, 30.01.09 - 13-бет:
  Кыргыз элитасына
сырттан караганда

Эл жана анын "машаяктары"
Окурмандар байкаган болуу керек, акыркы кезде элди кайрадан бийлик менен оппозиция ортосуна талашка сала башташты. Оппозиция тараптагылар эл азыркы бийликке ишенбей калганын айтып, жер сабап жатышат, алардын оппоненттери болсо, тескерисинче, элдин оппозицияны көрөйүн деген көзү жок деп ырасташууда.
Деги эл деген эмне? Эмне үчүн жаатташкан элита такай элдин атына жамынганды жакшы көрөт? Дегеле элита элге кызмат кылабы же эл элитага кызмат кылабы? Биздин ушул жана башка суроолорубузга Прагадан журналист Эсенбай Нурушев жооп берет.

Өзүн кеменгер сезген кемчонтойлор көбөйдү
- Эл, эл деп эле калабыз, деги эл деген өзү эмне? Аны кандай түшүнсө болот?
- Эл дегендин эми ар кандай түшүнүктөрү бар. Философияда, социологияда, тарыхта ага ар башка өңүттөн карашат, карапайым түшүнүктө эл деп адатта коомдун төмөнкү бөлүгүн айтат. Саясий мааниде болсо бийликтин карама-каршы өйүзүндө турган көпчүлүктү эл деп коет.
- Биздин элге кандай баа берсе болот?
- Эл дегендей эле эл, жөнтөгү бар, тентеги бар дегендей, социалдык статусу жагынан башкалардай эле катмар-катмар болуп жиктелет, арасында кадыресе "европалашып" калгандары да бар. Жалпы эсепте алганда, албетте, биз алдыңкы эл эмеспиз, тарыхтын көч башында бараткандар постиндустриализмден өтүп калды, биз болсо индустриализмге да жете элекпиз.
Айрымдар бизди эртеги капитализм доорунда турат дешет,калгандары "капитализмге чейинки коом" же "традициялуу коом" катары карашат. Биздин ушул коомдорго мүнөздүү адаттарыбыз, түшүнүктөрүбүз чын эле аз эмес. Илме кайып иштерге -мистикага көп ишенген жагыбыз бар, чындыкты жомоктордон издегенди жакшы көрөбүз, идеялык ар кандай азгырыктарга бат берилип, тез ийип кетебиз. Бир сөз менен айтканда, рационалдык ойдун деңгээлине чыга элекпиз. Соңку он беш жылда итапкан артка кеткенибиз да чын.
Иши кылып, капитализм, анын бизде каркап жайылган жапайы түрү кыргыздарды акырындап өзгөртүп жатат, мында калет жок. Кеп -ушул процесстен качан жана кандай абалда чыгабыз - мына ушунда турат.
- Бизге башка позициялардан да карап көрсө болобу?
-Болот. Айталы, бизде ачык коомдун айрым элементтери пайда болду, ушундай коом болууга умтулган мүдөө да бар, бирок азырынча жалпысынан жабык бойдон турабыз.
- Булардын кандай айырмасы бар?
- Ачык коомдо ар бир адам өзүнө берилген эркиндикти өз таламдарына пайдаланганга умтулат, жеке оомат-оокаты, тагдыр-таалайы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат, кандай идеалдарга ишенет, кандай принциптерди пир тутат, муну да өзү чечет, кыргыздар айткандай, өз бөгүн өзү бөктөйт. Мындай катмар калк арасында каймактала баштады, бирок аздык кылат.
Жабык коомдо болсо калктын көбү эркиндиктин шарттарын пайдалангысы келбейт, жеке өзүнүн жетинбеген турмушу үчүн жоопкерчиликти өзгөлөргө жүктөйт, жеке менчикти жек көрөт, кимге табынып, кимге сыйыныш керектигин үйрөтүп турган акылман бир жолбашчы,мамлекеттик идеология болушун каалайт. Мындай маанай бизде дале күчтүү экени талашсыз.
Мындан тышкары бизде массалык коомдун, болгондо да анын одоно түрүнүн белгилери көп. Өзгөчө саясий чөйрөдө өзүн кеменгердей ойлогон кемчонтойлор көбөйдү.
- Саясатчылар адатта элди акылман, кеменгер деп көп макташат, мунун канчалык чындыгы бар?
-Артта калган тарыхтын масштабынан алганда эл дайыма акылман көрүнөт, бирок учурдагы иштерде эл көп жаңылат. Элди кеменгер деп мактаган саясатчылар, менимче, өз товарын мактаган чайкоочудан анчейин деле айрымаланбайт. А дегинкисин айтканда, илгерки ойчулдар саясий шумпайларга алдансын деп элди кудай атайын ишенчээк кылып жараткан дешкен экен, биздин эл да ошондой.
- Элге кандай караш керек деп ойлойсуз?
- Ошол эле ойчулдардан калган принцип бар: элди сындаса болот, жек көрсө болот, мазактаса болот, бир гана алдабаш керек. Менимче, ушул принцип туура.
- А элита элге кандай карайт деп ойлойсуз?
- Ницше айткандай, эл дегенди элита өзүнө тургузула турган эстеликтин постаменти деп эсептейт. Ошол себептен элита такай элдин желкесине чыгып алып, ага жол көрсөтүп турат. А чындыгында элита өзү элге канча муктаж болсо, ага ошончо өлчөмдө гана кызмат кылат. Алды менен эл ичинсин, эл тоюнсун деп кезерип ачка отуруп калган элита болбойт.
"Жөө калса" - популист,
"төө минсе" - макиавеллист
- Биздин улуттук элита тууралуу көз карашыңыз кандай?
- Кыргыздын биз билип калган коомдук, илимий, көркөм-чыгармачыл элитасы жаман деле эмес болчу, коңшу-колоң элдерден кем калчу эмес, кайсы бир чөйрөлөрдө атүгүл жоон сөөмдөй өйдө турчу, саясий элитада да жоопкерчилик сезим бар эле.
Эгемендик келгени элита алмашты, ага кошо бу түшүнүктүн маани-маңызы, чен -өлчөмү, сапаттык көрсөткүчтөрү өзгөрдү. Азыркы элитанын арасында атын чыгарганы атайылап жер өрттөгөндөр, кудайдан жөө качкандар, суу куйдулар, өлө албай жүрүп өлөң айткандар, жадесе криминалдар, айтор,арсак-терсектин баары жолугат. Идеректүүлөрү, интеллектуалдары деле жок эмес, бар, бирок алар көзгө сүртөр дарыдан бетер өтө эле аз.
- Саясий элитага жалпылап кандай мүнөздөмө берет элеңиз?
- Саясий элитанын өкүлдөрүн жалпысынан мен ары апкөй, ары кыйды деп айтар элем. Алар "бир эле мезгилде элге да, Кудайга да жагыш кыйын экенин" дароо эле аңдашты, ошондуктан "өзгөдөн мурда өзүңө жак" принцибине өтүштү.
Саясий элитада, Макс Вебер аныктагандай, эки топ болот: биринчиси - жалаң "саясат үчүн жашайт", экинчиси - жалаң "саясаттын эсебинен жанын багат". Бизде булардын биринчиси дээрлик калбай баратат, аларды улуттук "кызыл китепке" киргизип деле сактап калганга болбой калды окшойт. Ал эми экинчи топтогулар саясат талаасын кара таандай эле каптап алышты.
- Алардын өзгөчөлөнгөн негизги бир сапатын айта аласызбы?
- Азыркы саясий элита "жөө калганда" дароо популистке айланат, "төө минер" замат макиавеллист болуп кетет.
- Оюңузду чечмелей кетсеңиз. Элитанын "макиавеллистчилдиги" эмнеден көрүнөт?
- Бу жерде Макиавеллинин бир-эки принцибин эске салсак эле жетишет го дейм. Мисалы, ал баарыдан мурда мамлекеттик кызыкчылык - бу түшүнүк, айтмакчы, ошо Макиавеллиден калган - талап кылган учурда бийлик мыйзамдарды капарга албашы керек; экинчиден, мамлекетти башкарган адам элге берген убадасын аткарам деп абыгер чекпегени абзел, кайра алардан айнып кеткени жакшы; үчүнчүдөн, стабилдүү абалга жетишкиси келсе бийликтин ыймансыз болгону ийги деп эсептеген.
- Ал эми популисттиги эмнеден көрүнөт?
-Популизм деп демейде жалаң "эл" деп ураан чакырып, жалаң "эл "деп өпкөсүн калбыр кылып, бирок бардык учурда элди сайга аркандап баса берген саясий усулду айтат. Популизмди сай чымчыкка салыштырса болот, аны кармаш
кыйын, жүйөөлүү кепке, жөндүү аргументке жыгыш андан бетер
кыйын. Бизде азыр популисттер өзүнчө эле бир саясий тапка айланып калышты.
- Алардын саясий кебете-кешпирин, бешене-бейнесин биртке сүрөттөй кетпейсизби…
- Коом таануучулар: "Популизмдин саясий так портретин тартуу мүмкүн эмес", - дешет. Ошентсе да анын жалпыланган үч түрүн көрсөтүп жүрүшөт. Биринчисин - "кичинекей адамдын популизми" деп коюшат. "Кичинекей популист" социалдык-экономикалык, саясий бардык проблемаларды бат эле чечкенге, агыл-төгүл заманга тез эле жеткенге болот деп ойлойт. Ал качан болсун "элге кас өкмөттү", "коррупцияланган режимди" кулатып, "адилет коом" курууну күсөйт, ушул максатты көздөгөн күрөшү да эч качан бүтпөйт. Ал эки гана нерсеге - же тикелей элдик башкарууга, же болбосо машаяк-лидерлерге ишенет, ошолорду ак эткенден так этип өмүр бою эңсей берет.
"Кичинекей популизм " дал ушул идеологиясы жана философиясы жагынан "революциячыл популизмге" жуук келет, аны менен тез эле жуурулушуп, мамыр-жумур болуп кетет. Ошондуктан революциячыл популисттер адатта өздөрүнүн саясий армиясын "кичинекей популисттерден" топтошот, аларды аламан митингдерге, массалык демонстрацияларга айдактап, тукуруп турушат. Революциячыл популизм бийликти эл өзү же анын жардамы менен харизматик лидерлер басып алышы керек деген платформада турат, бул да анын күн тартибинен түшпөгөн түбөлүк идеясы десе болот.
- Популизмдин үчүнчү түрүчү?
- Анын үчүнчү түрүн "авторитардык популизм" дешет. Бийликте турган лидерлер көп учурда парламенттин, мыйзамдардын башын аттап, элитанын пикири же эрки менен эсептешпей, тике элдин өзүнө, көбүнесе анын түркөй катмарына кайрылып, анын колдоосуна таянып бийлик жүргүзө баштайт, популизмдин бул түрү башкаруунун дал ушундай тарыйкасын билдирет.
- Бизге булардын кайсынысы көбүрөөк мүнөздүү?
- Баары мүнөздүү. Саясий илимдеги, социологиядагы бул концепциялардын калетсиздигин биз соңку он беш жылдык практикада толук далилдеп бердик. Булардан тышкары бизде популизмдин регионалдык, патриархалдык, диний жана башка да түрлөрү бар. Андан да ачыгын айтканда, популизм азыркы кыргыз коомунун плюра-листтик идеологиясы, анын массалык аппараты болуп калды.
Алыстан - машаяк, жакындан - автократ
- Сөз арасында лидерлер маселесин кайпып айтып кеттиңиз, ушу проблемага да биртке токтолуп өтсөк. Неге дегенде оппозициянын өкүлдөрү, политологдор кыргыз коому лидерлер кризисине кабылды, азыркыдай абалда улуттук лидер чыгышы кыйын болуп калды деп жүрүшөт. Бул пикирге көз карашыңыз кандай?
- Менимче, бул массалык психологиянын кризиси, анын оорусу. Бул эмне деген илдет экенин өз учурунда Клайв Люис - анча-мынча китеп окуган кыргыз ушундай жазуучу болгонун билер деп ойлойм - жетесине жеткире өтө таамай сүрөттөгөн. Ошо Люис айткан айрым мүнөздөмөлөрдү келтирсек, масса деген өзү макоо болот, ал колунан кокон тыйын келбей турганын өтө жакшы билет, ушул абалына өлөрчө намыстанып, ичтеги ошол өксүгүн басканы жалаң "Мен сенден кем эмесмин!"- деген принцип менен жашайт. Биздин кыргызда муну "Манастан Чубак кем бекен" деп коет эмеспи.
Бизде ушул психология кеңири жайылды. Мындай маанай массанын аң - сезимин жаба токунуп минип алган кезде улуттук масштабдагы лидер тургай машаяк өзү келсе да аны коом тааныбайт жана кабыл албайт. Лидерлер кризисинин бар болгон маңызы эле ушул, анын мындан башка себеби жок.
- Бирок бизге машаяктар эмес, конкреттүү реформаторлор, айталы, Дэн Сяопин, Махатхир же Ли Куан Ю сыяктуу лидерлер керек деп атышпайбы.
- Бизде азиялык реформаторлордун атын алыстан угуп эле "олуя" көрүп жатышат, жанына келсе алар деле жакмак эмес.
-Эмнеге?
-Мисалы, Ли Куан Юну алалы, Сингапурда ал бир топ эле катаал режим түзгөн. Аларда уурулук кылгандын колун азыр да керте чабышат, андан жеңилирээк кылмыштар үчүн жонуна балак уруп жазалашат, оор кылмыш кылгандар, наркотик саткандар түз эле өлүм жазасына тартылат, бу көрсөткүчү жагынан Сингапур азырынча эч кимди алдына сала элек. Кокус ким бирөө интернет-форумдарда биздегиге окшоп оюна эмне келсе, ошону жазып көрсүнчү, дароо көкөсүн таанып калат, сөз эркиндиги өтө чектелүү, жок десе да болот. Оппозицияга акыркы кездерде гана парламенттен өп-чап орун бериле баштады, ага чейин аны жарым кылымдан бери жалгыз "Элдик аракет" партиясы энчисине басып келди. Өкмөттү азыр Ли Куан Юнун уулу башкарат, өзү ага кеңешчи болуп иштейт. Сингапурдун "атасы" башынан эле демократия дегенди колдогон эмес, аны өтө жаман сөздөр менен сыпаттаган, азыр деле көз карашы өзгөрүп кеткен жок.
Ушундай реформаторго биздин кыргыз, айрыкча өздөрүн айныгыс либерал, демократ ойлоп жүргөн оёндор чыдайбы? Бул бир проблема.
Экинчи проблема - Сингапурда биздегиден айрымалуу мыйзам деген кынтыксыз иштейт. Ошонун аркасында гана кылмыштуулук кыскарды, коррупциянын кылтасы кыркылды, өкмөт таза колдуулардын бийлиги катары таанылды. Бул көрсөткүчтөрү жагынан да азыр Сингапурдан алдыга чыккан өлкөлөр аз. Ли Куан Ю кезинде өзүнүн жакындарын да аяган эмес, кылайган кыйкымы билинер замат аларга да иш козготуп турган. Кана эми, бизден да ушундай бир лидер чыкса?! "Кээде диктатор өз элинен мыкты болот", - деп айткан тура римдик императорлордун бири. Бизде автократы да, демократы да элден начар чыгып жатпайбы.
Ар кимге - бирден демократия
- Кеп соңунда дагы бир суроо: акыркы кездери оппозиция, жаранчыл коом өкүлдөрү өлкөдө демократиянын күнү бүттү, авторитаризм, атүгүл диктатура орноду деп жатышат. Бул ойго кошуласызбы?
- Биздин коом туруктуу абалга түшө элек, мамлекет бекем бир багытын таба элек. Эгемендик алгандан бери эле баш аламан агымдар басташкан тилкеде, физиктердин термини менен айтканда, турбуленция шартында жашап жатабыз. Өлкө бир калыпта тура албай, ары-бери аласалганда бирде демократия кебетеленип, бирде авторитаризм өңдөнүп кетип атпайбы. Өйдөкү пикирлер - ушул абалдын коомдук аң-сезимдеги кабылданышы.
- Борборазиядагы "демократиянын аралчасы" деген атыбыз бар эмес беле, ал эмне болду?
-Демократия тууралуу айтыш үчүн адегенде анын бирдиктүү, жалпы баары моюндаган орток бир түшүнүгү болуу керек. Андай түшүнүк бизде түптөлүп бүткөн жок, демократиянын эң эле жөнөкөй идеялары менен принциптери деле коомдо зарылдык катары тааныла элек. Демократия дегенди бийлик, оппозиция, жаранчыл коом активисттери, укук коргоочулар, саясий партиялар - ар кими ар башкача түшүнөт, ар биринин өзүнчө "автономдуу демократиясы" бар, бириники бирине дал келбейт. Эл болсо булардын бири менен да иши жок.
Мындан тышкары башкаруунун ар кандай тарыйкасы, анын ичинде демократия да ар бир коомдогу элитанын "продукциясы" болуп саналат, б.а. мунун баарын ошо эл бийлеп, эл башкаргысы келгендер ойлоп табат. Андыктан элита кандай болсо, демократия ошондой болот. Кыргыздар "эшегине жараша тушагы" дешет го, кудум ошондой кеп.
Акырында демократия, дегеле эркиндик дегендин түп насили барып-келип эле акыл-эстен турат. Ал ушул касиетинен ажыраганда "алжыган акылга" айланып калары тээ атам замандарда эле белгилүү болгон.
- Демек, бизде демократия эле эмес, акыл-эс да жок дейсизби?
- Маркстын бир кебин эстесек, "акыл-эс ар дайым болот, бирок ал ар дайым эле акыл-эс түрүндө көрүнө бербейт". Анын сыңарындай акыл-эс деген бизде көптөн бери эле акыл-эс формасында көрүнбөй калды. Мунун салакасы, менимче, дагы бир нече муунга тиет болуу керек.
Аңгемелешкен
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ