, 03.02.09 - 12-бет:
  Маанилүү маек

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Раимкул АТТОКУРОВ:
"Россия менен үзүрлүү кызматташа беребиз"
- Раимкул Арзымаматович, 2008-жылда кандай иштер жүзөгө ашырылды жана Элчилик тарабынан үстүбүздөгү жылда кандай көйгөйлөр чечилмекчи?
- Алгач, 2008-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча Келишимге жана кыргыз-орус дипломатиялык мамилелеринин бекитилишине 16 жыл толгондугун белгилеп кеткибиз келет. Албетте, бул убакыт аралыгында биздин тагдырыбыз эле эмес, маданият, жалпы адамзаттык баалуулуктар да оошуп-кыйышпай койгон жок. Буга чейинки өз ара мамилелердин тарыхына көз чаптырып, Россия менен Кыргызстан стратегиялык гана өнөктөр эмес, алар чыныгы дос, ишеничтүү өнөк экенин ишенимдүү белгилөөгө болот.
2008-жылдын жыйынтыктары туурасында айтсак, өткөн жыл кыргыз-орус байланышындагы саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, аскер-техника тармактарында интенсивдүү дипломатиялык активдүүлүк менен белгиленди.
2008-жылда Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевдин Россия Федерациясына 4 жолу, Премьер-министр И.Чудиновдун 3 жолу жумушчу, Жогорку Кеңештин төрагасынын 2 жолу, мурдагы Тышкы иштер министри Э. Карабаевдин 3 жолу, Коопсуздук Кеңешинин катчысынын 3 жолу жана бир канча өкмөттүк, Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнүн расмий иш сапарлары, ошондой эле Кыргызстанга РФ жетекчилеринин жана расмий өкүлдөрүнүн, анын ичинде РФ Президенти Д.Медведевдин, Федерациялык Кеңештин төрагасы С. Мироновдун, Тышкы иштер министри С.Лавровдун, Коргоо министри А.Сердюковдун жана өкмөттүн бир канча өкүлдөрүнүн иш сапарлары болуп өттү.
Жогорку деңгээлдеги эки жактуу байланыштар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, өзгөчө соода жана энергетикадагы өнүгүүгө жагымдуу шарттарды түздү. 2008-жылдын 9 айынын ичиндеги товар алмашуу 1337 млн. америкалык долларды түздү. Бул жыйынтык 2007-жылдын товар алмашуусу менен салыштырганда 158,3% га жогорулаганын көрсөтөт. Жылдын жыйынтыгында биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар алмашуу 1,7 млрд. америкалык долларды түзөөрү күтүлүүдө. Россиядан Кыргызстанга болгон түз инвестиция 80 млн. америкалык долларды түздү.
Энергетика тармагында да так жана түз мамилелер байкалды. Бүгүнкү күндө Камбар-Ата-1 жана 2 ГЭСтерин куруу жана пайдаланууга берүү боюнча өз ара кызматташтыкты жөнгө салган электроэнергетика боюнча келишимге кол коюлган.
Өткөн жылдын ичинде Россия менен аймак аралык кызматташтык боюнча бир топ маанилүү иштер жасалды. Кыргызстандын экономикасына кызыкдар болгон Россиянын Федералдык, тагыраак айтканда, Борбордук (Воронеж, Ярославль, Псков облустарына), Приволжья (Татарстан, Чувашия), Сибирь (Кемерово, Новосибирск, Омск) округдарына жумушчу иш сапарлар уюштурулду. Аталган иш чаралар аймак аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана Россиянын субъектилеринин Кыргызстан менен кызматташтыкка кызыгуусун арттырууну жөнгө салууга өбөлгө түздү. Быйыл Башкортстанга, Вологда жана Смоленск облустарына баруу пландаштырылды.
Жалал-Абад облусу менен Ставрополь крайынын, Ысык-Көл облусу менен Сочи шаарынын, Талас облусу менен Алтай Республикасынын, Великие Луки - Жалал-Абад шаарлары ортосунда келечекте эки жактуу келишимге өсүп жете турган достук мамилелерди орнотуу боюнча иш жүргүзүлдү.
2008-жылда Кыргызстандын түштүгүндө эки жолу болгон жер титирөөдөн жапа чеккен тургундарга гуманитардык жана материалдык жардамды уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлдү.
2008-жылдын ноябрь айында Россия тарабынан Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин имаратын Кыргыз Республикасынын жеке менчигине өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл алынды жана азыр бул боюнча керектүү документтерди топтоо иши жүрүп жатат.
2009-жылдын ичинде элчиликтин бардык иш аракети соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, россиялык капиталды энергетикага, тоо-кен өнөр жайы жана айыл чарба долбоорлоруна тартууга багытталат. Менин оюмча, жогоруда аталган тармактар рентабелдүү өнөр жай секторлору болуп саналат жана инвестиция киргизүүдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө бардык өбөлгөлөрү бар.
- Россиянын ЖОЖдорунда көп сандаган кыргызстандыктар окушат. Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында кыргыз-орус мамилелери кандай өнүгүүдө? Бул багытта элчилик кандай иштерди жүргүзүп жатат?
- Элчилик Россиянын ЖОЖдорунда окуп жатышкан студенттер, аспиранттар, окутуучу-профессордук курам менен ар дайым тыгыз байланышта. Үзгүлтүксүз уюштурулуп турган жолугушууларда студенттер окуу процесси боюнча өздөрүнүн ар кандай ойлору, көз караштары менен бөлүшүп турушат. Элчилик тарабынан алардын сабакка катышуусу, жетишүүсү көзөмөлгө алынып турат. Биздин студенттер, аспиранттар элчилик тарабынан уюштурулган биргелешкен коомдук-маанилүү (маданий, спорттук ж.б.) иш чараларга активдүү катышып турушат.
2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы жогорку билим берүү тармагы боюнча келишимге ылайык, россиялык ЖОЖдорунан 124 орун жана россиялык мекендештер үчүн 120 орун бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө берилген квоталар жана эки жактуу келишимдер боюнча россиялык ЖОЖдорунда 9 миңден ашык кыргызстандык студенттер жана аспиранттар билим алып жатышат. Алардын ичинен 1000ден ашыгы Россия Федерациясынын федералдык бюджетинин каражатынын эсебинен окушат. РФ Коргоо министрлигинин аскердик окуу жайларында 200дөн ашык Кыргызстандын жарандары билим алып жатышат.
Бирдиктүү билим берүү аймагынын алкагында элчиликтин жардамы менен Кыргызстан менен Россиянын ИИМнин Дипломатиялык академиялары, МГИМО жана КРСУ, М.Ломоносов атындагы ММУ жана Ж.Баласагын атындагы КУУ, БГУ жана ММЛУ, И.Раззаков атындагы КМТУ жана Н.Бауман атындагы ММТУ, ошондой эле МЭИ, МАДИ, МТУСИ, МИРЭА, МГТУ менен түз байланыштар жолго салынып, келишимдер түзүлдү. Мындан тышкары, түзүлгөн келишимдердин алкагында МИСИС, Бажы академиясында, РФ Өкмөтүнүн алдындагы финансы академиясында студенттерди окутуу жана өз ара алмашуу ишке ашырылууда.
- Маданий-агартуучулук иштер элчиликтин иш аракетиндеги маанилүү багыттардын бири экени белгилүү. Өткөн жылдагы элчилик тарабынан уюштурулган кызыктуу жана маанилүү маданий-агартуучулук иш чаралар туурасында айтып берсеңиз?
- Албетте, Элчилик маданият жана искусство тармагында эки жактуу мамиленин өнүгүшүнө өз салымын кошот. Элчилик россиялык тарап менен маданий байланыштарды өнүктүрүү боюнча уюштуруу маселелеринин үстүндө ар дайым иштейт, искусство ишмерлеринин, чыгармачыл жамааттардын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө көмөктөшөт, көргөзмөлөрдү, жеке концерттерди уюштурууга жардамдашат. 2008-жылы күзүндө Москвада Кыргыз Республикасынын белгилүү сүрөтчүлөрү А.Байтереков менен Б.Каракеевдин көргөзмөлөрү ийгиликтүү өттү. 2008-жылы 15-ноябрда Москвада "Роза мира-2008" аттуу маданий форумда Кыргыз Республикасынын эл артисти С.Садыкованын концерти болуп өттү. 2009-жылдын апрель айында Москвадагы Россиянын Сүрөтчүлөрүнүн Борбордук Үйүндө биринчи жолу Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Ю.Шыгаевдин жеке көргөзмөсү болуп өтмөкчү. Бул көргөзмөдө сүрөтчүнүн 50дөн ашык чыгармасы көрсөтүлөт.
Кыргыз элинин маданий мурасын таанытуу, өнүктүрүп-өстүрүү максатында, ошондой эле Москвадагы кыргыз диаспорасына элчилик тарабынан жардам көрсөтүү максатында ар кандай маданий иш чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Алсак, "Нооруз", 1-май, Кыргыз Республикасынын Эгемендик Күнү, Воронеж облусунда Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлебердиевди эскерүү күнү, Дубосеководо 28 баатыр-панфиловчуларды эскерүү күнү. Дагы белгилеп кете турган окуя, учурда "Россиядагы кыргызстандыктар" аттуу китепти басып чыгаруу боюнча иш башталды.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиевдин Жарлыгы менен 2008-жыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жылы деп белгиленген. Айтматов жылынын алкагында, көптөгөн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө, алардын ичинде Россия Федерациясында эл аралык илимий-практикалык конференциялар, адабий кечелер, айтматовдук окуулар, көргөзмөлөр болуп өттү. 2008-жылдын 27-июнунда, 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги коомдук уюмдардын, Москва жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен элчиликте, андан соң "Космос" мейманканасынын киноконцерт залында Россияда аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипмиссияларынын башчылары, Кыргызстандын жана Россиянын көрүнүктүү коомдук, саясый ишмерлери, РФ Мамдумасынын депутаттары, чыгармачыл жана илимий интеллигенция, искусство ишмерлери, студенттик жамаат менен бирге "Эскерүү кечесин" өткөрдү. Бул кеченин жүрүшүндө "Мосфильм" киностудиясында тартылган "Биринчи мугалим", "Жамийла" аттуу көркөм кинотасмалар көрсөтүлдү, ошондой эле москвалык сүрөтчүлөрдүн гравюралык көргөзмөсү жана кыргыз эстрадасынын жылдыздары С.Садыкова, Ж.Исманова ж.б. катышуусу менен концерт уюштурулду. Элчиликтин кайрылуусу менен Россиянын телеканалдарында Ч.Айтматовдун 80 жылдык күнүндө анын чыгармачылыгына арналган кинотасмалар көрсөтүлдү. Ушул жылдын январь айында россиялык "Кино үйүндө" Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган кинотасмалар көрсөтүлдү. Ошондой эле 2009-жылдын 10-февралында элчилик Россиялык мамлекеттик гуманитардык университетинде жана март айынын аягында Москва мамлекеттик университетинде "Кыргызстандын жумалыгын" өткөрүүнү пландаштырууда.
- Элчилик тарабынан Россия Федерациясында иштеп жатышкан биздин мекендештер менен кандай иштер жүргүзүлүүдө? Дүйнөлүк кризиске байланыштуу Кыргызстандан Россияга миграциянын, эмгек агымдарынын саны азаюудабы?
- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы миграциялык кызмат өкүлчүлүгүнүн билдирүүлөрүнө караганда, Россияда иштеп жатышкан эмгек мигранттарынын саны былтыркы жылга салыштырганда азайган жок, тек гана сезондук оош-кыйыштар болуп, 250-300 миң адамды түздү. Бирок расмий маалыматтар так эмес, себеби биздин жарандардын көпчүлүгү келген жеринде миграциялык каттоодон өтүшпөйт.
Биздин жарандардын, эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо элчиликтин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Негизинен, элчиликке жоголгон документтер, ар кандай архивдик маалымкаттар боюнча кайрылышат. Элчиликтин консулдук башкармачылыгынын кызматкерлери аларга укуктук, юридикалык, жумушка орноштуруу боюнча жардам беришет, эмгек келишимдеринин шарттарынын туура сакталышына, эмгек мыйзам укуктарынын сакталышына көмөк көрсөтүшөт.
Кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Россиянын аймагында миграция жана жумушка орношуу маселелерин чечүүгө көмөктөшүү максатында 2008-жылы Санкт-Петербургда, Казанда, Нижний Новгороддо, Краснодар крайында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдуктары ачылды. Ошондой эле элчиликтин планы боюнча жакын арада Башкортстан Республикасында, Москва, Пермь, Псков облустарында жана Красноярск крайында ачылмакчы.
Элчилик тарабынан Россия Федерациясындагы мекендештердин коомдук уюмдары, диаспоранын жетекчилери менен жолугушуулар үзгүлтүксүз уюштурулуп турат. Жакында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин алдында коомдук уюмдарды бириктирүү максатында Москва жана Москва облусундагы кыргыз коомчулугунун Координациялык кеңеши түзүлдү. Бул Кеңештин негизги иш аракети мекендештерди колдоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Сөзүбүздүн аягында, кыргыз-орус кызматташтыгынын дагы бир жылын аяктап, жыйынтыктап отуруп, өз ара мамилелердин бекемделишинде элчиликтин ар бир позитивдүү кадамы мамилелердин динамикасына жана натыйжалуулугуна чоң салым кошот деп белгилеп кеткибиз келет. Биз ар дайым РФ менен бардык тармактарда активдүү кызматташкан өлкө боюнча кала бермекчибиз.

Догдурбек ЮСУПОВ,
"Кыргыз Туусу"




  Конференция

Жумушсуздук бар, мыкты жумушчу жетишсиз
"Иш берүүчүлөрдүн диалогу: кесиптик технологиялык билим берүү. Кыргызстандагы кырдаал" деген темада Бишкекте болгон конференцияда республикада кесиптик-техникалык билим берүү чөйрөсүндө пайда болгон кырдаал талкууланды.
Учурда биздин өлкөдө 112 кесиптик-техникалык лицей иштеп, өткөн жылы эле аларды 21 миңден ашуун студенттер бүтүрүп чыгышты. Расмий маалыматтар боюнча, 90%га жакын жаш жумушчу ишке орношту. Кыргызстандын көптөгөн жаштары кесиптик-техникалык окуу жайларынан билим алууга зор кызыкчылык туудуруп жаткандыгын статистикалык маалыматтар айкындоодо. Анткени, бүгүнкү күндө Кыргызстандын эмгек рыногу дал ушул жумушчу адистерге өтө муктаж. Бул болсо, баарынан мурда, курулуш индустриясынын, чакан жана орто бизнестин динамикалуу өнүгүшү менен байланышкан.
Ошону менен бирге, Кыргызстанда кесиптик-техникалык билим берүүнүн окуу программасын модернизациялоо жана жакшыртуу зарылдыгы келип чыгууда. Анткени, билим берүүнүн натыйжалуу системасын өнүктүрүү өлкөбүздүн экономикалык жактан өсүшүнө эле эмес, ошондой эле, адам ресурстарын жана иш берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга жөндөмдүү даяр жумушчу адистерди даярдоого көмөк көрсөтөт.
Конференцияны уюштуруучулардын бири ПРООНдун кедейчиликти азайтуу боюнча программасынын менеджери Нурия Чойбаеванын айтымында, учурда өндүрүш жайлары жумушчу адистерге муктаж. Анткени, тажрыйбалуу адистердин кыйласы чет өлкөлөргө иштөөгө кетишкен. Бизде калыптанып калган бир жаман нерсе, мурда начар окугандарды кесиптик-техникалык окуу жайларына жайгаштырышчу. Мына ушул терс көрүнүш ушу кезге чейин орун алып келе жатканы өкүнүчтүү. Ошондой болсо да, кесиптик-техникалык билим берүү системасын реформалоо мындай терс жагдайды четтетүүгө көмөк көрсөтөөрү шексиз. Анткени, жумушчу кадрларды даярдоо мекемеси өзүнчө агенттикке айландырылды, Өкмөт дагы керектүү токтомдорду кабыл алып, жумушчу адистерди даярдоого чоң маани берип жатат.
Конференцияны Борбордук Азия университети, ПРООН, Швейцариялык эл аралык кызматташтык ассоциациясы, техникалык кызматташтыктын германиялык коому, Кыргызстандагы Европалык комиссия жана Азия Өнүктүрүү банкы сыяктуу бир катар донор уюмдар уюштурушкан.

Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"