, 23.01.09 - 16-бет:
  Инсандын тазалыгы, тереңдиги тарбиядан

Өлкөдө билимдүүлөр арбын, ал эми чыныгы инсандар аз
Инсан эки тараптуу
Адам баласын Алла таала жараткан, жаратканда да эки тараптуу: денеси жана руханий дүйнөсү бар инсан катары жараткан деп эсептеп, дене тарбиялоо тууралуу изилдөөлөр кыйла алдыга озуп кеткендигин эске алып, рух дүйнөсүн кандай тарбиялоо керек экендиги тууралуу сөз кылсак.
Тарбия деген эмне экенине кыскача токтоло кетсек. Инсан коомдон сырткары болушу мүмкүн эмес.
Коомдо жашоо үчүн коом өзүнө ылайыктап иштеп чыккан адеп-ахлактык нормаларды, каада-салттарды, туткан дининин талаптарын сактап жашабаса коом аны жерип, сыртка чыгарып коюушу мүмкүн.
Бала төрөлгөндө жогорудагы саналган нерселердин бирөөнү да билбеген, бардык жагынан таптаза болуп төрөлөт. Анын нарк-нускалуу инсан болушу, же чектен чыккан адепсиз болуп калышы анын үй-бүлөдөн, айлана-тегерегинен, мектептен алган тарбиясына жараша болоору белгилүү.
Демек, тарбия деген инсанды төрөлгөндөн баштап, дене бою өлгөнгө чейин анын дүйнө таанымын, кулк-мүнөзүн, адамдар менен болгон өз ара мамилесин жашап жаткан коомундагы адеп-ахлактык нормаларга ылайыктоо процесси десек жаңылбасак керек.
Кыргыз баласын кантип тарбиялаган
Кыргызды кылымдар бою
жер бетинде сактап келе жаткан анын боз үй ичиндеги үч муундан турган үй бүлө тутуу модели болсо керек. Үй-бүлөдө бул турмуштун ачуу-таттуусун башынан көп кечирген чоң ата жана чоң эне турмуштук тажрыйбасы жетиле элек баласына, келинине турмуштун туура жолун тандоого багыт берип, ал эми жаңы эле дүйнө таанып келе жаткан небересине дүйнө таануу сабактарын күндө берип, жаран катары калыптануусунун пайдубалын түзүшкөн экен.
Мындай пайдубалдуу тарбияны чоң ата (чоң эне) небересин койнуна алып жатып, жетелеп ээрчитип жүрүп, дүйнө таануу тутуму тууралуу, таалим, тарбиялык мааниси зор жомокторду, болмуштарды, кызыктуу окуяларды, насааттарды айтып берчү турбайбы.
Азыркы чоң ата, чоң энелердин чоң кемчилиги, алардын тарбиялык мааниси зор элдик жомокторду, болмуштарды, насааттарды билбегендигинде жана көр тириликтин айынан небереси менен боор батырышып сүйлөшүүгө убактысы жетпегендигинде.
Чоң ата (чоң эне) ошол насаат, жомокторду кандай айтты экен, моделин түзүүгө аракет кылып көрөлү.
Тарбия башы Кудай таанууда
1. "Ээ уулум (кызым), дайыма эсиңде туткун, он сегиз миң ааламды, анын ичинде адамды жараткан бир улук бар, ал Кудай". "Биринчи кезекте Сени менен Бизди жараткан Кудайга ыраазы болуп, анын биз үчүн жиберген эрежелерин бузбай сактап жашообуз керек" деп чоң ата небересинин дайым эсине салып, "Кудай таануу" жана "Дин таануу" сабактарын тынымсыз берип, Кудайдан коркуу, аны сыйлоо сезимин калыптандырган экен.
Мекен жана эл сүйүү сезими
2. "Ээ уулум (кызым), дайыма эсиңде туткун, адамзат пендеси үчүн эки бийик бар: биринчиси атпай элиң, экинчиси Ата Журтуң. Мекени жок жаран кем жаран, мекени жок эл кор эл" деп, Кудай таануудан кийин эле элин сүйүү, мекенин сүйүү сезимин, азыркыча айтканда патриоттук сезимин калыптандырган экен.
Мезгил талабын сезе билүү, ойду туура ойлоого үйрөнүү, жаратылышка аяр мамиле жасоого үйрөнүү
3. "Ээ уулум (кызым), дайыма эсиңде туткун, артына кайрылгыс, кайталангыс үч күлүк бар, алар: мезгил, ой жана жел" деп, убакыт, мейкиндик жана андагы адамдын Кудай таала тарабынан белгиленген вазипасы тууралуу түшүнүктү неберенин көңүлүнө орнотчу экен. Мезгилди туура баалап пайдаланганга, ойду туура ойлоп мүдөөгө жетүүгө, жел аркылуу экологиялык маселелерди туура түшүнүп, жаратылышка аяр мамиле жасоону үйрөтчү экен, .
Ыйык нерселерди ысырап кылбоого үйрөтүү
4. "Ээ уулум (кызым), дайыма эсиңде туткун, адам баласы ысырапчылык менен жумшап, кор кылууга акысы жок төрт ыйык бар, алар: суу, нан, от, туз" деп, алардын ар биринин адам өмүрүндөгү маанисин түшүндүрүп, аларды сарамжал пайдаланууга, ысырап кылбоого, ал ыйыктарды бирине бирин каршы койбоого үйрөтчү экен.
Турмушту суз кылбоочу ысыктарга мамиле жасоону үйрөтүү
5. "Ээ уулум (кызым), дайыма эсиңде туткун, алар болбосо адамдын өмүрү муздак, суз өтө турган төрт ысык бар , алар; ата-эне, бала, жар, мал" деп, алардын ушул катарда гана бааланышын кулагына куюп, ата-эне баркын, бала тарбиялоо тартибин, асыроону, жар күтүүнү жана малга (байлыкка) болгон токтоо мамилени (каниетчиликти, напсини тыйганды) үйрөтчү экен.
Адам баласы дайыма жетүүгө умтулган таттууларды таануу
6. "Ээ уулум (кызым), дайыма эсиңде туткун, адам баласына таттуу төрт нерсе бар, алар: өмүр, үмүт, чындык, ынтымак" деп, аларды сактоо жана аларга жетүү үчүн адам тынымсыз күрөшүүсү зарыл экендигин кулагына куюп, бул таттуулардын адамдын турмушундагы зор ролун түшүндүрчү экен.
Адам баласы дайыма кутулууга умтулган ачууларды таануу
7. "Ээ уулум (кызым), таттуусу болгондон кийин анын төрт ачуусу дагы бар, алар: өлүм, оору, карылык, жокчулук" деп, аларды баштан өткөрүүдө сабырдуулук, чыдамдуулук, акыл-эстүүлүк керек экендигин кулагына куюп, токтоолук касиетин калыпташкан экен.
Адамды дайыма
коштоп, ийгиликке алып
келе турган достору тууралуу
8. "Ээ уулум (кызым), адамга тилеген максат, муратына жетүүгө көмөк бере турган, аны өмүр бою коштоп жүргөн төрт досу бар, алар: акыл, билим, абийир, эмгек" деп, Кудайдын берген акылын билим менен толуктап,
абийир сактап, ак эмгектенген адам дайыма бул досторунун үзүрүн көрөөрүн түшүндүрүп, тарбиялаган экен.
Адамды дайыма
кыйроого алып келе
турган кастары
тууралуу
9. "Ээ уулум (кызым), дос болгон жерде дайыма кас да болоору эсиңде болсун, адамдын төрт кас душманы бар, алар: жалкоолук, ачкөздүк, уурулук, эки жүздүүлүк" деп, бул терс нерселерден алыс болуп, эгерде болгон болсо алардан кандайча арылуунун жолдорун да кеңеш катары айтып, эмгекчилдик, ынсап топуктуулук, чынчылдык касиеттерин калыптачу экен.
Тогуз таат, тогуз огожо
Саресеп салсаңыз нукура
кыргыз тарбия тутумунан тогуз катарды, ал тогуз катардын ичинде адамдык сапатты калыптоочу отуз түрдүү баалуулуктарды (түркүктөрдү) көрөсүз.
Коомдун талабына ылайык келген адамдык сапатты калыптоо - бул тарбия экендигин эске алып, нукура кыргыз тарбиялоо системасы тогуз тааттан (ыклас кылуу, баш ийүү), отуз огожодон (таяныч, түркүк) турган экен деген гипотезага таянсак, [Козубеков Т. Көкөтеңир - алтын казыгым. Бишкек, 2003, 120-б.], аны илимий негизде далилдөө азыркы кыргыз педагогика, тарых жана башка гуманитардык багыттагы илиминин кечиктирбей изилдөөчү актуалдуу маселеси экенин азыркы мезгил көзгө сайып көрсөтүүдө.
Окурмандын нукура кыргыз тарбия берүү тутуму болжолдуу түрдө тогуз катмардуу, отуз башка бөлүктөн турган пирамида түрүндө келтирилди (сүрөттү караңыз). Пирамидадан көрүнүп тургандай, адамдык сапаттын бардык критерийлерин көзөп өтүп, бириктирип, тепчип турган негизги критерий (тарбиянын өзөгү) бул кудайга ишенүү экенин тарых тастыктоодо жана азыркы турмуш көрсөтүүдө.
Ушул тутумда тарбияланган кыргыз баласы Кудайдан корккон, пендеден уялган, нарк-нускалуу, улууну урматтай, кичүүнү ызаттай алган, кара кылды как жарган, калыс сөзүн айта алган, ак менен караны, адал менен арамды ажырата алган, сабыр, топуктуу, мекенин чексиз сүйгөн адамдардан болушуп, кыргызды жер бетинен жоготпой келе жаткан турбайбы.
Азыркынын көйгөйлүү маселелери эмнеде?
Адам баласы, анын ичинде
кылымдарды карыткан кыргыздар да, эки жолдун айрылышында турат. Ал айрылышта баягы, ата-бабаларыбыздын жомогундагыдай эле: "оң жакка барсаң элиң эл катары жоголот, сол жакка барсаң өзүң өлөсүң" деп жазылуу.
Бир жагынан глобализация шаштыны алат: "Ээй кыргыз, эне тилиңди, тарыхыңды, маданиятыңды, руханий өзгөчө байлыктарыңды, туткан диниңди унут. Ушул нерселер бирибизди бирибизге душман кылып жатат. Андан көрө күн батыш цивилизациясынын жашоо моделин кабыл алып, башыңды көп оорутпай, жашай бербейсиңби, биз жардам берип турабыз" деп.
Экинчи жагынан ага каршы карт тарыхтын сабактары үн салат: "Ээй кыргыз, буга окшогон процесстер ата-бабаларыңдын баштарынан көп өткөн, эсиң барда этегиңди жап, эне тилиңди, тарыхыңды, маданиятыңды, руханий өзгөчө байлыктарыңды, диниңди бекем сактагының, күн батыш цивилизациясынын жашоо үлгүсүн түздөн-түз кабыл албагыла, ал үлгү түбүңөргө жетет, кудай берген улуттук өзгөчөлүгүңөрдү сактап, башыңарды өйдө көтөрүп, өз эмгегиңердин үзүрү менен жашагыла. Бул дүйнө маданий-цивилизациялык айырмачылыктар менен кызык" деп.
Кыргыздын бала тарбиялоодогу идентификация критерийлери:
1. Бир улук Кудай (Көкөтеңир, Жараткан);
2. Эки бийик: 2.1.- Атпай эл; 2.2 - Ата Мекен;
3. Үч күлүк: 3.1- Мезгил; 3.2 - Ой; 3.3 - Жел;
4. Төрт ыйык: 4.1- Суу; 4.2- Нан; 4.3- От; 4.4- Туз;
5. Төрт ысык: 5.1- Ата-эне; 5.2- Бала; 5.3-Жар; 5.4- Мал;
6. Төрт таттуу: 6.1- Өмүр; 6.2- Үмүт; 6.3-Чындык; 6.4- Ынтымак;
7. Төрт ачуу: 7.1- Өлүм; 7.2- Оору; 7.3- Карылык; 7.4- Жокчулук;
8. Төрт дос: 8.1- Акыл; 8.2- Билим; 8.3- Абийир; 8.4- Эмгек;
9. Төрт кас: 9.1- Жалкоолук; 9.2- Ачкөздүк; 9.3- Уурулук; 9.4- Эки жүздүүлүк.
Кай жагына барышын аныктай албай кыргыз элинин башы маң. Ата-бабаларыбыздан калган жомоктордо чыныгы баатыр дайыма экинчи жолду тандап алып, кыйынчылыктарды жеңип, жыргап-куунап жашап калчу эле. Бул жолу кантээр экенбиз? Ошол жомоктордогу оң каармандын эркиндей эрк, эрдигиндей эрдик калды бекен азыркы кыргызда?
Кыскача соңку тарыхтан
Кыргыз эли кылымдарды ка-
рытып, жер бетинен жоголбой келаткан, акылман эл экендиги тарых барактарынан белгилүү. Акылмандыгыбыз, кой оозунан чөп албаган момундугубуз үчүнбү, айтор Алла таала кылымдардан эңсеген Кыргыз эгемендүүлүгүн өткөн кылымдын 90-жылдарында белек катары бере коюп бир сүйүнтсө, өлкөнү башкарууну, баарын "терең" билген окумуштууга насип кылды. Анан эмне болду?
Баарын түшүнгөн окумуштуу эле киши, ата-бабаларыбыздан калган "байлык, бийлик колдун кири" деген накыл сөзүнө маани бербей, түбөлүк бийлик ээси болууга, байлыктын баарын чогултуп алууга умтулганына, кыргыз жеринин бир танабын аракет кылып талашпай эле алдырып жибергенине ыза болгон эл нааразычылыгын айтып чыкса, алардын алтоону торойто атып таштады. Анан М. Горбачев айткандай "процесс кетти" да, элдик ыңкылап болуп, окумуштуу ажобуз элин таштап качып кетти.
Жаңы Президентти Кыргызстан элинин онунан тогузу чын ыкласынан добушун беришип, шайлап алганда да бир сүйүнүп, эми тазаланып, тынч заманда жашайбыз деп үмүт арттык эле. "Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" дегендей ашкере сак болуп жаткандыгыбызданбы, же 15 жыл ичинде руханий кайыгууга кабылган напсибиздин бузулганынанбы же тымызын трайбалисттик тирешүүдөнбү же мурунку жетекчилик учурунда чоң акырдан жем жеп калгандардын ич күйдүлүк демилгесиненби, айтор оппозиция менен бийликтин тиреши президентке да, утуру түзүлө берген өкмөткө да чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүнчүлүк бербегендиктен, өлкөбүз март революциясынан кийинки 2,5 жыл ичинде деле туруктуу бир абалды ээлей албай коюп, өлкө Президенти чечкиндүү кадамдарга 2007-жылдын сентябрынан баштап барууга аргасыз болду. Себеби эмнеде?
Талдап келсек, тирешүүлөрдү билими терең, тажрыйбасы мол эле, аттары жалпы элге таанымал инсандар атайын уюштурганы даана эле белгилүү болуп турбадыбы. Демек, кеп билимде, тажрыйбада эмес, ошол уюштуруучулардын алган тарбиясында, Кыргызстанды Мекен катары сүйөөр, сүйбөсүндө, аларда калыптанган адамдык сапатында окшойт.
Демек, азыркы убакта кыргыз коомунда жашап жаткандардын баары билим алууга гана көңүл бөлүп, кыргыздын нукура тарбия берүү системасын жерип, мутант, тайкы тарбия алгандыктан, билимдүү, бирок ачкөз, бейбаш болушуп, коомубузга бүлүк салышууда деген тыянак чыгарсак ката болбосо керек. Билим сапатын жакшыртуу керек деген куру кыйкырыкты токтотуп, тарбия берүү менен билим берүүнү айкалыштырууну изилдеп, реформа жүргүзсөк жакшы болмок.
Кыргыздын бала тарбиялоо модели боз үйдө калыптанганын азыркы 50 жаштан ашып калган, айыл жеринде өскөн ар бир кыргыз билет, ага кайтууну көңүлүнүн тереңинде эңсейт, бирок айласы жок коммунисттик салт бузуп кеткен жана азыркы глобализация таңуулаган кыргызга жат адеп-ахлактык нормаларга туруштук бере албай, өзүндөгү "кыргыз демин" күндөн күнгө басаңдатып, жоготуу алдында турат. Бул маселени көтөрсөң эле "кокуй сен улутчулсуң, сен динчилсиң..." деп, туш тарабыңдан адилетсиз сындап, бийлик төбөлдөрүнө жамандашып, эгер сен кызматта болсоң кызматтан алдырышып тынышат. Анан жумуштан алынган төбөл же коркуп же жанынын тынчын көздөп унчукпай калат. Изилдеген, коркпой ачык айткан киши жок коом дымып, руханий тарабыбыз сасып, чирип баратат.
(Уландысы 18-бетте)