email • архив • редакция  Башбарак   




Бийликке жаш кадрлар келүүдө
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Өкмөттүн аппаратына биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду жана Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Нурлан Айтмурзаевди тааныштырды.
Президент мамлекетти башкаруу системасы билимдүү, тиешелүү жаатта жакшы иш тажрыйбасы бар жаш кадрлар менен толукталып жаткандыгына басым жасады. "Өлкөбүздү өнүктүрүүдө жаңыча кадамдарга баруу зарыл болуп турат. Ушундан улам биз билимдүү, тез арада жүйөлүү чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү жаш кадрларга үмүт артып жатабыз" - деди К.Бакиев.
Ошентип акыркы күндөрдө Кыргызстанда бир катар жооптуу кызматтарга жаңы дайындоолор болду. Анын эң башкы артыкчылыгы - жетекчи кызматтарга терең ой жүгүрткөн жаңы муундун келип жатышы.
Жаңыдан дайындалган кадрлардын орточо курагы - кырк жаштын айланасында. 8-январда Президенттин секретариатынын жетекчиси болуп дайындалган Оксана Малеванаянын курагы да мына ушул чекте, ал эми анын орун басары Максим Каганер жакында отуз жашка чыгат. Ал эми кечээ биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган Өмүрбек Бабанов болгону отуз сегиз жашта. Ал мына ушундай куракта жооптуу кызматты ээлеген Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш саясатчы.
Кечээ тышкы иштер министри болуп дайындалган Кадырбек Сарбаев декабрда кырк эки жашка чыкты, ал эми Бишкек шаарындагы Ленин райондук администрациясын жетектеп жаткан Айбек Осмоналиев болгону отуз эки жашта. Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган Каныбек Жороев менен Президенттик администрациянын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы Марс Саккараев кырк бир жашта. Президенттин администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган Лада Орозбаева кырк жашка да чыга элек, ал эми эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп 10-январда дайындалган Назгүл Ташбаева болгону отуз беш жашта.
Жаңы дайындалгандардын арасында эң улуусу - Искендербек Айдаралиев. Ал - элүү үч жашта. Кечээ ал айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалды. Ал эми 12-январда Президенттик администрациянын жетекчиси болуп дайындалган Данияр Үсөнов кырк сегиз жашка толду.
Р.ЖЕТИГЕНОВ




Президент оппозиция лидерлеринен кызмат аяган жок
Мамлекеттик түзүмдөрдөгү кадрдык өзгөрүүлөр өтө туура учурга туш келди деп эсептейм. Мен акыркы күндөгү кызматтык орун которууларды өзүмчө анализдеп көрдүм.
Президент К.Бакиев бийлик тепкичтерине көбүнчө жаштарды тартып жатат. Бул образдуу айтканда, машиненин жаңы моторундай эле нерсе. Андан тышкары административдик реформанын туура жүрүп жатканын да белгилеп кетким келет. Мындан башка дагы орун которуштуруулардын болушу абзел. Ал эми оппозициянын ичинен эле былтыртан бери бир нече лидерлери жогорку, орто кызматтык бийлик орундарына отурушту. Айтсак, Феликс Кулов, Мелис Эшимканов, Өмүрбек Субаналиев ж.б., кечээ эле Өмүрбек Бабанов да биринчи вице премьерликке келди. Мындан артык дагы кандай демократия болушу керек? Бийликтин оппоненттеринин коё турган кинеси деле калбай бараткандай сезилет. Маселен, Социал- демократтар партиясы Өмүрбек Бабанов бийликке баргысы келсе өз иши деп жатышпайбы. Албетте, ал дагы аталган партиянын алдыңкы сабындагы эле жигит эмеспи. Баарынан мурда мамлекет башчыбыз элдин пикирин урматтаган үчүн ушул иштерге барып жатат деп ойлоймун. Себеби, кеп кандай позицияны тутунуп келгенине карабай, элге ак кызмат кылып бергени керек да.
Ибрагим ЖУНУСОВ,
Жогорку Кеңештин депутаты

(Пикирлердин уландысы
2-3-беттерде)














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan