, 23.01.09 - 7-бет:
  КӨЗ КАРАШ

Мамчиновниктери көп элдин жашоосу жакыр болот
2005-жылдын акыркы айларынын биринде кыргыз телеберүүсүндө журналист-баяндамачы Байма Сутенова менен болгон маегинде Президенттин Администрациясынын ошол кездеги жетекчиси Ү.Сыдыков мамлекеттик чиновниктердин, кызматкерлердин санын азайтуу-кыскартуу жөнүндө, б.а. Президенттин Администрациясынан, Премьер-министрдин аппаратынан тартып, бардык министрликтердин, агенттиктердин, ведомстволордун жана облустук, шаардык жана райондук мекеме-уюмдардагы кызматкерлер 16%га, облустарда 30%га кыскара тургандыгын билдирген болучу. Бул кыскаруу 15-октябрдан 2006-жылдын 15-январына чейин, б.а. үч айлык мөөнөттө ишке аша тургандыгын айткан эле. Андан бери үч жыл өтүп кеткендигине карабастан кызматкерлерди 16%га кыскартуу жөнүндөгү көргөзмө, ал боюнча кабыл алынган токтом, буйрук же жарлык турмушка толук ашкан жок.

Мурунку бийликтин тушунда кызматкерлердин санын кыскартуу жөнүндө ар жылы эле сөз болгон, б.а. 1995-2002-жылдары райондук, шаардык администрациялардын кызматкерлери 10-15%га же үч-төрт кызматкерге кыскаргандыгы да чындык. Ал эми райондун акиминин, шаардын мэринин орун басарлары үч адамдан эки адамга кыскарып, бир гана орун басар калган болучу. Бирок, 2003-2005-жылдары район, шаарлардын администрацияларынын кызматкерлеринин аппараттары кайрадан үч-төрт адамдарга, ал эми орун басарлары бир-үч адамга көбөйүп кеткен. Ал гана турсун биринчи канайым өзүнө ылайыкташтырып, "мен депутат же президент болсом кереги тиет" деп аялдар иши же гендердик иштер боюнча деп атайын аялдардан орун басар киргизген.
Чоң дөө-шаа мамлекеттерде, б.а. Россия, Казакстанда бюджеттен айлык алган чиновниктердин саны 5%ды түзсө, эң кенедей жана эң кичине, элинин саны аз биздин республикада мамчиновниктерди кармап турууга бюджеттин 26%ы чыгымдалат экен. Чындыгында эле көп министрликтердин, агенттиктердин, ведомстволордун жана облустук, шаардык, райондук мекеме-уюмдардын элге эч кандай зарылчылыгы жана кереги жок. Айрыкча облустук мекеме-уюмдар эт менен челдин ортосундагы бекер айлык алып жаткандар. Алар конкреттүү эмне иш аткарышат? Көзөмөлдөп аткара турган айлык, кварталдык, жарым жылдык жана жылдык план тапшырма, милдеттенмелери болбосо, район-шаарларга эч кандай жардам бере алышпаса ишке барып келгенден башка эмне иш кылышат?
Район жана шаарларда деле ошондой ахвал. Айрыкча райондордо баягыдай колхоз-совхоз, өнөр жай ишканалары, төрт түлүк мал жана техникалык өсүмдүктөр пахта, тамеки, жүгөрү, мөмө-жемиш, аларды аткаруу боюнча план тапшырмалар болбосо, жер менчикке берилип, элдин колунда болсо, өз алдынча башкаруу деп элге бийликти айыл округдары жүргүзүп, элдин суроо-талабын ошолор чечсе, райондогу мамлекеттик бийликтин 20-25 адамдан турган аппараты эмне иш кылат? Анысы аз келгенсип, акимдердин үчтөн кем эмес орун басарларынын кимге кереги бар?
2008-жылдан баштап алардын айлыктары дагы бюджеттин эсебинен 60%га көбөйтүлүп олтурат. Анысы аз келгенсип, губернатордун жана акимдердин үч-төрттөн орун басарларынын ар бирине бирден жеңил машина бекитилип берилген. Алар эртең менен кызматка келип, түштө үйүнө барып, кечинде кетип, көпчүлүк мезгилде өздөрүнүн жекече кызыкчылыктары үчүн пайдаланышат, үй-бүлөлөрүн аш-тойлорго ташышат.
Дагы бир айта турган зарыл маселе, министрликтерде, агенттиктерде, ведомство жана облустук жетекчилерде баягыдай эле бир-экиден жардамчы, катчы-машинистка деген кызматкерлер толук сакталган. Жардамчылар кыларга иштери жок, кеңседе гезит окуп, бекер гана отуруп айлык алышса, катчы-машинисткалар "шефине-жетекчисине" чай-кофе кайнатып, каш-кирпигин боёп, алардын көңүлдөрүн алгандыктары үчүн айлык, сыйлык алышат.
Райондук, шаардык, облустук жана республикалык мекеме-уюмдарда эки-үчтөн жеңил машина кармалып, алардын айдоочуларына айлык-сыйлык төлөнөт жана бензиндерине, запастык бөлүктөрүнө бюджеттен чоң сумма мамлекеттик акча чыгымдалат. Ошондуктан ортомчулук менен күн көрүп, эт менен челдин ортосунда жүрүп, айлык алып жаткан облустук структураларды, алардын айдоочуларын жана техникалык кызматкерлерин дагы 80-90%га кыскартуу күн тартибиндеги зарыл маселе болуп эсептелет. Ал эми район, шаарларда аким, мэрлердин орун басарларын толук кыскартып, башкы адистердин санын төрт-беш адамга чейин азайтып койсо максатка ылайыктуу болор эле.
Дагы бир өтө чоң маселе, депутаттардын айлыктарын кескин түрдө азайтып, аппаратын кыскартууда турат. Бир депутатка 30 миң сомго чейин айлык төлөп, ага жардамчы-консультант, секретарь жана айдоочу, б.а. төрт-беш кызматкер кармалса, төрага менен анын орун басарларына жардамчы консультанттан тышкары орун басар, кеңешчи, секретарь жана айдоочу болуп беш-алтыдан кызматкер кармалат экен. Анысы аз келгенсип мейманканада жашаган депутаттарга айына олчойгон акча төлөнөт. Депутаттар өткөн жылдын он айында үч айга жакын каникулда жүрүшсө, алардын аппараты бекер айлык алышат тура. Ошондуктан депутаттардын кызматкерлерин бир гана адамга калтырып, калгандарын кыскартуу зарыл.
Кыргыздын чыныгы мекенчил патриот уулу Азамат Алтай 1995-жылы Кыргызстанга келгенде "Американын бир штатында эле Кыргызстандын элинен көп эл жашайт. Ошол элди бир гана сенат башкарат. Ал эми Кыргызстанда болсо аткаминер чиновниктердин саны өтө көп болуп, жылдап тапкан кирешеңер ошолордун айлыгына гана кетип жатыптыр. Мындай көрүнүш менен Кыргызстандын экономикасы жогорку деңгээлде өнүгүп, элдин турмуш-шартынын жакшырышы өтө
кыйын" деп зээни кейип, өтө таамай айткан.
Ошентип республикада жеңилдин үстү менен бюджеттен айлык алган 22 миң чиновниктердин, кызматкерлердин санын 50%га кыскартып, бюджеттик чыгымдарды 26%дын ордуна 10-12%га түшүрүү бүгүнкү күндүн, жалпы элдин талабын канааттандырган болор эле. Азыр айрымдар көп жазып жатышкандай, элдин колундагылар гана эмес, бюджеттик каражаттар да сарамжалдуу пайдаланылуусу керек.
Акжол КАДЫРОВ,
ардагер журналист,
Ала-Бука району




  Жазылуу - 2009

Мамлекеттик саясатка жетекчилер, кайдыгер окурмандар кызыкдар
Талас дубанында "Кыргыз Туусуна" - 520, "Эркин Тоого" - 439, "Слово Кыргызстанага" - 208 нускага жазылуу жүргүзүлдү. Бул "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын 2009-жылдын 9-январына карата берген маалыматы.
Райондор боюнча алганда башка райондорго салыштырмалуу Бакай-Ата районунда "Кыргыз Туусуна" жазылуу бир кыйла жандуу жүрдү. Жазылуу маселесине "Кыргыз Туусу" жана "Эркин Тоо" гезиттеринин Таластагы расмий өкүлдөрү эртерээк аракет кылышып, райондук
жыйындарга да катышты. Облустук мекемелерди алганда "Түндүкэлектр" АКсынын Талас филиалы, "Айылбанк", облветбашкармалыгы, облустук телерадиокомпаниясы, облсуучарба башкармалыгы, облустук архив башкармалыгы, курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасы, ПЛУАД-5, "ЭСК" банкы, сот департаменти, ТМУ, ОИИБ, Финполиция, ФОМС, миграция жана жумуштуулук комитети бир да нускага жазылышкан эмес.
Облустук гезиттер да облустун коомчулугун маалымат менен камсыз кылып турган бирден бир каражат. Бирок финансылык кыйынчылыктардан улам "Талас турмушу" гезитинин айрым сандары кечигип жарык көрсө, айрым жетекчилер жазылуунун солгундугун ошого шылташат. Бирок, үзгүлтүксүз жарыкка чыгып жаткан "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо" гезиттерине жазылуунун талаптагыдай жүргүзүлбөй жатышын эмнеге шылтоолошот болду экен.
Жазылуу иштерине "Талас турмушу" гезити өткөн жылдагыга караганда бир кыйла эртерээк аракет жасады. Ошондон улам "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын Талас облустук филиалынын 2009-жылдын 9-январына берген маалыматы боюнча өткөн жылдын ушул күнүнө карата 1174 нуска болсо азыркы күнгө 1528 нусканы түздү.
Облустук мамлекеттик администрация - 43, "Кыргызтелеком" - 12, Манас Ордо - 39, облустук китепкана - 6, облветлаборатория - 6, сотдепартаменти - 8, жөлөкпул төлөө борбору - 5, ПВДЭС - 10, ТМУ - 25 нускага жазылышып, башкаларга өрнөк болушту. Талас шаардык "Жаңы багыт" гезитине жазылуу 254 нусканы түзсө, 4 райондук гезиттин жалпы нускасы 1765ке жеткен.
Жазылуу иштерине көптөгөн мекеме уюмдардын жетекчилери райондордун айрым акимдери, Талас шаарынын вице-мэри, көпчүлүк айыл өкмөт башчылары жетишерлик деңгээлде маани берип, олуттуу ишке жоопкерчилик менен мамиле жасашкан жок. Президенттин, Кыргыз Өкмөтүнүн саясатын жана жергиликтүү бийликтердин аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматтар мамлекеттик гезиттер аркылуу гана коомчулукка, калкка жеткирилет. Бирок, тилекке каршы, ушул маанилүү маселеге айрым кайдыгер жетекчилердин маани бербегендиги өкүнүчтүү.
К.ИМАНКУЛОВ.
"Кыргыз Туусу"




Электр эби менен колдонулса...
Аламүдүн районунун электр энергиясын пайдалануусу январь айында суткалык ченеми 1 млн. 600 миң кВт.саатты түзөт. Берилген ченемге кириш үчүн, райондун энергетиктери күндүзү саат 16-00дөн 19-00гө чейин, түнкүсүн саат 00-дөн эртең менен саат 6-00 гө чейин өчүрүп жатат. 20-январга аламүдүндүктөр 1 млн. 580 кВт.саат электр энергиясын пайдаланган. Ушул жумада "Түндүкэлектр" ААКсы, Чүй облусу боюнча Мамэнергияинспекциясы, Чүй облустук администрациясынын жумушчу тобунун комиссиясы Аламүдүн жана Ленин айыл өкмөтүнүн абоненттерине текшерүү жүргүзүштү.
Беш кафени, бир бажы постун, бир МАИ постун текшерүүдө бул объектилердин электр казандары өчүрүлгөнү, баардыгы альтернативдүү жылытууга өткөнү, кээ бир кафелердин ээлери газдык жылытуу приборлорун сатып алышканы дайын болду. Рейд учурунда Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан "Ислам" кафеси жана унаа жуучу жайдын электр энергиясы өчүрүлдү, анткени, алардын дебитордук карызы 23 558 сомду түзгөн. Жумушчу комиссия бир нече турмуш-тиричилик абоненттерин текшерди, алардын арасында үч фазалуу кошулумдарды өз алдынча кошуп алган абоненттер катталган жок, текшерилген өздүк үйлөрдүн ээлери көмүр жагышат экен.

Ал эми Ленин айыл өкмөтүнүн абоненти, Алма-Ата көчөсүнүн жашоочусу Зарницская электр энергиясын төлөбөй пайдалангандыгы үчүн өчүрүлдү. Аталган абоненттин электр энергияны пайдалануусу 3 миң сомду түзгөн. Аламүдүн району боюнча бүгүнкү күнгө 36 миң 705 абонент бар, күндөлүк рейд жасоодо дебитордук карызы үчүн жана электр энергиясын пайдаланууда эрежени бузган 200гө жакын абоненттердин электр энергиясы өчүрүлүп турат.
2007-жылга салыштырмалуу, өткөн 2008-жылы аламүдүндүктөр электр энергиясын 67 млн. 600 миң кВт.саатка кем пайдаланышкан, башкача айтканда 16,3%га аздык кылат.
Гүлзат АСКАРБЕКОВА,
"Кыргыз Туусунун"
практиканты