, 03.02.09 - 15-бет: Авиациялык колледж 35 жашта
Жакында Ишенбай Абдураимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжинин түзүлгөнүнүн 35 жылдыгы белгиленди. Окуу жайдын маараке салтанатына Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен, бардык авиакомпаниялардан өкүлдөр катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Ошондой эле авиациялык адистерди даярдоочу бул окуу жайдын басып өткөн жолунда жасаган эмгектери, даярдаган кадрлары жана жараткан ийгиликтери тууралуу сөз болду.
1974-1994-жылдары окуу жай Казакстанга 735, Өзбекстанга 458, Тажикстанга 128, Түркмөнстанга 255, Россияга 1161 кадр даярдап берген. 1976-1991-жылдын ичинде Кыргыз авиациялык-техникалык окуу жайы 84 авиатехник даярдап, алар Кубага, Монголияга, Вьетнамга бөлүнгөн.
1997-жылдан бери колледжди Даиров Рахимбек жетектеп келе жатат жана колледжде китепкана, спортко машыгуу залдары, ж.б. студенттер үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн. Колледж өзүнүн студенттеринен сырткары Кыргызстандын эң ири авиакомпанияларынын адистерин да окутуп, билимдерин жогорулатып турат. Мисалы, ''Кыргызстан аба жолдору'', ''Итек-Эйр'', Эл аралык "Манас" аэропортунан адистер ат тезегин кургатпай келип, окуп турушат. Булардан сырткары, колледжде авиациялык адистик алуу үчүн учурда Тажикстандан 73 студент окуп жатат.

Мунара ЖУСУЕВА,
Жазгүл БАЙГУТТУЕВА,
"Кыргыз Туусу" гезитинин практиканттары




Көңүл бургула, конкурс!
Чептен эрдин күчү бек
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы өзүнүн түзүлгөндүгүнүн он жылдык мааракесине карата "Чегаранын демейки күндөрү" аттуу конкурс жарыялады. Ага редакциялар, телерадиокомпаниялар, интернет-басылмалар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчылары катыша алышат.
Конкурска 2009-жылдын 20-майына чейин басма сөзгө жарыяланган макалалар, очерктер, репортаждар, телевидениеде жана радиодо берилген радио жана телеберүүлөр (репортаждар, очерктер, фильмдер), интернет-сайттарда жайгаштырылган чегара тематикасы боюнча маалыматтык материалдар сунуш кылынат.
Конкурстук материалдарда көтөрүлгөн проблеманын кесипкөйлүгү, тактыгы жана түшүнүктүүлүгү, терминологияда жана жалпылаштырууда катанын жоктугу, жыйынтыктоонун аргументтүүлүгү, көтөрүлгөн теманын актуалдуулугу, маалымат берүүнүн оригиналдуулугу, теманын толук ачылып берилиши, Чегара кызматынын ишмерчилиги жөнүндө бир кыйла толук маалымат, чегара проблемаларынын ачып берилиши жана аларды чечүүнүн жолдорунун көрсөтүлүшү, материалдардын жарыяланышынын туруктуу мезгилдүүлүгү өзгөчө эске алынат.
Конкурстук материалдар төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 163. Тел.: 54-92-50, 54-28-99, e-mail: chagarakr@rambler.ru, Чегара кызматынын басма сөз кызматы.
С.Жакыпова





СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонд менен КРнын саламаттык сактоо министрлигинин республикалык "СПИД" бирикмесинин ортосундагы КGZ-708-G05 номурундагы "КРнын орунттуу калкы үчүн алдын алууга, диагностикага, дарылоого, тейлөөгө жана колдоо көрсөтүүгө ар тараптуу кызмат көрсөтүүнү кеңейтүү" программалык макулдашуусун жүзөгө ашыруунун алкагында төмөнкү бош орундарга
Конкурс жарыяланат:
1. Сатып алуулар боюнча менеджер (SC3 деңгээлинде)
Иш орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
2. Баа коюу жана мониторинг боюнча менеджер (SC3 деңгээлинде)
Иш орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
3. Окутуучу программалары боюнча координатор (SC3 деңгээлинде)
Иш орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
4. Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү Глобалдык фонддун долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн расмий өкүлү (SC3 деңгээлинде)
Иш орду: Кыргыз Республикасы, Баткен шаары.
5. Программанын ассистенти /котормочу (SC2 деңгээлинде)
Иш орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
6. Каржылык менеджердин ассистенти (SC2 деңгээлинде)
Иш орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
Жогоруда көрсөтүлгөн жумуш орундарынын иштөө мөөнөтү: 12 ай (контрактты узартуу мүмкүнчүлүгү менен)
Кандидаттарга коюлган талаптар жана кызматтык милдеттери жөнүндө толук маалыматтар жана Р.11 үлгүсү www.un.org.kg сайтынын "Work with UN" бөлүмүндө же www.theglobalfund.kg сайтында жайгаштырылган.
Кызыкдар талапкерлер өтүнмө-катты, резюмесин, Р.11дин толтурулган үлгүсүн жана сунуштама каттарды конвертке чапталган түрүндө, тандаган кызмат ордун сөзсүз көрсөтүү менен Глобалдык фонддун долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн кеңсесине 2009-жылдын 17-февралында саат 16.00гө чейин жөнөтүүлөрү керек. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 8 (4-кабат) же jobs@undp.kg электрондук почтасы боюнча.
Р.11 үлгүсү жок жаңы кызмат орду көрсөтүлбөгөн өтүнмөлөр каралбайт.
Талапкерлердин арасынан тандап алынгандар гана жазуу жүзүндөгү тестирлөөгө жана аңгемелешүүгө чакырылат.





"МИС" ААК
Акционерлердин жылдык жалпы чогулушун 2009-жылдын 25-февралында саат 10-00дө Кыргыз Республикасы, Кант ш., Совет көч.,3 дарегинде өткөрө турганын билдирет. Тел. (0-3132) 5-06-45
Акционерлерди каттоо күнү 2009-жылдын 20-февралы
Каттоонун башталышы 9-00дө

Күн тартиби:
1) Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү
2) Жылдык отчётту, бухгалтердик балансты, кирешелерди бөлүштүрүүнү бекитүү
3) Дивиденддерди төлөө, алардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө чечим кабыл алуу
4) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо
5) Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо
6) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылардын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү
7) Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылардын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү
Чогулушту өткөрүүгө даярдык көрүүдө акционерлерге көрсөтүлө турган материалдар менен Кант ш., Совет көч., 3 дарегинен таанышсаңыздар болот.

ОАО "МИС"
Сообщает о проведении годового общего собрания акционеров, которое состоится 25 февраля 2009 года в 10-00 часов по адресу: Кыргызская Республика, г.Кант, ул.Советская-3, тел. (0-3132) 5-06-45.
Дата списка акционеров 20 февраля 2009 года.
Начало регистрации в 9-00 часов.

Повестка дня:
1) Утверждение состава Счетной комиссии.
2) Утверждение годового отчета, бухгалтерского баланса, распределение прибыли.
3) Принятие решения о выплате дивидендов, утверждение их размеров.
4) Избрание членов Совета директоров.
5) Избрание членов Ревизионной комиссии.
6) Утверждение размера выплачиваемого вознаграждения и компенсаций членам Совета директоров.
7) Утверждение размера выплачиваемого вознаграждения и компенсаций членам Ревизионной комиссии.
С материалами, подлежащими представлению акционерам при подготовке к проведению собрания, можно ознакомиться по адресу: г.Кант, ул. Советская-3.