, 27.01.09 - 12-бет:
  мурас

"Кут Билим" улуттун рух дөөлөтүн өстүрөт
(Аягы. Башы өткөн санда)
"Кут Билимди" окуган Жусуп бабабыздын эстелиги турса кана?!
- Даңазалуу бабабыз Жусуп Баласагын тууралуу чоң картина жаратууңузга эмне түрткү болду?
- 1991-жылы эрте жазда Бурананын жанынан кыргыз кыйырына таанымал, белгилүү акын-жазуучу Насирдин Байтемировго кокусунан жолугуп калдым. Насыкем шаардан келатканда, өз айылы Кегетиге баратканда сөзсүз түрдө Буранага кайрылып өтөт экен. Улуу акын бабабыз Жусуп Баласагынга арнап дуба окуп, бата кылгандан кийин анан айтты: "Мына, ушул ыйык мазар Бурана жер, бир кезде гүлдөп өскөн, өрчүгөн Баласагын шаарында бабабыз Жусуп төрөлгөн. Күнү-түнү эл тынбаган, ар тилде сүйлөгөн ар улуттар, кадимки аарынын уюгундай уулдаган-дуулдаган, байыркы Жибек Жолунун таманында, миба-чибалуу, шаан-шөкөттүү, дуңу-шаңы бар Баласагын деген аты бар шаар болгон. Ооба, акындын акыны, акылдын асылы, окумуштуу, ойчул акын, өз доорунун акыны эле эмес, ал жалпы дүйнөлүк элдердин элине, журттун жүрөгүндө түнөк болгон өлбөс-өчпөс бабабыз ал. Мына, тиги кичине эки бөлмө бир кезде Жангазы деген тоокканачынын тамы болгон. Азыр экспонат, буюмдар батпай турган үйдү кантип музей деп атап, ооз ачып айтууга болот? Мына, Бурананын жанына ааламга көз серпе зоболосу зоодой бийик, толкунданып "Кут Билим" китебин окуп жаткан Жусуптун эстелиги турса кана?.. Мына, ушул жерде Жусуптун китебинин акылман саптары, куплет ырлары мармар ташка жазылып турса кана! Каухардай жаркыраган акындын акылман сөздөрүнөн урпактар тамшанып турат эле го..." - дегени көкүрөккө уюп унутулбай жүрөт.
Ошондон көп өтпөй ой сапырылткан, делөөрүткөн сезим келди бир күнү. Мени түрттү. Жусуп Баласагын жөнүндө бир чоң картина жаратсам деген дегдөө келди. Китепканаларда, архив-фонддордо керектүү материалдарды издеп-окуп, жыйнап чогулткан күндөр өттү. Дөңарык айылында клуб деген жок, ошондуктан мектептин жыйындар залынын төрүнө Жусуп Баласагындын бейнесин тартууга бел байладым.
"Мен өмүрүмдү
уттурдум!"
1992-жылдан бери Дөңарык айыл өкмөтүнө баш кийим алмашкандай бири кетип, бири келип, алты жетекчи алмашты. Ошолордун ар биринин иш босогосун аттап, кабинетине жадабай кирип жүрдүм. Кезектеги башкарып отурган башкармага: "Мына бул бир карыш турган Бурана деген жерде Баласагын деген чоң шаар болгон. Дүйнөгө дүң салган "Кут Билимдин" автору бабабыз Жусуп төрөлгөн. Улуу акындын сүрөтүн тартканга дилгир болуп жүрөм. Көп нерсени талап кылбайм. Болгону бир чака олифа, бир чака ак сыр боёгу керек", - деп айтам. Макул болуп, убада кылат. Бирок, сыртка чыгарым менен баары унутулат. Куру сөз бойдон калат. Бир жума өткөн соң кайталап башкарманын кабинетине баш бакмай башталат.
Совет убагында колхоз-совхоздорду түрө кыдырып, жарнактарга "Эт, май, сүт, жүндү көп беребиз" деген ураан-чакырык жазган, эптеп акча тапкан шабашниктер келчи эле. Ошолордун бириндей көрүп жатса керек мени. Ошондуктан аргасыз актана баштайт экенсиң. Кинодо башкы сүрөтчү, живопись жаатында профессионал сүрөтчүмүн деп справка бергендей абалда болдум. Кезектеги жаңы орунга отурган айыл өкмөтүнүн башчысына да сүрөт боюнча тажабай бара берем. Бөлмөсүнүн босогосун аттап киргенимде эле мени көрүп түрү түктөйүп, кабагына кар жаап жактырбайт. "Жумуш чачтан көп, баланча күнү келчи", - дейт же кабинетинен чыгат, эшигин бекитет, кеп-сөзгө келбей кетип калат. Бир күнү иштин жөн-жайын билгенге кабинетине баш бактым. Мени көрө коё сиркеси суу көтөрбөй турганы, туталанып жарылды: "Ой, аксакал! Мен сизге сүрөттү тарт деп айткан эмесмин. Заказ да берген эмесмин. Каяктагы илгерки чалды тартам деп менин башымды оорутпаңызчы! Жөн коюңуз аны, келбеңиз!.." - дейт. Таяк менен чапкандай болду. Дендароо болуп туруп калыптырмын. Маңдайымда жакшынакай жарашыктуу костюм кийген, галстук тагынган чытырайган адам турду.
Ошондон кийин эки жыл мектептин залына басып барбадым. Эскиздерге кол тийгизбедим. Эки жылдан кийин бир күнү "Тартпагын, келбегин" деген айыл өкмөтүнүн мурунку башчысына көчөдөн жолугуп калдым. Ыраактан баш ийкешип учурашып өттүк. Мен ички өкүнүч менен жүрсөм, анда кейүүнүн эч белгиси жок, жүзү жайдары, көңүлү шат. Жаш өйдөлөгөн сайын убакыттын, мезгилдин баркын жантериң менен билет экенсиң. Ошондо кандайдыр бир таасир күч денемди жанып өткөндөй, ток тийгендей серпип өттү. Ошондо эки жылды текке, бошко кетиргениме өкүндүм. Тиги уттурган жок, мен өмүрүмдү уттурдум.
Келгенбаевдин кеткени кедергисин тийгизди
- Бурана айыл өкмөтүнө алты жетекчи алмашты дедиңиз. Ошолордун бирөөсү түшүнгөнү, кызыкканы болгон жокпу? Чын ыкласын коюп, чын ниети менен жардам берейин дегендер болбодубу?
- Дөңарык айылынын тургуну Жапар Келгенбаев 1997-жылы шайланып, айыл өкмөтүнө келди. Адабиятка жакын түшүнүгү бар адам экен. Панно-сүрөткө эң керектүү материалдарды, рейкаларды, ДСП плиталарды мектепке жеткирип берди. Ошентип, иш дөңгөлөгү ордунан козголуп жыла баштады. Шыбакталган дубалдын бетине сүрөт тартууга эч болбойт. Биринчиден, боёкторду шыбак сорот, боёктордун өңү өчөт. Экинчиден, тартылган сүрөт көпкө турбайт, шыбак менен кошо упуранып, боёктор күбүлүп түшө баштайт. Ошондуктан бетон дубал бетине рейкалар кадалып, анан барып ДСП плиталар жабыштырылып, шуруп менен бекитилет. Даярдалган аянтчага боёктор сорулбай, тегиз жугуп шыбалсын үчүн ошол аянтчаны үч жолу олифа менен жаап, кургагандан кийин атайын даярдалган желим грунт аралашманы сүрүп, шыбалып тегизделет. Темпера, акрил боёк менен үч сыйра акталат. Бардык даярдык бүткөндөн кийин, көп убакытты, мээнетти талап кылган живопистик жумушка кезек келет...
Башталган иш кызуу жүрүп жаткан чакта менин иштериме ыкласын коюп, өбөлгө болуп жардам берип турган Жапар Келгенбаевдин айыл өкмөт башчысынан күтүүсүздөн кетип калышы менин жумушума кедергисин тийгизбей койгон жок. Айрым адамдардын айтымдарына караганда, табиятынан чапчаң мүнөз, ойлогонун тайсалдабай бетке айткан, кызматына карап жалпаңдаганды билбеген мүнөзүнөн Чүй районунун ошо кездеги акими А.Кенжетаевге жакпай калганынан болгон дешет.
"Ай, иним, ай, куру убадага курсак тойбойт..."
2003-жылы 20-июлда Бурана айылы боюнча жалпы шайлоо жүрүп, жергиликтүү айыл өкмөтүнүн башчысына менин жакын тууганым Алмаз Жүкөшов шайланды. Ортолоп келип токтоп калган жумуштарымды эми аягына чыгарып бүтүрөт экенмин деген чоң үмүт байлап кубандым. Бир чети, кичинесинен бери ал менин кинодо да, сүрөтчүлүк жактан да эмгектенип жүргөнүмдү жакшы билет. Экинчиден, инилик кылып, мени улуулук катары сыйлап, көйгөйгө тийген маселелерди оңуна оодарып кош колдоп жардам берет деген ишенимим тоодой болду.
Долбоор, чийимдер, эскиз-сүрөттөр, дизайн макеттер жана бир кучак иш кагаздарга толгон чоң папкени көтөрүп, 2004-жылы 13-апрелде Алмазга, мектепте мурда директор болуп иштеп кеткен Мукан Шеримбеков менен чогуу кирдик. Мукан Шеримбеков Кыргыз университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Көп жылы Дөңарык мектебинде директор болуп, тарыхтан сабак берип жүрүп, кийин ден соолугуна байланыштуу ал жумушунан бошонуп кеткен. Ал тарыхчы катары Жусуптун бейнесин тартаарымды биринчиден болуп колдоп, кубанычын жашырбай көп тарыхый фактыларды айтып, кеп-кеңешин берип, менин кызыгуумду күчөткөн.
Алмаздын иш бөлмөсүндө узун столдун үстүнө жана орунтуктарга эскиздерди, чийим-долбоор, макеттерди чачып жайып көрсөттүк. Баяндама түшүндүрүүлөр, көп сөз жүрдү. Суроолор берилип, тактамайлар болду. Биринчи кезекте аткарыла турган пландар айтылды. Бирок, ал сүйлөшүүлөрдүн баары талаага кетти. Инимдин куру убадаларына курсагым тоюп, акыры андан тажап, кошунам Турсунбекти чакырып, шыпта илинип турган картинаны илгичтен чыгарып, Турсунбек менен колдошуп көтөрүп кеттим.
- Бабабыз Баласагын жөнүндөгү панно-сүрөттү көшөгө менен жабуу тууралуу кеп козгоп кеттиңиз, антүүнүн мааниси эмнеде?
- Салтанаттуу чогулуштарда, майрамдык күндөрдө, үлпөт-тойлордо, карыялар күнүндө, мектепти аяктап аттестат берүү салтанат аземинде төрдөгү көшөгө шаң менен ачылышы керек. Жусуп бабабыз бакыт, дөөлөт, ырыс, жакшылык жылоолоп, ак батасын берип тургандай, көкүрөккө рух деми, жүрөккө сүйүнүч куту куюлуп, касиет, көтөрүңкү сезим жандап, коштоп тургандай сезилиши керек.
Көшөгөнүн зарылчылык артыкчылыгы, залды тазалап шыпырганда көтөрүлгөн чаңдардан панно-сүрөттү тосуп, чаңдан сактайт, сүрөт бети таза турат. Актовый залдын терезелери түштүк жакты карап тургандыктан, жайдыр-кыштыр такай түз тийген күн нуру панного тийип чагылып, живопись карарып, боёктордун өңдөрү өзгөрүп кетишинен көшөгө калканыч парда милдетин да аткарат. Дагы бир муктаждык, мектепте ар кандай ийримдер бар, оюн-шооктор өткөрүлөт. Жаңы жылга, майрамдык даталарга карата куттуктоо жазуулар, ырлар, сүрөт плакаттар дегендерди панно-сүрөт бетине мыктарды кагып иле беришчү. Көшөгө бетине плакат, кагаз жазууларды төөнөгүч менен илгенге ыңгайлуу.
"Үркүндү" күзгө маал тартып бүтүрөм"
- Кино жана сүрөтчүлөр союзу биргелешип сиздин отчёттук жеке көргөзмөнү шаарда өткөрөлү деген сунушуна: өз айылыма, мектептин залында өткөрөм деп болбой койдуңуз эле?
- Менин көп фильмдерде башкы сүрөтчү болгонумду, живопистик жагынан жараткан жумуштарымды өз айылымдагылар билишпейт. "Чалкандын" бир кездеги сүрөтчүсү катары гана таанышат. "Бөлөк элде султан болгуча, өз элиңе ултан бол" дегенди эш тутуп, өз айылымда отчёттук көргөзмө ачканга дилгирленгеним ушундан.
- Сүрөтчү катары алдыга койгон ой-максатыңыз бар чыгаар?
- 1976-жылы Үркүндүн 60 жылдыгына арнап картина жазган элем. Аны көргөзмөгө жолоттурбай, ЦКга чакырылып, "Үркүндү атайлап козгоп атасың, орус менен кыргызды кагыштырганга" деп күнөөлөп, көргүлүктү көргөм ошондо. Быйыл жаңылатып, композиция жагын өзгөртүп, полотнону буюрса күзгө маал бүтүрөм го деп турам. Көптөн бери ойлоп келаткан аруу тилек ой-максатым: бир кездерде чыгармачыл майданда чогуу иштеген замандаштарым жана ар тармактагы чыгармачыл өнөр адамдары, менин жакын жолдош-жоролорум, досторум жөнүндө бейнелерин белсенип бел байлап тартууга кириштим. Кээ бирлерин баштап койдум. Темасы "Менин замандаштарым" деп аталат. Менин жараткан чыгармаларымды биринчи кезекте өзүмдүн айылымдын адамдары, жер тырмап, дан өстүргөн дыйкандар көрүшсө деген гана аруу тилек.
Маектешкен
Догдурбек ЮСУПОВ,
"Кыргыз Туусу"