, 30.01.09 - 23-бет:
  Сандан-санга

Адашкандар
(Башталышы гезиттин
№6 санында)
А бирок Эрмек кайда баратканын, ким менен баратканын билген жок. Тек гана рулду жеңил тегеретип, унчукпай айдап бара жаткан аялдын жанараак эле өзү кармаган аппак, жумшак манжаларына суктана карап, керемет жытка мас болуп, бактылуу кетип баратты.
Мунун баарын Эрмек жакшыга жоруду: "Демек, мен да айымдын жүрөгүнө чок салган экем! Болбосо, мындай аялдар оңой менен эркекке назар төшөбөйт. Булар өздөрүнүн эркегинен башкаларга азгырылбайт. Мени унчукпай отургузуп, айдап кеткени - бирөө-жарым көрбөсүн дегени эмеспи!"
Рулдагы айым да ушул тууралуу ойлонуп, Эрмек Асановичти Акшооладан алакчылап кеткенине каниет кылып баратты. Көптөн бери, тактап айтканда ушундай кебетеге кабылгандан бери ага эч ким ушунчалык үйрүлүп түшүп мактоо айтып, суктана элек болчу! Бул анын качанкы бактысын кайрып берип, чөлгө айланып калган жандүйнөсүнө мүрөктүн суусун буруп келип, куюп жибергендей болду. Эмнегедир жашагысы келип кетти. Бирок, бир жакшы жери жана анын көзүнөн кулап кеткен тамчыларды эч ким көрбөй калды. Көптөн бери таштай түйүлүп жүргөн жүрөгү ушул саам кичине жумшара түшкөнсүдү. "Жок, бул жолу… кандайдыр баары башкача болбодубу! - деди аялдын экинчи бир туюму эми элеки ой-санаасына чакчалекей салып. - Сенин кебетеңди көрбөй туруп, сырткы сымбатыңды сыдыра карап, алдыртан көз кысып, сөз ыргыткандар көп эле болот го?"
"Аның чын, мен аларга күндө эмес, кээде кадам сайын жолугам! А бирок алар менин турпатыман да, "тулпарыма" кызыгып, эптеп сыйыртмак ыргытып көргүлөрү келишет. Бул менин итиркейимди келтирип, итатайымды тутултат!.."
"А бирок, бу саам андай эмес, жандүйнөңдө кандайдыр жаңылык болгонсубадыбы! Бул кишинин көздөрү, сөздөрү, турган турпаты да кудум дарыга окшоп, жаныңа жагымдуулук жаратып, каның менен кошо кандайдыр бир жылуулук чуркап өткөндөй болду… Мындай сезим сага көптөн бери келе элек эле да?!." "Ооба, мен аны эми эч качан келбейт дагы дечүмүн..."
Эрмек Асановичтин артынан шашыла чыкканы да ошол…
Капысынан эле кабылып, капысынан таап алган ушул бакытты, ушул сезимди кайра эле ошончолук бат жоготуп алуу ага ушунчалык кыйынга турмак. Баарынан да, эгерде азыр Эрмек Асановичти Акшооладан алыстатып кетпегенде эмне болот эле?! Акшоола мунун чүмбөт артында ким экенин, кандай экенин айтып коймок!
"Ооба, сөзсүз айтмак!.." - рулдагы аял өз оюн өзү ырастап койду.
Аңгыча Эрмектин чөнтөк телефону шыңгырап, экөөнүн тең оюн чакчалекей түшүрүп жиберди. Аял Акшоола чалып жатканын жазбай билди да, машинени жол жээгине токтотуп, телефонун жаңы эле кутучасынан алып чыккан Эрмектин колун аяр кармап:
- Акшоола бекен? - деди.
- Ошо экен, - деди Эрмек Асанович бир чети анын билип алганына, бир чети үнүн укканына таң калгандай, бир чети аялдын алаканынын ысыгынан акылын жоготуп бараткандай, денеси ымыр-чымыр болуп.
- Сүйлөшпөй эле коюңузчу? - өтүнө, шыбырай айтты аял.
- Макул! - көз айнекти тиктеген Эрмек Асанович аялдын каректерин көргүсү келип кетти. Бирок кара көз айнектин ары жагына көзү жетпей, анын айнектеринен кайра өзүнүн жалооруңку кебетесин көрдү.
Аял эми эркектин колун бошотуп, бет алдындагы айнекти тиктеп, тунжурап отуруп калды да, алда нени эстей койгондой өз телефонун "чукулап" калды. Эрмек болсо аялдын ар кыймылын көз жаздымга кетирбей, ансайын ичи элжиреп карап отурду. Чүмбөттүү айым бул убакта Акшоола менен кат алышып жаткан.
- Алда неге капасызбы? - деди Эрмек Асанович аял бошой түшкөндө.
Аял башын чайкаган болуп, анан:
- Ушул азыр эмне жөнүндө ойлонуп жатканыңызды сурасам болобу? Бирок жашырбай, чындыкты айтыңызчы? - деди чарчаңкы, муңайым добуш менен.
- Мен… сиз жөнүндө ойлонуп жатам, - Эрмек да муну чын ниетинен айтты.
- Эмне деп?
- Билбейм… Бирок, билесизби, мен көптөн бери аялзатына мынчалык берилип, арбалган эмесмин, - же тамашалаганы, же чын айтканы белгисиз, токтоо сүйлөдү Эрмек Асанович. - Жаш жигиттей делдектеп, алды-артымды карабай чуркаганыма... өзүм да таңмын. Жүзүңүздү көрсөтпөй туруп, сиз мени кантип багындырып алдыңыз, акылым жетпей турат. Балким… - унчукпай калды.



И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректораты Кыргызстан эл аралык университетинин президенти, КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги Айдаралиев Асылбек Акматбековичке
ЭНЕСИнин
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
С-46
Кыргыз улуттук энциклопедиясынын башкы редакциясы Кыргызстан эл аралык университетинин президенти, академик Айдаралиев Асылбек Акматбековичке энеси
ГҮЛБҮБҮнүн
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгырып, аза кайгысын тең бөлүшөт.



П-109
Кыргыз Улуттук Университетинин ректораты, физика жана электроника факультетинин жамааты жана жалпы физика кафедрасы лаборатория башчысы Курбанова Алмаканга өмүрлүк жолдошу
НАРМАТОВ Жунустун
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
П-110
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректораты, математика, информатика жана кибернетика факультетинин жана дифференциалдык теңдемелер кафедрасынын жалпы жамааты физика, математика илимдеринин кандидаты, доцент
НАРМАТОВ Жунустун
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.




П-112

Равшан тез жардамга муктаж
Равшан Исманов 25 жашта. Эколог болгусу келет.
Күтүүсүз оору жаш, толуп турган жигитти бүк түшүрдү. 2006-жылы дарыгерлер ага коркунучтуу медуллобластома (мээнин рагы) диагнозун коюшту. Равшанга операция жасоо жана аны дарылоо үчүн ата-энеси үйүн жана колдо болгондун бардыгын сатышты.
Кайрадан операция жасаганга карабастан, тилекке каршы, дарты күчөөнүн үстүндө. Азыр Равшандын сүрөтчү ата-энесинин уулун Кытайдан арбын акча төлөп дарылатуу үчүн каражаттары калбады. Бир гана алар биздин сезимталдыгыбыздан жана кайрымдуулугубуздан үмүт кылышат.
Эгерде биздин ар бирибиз аздап болсо да акча которсок, аны аман алып калуучу сумма - 25 миң доллар чогулмак. Операцияга ушунча сумма талап кылынат.
Равшанга жардам көрсөтүүгө даярлар үчүн эсеп-чоттун дайыны төмөндөгүдөй:
"Демир Кыргыз
Интернэшнл Банк" ЖАК
BIC: 118001
SWIFT: DEMIKG 22
Равшандын энеси Исманова Эльвира Советовнанын ысмына
Эсеп номурлары:
АКШ доллары менен которуу үчүн - USD 1180000016997236
Сом менен которуу үчүн -
KGS 1180000016997135
Евро менен которуу үчүн -
EUR 1180000016997337
Байланыш телефону:
0772 55 10 21.




"БИАЛ ЭКО ЭНЕРДЖИ"
("BIAL ECO ENERGY") ААК
акционерлердин кезексиз
жалпы чогулушун чакыруу
жөнүндө кабарлайт
Жыйналыш 2009-жылдын 19-февралында Бишкек убактысы боюнча саат 9.00дө төмөнкү даректе болот: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 118.
Акционерлердин жалпы жыйналышына катышууга укугу бар акционерлердин тизмеси 2009-жылдын 18-февралында толук түзүлүп бүтөт. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда төмөнкүдөй күн тартибиндеги маселелер каралат.
1. Эсептөө комиссиясын түзүү.
2. Коомдун ишмердүүлүгүнүн негизги түрүн өзгөртүү.
3. Коомдун уставын жаңы редакцияда бекитүү.
4. Коомду Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөрүү.
Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү боюнча толук маалыматты Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсүндөгү 118-даректен алууга болот.
Тел. 65-81-28

ОАО
"БИАЛ ЭКО ЭНЕРДЖИ"
("BIAL ECO ENERGY")
извещает акционеров
о созыве внеочередного общего
собрания акционеров,
которое состоится в 9.00 часов по Бишкекскому времени, 19 февраля 2009 года, по адресу: Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Турусбекова, д.118.
Список акционеров имеющих право участия на общем собрании акционеров будет окончательно составлен 18 февраля 2009 года.
На внеочередном общем собрании акционеров будут рассмотрены вопросы повестки дня:
1.Формирование счетной комиссии;
2.Изменение основного вида деятельности Общества;
3.Утверждение Устава Общества в новой редакции;
4.Перерегистрация Общества в Министерстве юстиции Кыргызской Республики.
Акционеры могут получить всю необходимую информацию о проведении общего собрания акционеров по адресу: г.Бишкек, ул.Турусбекова, 118.
Тел.: 65-81-28

ГП "Кыргыздипсервис" объявляет тендер на закупку ГСМ методом неограниченного участия: лот №1 -бензин Аи-95, лот №2 -бензин Аи-92, лот №3 -
диз.топливо.
Тендер состоится в 11.00 часов 16.03.2009 г. по адресу: г.Бишкек, ул. Т.Молдо, 10 "а".
Справки по тел:
664086

ОАО "К-А" объявляет тендер методом НТ на закупку: Лот №1. -Услуга на Эл.снабжение санотория "Кыргызское взморье" с ПС-110/35/10кВ "Боз-Тери" на условиях передачи в аренду эл.снабжающей организации эл.хозяйства санотория(наружных сетей 10кВ и внутренних эл.сетей 10кВ, 12 подстанций 10/0,4 и 2-х ЯКНО - 1-кВ. Окончательный срок подачи ТЗ: 27.02.09 г.до 14.00 часов. Место, время и дата вскрытия ТЗ: г. Бишкек, ул.Абдумомунова,195 27.02.09 г в 14.00 часов. Лот №1. -Контактный провод МФ-100 - 1495м. Окончательный срок подачи ТЗ:02.03.09г.до 14.00часов. Место, время и дата вскрытия ТЗ: г.Бишкек, ул.Абдумомунова,195 02.03.09 г в 14.00 часов. Лот №1 -Масло МГЭ-46В -1000 л, Смазка графитная-1500 кг. Окончательный срок подачи ТЗ: 04.03.09 г. до 14.00часов. Место, время и дата вскрытия ТЗ: г.Бишкек, ул.Абдумомунова,195, 04.03.09 г в 14.00 часов.


Сокулук районундагы Күн- Туу айылынан Саралаев Жекшенбек Жумалиевичке берилген 0479 номурундагы жер үлүшүнө тиешелүү күбөлүктүн жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

Чүй районундагы Ак-Бешим айыл округуна караштуу Жаңы-Жол айылындагы С.Сыдыгалиев атындагы толук эмес орто мектебинин күбөлүгү жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун ректораты, профсоюздук комитети жана жалпы эмгек жамааты институттун "Жалпы билим берүү" кафедрасынын ага окутуучусу, физика-математика илимдеринин кандидаты Нарматова Махабат Жунусовнага атасы
НАРМАТОВ Жунустун
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт.


П-113
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын жамааты товардык белгилерди, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды эксперттөө бөлүмүнүн башчысы Асанбаев Мелис Мамбетовичке
АТАСЫнын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.
С-42

Ч.П. "Лепокурова Л.В." объявляет о своем закрытии. Претензии принимаются в течение двух месяцев со дня публикации по тел. 0555 414650

"Кыргыз улуттук күрөшү" коомдук бирикмесинин Уставы, уюштуруу жыйналышынын протоколу жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

Утерянное свидетельство на имя ЧП Анарбекова Б.М. и ИНН 01802195800642 считать недействительными.

Алай районунун Гүлчө айылындагы №67 кесиптик лицейдин регистрациялык стат картасы, Уставы, облустук Юстиция башкармалыгынан берилген күбөлүгү жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

"Ош-3000 Урал Азия Демидов" ЖЧКсы жабылгандыгын
билдирет.
Арыз-дооматтар боюнча 15 күндүн ичинде төмөндөгү телефонго кайрылсаңыздар болот. 0550 993-266.

Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун ректораты Кыргызстан эл аралык университетинин президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Айдаралиев Асылбек Акматбековичке апасы
ГҮЛБҮБҮнүн
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

П-102
Коллектив Кыргызского аграрного университета им.К.И.Скрябина выражает глубокое соболезнование ректору Международного университета Кыргызстана профессору А.А.Айдаралиеву в связи с кончиной
МАТЕРИ.
Разделяем боль и горечь невосполнимой утраты.

С-44