган агенттиктин 2008-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2009-жылга карата коюлган максаттары тууралуу сөз болду.
Агенттиктин директору Н. Аскаров өз сөзүндө КРнын Президенти Курманбек Бакиевдин элге жасаган Кайрылуусу тууралуу айтып, анда белгиленген маселелердин тиешелүү жактарын кабыл алып, жыйынтык чыгаруу милдеттери жөнүндө токтолуп, төмөнкүлөрдү билдирди:
- 2008-жылдын аягында кесиптик-техникалык билим алабыз дегендердин саны 31,2 миң кишини түзгөн. Анын ичинен 26,5 миң киши бюджеттин эсебинен окутулган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1,5 миң кишиге көп дегенди билдирет. Башкача айтканда 2007-жылга караганда бюджеттин эсебинен сырткары окугандардын саны 1,6 миң кишиге көбөйдү. 2008-жылкы бүтүрүүчүлөрдүн саны 2007-жылга караганда 75%ды түзгөн.
2008-2009-окуу жылына кабыл алууда 24,2 миң киши болуп, алардын 14,6 миң кишиси бюджеттин эсебинен окушат.
Мындан биз кесиптик-техникалык билим алууга кызыккан адамдардын саны улам көбөйүп бара жатканын белгилей кетсек болот. Мисалга Кадамжай сурьма комбинатынын жумушчу кадрларын даярдоосун келтирүүгө болот. Ошондой эле "Кыргызалтын", "КНАУФ" ишканасы менен келишим түзүлүп, гипсокартонщиктерди даярдап жатабыз. "ЕНКА" ишканасынын меморандумунун негизинде, 2008-жылы жумушсуз кишилерден 800 адамды кыска мөөнөттүн ичинде куруучулук кесипке даярдап Москвага жөнөттүк.
2008-жылдын жыйынтыгы боюнча, өкмөттүк эмес уюмдардын эсебинен 1437 киши, акча төлөө жолу менен 4405 киши билим алышты. Булар курулуш, өнөр жай, энергетика ошондой эле транспорт ж.б. багыттар боюнча окутулду. Өткөн жылга салыштырганда бул тармактар боюнча адистерди даярдоо 2 эсеге өскөн.
Учурда 17 реабилитациялык борбордо жетимдер, майыптар жана социалдык жактан жетишпеген үй-бүлөлөрдүн балдары, жалпысынан алганда 721 бала билим алууга толук кандуу шарттар менен окутулуп жатат. 400дөй тоголок жетимдер, дүлөйлөр жана ден соолугу начар балдар №12, №27 жана Кант шаарындагы №25 кесиптик лицейлерде билим алышат.
2009-жылда кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдына 2011-жылга чейин түзүлгөн Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында коюлган тапшырмаларды аткаруу; 2011-жылга карата кесиптик-техникалык билим берүү стратегиясында белгиленген иштерди жасоо; өнөктөштөр менен болгон байланышты күчөтүү; кесиптик-техникалык билим берүүдөгү окуу имараттарды, ошондой эле материалдык-техникалык базаны жакшыртуу; экономиканын тармактары боюнча жогорку кесипкөй адистерди даярап, камсыз кылуу; калың элдин ичинен социалдык жактан колдоого муктаж болгон адамдарга кыска мөөнөттүн ичинде кесиптик-техникалык билим берүү жана жумушка орноштуруу милдеттери коюлду.
Ошондой эле агенттик кыска мөөнөттүн ичинде кадрларды даярдоонун системасына, материалдык-техникалык базаны жаңыртуу менен окутуунун ыкмаларына, билим берүүнүн программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максат кылып, бул маселени чечүү үчүн алгылыктуу кадамдар жасалып жатканы белгилүү болду.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"




Жугуштуу оорулардын жайылышы туризмге таасир этет
Ысык-Көл облмамадминистрациясынын коллегиясынын жыйынында 2008-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.
Губернатордун биринчи орун басары Калыбек Алышбаевдин баяндамасы боюнча былтыркы көрсөткүчтөр андан мурунку жылдарга салыштырмалуу бардык жагынан бир кыйла ашыра аткарылган. Бирок, алигиче туберкулёз, бруцеллёз сыяктуу жугуштуу оорулардын алдын-алуу бошоңдогондуктан, ал жылдан-жылга жайылып бараткандыгын губернатор Кыдыкбек Исаев баса белгилеп, облустун медицина тармагынын жетекчилерин катуу жоопкерчиликке чакырды.
Облустун прокурорунун айтымында, жыл сайын кылмыш деңгээли бир калыпта болгону менен жаратылыш байлыктарын мыйзамсыз талап-тоноочулар тыйылбай келатат. Ар кандай кылмыштарга баргандардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кезиккендиги өтө тынчсыздандырат.
Коллегияга катышкан Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлү Николай Давыдов Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басарлыгына жаңы дайындалган Мурат Картайбекович Мукамбетовду тааныштырды.
Коллегиянын жыйынында губернатор Кыдыкбек Исаев жаңырган 2009-жыл Көл өрөөнү үчүн өзгөчө жыл экендигин белгилеп, облустун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгынын урматына - жыл ичинде 70 объект пайдаланууга бериле тургандыгын, демек, бардыгыбызга быйыл эки эселенген дем-күч менен эмгектенүү талап кылынарын билдирди.

Жээнбай ТҮРК,
"Кыргыз Туусу"