№05, 23.01.09.





 
email • архив • редакция  Башбарак   




Акындардын алпы бабабызга таазим
Кыргыз эл сүрөтчүсү, белгилүү кинорежиссёр Сагынбек ИШЕНОВдун чыгармачылыгы сүрөт жана кино, өзгөчө мультфильм ышкыбоздоруна кеңири белгилүү. Сүрөттөрү бир нече жолу дүйнөлүк жана республикалык көргөзмөлөргө коюлса, "Акын" жана "Толубай сынчы" аттуу мультфильмдери Парижде өткөн дүйнөлүк кинофестивалда баш байгелерге татыктуу болгон.
Учурда С.Ишенов өзү туулган айылында жашап, чыгармачыл өнөргө баш-оту менен сүңгүп кирип, катаал рынок мезгилинде улуттук өнөргө белсемдүү салым кошуп, чаалыгып-чарчоо дегенди билбей эмгектенип жаткан кези. Анын киндик каны тамган жери Сары өзөн Чүйдүн айтылуу байыркы Баласагын шаарынын орду, Бурана мунарасына жакын жайгашкан Дөңарык айылы. Жерден боор көтөргөн тестиер кезинен баштап Бурананын тегерегиндеги сепил-дөңдөрдө козу-улак кайтарып балалык кезин өткөргөн. Бурананын көрүнүш-турпаты болочок сүрөтчүгө илхам-шык оозанткан, ыйык тумар болуп, көз карегинде өчпөс элес болуп кала берген.
Өткөндө жердешибиз, акындардын алпы, гений, даанышман бабабыз Жусуп Баласагындын 980 жылдыгы эскерилбей унут кала бергени Сагынбек Ишеновду катуу кайгыртты.
Ушу жагдай сүрөтчү Сагынбектин жандүйнөсүн, көңүлүн чөктүрө сабыркатып, көңүлүн оорутту. Намысынан жөн туралбады. Каражат материалдардан чүнчүп кыйналып турса да ага кайышпай, кампасын бузуп, анын жыгач тактай материалдарын колдонуп, Дөңарык айылынын ортосуна, эки чоң көчөнүн кесилишкен жерине бийиктиги 4 метр жарнак, сүрөт-паннону орнотту. Ошол тартылган сүрөттө - Жусуп Баласагындын бейнеси. "Акынга - 980 жыл" деп жазылган (1018-1998) жана "Кут Билим" китеби тартылган. Араб ариби менен жана кыргызча жазылган тамгалар алыстан көрүнүп, окулуп турсун үчүн өзгөчө жалтырак сыр боёк колдонулган. Бишкектин көчөлөрүнүн бою шыгырап тизилип турган бийиктиги үч кабат тамдарга тең, темирден ширетилип жасалган жайнаган көрнөк-жарнактар. Алардын беттеринде тамекини, арак-шарапты, пивону мактап-жактаган үгүт жарнактар, пайдасынан зыяны көп азгырылтмалар. Аталган сансыз жарнактардан кескин айырмаланып Дөңарыктагы орнотулуп коюлган жарнак - тазалыкка, жакшылыкка чакырган жападан жалгыз жарнак. Ал ак менен каранын ажырымындай чыныгы улуттук рух дөөлөттү ойготкон, түшүнгөндөрдү көркөм дүйнөгө багыттаган аракет жана чакырык...
(Уландысы 17-бетте)




  Түз байланыш

Сурооңуздар болсо бериңиздер!
Урматтуу окурмандар!
2009-жылдан баштап жаңы салык кодекси менен иш жүргүзүлөрүн жакшы билесиздер. Мурда салыктын он алты түрү болсо, жаңыртылган редакциясында сегизи калды. Салык төлөөнүн жаңы механизмдери боюнча сурооңуздар болсо Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Ахматбек КЕЛДИБЕКОВ 23-январда "Кыргыз Туусунун" түз байланышында саат 14.00дөн 16.00гө чейин 62-20-17 телефонунда сиздердин берген сурооңуздарга жооп берет.
Түз байланыш учурунда жана ага чейин эле экономика жана маалымат бөлүмүнүн 62-20-58 телефонуна чалып, суроолоруңуздарды жаздырып койсоңуздар, түз байланыш учурунда Ахматбек Келдибековичке берип, жообун гезитке жарыялайбыз.
Суроо бергениңиздерде дарегиңиздерди билдирип, өзүңүздөрдү тааныштырууну унутпасаңыздар.