, 27.01.09 - 16-бет:
  Сандан-санга

Адашкандар
(Экинчи китептен)
(Башы өткөн санда)
Акшоола эми сүрөттү аялдын колунан өзү сууруп алып, столдун үстүнө тескерисинен коюп койду да, ийнин куушура алаканын жайды:
- Менин убактым бүттү анда!
Аял анда деле унчукпай, бирок кетер түрү жоктой, ордуна барып отурду.
- Сүйлөй аласызбы? - деди Акшоола айласы түгөнгөндөй. Аял тээ бир топто барып башын ийкегенсиди.
- Бая эле ошентпейт белеңиз. Атыңыз ким?
Балким азыр келген жөнүн айтат беле, сааттай болуп, ошол учурда сумкесинен телефону чырылдап, чүмбөттүү аял ага алаксып кетти. Баятан бери дудук өңдүү үн катпаган аялга: "Эми кантип сүйлөшөт болду экен?" - дегендей Акшоола тымызын назар таштады. Бирок чүмбөттүү аял кадыресе эле адамдай, телефонду кулагына такап:
- Да?! - деди.
Акшоола башын чайкап, мыйыгынан күлүп койду. Бирок аял андан ары сүйлөшкөн жок. Ары жактагы адамды унчукпай угуп турду да, телефонду өчүрүп койду. Ошол убакта каалга кагылып, сырттан Эрмек баш бакты:
- Мүмкүн бекен? - адаты боюнча андан ары жооп күтпөй эле шайдооттонуп кирип келип, чүмбөттүү келинге каректери кадала түштү:
- Саламатсызбы?
Аял ыйбаа кылгандай кымырылып, баш ийкеп койду.
Чүмбөттүү аялдын ошонусуна ыраазы болдубу же жүзүн жашырган табышмактуулугуна кызыктыбы, Эрмек ага үзүлө тиктеп:
- Кечирип коюңуз, бирок… кандай көркөм! Кандай кооздук! Ажайып сулуулук! - деди аялдын үстү-башына суктана карап. "Тапкан экенсиң, сулуулукту!" - дегендей Акшоола жылмайып койду. Аны туура эмес түшүнө койгон Эрмек:
- Акшоола, сен таарынба, бирок силерди кара да, бул бийкечти кара! Тап-такыр бири-бирине окшошпогон, эки башка дүйнө! Бах десең!.. - деди аялга жараматтана.
Чүмбөттүн ары жагындагы аял муну кандай кабыл алды, эч ким көргөн да, билген да жок. Болгону эле кете тургандай ордунан турду да, бирок эмнегедир кылчактап туруп калды.
- Акшоола, бу чоң кыз… курбуң болобу? - деди Эрмек да ага байланып калгандай, кетиргиси келбей жаткандай кайпактай түшүп.
- Биз тааныша да элекпиз, - деди Акшоола.
- А… анда мен жолтоо болгон турбаймынбы. Кечирип коюңуздар? - чыгып кете тургансып, бирок чыккысы да келбей жаткандай кылчактады Эрмек.
- Жок, жок! Эч кандай жолтоолук жок, Эрмек Асанович, - ал азыр чыгып кете тургансып, Акшоола шашкалактап кетти. - Отуруңуз.
- А… жарайт! - чырагына май таамп кеткендей Эрмек "шып" этип отура калып, чоочун аялга да отургучту жаңсады.
- Отуруңуз, бийкеч. Менин атым - Эрмек, - деп кайра туруп келип, жаңы эле отуруп жаткан аялга колун сунуп, аялдын сунулган жумшак манжаларын көпкө коё бербей, жооп күтүп калды.
А бирок аял эмне кылаарын билбей, алдастай түшкөнсүдү да, эмнегедир добушун жашыргандай, Акшооланы карады. Акшоола унчуккан жок.
- Жарайт, табышмактуу жандардын ысмы да табышмактуу болот. Жакшы аял сулуулугу менен гана эмес, сырдуулугу менен да ажайып, - деген Эрмек Асанович экинчи колун да аялдын колунун үстүнө коюп, бир азга кармап турду да:
- Алаканыңыз ып-ысык, манжаларыңыз да өзгөчө назик экен, жүрөгүңүз да жумшак чыгар?.. - деп, бир топто кармап турду да:
- Кой, мен анда жолтоо болбой чыга турайын, - деп чыгып кетти. Бирок анын бул кетишинде, үнүндө таптакыр коштошуунун белгиси жок болчу.
Ошондон кийин гана чүмбөттүү аял ордунан шашылыш туруп, Эрмек Асановичтин соңунан чыга жөнөдү да, Акшооланы бир кылчайып карап алып, бирок жана киргениндей жылжыбай, шамалдай болуп шар чыгып кетти!
* * *
Акшоола эч нерсе түшүнбөй, саамга дендароо болуп отурду да, эсине бир нерсе түшүп кеткендей анан Эрмек Асановичке телефон чалды. А бирок ал телефонун такыр көтөрбөй койду. Кабинетин чала-була беките салып, коридордун аркы башын көздөй бет алды. А бирок Эрмек Асановичтин кабинети да бек экен. Жанында тыкылдатып туруп, чөнтөк телефонуна коңгуроо какты эле, аны да алган жок…
Ушул убакта өзүнүн телефонуна билдирүү келди: "Акшоола, менин кебетем тууралуу эч ким билбесин!.." - бул жанагы аял эле.
Баятан бери сүйлөтө албай койгону үчүнбү, кандайдыр бир сыр түйүнү ошол тамгалардын арасынан табылчудай, Акшоола аны дем тартпай окуду да, ашыкча эч нерсе таба албаган соң: "Сиз кимсиз? Эмне үчүн жана унчукпай кетип калдыңыз?" - деп жазып, кайра жөнөттү. "Бул - узак сөз. Кийин билесиң. Бирок мен жөнүндө азырынча эч ким билбеш керек. Эрмек Асанович да, үй-бүлөң да!"
Ортодо үй-бүлөсү тууралуу кеп болгонуна Акшоола тырчый түштү, эми оозмо-ооз сүйлөшкүсү келгендей, ошол эле номерге телефон чалды. Аял тээ көптө барып телефонду алды да, жанагыдай эле унчукпай угуп тура берди:
- Алло, сүйлөбөйсүзбү? - деди Акшоола, - "Эч кимге айтпа!" дегениңизди кандай түшүнсөм болот? Бул эмне, опузабы?!
Аял жооп бербей, телефонду коюп койду да: "Жок, опуза эмес, өтүнүч!" - деген билдирүү жазды. "А эгер өтүнүчүңүз орундалбай калды дейли?" деп жазды кайра Акшоола. "Мен сени эч кимге - мага да, башкага да, ошондой эле өзүңөргө да жамандык каалабаган, жакшы аял деп эсептейм!"
Ушундай жооптон кийин Акшоола шалдая түштү. Аялдын "өзүңөргө" дегени - "үй-бүлөңө" дегени болчу. Ушул саат, ушул мүнөттөрдөн баштап алиги аялдын элеси көз алдынан кетпей туруп алды: "Бул ким?! Мага эмне үчүн келди? Эмне үчүн унчукпай кетип калды жана эмне үчүн эч ким билбеш керек деп "өтүндү?" Баарынан да, атайын өзү келген кишиден эч кандай маалымат ала албай калганына арданып: "Бул менин иш тажрыйбамдагы кемчилигим!" - деп түшүндү. "Кызык, Эрмек Асанович эмне үчүн телефонго жооп бербей жатат? Эмне үчүн ордунда жок? Чындап эле ошол аял менен чыгып кеттиби? Же алар башта эле тааныштыр?.. Эмнеси болсо да, Эрмек менен сүйлөшүүм керек!"
* * *
Эрмек жана кабинеттен чыгарын чыгып алып, бирок узап кете албай, коридордо кылчактап туруп калган. Анын оюн окугансып, көп өтпөй эле артынан чүмбөттүү айым Акшооланын эшигинен суурулуп чыгып келди да, бирок бир эле көргөн адамга ымала санагандан намыстанып, кайдыгердей сумсая өтүп кете берди. Жанынан өтө берген аялдын ансыз да каңылжаарында калып, суусатып турган жумшак, делбирим жыты эркекти ого бетер делөөрүтүп, акыл-эсин тумандатып, мас кылып жиберди. Түп-түз басып, сурайылдай суйкайып кетип бара жаткан айымдын артынан кандайча ээрчий басканын анан өзү да байкабай, көзүнө башка эч ким, эч нерсе көрүнбөй, анын мындан аркы жашоосунун бар бактысы, ырахаты ушул аялга байланып калгандай сезип кетти өзүн.
Аркасынан ээрчип чыгып, аял эшиктин алдында турган "Джипке" жетип, жуп кирип кетээринде гана айласы түгөнгөндөй туруп калды да:
- Чоң кыз, жакшы барыңыз!? - деди Эрмек.
Бирок аял рулга отуруп жатып, эмнегедир Эрмекти эми байкагандай буйдала калды. Бул эркектин өчүп бара жаткан үмүтүнө жан киргизип жиберди. Азыр чүмбөттүү айым тараптан кичине эле бир белги болсо, учуп жетүүчүдөй комдоно түштү. Аял да ошону байкады. Башын ийкеп, чакыргандай ишарат кылды. Айткандай эле Эрмек калдаңдап жетип келди. Ал келгиче рулга отуруп калган айым жанындагы эшикти ачып койду да, Эрмек келип отурары менен жүрүп кетти.

(Уландысы бар)




Гранттык каржылоого сынак
СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонд менен КРнын саламаттык сактоо министрлигинин республикалык "СПИД" бирикмесинин ортосундагы KGZ-708-G05 номурундагы "КРнын орунттуу калкы үчүн алдын алууга, диагностикага, дарылоого, тейлөөгө жана колдоо көрсөтүүгө ар тараптуу кызмат көрсөтүүнү кеңейтүү" программалык макулдашуусун жүзөгө ашыруунун алкагында төмөнкү багыттар боюнча ӨЭУлар арасында чакан суб-гранттарды каржылоого сынак жарыяланат:
1. ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдарга психологиялык социалдык жактан колдоо көрсөтүү
2. Мигранттар арасында ВИЧ/СПИДге аялуулугун азайтуу.
3. Маалыматтык-ресурстук борбор.
Гранттык өтүнмөлөрдү конвертке чапталган түрүндө 9 нускада кабыл алуу 2009-жылдын 10-февралында саат 17.00дө аяктайт.
Конкурска катышуу үчүн гранттык өтүнмөлөрдүн үлгүсүн Глобалдык фонддун долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнөн алса болот. Дареги:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү 8 (4-кабат). Тел. +996 312 628137, 622742. Тел/факс +996 312 623581 же piu_nas@theglobalfund.kg электрондук почтасы боюнча.