, 23.01.09 - 17-бет:
  мурас

"Кут Билим" улуттун рух дөөлөтүн өстүрөт
(Башталышы 1-бетте)
Ошол агымы тыйылбаган чоң жол менен ары-бери өткөн элдер, жаш-карысы, эртеңки биздин ордубузду баса турган жаш муундар жүз буруп, сүрөт-паннодо чагылдырылган бабабыз Жусуптун бейнесин көрсүн, жазууну окусун, билишсин, таанышсын деген гана башкы максат болгон.
Дөңарык айылынын орто мектебинин жыйындар залынын сахна төрүндө бийиктиги 4 метр, узундугу 9 метр келген шыпта, живопистик жумушка ылайыкталып өзгөчө грунт темпера боёк менен акталып даярдалган ошо бетте, күн чубатып, ай узатып, сегиз жыл убакты өткөрүп сүрөтчү Сагынбек Ишенов Жусуп Баласагындын бейнесин "Доор үнү" тема үстүндө талыкпай эмгектенип келүүдө. Жакында зор кызыгуу менен шаардан атайын аттанып барып, аяктап бүтө жаздап калган ошо көлөмдүү сүрөт-паннону көрдүм. Көз алдыда - байыркы Баласагын шаарынын көрүнүшү. Көмкөрүлгөн көк асмандай көк түс куполдор, имарат-сарайлар. Борбордо төбөсү асман мелжиген Бурана мунарасы. Ай ааламдан, чыгышынан Кытай, батышынан Рум Мыср, Византий өлкөлөрүнөн бери Күз-Ордого келишкен элчилер, доор жүзү, колорити сакталып, ошо кездеги XI кылымда жашаган элдердин өң-турпаттары, ошо кездеги кийинген кийимдери. Ордодо топтолгон ханзаадалар, ханайымдар, бектер, жоокерлер. Ортодо турган бабабыз Жусуп Баласагын. Сол колунда "Кут Билим" китеби. Алдыга көз чаптыра ойлуу тиктейт, оң колун саал көтөрө:
"Илим, билим -
Бардык иштин негизи,
Илим, билим -
Ийгиликтин жемиши" ,
- деп асыл-нарк сөзүн келечек муундарга аманат таштагандай болуп кетет. Ушул атайын сөз кылып турган тематикалык, монументалдык панно-сүрөт кыргыз жергесинде экөө эле болуш керек. Бирөөсү - таланттуу сүрөтчү Теодор Герцендин Таластагы жараткан эмгеги, экинчиси - ушул Чүй өрөөнүндөгү бирден-бир жалгыз Дөңарык мектебинин жыйындар залындагы панно-сүрөт. Адегенде маегибиз даанышман бабабыз Жусуп Баласагын тууралуу башталды.
"Рухий жардылык адам баласын пастыкка айлантып, катардан кем калтырар"
- Сагынбек ага, сиздин залкар эмгек жаратууңузга шык берип, түрткү болгон Жусуп Баласагындын атактуу "Кут Билим" аттуу эмгегине токтолуп өтпөйсүзбү?
- Алп ойчул, даанышман, илимпоз, атактуу акын жердешибиз Жусуп Баласагындын "Куттуу Билими" кытайча, индияча, немисче, казакча эчак эле которулган болсо, ал эми чагатай тилинен орусчасы 1983-жылы которулган. 1965-жылы Ташкентте жарык көргөн өзбек антологиясынын 2-тому Жусуптун чыгармасы менен башталат, андан бөлөк өзүнчө китеп болуп жарык көргөн. Ал эми кыргыз тилинде алиге чыгара электигибиз өзүбүздүн кайдыгерлигибиздин далили, барктап баалабаганыбызды ачык моюнга алуу керек. Кыргыз деп аталган элибиздин закымдаган заман, сансыз узак жол кыйырын баскан тарыхыбызда, катмарланган кылым бүктөмөлөрүндө бүктөлүп жоголуп кетпей, ушул эстеликтин биздин заманга чейин жеткени тагдырдын ак жолу, жараткандын бизге берген, бизге буюрган рух дөөлөтү, шыбагасы, ырысы экен. Жусуп Баласагындын чыгармасынан жайдак куру калып, китеби которулуп басылбай, элге жетип окулбай, кыргыздын көкүрөгүнөн өчүрүлүп ташталгандыгын урпактар, муундар эч кечирбестир жана унутпастыр.
Кылым карыткан, ак карлуу мөңгүдөй ак калпак кыргыз эл болгон. Бир ай бою күнү-түнү айтса аягына чыгалбаган "Манасты" айткан манасчылары болгон. Артына өлбөс-өчпөс из калтырышкан ырчылары, акындары, акылман чечендери болгон. Эл коргогон эр жүрөк Барс-бек деген башчы кеменгери болгон. Буга Энесайдагы Култегин, Төнүкөк, Билге Кагандын бейиттерине коюлган эстелик таштагы жазуулары күбө. Таштардагы руника жазуулар тастыктайт. Элдик рухий дүйнөсүнө ширетилген Жусуптун "Кут Билимине" туюна албагандар, өзүнө сиңире албагандар, өз руху, ички дүйнөсү кеңибей жайдакталып жарды, ыйык мурас, күлазыктан кемтик калары жалган эместир. "Малга, акчага, дүйнөгө жардылык кемтик эмес, рухий жардылык адам баласын пастыкка айлантып, катардан кем калтырар", - деген Жусуп он кылым илгери.
"Куттуу Билим" адам рухуна жугумдуу күч, жан азыгы, дилге уюм, көркүнүн касиеттүүлүгүндө жана даанышман акындын сөз кудуретинде. "Самаркан асманындагы жылдыздар" деген көп томдуу романдын автору, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын жана Өзбек ССРинин Хамза атындагы сыйлыгынын лауреаты, орто кылымдагы Орто Азияны жердеген калктардын тарыхын изилдеп тыкыр билген окумуштуу Сергей Бородин: "Силер кыргыздар, эң эле камырабаган, момун элсиңер. Жадагалса өзүңөргө тийиштүү маданий энчини алуудан да жалтайлайсыңар! Деги,
байыркы көркөм кенч адабий мурастарга силердин энчиңер чоң экенин билесиңерби? Кыргыз түрк элдердин ичинен силердин бабаңардын жаратканы бекер эмес! Өз мурасыңардан куру жалак калбагыла!" - деп сезимди селт эттире от чачкандай таамай-таасын айткан экен. Азыркы кымгуут түшкөн рыноктук турмушубузда акчаны, байлыкты гана ойлоп, анын кулу болуп, аң-сезим көрөңгөсүнөн какшып куруп баратканыбызды сезбей баратабыз.
"Илим-билимсиз коомдун интеллектиси тайыз, жолу караңгы..."
Алп ойчул, залкар акындын
"Куттуу Билим" чыгармасында "Окуу, илим-билими өнүкпөгөн эл түркөй, билимсиз келечек жок, илим-билимсиз коомдун интеллектиси тайыз, жолу караңгы, мамлекеттин келечеги жок. Кандай гана заман, доор, кандай гана мезгил болбосун илим-билимдин ак жарыгы адамзатты алга сүйрөп келген" деген даанышмандын акыл ак сөзү жерге нур төгүлгөндөй чагылдырылган. Байыркы ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолун, тарыхын билбей, баалабай, сезимге сиңирип көкүрөгүбүз менен туйбай туруп эртеңки алдыга басчу жолубуз бүдөмүк, туңгуюк...
Байыркы Караханий каганатынын борбору Баласагын шаарынын чалдыбары чыккан урандысынын калдыгы азыркы Токмок шаарынан 12 чакырым аралыкта - түштүк тарабында "Бурана музейи" деп аталган жерде орун алган. IX кылымдын биринчи жарымынан XIII кылымдын башына чейин түрк элдеринин кубаттуу Караханийлер мамлекети орноп, бул мамлекет ошол убактагы борбордук Теңир-Тоо аймагында жашаган Чигил, Карлук, Ягма, Тухчи, Кыргыз ж.б. уруулардын бирикмесинин негизинде түзүлгөн. Орто кылымдагы алп окумуштуулардын бири Беруни XI кылымда Борбордук Азияда жашаган түрк тилинде сүйлөгөн урууларда, кыргыздар экономикалык жана саясый жактан мыкты, өз алдынча болуп, жалпы калктын
дээрлик көпчүлүк бөлүгүн түзүп тургандыгы жөнүндө маалымат калтырган. (Беруни. 3-том. 155-бет).
Караханий мамлекетине Батыш Түркстан, Түштүк Казакстан жана Орто Азия, Аму дарыясына чейин жеткен зор аймак жерлер кирген. Караханийлер доорунда Орто Азия чөлкөмүндө көчмөн түрк элдердин отурукташуу процесси жүрүп, шаар, кыштак аймактары сан жагынан өскөн. Ири шаарлардын борбордук бөлүктөрүнө архитектуралык кооз имараттар тургузулуп, алыскы Кегети тоосунан бери карапа түтүк нооча орнотулуп, шаар элине таза тоо суусу жетип турган. Мечиттер курулуп, медреселер ачылган. Диний сабактардан башка адабият, философия, тарых, география сыяктуу окуулар өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар тастыктайт. Илим тили катары негизинен араб тили кызмат кылган. Ушул жалпы өөрчүү күрдөөл учурунда мусулман дини кабыл алынат. Караханий мамлекетинин Орто Азияда гүлдөгөн ордо шаары Баласагын болгон. Бул ордо калаа аркылуу Улуу Жибек соода жолу өтүп турган. Шаардын нак ортосунда орнотулган Бурана мунарасынын байыркы убактагы бийиктиги 46,47 метр болуп, ал кербен жүргүнчүлөргө багыт бере турган маяктын ролун аткарган. (Азыркы тушта Бурананын бийиктиги 24 метр). Түрк элинин ири тарыхчысы жана окумуштуусу А.Дильачар өзүнүн эмгегинде Жусуп Баласагын жөнүндө көп жыл бою зор ынтаалык менен тыкыр изилдеп, айрым окумуштуулардын улуу акындын төрөлгөнүн 1010-1020-жыл делген чаржайыт арсар божомолдорго чекит коюп, көп жыл үңүлүп изилдеген эмгегине таянып, Жусуп Баласагын 1018-жылы төрөлгөн деген ишенимдүү жыйынтыкка келет. Окумуштуу
Р.Араттын эсеби боюнча "Кут Билим" поэмасын жазып аяктаган мезгилинде Жусуп 54 жашта болгон дейт. Жусуп "Кут Билим" поэмасында ойчулдун өз колу менен кара сөз жана ыр түрүндө өзү жөнүндө жазылган маанилүү маалымат фактыларды кездештирүүгө болот.
Дастандын башталышында автордун:
"Арабча, тажикче китептер
арбын,
Бул китеп биздин тилибизде
алгачкы салым".
Биринчи сапта эң оболу бөтөнчө көңүл бөлгөн жери, Караханий мамлекетинде араб жана тажик (парсы) тилдеринде ар түрдүү китептердин арбын болгондугу айтылат. Ал эми экинчи сапта бул китептин тилибиздеги эң биринчи, эң алгачкы китеп деп автор сыймыктануу менен жазат. Түпкү мааниси, биздин тилибиз дегени. Караханий мамлекетинин көпчүлүк калкын түзгөн, түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын арасынан кыргыздар көп санда экенин айгинелейт.
Он кылым илгери эне тилдин даңазаланышы
Махмуд Хусаин Барсканинин
маалыматы боюнча Ысык-Көл айланасындагы жана Чүй өрөөнүндө жашаган көчмөн уруулардын тили накта таза түрк тили катары эсептелет дейт (М.Кашгари, 1-т., 422-бет). Демек,Карахан мамлекетиндеги кыргыздар көпчүлүктү түзүп, башка элдердин айрыкча парсы, араб сөздөрү аралаша элек таза тил экендигин Махмуд Кашгари дааналап ырастайт. Кыргыз деп аталган эл үчүн, урпактар үчүн он кылым илгери, орто кылымда биринчи болуп өз эне тилин кадырлап ыйык тутуп, сүйүп, ал тилде дастан жазган ойчул даанышман акын бабабыз Жусуптун поэмасын бизге калтырган ыйык мурас, айтып бүткүс насил-нарк, дөөлөт деп билишибиз керек. Кыргыздын жана жалпы түрк тилинде сүйлөгөн элдердин жазма адабияты Жусуп Баласагындан башталат. Ал дүйнөлүк тарыхта түрк тилиндеги адабиятынын негиз салуучусу, үлгүсү, башаты. Буга чейин түрк тилинде көркөм чыгарма жазылган эмес деп айтып келип:
"Элдик эле түрк сөзү жүргөн
тоодо,
Үйрөттүм айдап кирип
мен короого".
Ойчул бабабыздын мурасы, ал кыргыз адабияты, маданиятына гана эмес, ал дүйнөлүк илим жана маданиятына кошкон эбегейсиз зор салымы деп эсептелинет. Ал поэма биздин ата-бабабыздын рухий маданиятыбыздын түпкү башаты ырастаган накта ыйык мурасы, биздин улуттук кенчибиз. Ойчул даанышман поэмасын Баласагын шаарында баштап (1068-1075-ж.), Кашгар шаарында аяктап, 18 айда бүтүргөн. Кашгар шаарын бийлеп турган Тавгач Буура Карахан Абу Али Хасанга поэмасын ызаат менен тартуу кылган. Бул адам чыгыштын ислам чөлкөмүндөгү эң кубаттуу кең аймакты бийлеп турган бийлик эгеси, кагандык титулу, Буура-хан, Кара-хан деген ысым менен хандын ханы деп аталган. Кара-хан тарыхый-инсан. Эң оболу Кара деген сөз кыргыздар орто кылымда колдонгон күчөткүч сөзү, улуу, чоң, күчтүү, кайратман деген маанини берип турган. Демек, Карахан улуу падыша, улуу хан, күчтүү хан дегенди билдирет. Тавгач Буура Карахан ал поэманын терең ой, мазмунуна ыраазы болуп, алкыш иретинде акынга "Улуг-хасс-хаджиб" деген наам ыйгарган. "Хасс" арабча хан сарайындагы урматтуу адамдардын бири, ал эми "Улуг-Хаджиб" дегени хан мыйзамында кызмат өтөгөн өтө кадырлуу адамдын наамы. Улуу акын Жусуптун кайсы жылы, канча жашта жарык дүйнөдөн өтүп кеткендиги жөнүндө тарыхый маалыматтар жок. Айрым уйгур окумуштуулары акын 68 жашында каза болуп, сөөгү Кашгардан алыс Тайпан деген жерге коюлган деп божомолдошот.
Учугу табылган үч нуска
Тарых изилдөөчүлөрдүн бил-
диргендерине караганда Жусуптун "Куттуу Билим" поэмасынын үч нускасы гана сакталып калган. Ооганстандын Герат деген шаарында Хасан Кара-Саил Шамс деген адам 1439-жылы июнь айында эстеликтин көчүрмөсүн уйгур жазуусу менен көчүрүп бүткөн. Кандай себептен, кандай шартта ошол көчүрмө Түркиянын Токат шаарына жетип, андан кийин 1747-жылы Стамбулда пайда болгону бизге белгисиз. Кол жазманы китеп күркөсүнөн 1796-жылы Австриянын окумуштуусу Иосиф Хамзин сатып алып, мекенине кайтып келгенде борбордук китепканага тартуу кылган. Ошентип, ошол нуска Вена шаарында сакталууда. Экинчи нуска Египеттин борбору Каирде Хидув китепканасынан немец окумуштуусу Б.Морин тарабынан 1886-жылы табылган. Кол жазма колдон колго көп өткөндүктүн натыйжасында жакшы сакталбагандыктан, айрым жерлерин окуш өтө кыйын. 1896-жылы анын сүрөт көчүрмөсүн академик В.Радлов Петербург Академиясынын Азия музейине, чыгыш таануу институтунун кол жазма фондусуна атайын алып келген.
Үчүнчү нускасы Намангандан табылган. Бул нуска аталган эки кол жазмадан айырмаланып, эң толугу деп эсептелинет. Ал кол жазманы биринчи ирет 1913-жылы Мухамед Ходжа Эшендин өздүк китепканасынан А.З.Валидов деген адам тапкан. Кол жазма табылгандан кийин бир топ мезгилге чейин дареги жок дайынсыз жоголуп кетип, кайрадан 1925-жылы өзбек окумуштуусу Фитрат таап, ал жөнүндө макала жарыялаган. 1928-1929-жылдары Фитрат "Өзбек адабиятынын үлгүлөрү" деген китепке эстеликтен үзүндүлөрдү киргизген. Эстеликтин нускасы азыр Өзбек Илимдер академиясынын чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондусунда сакталууда. Эстеликте азыркы кыргыз, уйгур, түркий тилдеринин сөздүк курамындагы уңгу сөздөрдүн бардыгы кездешет. Аларда кээ бир гана тыбыштык айырмачылыктар бар. Анын тилдик фактылары Карахан мамлекетин негиздеген Карлук, Чигил, Ягма, Тухси, Кыргыз, Кыпчак уруулук бирикмедеги түрк элдеринин оозеки сүйлөө тилинин негизинде жазылгандыгын окумуштуулар такташкан. Махмуд Кашгари да өзүнүн сөздүгүн түзгөндө таза түрк тилдери деп ырастайт.
Пакистандын борбору Исламабад шаарынын маданият аксарайында Орто Азия жана батыш-чыгыш Ислам өлкөлөрүнүн аты таш жарган, ааламга атагы тараган албан-албан окумуштууларынын, улуу акындарынын бейнелери коюлган. Ошолордун арасында жердешибиз Жусуптун бейнеси да бар. Буга биз сыймыктанууга акылуубуз.
(Уландысы бар)
Маектешкен
Догдурбек ЮСУПОВ,
"Кыргыз Туусу"