, 30.01.09 - 11-бет:
  Тарых

Улуттун улуу инсаны - Мухаммед Кыргыз
Мухаммед Кыргыз - Тагай бийдин өзүбү?
Моңгол кошуундарынын акыркы калаймандарынан эки кылым өткөн соң кыргыздардын абалы оңолуп, кайрадан саясый аренада аты чыга баштаган. Бул ирет жаңыдан түзүлө баштаган кыргыз мамлекетинин башында өзү менен замандаш баатыр бабаларыбыздын арасынан суурулуп чыккан чыгаан инсан, жетекчи Мухаммед Кыргыз турду. Аны айрым окумуштуулар элдик санжырадагы кыргыздын оң канатына кирген уруулардын түпкү атасы айтылуу Тагай бийдин прототиби деп эсептешет.
Белек Солтоноевдин топтогон жана ирээтке келтирген маалыматтары боюнча Тагай бий болжолу 1460-1470-жылдарда кийинки Кокон менен Маргалаң калааларына танапташ Ийри-Суу, Былпылдак деген жерде, же Ошко жакын Сары-Бел тоосундагы көк өтөктүү колотто
төрөлгөн. Ал кезде анжияндык кыргыздарды саруу уруусунан чыккан бийлер - чыгаан инсандар бийлеп турган. Адигине, Тагай, Муңгуш үч бир тууган болуп, алардын Наалы ысымдуу эжеси бар эле.
Тагай агасы Адигине экөө эр жеткенден баштап жигит жыйып кол курап, эрегишкен душманды кыргыз жерине жолотпой, жоонун жолун торошот, алыскы аймактарга көптөгөн жортуулдарды уюштурушат. Кийин энчи бөлүштүргөндө Алайдан Анжиянга чейинки чоң аймак Адигине бийге тийип, Анжияндан ары Наманган, Кетмен-Төбө тараптагы тоолуу жерлер Тагай бийдин энчисине өткөн. Болжолу 1505-1510-жылдардын аралыгында анын карамагындагы төрт түлүк малы абыдан арбыгандыктан жери тарыган айылдар жаңы жайытка карап адегенде Кетмен-Төбө менен Тогуз-Торого, кийинчерээк ары түндүккө Чүй, Нарын, Ысык-Көлдү көздөй көчө башташат. Аркалык калк менен алардын мурдатан алака-байланыштары бар экендигин кезинде Белек Солтоноев баса белгилеген экен. Тагай бийдин элинин конуш которушу тууралуу өз китебинде ал мындай деп жазат: "Тагайдын Адигинеден ажырап көчкөн жери Суусамыр-Суу деген жер болгон. Экинчи кабарда мал жайытына карап Кетмен-Төбө, Тогуз-Торого келген… Тагайдын Аркага көчүп келгенине караганда мурунтан булардын байланышы бардыгы билинет.
Тагай орто жаштан өтүп калганда 60 жашында, болжолу 1515-1525-жылдарда Эреше ханга ак үйлүүгө (заложник аманат) барган". Дагы бир кызыктуу жагдай - аталган автор биринчилерден болуп Тагай бийди Мухаммед кыргыз менен окшоштуруп, төмөндөгүдөй маалыматты өз китебине: "Тагай Анжияндан түндүк жактагы кыргыздарга көчүп келген. Ферганада мусулман дини жайылып калгандыктан, Тагай мусулман динине кирип, кожо молдонун таасири менен Мухаммед Хайдар деп, Тагайга так пайгамбардын аты менен бийлик берген чыгар. Балким Мухаммед Хайдар (Кыргыз) Тагай болуу керек".
Кыргыз жергесине кыргыздар гана ээлик кылган
Жогорудагы маалыматтар кандайдыр бир деңгээлде XVI кылымда могол тарыхчысы Мухаммед Хайдар жазган "Тарих - и Рашиди" аттуу китептеги тарыхый кабарлар менен үндөшүп турганы кызык. Ал өз чыгармасында кыргыздарды "Моголстандын токой (жапайы) арстандары" деп атаган. Себеби монголдор доорундагы (XIII-XV кылымдар) түрк, монгол тилдүү элдер менен уруулардын Орто Азияга массалык түрдө агылып ооп келишинин, журт которууларынын натыйжасында кыргыздар XV кылымда Теңир Тоонун калкынын басымдуу көпчүлүк бөлүгүн түзүп калган болчу. Андыктан XV кылымдан тартып алар мекендеген Ала Тоо аймагы Кыргыз жергеси деген атка конот. Бул мезгилде моголдордун бир бөлүгү кыргыздардын курамына кирип, калганы Кашкар, Аксу, Чалыш (Карашаар), Турфан аймагына сүрүлгөн эле.
Бул тууралуу Мухаммед Хайдар "1510-жылдан тартып кыргыздар Моголстанда бир дагы моголдун жашоосуна мүмкүнчүлүк бербей калышты" деп жазат.1510-1512 жылдарда Могол ханы Ахмед хандын мураскору Мансур хандын жана Кашкардын акими Абу Бекр Дуглаттын Ысык-Көлгө жортуулдары убактылуу токтогон кезде кыргыз уруулары мында бул жакка туш тараптан агылып келишип ички биримдигин чыңдаган жана 1514-жылга карата Ысык-Көл өрөөнүндөгү өтө кубаттуу күчкө ээ элге айланган. Айтмакчы 1504-1508-жылдарда азыркы Кыргызстандын аймагында моголдордун ага-ини ханзадалары Махмуд хан, Мансур хан, Султан Халил жана Султан Самиддин ортосунда тынымсыз чыр-чатактар чыгып турганы маалым. Мындай династиялык ич ара так талашуу кийинки жылдары дагы басылган эмес.
Кыргыздардын ээлиги XVI кылымдын биринчи чейрегинде "батышта Талас өрөөнүнөн башталып, чыгышта Ак-Суу, Үч-Турфан, Чалыш (Карашаар) менен Турфанга чейин, түндүктө Иле дарыясынын аркы өйүзүндөгү талаалардан тартып, түштүктү Кашкар, Яркенд, Янги-Иссарга чейин созулуп жаткан".
Ар кыл тарыхый даректер тастыктап тургандай XV кылымдын 80 жылдарында Ала Тоодо кыргыздардын өз алдынча мамлекети калыптана баштаганы анык. Аны алгачкы жылдарда Чыңгыз хандан калган эски салтка ылайык чынгызид-ханзадаалар Ахмед хан (Алача хан, 1484-1504) андан соң Султан Халил (кыргыздардын падышасы, 1504-1508) башкарган.
Мухаммед Кыргыздын хан көтөрүлүшү
Чыңгыз хандын тукумунан хан көтөрүү аркылуу кыргыздар жаңыдан түзүлгөн хандыкты мындагы өз бетинче хан бийлигин мыйзамдаштырууну, коңшу өлкөлөргө расмий түрдө таанытууну көздөшкөн. Аталаш тең тууган могол хандары бири-бири менен атаандашкан чатактарда алар көз жумган соң, кыргыздар милдеттүү түрдө могол ханзаадаларынан хан көтөрүүнү токтотуп, бул өңүттөгү эски салтты бузуп, алысты көрө билген көсөм, акылман кеменгер жол башчы Мухаммед Кыргызды өздөрүнүн өкүмдары жарыялашат.
Кыргыздардын өз алдынча улугу, өкүмдары катарында Мухаммед Кыргыз 1514-жылдан тартып тарыхый булактарда көбүрөөк атала баштайт. Мухаммед Кыргыз баш аягы жыйырма беш жылдан ашуун (1510-1535 / 40) убакыт Ала Тоодо жаңыдан кайра калыбына келе баштаган кыргыз мамлекетин башкарып турду. Анын ордосу касиеттүү Ысык-Көлдүн тескейинде, Барскоон суусунун этегиндеги кең өрөөн-көк жайыкта орун алган. Мухаммед-Кыргыздын (Тагай бийдин) бийлик белгиси алтын айчык туу, төбөсү бийик Кызыл манат менен тышталган суусар тебетей жана кызыл кымкап чепкен (чапан), Кызыл булгары өтүк, алтын тогоо, күмүш чегерилген кемер кур ж.б. турган. Ошол опурталдуу учурда Орто Азия менен Чыгыш Түркстанда өкүм сүргөн оомалуу-төкмөлүү өтө татаал саясый кыр-даалда Мухаммед Кыргыз өзүн абдан такшалган мыкты саясатчы, чыгаан мамлекеттик ишмер жана кылдат дипломат катары көрсөтө алды.
Мухаммед Кыргыз алдын ала терең ойлонулган бир катар жеңиштүү жортуулдарды уюштуруу аркылуу таланттуу колбашчы сыпатында да таанылган. Ал могол хандары, канатташ казактар, көчмөн өзбектердин өкүмдарлары-шейбанилер мамлекети менен кырдаалга жараша тыкыс элчилик байланыштарды ишке ашырып турган. Кээде жоокерчилик замандын мыйзамына ылайык моголдор менен шейбанилер кыргызча ыдык көрсөткөндө жоолашууга да, туура келген. Мухаммед Кыргыз Борбор Азия чөлкөмүндөгү мааниси терең окуялардын, чоң өзгөрүүлөрдүн күбөсү жана активдүү катышуучусу, демилгечиси да болгону шексиз. Ал Ала Тоолуу Ата Журттун көз каранды эместигин, элинин эгемен эркиндигин алыс, жакындагы баскынчы жоодон коргоого көп күч жумшады. Анан калса түздөн-түз анын кийлигишүүсү, чечкиндүү колдоо көрсөтүүсү аркасында гана могол ханзадаасы Султан Сеид Чыгыш Түркстандагы ата-бабасынын ордо шаары - Ак-Сууну ээлеп, хандык такты менен таажыны тартып алган.



 "Кыргыз Туусуна" жарыялангандан кийин

Кетмен-Төбө эзелки атын алса
Атам замандан бери казак, кыргыз, өзбек элинде тарыхый булактарда Кетмен-Төбө жери аттын кашкасындай аталып, кыргыз элинде болсо Кетмен-Төбөнүн кыргыз жеринин киндиги деп аталышы бекеринен эмес.

Мен 78 жаштамын. Акыл-эске кирип калган кезимде, ошол кездеги улгайган карыялар уламыш кылып айтаар эле: "Кетмен-Төбө көл болот, Анжиянды жер жутат. Наманганды сел алат" деп. "Кандай себептен Кетмен-Төбө көл болуп калат?" - десем: "Илгери бир өткөн заманда алп Ажо Кыйык деген ойдо жок адам Нарын дарыясын бойлоп келатып, Кочкор-Дөбө деген тоого келип отурса, Нарын дарыясынын экинчи өйүзүндө жашап келген, касиеттүү ыйык тоону мекендеген Шамшыкал ата менен эмнегедир эрез талашып, бири-бири менен келише албай, алп Ажо Кыйык - каарданып: "Сенин касиеттүү ыйык тоо тузуңду, Нарын дарыясын бөгөп, тузду эритем", - деп, кетмен менен Кочкор-Дөбөнүн тоосунда төбөсүнөн керилтип оё чабат. Ыйык кереметтүү Шамшыкал ата кетмендин сабын сындыртып, Кочкор-Дөбөнүн кетмен менен кертилген төбөсү Нарын дарыянын нугуна жетпей тоонун этегинде калат. Ошондон Кетмен-Төбө болуп аталып калыптыр. Өчөшкөн алп Ажо Кыйык: "Баары бир эрте-кечпи кетменге сап таап, өрөөндү көлгө айлантам!" - деп, өрөөндүн күн батыш тарабындагы айылга барса, бир түп жоон сөгөттү көрүп, сапка али жаштык кылат, бир нече кылымдан кийин сапка жарайт деп, Нарынды бойлоп жөнөп кеткенден соң, ал жер азыркыга чейин "Жоон сөгөт" айылы деп аталып келет.
Экинчи бир эл оозунда абалтан бери айтылып келген уламышта мындай. Илгери өткөн заманда өрөөндө жашаган тегибиз, жалаң эле мал киндиктүү болбостон, жер менен да мамиле кылышкан,
кызыккан, бирок ал жерин иштетүүгө, кол аспаптар элибизде өнүкпөптүр. Ошол заманда Наманган тараптан, бир өзбек адам өзү менен кошо кетмен ташып ошол Кочкор-Дөбөдөн кертип алган дөбөнүн этегинде жашап, өмүр бою соода кылчу экен. Өрөөндө жашаган эл, бири-бирине: "Каякка жөнөдүң?" - десе: "Кетмен-Төбөгө кетмен алып келем", - дешчү экен, бара-бара кыргыздын жер киндиги деп аталган өрөөн Кетмен-Төбө деген кереметтүү атка конуптур.
Чындыгында алп Ажо Кыйыктын уламышы - Союздун мезгилине бап келип, Нарын дарыясын бөгөп, Токтогул ГЭСин куруп, Кетмен-Төбө сууга бастырылып, элибизди асыл топурактуу суулуу жерибизден көчүртүп, калк жашабаган суусуз кокту-колотко, тоо этегин кыркалап жашап калдык. Ушул күнгө чейин Терек-Суу, Көтөрмө, Кара-Жыгач, Саргата, Үч-Терек айылдары сууга тартыштыкта жашап келет, кептин кыскасын айтканда алардын азыркы абалын сүрөттөш кыйын, көрсө жашоо, боло турган тиричилик аккан таза сууга байланыштуу тура, мындан артык кыйналыш кайдан болсун.
Кетмен-Төбө өрөөнү чоң ачарчылыкта (1930-жылдардан кийин) жалаң өз элин бакпастан, Олуя-Атадан, Меркеден, Наманган тараптан ооп келишкен өзбек, казак туугандарды да ачарчылыктан калкалап калган.
Эми айла жок, асыл кереметтүү Кетмен-Төбө өрөөнүбүз, кайран жерибиз суу астында калды. Учур утулат, келечекте биздин урпактарыбыз ошондогу бийлик төбөлдөрүнө наалып, нааразыга кабылып алмайы турган иш.
Мен 2008-жылдын ноябрында "Кыргыз Туусунун" №86 санына чыккан "Кетмен-Төбө эзелки атына ээ болсо" деген Сарим Бекботоевдин жана 2008-жылдын августундагы №59 санына чыккан Байас Туралдын районго Токтогул атабыздын ысымынын берилиши туура эмес деп эсептейм деген сунуштарын окуп чыгып, чындыкты көтөрүп жаткан ойлоруна үн кошкум келет.
Тегибизден биздин бабаларыбыз атап келген эзелки Кетмен-Төбө аты аталыш керек. Союз таркагандан кийин кыргыз жергесинде борборубуз, райондорубуз - эзелки аттарын кайрадан атап алышты.
Чындыгына келсек, Токтогул атабыздын ысмы кыргыз жергесинин борборунда, облустарда,
райондордо, айыл-кыштактарда - Токтогул атындагы ГЭС, Токтогул
шаарчасы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык, Токтогул атындагы филармония, ошондой эле көптөгөн мектептерге, маданий үйлөргө, көчөлөргө, парктарга коюлуп, аталып жатат. Ал гана эмес Новосибирск шаарында милиция болуп иштеп жүрүп, баткендик жигит, Токтогул атабыздын Сибирь түрмөсүндөгү өткөргөн жашоо жолун архивдерден иликтеп чыгып, Новосибирскидеги шаардын бир чоң көчөсүнө Токтогул Сатылганов (архивде Сатылган уулу Токтахун) атындагы көчө деп аташканы "Кыргыз Туусу" гезитине жарыяланганы эсимде.
Токтогул атабыздын кыргыз жергесинде аталган ысымдары түбөлүккө кылымдап кала берет, аны эч ким тарых бетинен өчүрө албайт.
Ал эми биз, кетмен-төбөлүктөр, районубузга, Кетмен-Төбөнүн эзелки тарыхый атынын кайрадан аталышын колдойбуз.
Мен жакынкы арада, өзүмдүн замандаштарым менен сөз кылганыбызда, Кетмен-Төбөнүн эзелки атына ээ болушуна макулбуз жана толугу менен колдоону чечтик.
Токтогул райондук, Жалал- Абад облусунун жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл депутаттары, олуттуу коюлуп жаткан чындык далилдерди эске алып, районубузга Кетмен-Төбөнүн эзелки тарыхый аталышын кайрадан беришсе, районубуздун 80 жылдык мааракесине тарыхта кала турган белек кылган болот.
Чилдебай ОРОЗОВ,
Кыргыз
Республикасынын эмгек
сиңирген врачы,
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн
карыялар кеңешинин төрагасы