, 23.01.09 - 12-13-бет:
  Жаңы мыйзам жагдайды жакшыртат

Жаңы мыйзам диний башаламандыкты токтотуп, эл биримдигин арттырат
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 12-январда "Кыргыз Республикасында динге ишенүү эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Мыйзамга кол койду. Коомчулуктун кызуу талкуусу менен кабыл алынган бул мыйзамдын учурдагы орду, кандайча ишке ашырылары тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча агенттигинин директору Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич менен маектештик.

Ажылык парзды аткарышты
- Алгач өткөн жылдын акырында уюштурулган ажылык сапардын кандай аткарылгандыгы жөнүндө айтсаңыз?
- Өткөн 2008-жылы ажылыкка барууну уюштуруу иши мурункуларга салыштырмалуу бир топ эле ийгиликтүү өттү десек болот. Мындай өтө маанилүү иш чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарга барыш керек эле. Биринчи чечкиндүү кадамды урматтуу Президент Бакиев Курманбек Салиевич өзү жасады. Муфтийди, мени чакырып, абдан катуу тапшырмаларды берди. Ажылыкты уюштуруу, квоталарды бөлүштүрүү, бардык иштер муфтияттын өзүнө жүктөлсүн. Ал эми Өкмөт, дин иштери боюнча агенттик аркылуу бүт мамлекеттин ресурстарын пайдаланып, ажылыкты өткөрүүгө түздөн-түз кол кабыш кылсын деди.
Бул талаптар мурда деле коюлуп келген экен. Бирок, негедир биздин агенттик менен муфтияттын ортосунда ыйкы-тыйкы пендечилик, талашуучулук пайда болуп, ортодо ажыга баруучулар жабыр тартып келишкендиктери маалым болду да. Мен биринчи эле ушуну байкап изилдеп, бул маселеге катуу бөгөт койдук. Бириңиздер да бир кадам ошол жакка басып барбайсыздар деп кызматкерлериме айттым. Бир гана кишибизди ошол муфтиятта түзүлгөн штабга мүчө кылып бердик дагы, ошол өкүлүбүз аркылуу саясатыбызды жүргүзө баштадык.
Андан кийин штабдын үстүнөн Өкмөттүн өзүнүн республикалык комиссиясы түзүлдү. Комиссияны вице-премьер-министр жетектеди. Мен анын орун басары болдум. Ошол комиссия түздөн-түз кийлигишүү менен алек болбостон, эмнелерден жардам беребиз деген маселе коюлуп, визаларды ачуу, транспорт менен камсыздоо, медициналык жактан 4500 адамга менингит менен гепатит ооруларына каршы вакциналарды жасоо, чегара, бажы кызматтарынын ресурсун пайдаланууну уюштуруп бердик.
Ал турсун 2008-жылы дин агенттигинин атынан эмес, муфтияттын атынан муфтий Сауд Аравиясына өзү барып жылдык келишимге кол коюп келсин деп биринчи жолу киргиздик. Ошентип муфтият менен агенттиктин жасар иштерин, милдеттерин бөлүштүрүп алдык. Тилекке каршы, 1997-жылдан бери биздин агенттик ажылыкты уюштуруу агенттиги эле болуп келген экен. Эми бул туура эмес да. Дин иштери боюнча агенттик бул Өкмөттүн дин жаатындагы саясатын жүргүзүүчү мамлекеттик органы болуп эсептелет. Ошондуктан биз түздөн-түз ишибизди аткардык.
Натыйжада ажылык ийгиликтүү уюштурулду. Бирок, кемчиликтер болбой койгон жок. Тилекке каршы, ажылыкты уюштуруунун республикалык штабы дагы быйыл деле мурдагы салт менен иштешти. Айрыкча 33 ажы башчыларын дайындоо боюнча бир топ кемчиликтер болду. Квоталарды бөлүштүрүүдө да бизге бир нече арыздар түштү. Бирок, бул көрүнүштөр орун алганы менен биз келечекке, быйылкы ажылыкты уюштуруу маселесинде кандай багытта иштей тургандыгыбызды билип алдык.

Кемчиликтер кийинкисинде кайталанбайт
- Мисалы эмнелерди?
- Биринчи кезекте ажы башчыларынын билими, араб тилин билүүсү, географияны жакшы өздөштүргөнү, керек болсо англис тилин түшүнгөндүгү, исламдын фундаменталдуу түшүнүктөрүн өзүнө сиңирип алган аалым адамдар, абдан демилгечи, жарандык позициясы бекем, коррупцияга малынбаган, дени таза, руханий дүйнөсү бай адамдарды тандашыбыз керек экен. Март айынан баштап өзүнчө чоң ажиотаж жасабай эле, анын башчылыгына татыктууларды тандоого сынак өткөрсөкпү деп ойлоп жатам. Мындан сырткары визаларды ачууда да көп кемчиликтер кетти. Чынында квотадагы 4500 ажынын ордуна 4934 киши баргандыгын чегара кызматкерлери далилдеп беришти.
- Анда 434 адам сиздерге билдирбей өз алдынча кеткенби?
- Казакстан, Өзбекстан аркылуу, айрыкча түштүктөн Ноокат, Араван, Өзгөн, Сузак райондорунан бизге айтышпай самолёт менен гана барылсын дегенди аткарышпай өздөрүнчө жети кичи автобус менен барышып, Аравиядан чегарадан өтө алышпай кыйналгандары, кырсыкка учурашкандары болушту. Бизге айтпай транспорт менен кетишкендер авария болуп, эки адам каза болгон. Ошол өзүбүз билебиз дегендердин туура эмес уюштурушкандыктары бизди жаманатты кылууда. Алардын туура эмес иштери боюнча мамлекеттик күч органдары териштирүүлөрдү жүргүзүүдө. Мыйзамсыз "ишкердүүлүк" менен алектенгендер, кырсыкка учуратып эки адамдын каза болушуна себеп болгондор тийиштүү жоопкерчиликти тартышат.

Башкалардан ажылыкка баруу арзан
- Кыргызстандан ажыга баруучунун ар бири 2400 АКШ долларын төлөшкөндүгү белгилүү. Бири аз десе, экинчиси көп дегендер да болууда. Чынында сапар чыгымы кандай эсептелген?
- Бир гана нерсе, канча баа коюлса да ошонун бардыгы ачык-айкын кайсыга канча төлөнгөнү такталган. Транспортко, тамак-ашка, мейманканага кандай чыгымдалгандыгынын так эсеби чыгарылган. Эмне үчүн ошону маалымат каражаттарына же болбосо "Кыргыз Туусу" гезитине берүүгө болбойт, болот. Алдыда боло турган ажылыкта муну колго алып, элге ачык жарыялайбыз.
Эми ажыга барууга кетүүчү чыгым чынында эле бизде арзан экен. Башка көпчүлүк мамлекеттерде 5 миңден 10 миңге чейин АКШ долларын төлөшкөндөр бар экен. Биз улуу, ыйык ажылык парзды аткаруучулардын үстүнөн баюуну же алардан пайда көрүүнү ойлогон жокпуз. Мүмкүн болушунча жакшы шарттарды түзүп берүүгө аракеттендик. Айрым кетирилген кемчиликтерди тыкан иликтеп, кийинкисинде кайталабоонун сабагын алдык.
Алар ажылыкка баруучулардын тизмеси кеч такталгандыгы жана тийиштүү документтерди толтуруудагы жоопкерсиздик. Мисалы ГАИРТке 150 атуулдун атасынын аты (отчествосу) берилбегендиктен кайтарылып, аны тактоого убакыт кетип кармалышып кечигишти. Ажы башчылар авиаташуучулар менен баруунун жана келүүнүн так графигин көрсөткөн келишим түзүп, көчүрмөсүн штабга бербегендиктен, айрым топтор кайтканда аба ырайына шылтоолонуп кармалып, кеч келишти. Ажылыкка баруу узак сапар болгондуктан, жол кыйынчылыктары эске алынып, барган ар бир адамдан ден соолугунун чыңдыгы жөнүндө туура жана барууга болот деген уруксат маалымдама алууну киргизүү туура болчудай.
Быйыл ден соолуктарынын начардыгынан он бир киши каза болду. Бирөө автомашина уруп кеткенден көз жумду. Экөө өз алдыларынча айтпай, автобус менен барышып, авария болуудан каза болушту. Деги эле ажыга өтө кары адамдар, өз алдынча баса албагандар да баргандыгы кейитет. Өзү кыйналганы аз келгенсип, тобундагыларды да кыйнап коюшкан учурлар болууда. Ошондуктан сөзсүз барууга жарактуулугу тууралуу справка алынганда гана жиберүү жагы каралыш керек. Учак менен гана барылсын дегенди тоготушпай, өз алдынча топторду уюштурушкан "ишкерлердин" мыйзамсыз иштерине тыюу салып, элди муфтият уюштурган топ менен гана баруусун түшүндүрүү керек. Визаларды оңой ачуу үчүн Кыргызстанда Сауд Аравия Королевствосунун элчилигин же элчилик өкүлчүлүгүн ачуу зарылдыгы келип чыгууда.

Диндердеги жаңжалдын жагдайлары
- Коомчулукта бир элди экиге бөлгөн, бир тууганды бир тууганга каршы койгон диний кырдаал курчуду деген тынчсызданган пикирлер айтылууда. Учурдагы Кыргызстандагы диний жагдай кандай абалда?
- Азыркы учурда Кыргызстанда диний кырдаал канчалык көрүлгөн чараларга карабай татаал абал түзүлүп, радикалдуу ислам баш көтөрүп, экстремисттик идеялар жайылып жаткандыгы турмуш чындыгы болууда. 80%ын мусулмандар түзгөн мамлекет ичинде салттуу исламдын идеясын бузуп-жарып, ашынган айрым диний уюмдар, топтор "халифат" ислам мамлекетин курууга "жихад" (ишеним үчүн согуш) жарыялоого чакыргандар, үндөгөндөр да жок эмес. Муну мусулмандар көпчүлүгүн түзгөн кайсыл мамлекет менен салыштырсак да, биздин республикадагы исламдын бүгүнкү күндөгү өнүгүшүнүн көптөгөн өлкөлөрдөн артта калгандыгынын далили катары мисалга келтирсек болот. Себеби, ошол ислам дини алгач пайда болгон мусулман өлкөлөрдө да тарыхты артка кайтарып чакырган "халифат" куруу сыяктуу терс бузуп-жаруучулук жок. Алар бизге караганда чыныгы исламды ар кандай бурмалоого жол бербей, таза диний өнүгүүгө, прогресске багытташууда.
Биздеги диний уюмдардын, агымдардын көптүгүн бир чети тарыхый кырдаал да шарттагандай. Анткени, 70 жыл атеисттик идеологиянын, тарбиянын таасиринде кармалып келген эл эгемендик алгандан тартып, ар ким билген динин кабылдап, ачыкка чыккандыгы, "чала молдо дин бузат" болушуп чыныгы исламга туура келсе да, келбесе да өз алдыларынча мусулмандык парзды аткара башташкандарынын да таасири тийди. Көз карандысыздыкты алып, мамлекет катары калыптана баштаган Кыргызстан чынында эле диний өнүгүүгө жетишерлик көңүл бурбады. Мындан он жети жыл мурда кабыл алган дин боюнча мыйзамында көп жетишпестиктер, терс карама-каршылыктуу кемчиликтерге жол берилгендиктен өлкөбүздө диний татаал жагдайлардын түзүлүшүн тана албайбыз.
Элибиз көп улуттуу болгондуктан, эркиндиктин шарапаты менен чет өлкөлөрдөн көп диний уюмдар, агымдар, топтор эч тоскоолдуксуз киришип, каалаган саясаттарын жүргүзүшүп, идеологияларын жайылтышты. Бир дин бир нечеге бөлүндү. Бүгүнкү күндөгү коңшу өлкөлөр тыюу салышкан "Хизб ут-Тахрир", салафизм жана башкалар Кыргызстанда жашыруун иш жүргүзүшүп жатышкандарын мисалга келтирсек болот. Ушул сыяктуулардын бузуп-жаруучулук таасирлеринен өткөн жылы Ноокат районундагы айт намаздагы мыйзам бузган жаңжал келип чыкты. Алардын 20дан ашыгы жоопкерчиликке тартылышты. Ал эми ата-бабалары тутунуп келишкен мусулманчылыктан башка динге өтүп кетишип, сөөктөрүн ата бейиттерине коё алышпагандардын чырлары токтобой күчөп жатканын жашырганыбыз болбойт. Бул мезгилге чейин тарыхта көптөгөн кандуу согуштар, чыр-чатактар диний талаштардан чыкканын жакшы билебиз. Андыктан, идеологиянын эң таасирдүү куралы болгон бул маселеде мамлекет динге киришпесе да, бөлүнгөн болсо да өлкөнүн тынчтыгы, элинин коопсуздугу үчүн тийиштүү көзөмөлүн, элди тынч жашоого чакырган таасирин жүргүзүп, керек болсо колдогон жардамын берип, диндердин так кармалышына жол көрсөткөн туура мыйзамын кабылдап, аткарылышын талап кылыш керек экен. Дүйнөдө канча мамлекет болсо, ар биринин өзүнчө динди тутуунун багытын аныктаган мыйзамы бар. Ошону менен өлкөдөгү туруктуулукту сактап келишет. Кайсыл конфессия, диний агымдар, уюмдар, топтор болсун дин мамлекеттен ажыратылса да, ашынып кетпей дин мыйзамына баш ийүүгө тийиштигин бүт мамлекеттердин иш тажрыйбаларынан көрүп жатпайбызбы.

Мыйзам тартипке келтирет
- Дин тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынды. Жогоруда айтылган курч кырдаалды өзгөртөбү? Мыйзамды кандайча ишке ашырмакчысыздар?
- Биринчиден, мезгилге жана Кыргызстандын мындан ары гүлдөп-өнүгүшүнө негиз болгон эң туура мыйзамдын кабыл алынышы менен баарыбызды куттуктагым келет. Чынында эле 2008-жылдын аягында дин жаатында туура саясат жүргүзүлүп, чоң, олуттуу окуя болду. Акыркы он жети жылда иштеп жаткан мыйзамыбыз бир топ замандын талабынан артта калып, айрым жоболору азыркы учурдун шартына тескери болгондугун коомчулук айтып келбедиби. Ошондуктан, эл-журттун активдүү кийлигишүүсү менен Жогорку Кеңешке агенттиктин даярдоосу менен Өкмөттүн атынан сунуштадык эле. Элдик депутаттар өздөрүнүн варианты менен толукташып, 2008-жылы 6-ноябрда чоң талкуу менен кайра-кайра карашып, комитеттерде оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизишип, өздөрү да иштеп чыгышып, кабыл алып беришти.
Президентибиз Бакиев Курманбек Салиевич жаңы жылда 12-январда кол коюп, бекитип берди. Мыйзам деген догма эмес. Балким дагы жетишпеген жактары болушу мүмкүн. Күчүнө кирди иштесин. Шартка, ыңгайга жараша улам толуктап, жакшырта беребиз. Көп жакшы пикирлер айтылууда, сындар да болууда. Бирок, чынында бул мыйзамдын негизги талаптарын аткарыш үчүн ага шайкеш келген бир топ нормативдик-укуктук актылар талап кылынат. Биз ошолордун үстүнөн иштөөнү баштадык. Мамлекеттин, Өкмөттүн өзүнүн бир топ жоболору, токтомдору менен баягы диндик уюмдарды каттоодон өткөрүүдө, чет элдик миссионерлердин катталышы, алардын укуктары жана милдеттери, диний багыттагы окуу жайлар сыяктуу бардык документтерди жаңы мыйзамдын талаптарына шайкеш келгендей иш жасашыбыз керек. Азыр ошонун үстүндө иштөөдөбүз.
Мен кечээ эле вице-премьер-министр Абдуллаева Өктөмкан Авазовнанын кабыл алуусунда болдум. Президенттин тапшырмасы менен Өкмөттүн алдында мыйзам боюнча атайын комиссия түзүлүп жатат. Ошол комиссия иштеп, өзүнүн сунуштарын берет. Аны эске алуу менен бардык мыйзамдагы актыларды ишке ашыруунун шарттарын иштеп чыгабыз.

Проблема билим берүү менен чечилет
- Учур маселеси катары динге кандайча жаңы мамиле жасамакчысыздар?
- Биздин алдыбызда турган эң чоң маселелердин бири катарында кыргызстандыктардын дин жаатында билим деңгээлдерин көтөрүү проблемасы күн тартибине коюлууда. Динге туура, туура эмес мамилелерибиздин бардыгы келип эле дин багытындагы билимибиздин жетишсиздигинен болууда. Биз көп конфессиялуу мамлекет болуп калдык. Дүйнөдөгү бардык конфессиялар өздөрүнүн өкүлдүктөрүн ачышып, бул жерде иштеп жатышат. Бир динден экинчи динге өтүү маселеси адамдын өзүнө, табиятына шайкеш болгон укук болгону менен, кээде коомдун ичинде ыйкы-тыйкы мамилелерди жаратып коюуда. Ошолордун бардыгын жолго салууда, мыйзам чегинде кароодо механизм иштеген менен ал жетишсиз болууда. Эң негизгиси билимди жогорулатууга маани берип жатабыз. Ошондуктан, биздин агенттик бул жагдайда дүйнөлүк тажрыйбаларды топтоого, жакшы иштерин өздөштүрүүгө аракеттенүүдөбүз.
Мен Филиппин мамлекетине барганда билимди көтөрүүнү биринчи орунга коюшкандыктарын көрдүм. Билимдүү киши болсо ал өзүнүн динин дагы сактай алат. Цивилизациялык формада ал башкалардын да динин урматтоого жетишет. Билимсиз кишинин мамилеси башкача болуп жатат да. Биз кечээ эле атеисттик коомдон өткөндөн кийин, бир чектен экинчи чекке секирип жатабыз. Ошондуктан Түркияны, Араб өлкөлөрүн изилдедик.
Өткөн жылдын декабрында Жогорку Кеңештин депутаты Тагаев Рашид Бакирович менен Түркиянын дин боюнча билим берүү системасын изилдеп келдик. Алар чынында эле бүгүнкү заманга туура келген системасын түзүп алышыптыр. Андай окутууга 85 жылда жетишишиптир. Ал жерде мамлекеттин, өкмөттүн койгон талаптары катуу экен. Ал турсун алар өздөрү светский (лайык) мамлекет болгону менен эмнегедир мамлекет менен диндин ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүк мамилелери гармоникалык өнүгүүгө жетишкендей сезилди. Ошондуктан биз "Дианет" (Түркиянын дин министрлиги) системасынын башчылары жана мамлекеттик-министр менен жолукканда тажрыйбаңыздарды бөлүшүүгө адистериңиздерди жиберсеңиздер, биздин Кыргызстандагы ислам конфессиясынын билим берүү системасын көрүшүп сунуштарын, кеңештерин берип, каалоолорун айтышса, биз дагы башка мамлекеттердин жетишкендиктерин эске алып, кыргыз элинин кылымдар бою калыптанган салттарынын негизинде өзүбүздүн диний окутуу системасын түзүп алсак деген ниетте келдик эле дегенбиз.
Түрк туугандарга ыракмат, мына жаңы жылдын башында 13-январда расмий төрт адисин жиберип, бүгүнкү күнгө чейин негизги диний мекемелерибиз, аалымдарыбыз, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуп, университеттерде, муфтиятта болушту. Бардыгын изилдешип, бүгүн жыйынтык чыгардык.

Атайын мыйзам даярдалат
- Мындай алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүдөн бир чечимге келесиздерби?
- Башка мамлекеттердин прогрессивдүү аракеттеринен үлгү алуу менен Кыргызстанда дин багытында билим берүү жөнүндөгү Мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга киришүүдөбүз. Буюрса ал мыйзамдын долбоорун даярдап бүтсөк, былтыркыдай эле тегерек үстөлдөрдү, конференцияларды уюштуруп, массалык маалымат каражаттарына жарыялап, коомчулуктун талкуусуна коюп ушул системаны түзүп алсак, менимче, бардык конфессиялар үчүн бир чоң жаңылык болчудай. Себеби, дин боюнча мамлекеттин негизги милдети эмнеде? Ал нормативдик-укуктук талааны камсыз кылып берүү. Туурабы? Ошого жетишүү үчүн билим берүүнү күчөтүүгө көңүл буруудабыз.
Бул жерде чиеленишкен талаш маселелер абдан көп экен. Мисалга, кандай деңгээлде секулярдык жана диний окуулар киргизилери терең изилденип, туура чечүү проблемасы чыгууда. Алардын бири-бирине таасири кандай жагдайга алып келет? Жалпы билим берүү системасында динди окутуу туура болобу, же терс таасирин тийгизеби? Ошолордун бардыгы туура талданып, багыты, аткарыла турган иштер мыйзамда көрсөтүлүш керек.
- Мектептерде дин тууралуу же тарыхын окутуу боюнча сабактарды киргизесиздерби?
- Ошол жөнүндө кызуу талкуу болууда. Киргизүү аракети бар. Биз аны жашырбайбыз. Бирок, эми диндин өзүнүн ибадат маселеси жөнүндө бул жерде сөз жок. Дүйнөлүк диндердин тарыхын балдарга окутууга эмне үчүн болбосун? Мектепти бүткөн бала бардык жагынан гармоникалык толук билим алган жаш муун болуп эсептелет. А дин боюнча да билим алып чыга турган болсо, көз карашы калыптанып калат да. Андан кийин бир динден экинчи динге секирип өткөн маселелер да азайып, бардык диндерди өз жолунда урматтоо пайда болуп, салттык диндерин сактоонун туруктуулугу камсыздалат. Ошондуктан, бул проблема да каралууда.

Мамлекеттик диплом берүү каралат
- Демек, сиздер биринчи мыйзамды иштеп чыгып, андан кийин гана окутуунун программаларын түзөт турбайсыздарбы? Жогорку окуу жайларда дагы окутулабы?
- ЖОЖдордо да динди окутуу маселеси каралууда. Андан сырткары атайын диний окутуу мекемелерин түзүү маселеси, аларга статус берүү чечилмекчи. Ал турсун ошол дин боюнча орто жана жогорку окуу жайларынын статусу, алардын укуктары, милдеттери, окутуучулардын укуктары жана милдеттери, алардын квалификациясы, анан бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу аныкталат. Эгерде, биздин светский талаптарга жооп бере тургандай диний факультеттерди окуп бүтүшсө, аларга эмне үчүн мамлекеттик үлгүдөгү дипломду берүүгө болбосун? Мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду алышкандан кийин сөзсүз бир эле диний уюмдарда эмес, жөнөкөй эле жарандык жумуш берген жерлерде бала-чакасын багуу үчүн иштөөгө мүмкүнчүлүк берсе болот да. Ушулардын бардыгы мыйзамда каралмакчы.
- Диний билим берүү мыйзамынын долбоорун даярдоо канча мөөнөткө созулат? Ага чейин окутуу жүргүзүлбөйбү?
- Биз, менимче долбоорду жазып жаткан учурда эле анча-мынча баягы пилоттук мектептерди түзүүнүн үстүндө иштешибиз керек го деп ойлоймун. Себеби, мындай бир узакка жылдырып, ыкшоолук кылып олтуруш дагы бир топ опурталдуу болуп турат. Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, бүгүнкү күндөгү медреселердин, сегиз ислам институтунун абалдары жакшы эмес. Чектелүү программадагы окутуулар жүргүзүлүп, материалдык-техникалык базалары жарды. Баарынан да тийиштүү адистиктеги мугалимдер жетишпегендиктен, билим деңгээлдери мезгилге туура келбегендер өз билгендериндей окутуп жатышат. Мектептен көп, кээ бир айылдарда экиден, үчтөн курулуп жайнаган мечиттерде, медреселерде, лицейлерде бирдиктүү окуу программалары болбогондуктан, ким каалагандай сабак өтүлүп келүүдө. Ислам университетине эле биздин дооматыбыз аябай көп. Анткени, мамлекеттик деңгээлде диплом берүүгө белгисиз себептер менен алар өздөрү баш тартышууда. Коңшубуз Алма-Ата шаарындагы Нур-Мубарак ислам университетинде дүйнөлүк өнүгүүнү эске алышып, Казакстандын мамлекеттик үлгүсүндөгү дипломдорду берүүгө жетишишиптир.
Профессордук окутуу курамы абдан күчтүү. Илимдин докторлору сабак беришет экен. Мына азыр эле Ислам университетинде болуп келдик. Эки: куран, араб тили жана шариат факультети бар экен. Ал эми окуткан предметтерин айтып олтурушса, чынында эле беш-алтоо менен гана чектелип калып жатат. Анан информатиканы окутабыз дешүүдө. Азыркы XXI кылымдын талабына шайкеш келген билимди алып чыкпаса, андан окуган студент өзүн кантип багат? Жумушка жөндөмдүүлүгү чектелүү болсо, ишти кайдан табат? Ошон үчүн биз башка өлкөлөрдүн окутуу системасын түздөн-түз эле Кыргызстанга көчүрө коёбуз деген ойдон алыспыз. Бирок, чын эле бир топ жетишкендиктерди көрүп келдик.
Алардын дагы диний билим берүүдөгү алдыңкы ыкмаларын, башка мамлекеттердеги жаңы, прогрессивдүү тажрыйбаларды мыйзамды даярдоодо жана аны ишке ашырууда эске алабыз.

Маектешкен Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"