, 20.01.09 - 7-бет:
  Накта кыргыз болобуз деп "уулу", "кызы" болуп жазылган
күбөлүктөрдүн азабын тартып келебиз...

Улутубуздун рухун көтөргөндөр унутта калбасын
Редакцияга кудум Жоомарт
Бөкөнбаевге окшогон тармал чач киши кирип келди.
- Мен "Кыргыз Туусу" гезитинин күйөрманымын. Мына бул сүрөттөрдү атайы сиздердин редакцияңыздарга алып келдим, - деди.
Сүрөттөргө үңүлө тигилдик. Наристелерди көтөрүп бир топ адамдардын арасында турган кыргыз поэзиясынын корифейи, эл акыны Байдылда Сарногоевге, белгилүү драматург, жазуучу Мырзабек Тойбаевге, атактуу актёр Орозбек Кутманалиевге көзүбүз түштү.
Бир топко маектешип отуруп калды. Учурда Кыргыз-Орус-Славян университетинин доценти кызматында студенттерге экономика, финансы темасында сабак берет экен. Экономика илимдеринен кандидаттыгын жактаптыр. Аты-жөнү Акылбек Үмөталиев экендигин, 1991-1993-жылдары Макмал алтын-кен ишканасынын директору болгондугун сөз арасында кыстара кетти.
- Бир жылдары мен деле чоң ишкананын жетекчиси болчумун, - деди сөзүн улап Акылбек байке. - Улутубуздун рухий байлыгын түзүүчүлөрдү - акындарды, жазуучулары, артисттерди, ырчыларды, сүрөтчүлөрдү атайын чакырып, эмгек жамаатыбыз менен жолугушууларды өткөрүп турчубуз. Азыр ишканалардын, мекемелердин жетекчилери чыгармачыл адамдарыбызга кайдыгер мамиле жасап калышты. Улутубуздун рухун көтөргөндөр - мына ушулар! Анча-мынча убаракерчиликтен, уюштуруу маселесиндеги кичине бир каражаттан коркпой-үркпөй эле биздин бизнесмендерибиз, ишкана жетекчилери өздөрүнүн эмгек жамааты менен чыгармачыл кечелерди уюштуруп туруулары керек.
Эгемен мамлекетибиздин алтын өндүрүүчү ишканаларынын туңгучу - Макмал алтын-кен ишканасынын тарыхын чагылдырган бир топ материалдардын ичинен ушул эки сүрөт колума тийип калды. Эл унутпай урматтап, музейде илинип турганына ыраазы болдум.
Жагдай болуп, ыңгайы келсе элибизге ошол сүрөттөгү залкарлар менен жолугушуудан улам чыккан ой-жорумумду, пикиримди "Кыргыз Туусу" аркылуу окурмандар менен бөлүшсөмбү деп келдим. Анын үстүнө Байдылда акын акебиз ушул январь айында жарык дүйнөгө келиптир…
1991-жылдын жай айларында Макмал алтын-кен ишканасынын эмгек жамаатынын чакыруусу менен Мырзабек Тойбаев, Байдылда Сарногоев жана Орозбек Кутманалиев Тогуз-Торо жергесине келип калышты. Эки миңге жакын эмгек жамаатыбызга толук жолугушсун деген ой менен жумуш убактысы аяктаганда бардык бөлүмчөлөрдү кыдыртып бир жума бою эл менен жолугуштуруп, чыгармачыл кечелерди өткөрүп турдук. Залкар таланттар эл менен жолугушканда гана чыныгы ырахат алаарын байкадым, залкарлар - элден, эл - залкарлардан чарчабады. Токтоо, салабаттуу Мырзабек Тойбаевдин уюткулуу аңгемелери, колунун кыймылы менен ырларынын мазмуну төп келген Байдылда акын акебиздин кайталангыс лиралары, күлүп, ырдап, комуз ойнотуп, дастан айтып элди жыргалга батырган Орозбек Кутманалиевдин өнөрү элдин купулуна толуп, кереметтүү эс-тутум калтырды. Атай Огомбаевди көрүп-угуп калган акебиз айтар эле, "канча ырдап комуз чертсе да чарчоо дегенди билчү эмес, бир да ырын, күүсүн кайталачу эмес" деп. Бир апта бою жолугушууда бул залкарлардын да өнөрүнүн чет-жакасын эле байкагандай болдук. Чыныгы таланттар эл алдына чыкканда ташкындап, элдин сүрөөсүнө ээ болгусу келгенин ошондо сездик. Байдылда акын акебиз абдан баамчыл киши экен, өзгөчө нерселерди тез баамдап, турган жерден эле ыр саптары менен чүү коёт экен. Бир бөлүмдүн жаш жетекчисинин бир көзүнүн кирпиктери тубаса аппак эле, жолугушканда эле байкап, көргөнүн ырга айлантты:
Кыдырып жүрүп
эл-жерди,
Көп нерсени байкагам.
Бирок,биринчи көрдүм
кишини,
Кирпигинен картайган.
Мени менен жолукканда да, саламдашып, ал-жайды сурашып, таанышарыбыз менен:
Жоомарттын ырлары калды,
Атпай кыргыз журтунда.
Жоомарттын тармал чачы калды,
Мына сенин башыңда...
Ошол көзмө-көз жолугушуудан эмгек жамаатыбыз, жалпы журтубуз эстен кеткис ырахат алып, элибиздин таланттарына ыраазы болуп жүрөктөрү толкуду. Элибиздин тили, дили, руханий байлыгы түбөлүктүү экенин далилдеп беришти, кайран залкарлар!
Компартия бийлеген социалисттик доордо жетекчилерге эң жогорку деңгээлдеги талаптар коюлчу эле. Кандай мекеменин жетекчиси болбосун, жумушту уюштуруп камсыз кылуудан сырткары, ар бир жумушчунун жүрүш-турушуна, руханий деңгээлине, ден-соолугуна, тамагына, кийген кийимине, кыскасы баарына жооптуу болуучу. Албетте, мындай талаптарга төп келүү үчүн жетекчинин бардык жактан деңгээли өтө бийик болуусу абзел эле, эң биринчи кезекте адамдык сапаттары. Ошол доордун ушундай жакшы тажрыйбасы унутта калып, базар экономикасынын гана мыйзамдары эмес, командалык экономиканын мыйзамдарын да аңдабагандардын таасири менен "жапайы капитализм" ушундай деп бурмаланып, элдин башына канча гана мүшкүл иштер түшпөдү.
Базар экономикасынын үлгүсү жана уюткусу болгон АКШ мамлекети да социализмдин адилет коом экенин эске алып, ишкерлердин, ишкана ээлеринин социалдык
жоопкерчилиги тууралуу мыйзамдарды кабыл алышып, өздөрү гана аткарбастан жакшы тажрыйба катары бүткүл дүйнө жүзүнө жайылтууда. Мисалы, "Бизнестин социалдык жоопкерчилигинин концепциясы" деген мыйзамын алалы. Бул концепцияга ылайык, ишкерлер, ишкана ээлери өздөрүнүн пайдасын гана көздөп калбастан, жалпы элдин социалдык ал-акыбалына да жоопкер болот. А биз болсо жакшы тажрыйбабызды жокко чыгарып, жоопкерчиликтен качып, элибиздин жашоосун көп эле төмөндөтүп алдык.
Эми мындан ары руханий жашообузду да жарды кылсак, анда ар жагы элибиз үчүн кооптуу. Ошондуктан, айтайын дегеним, азыр деле таланттардан, залкарлардан кур эмеспиз, ошолордун Кудай берген таланттарын колдойлу, унутпайлы, эл менен тыгыз байланышта болуусуна шарт түзөлү. Карт тарыхыбыз, улуу инсандарыбыз, залкарларыбыз, таланттарыбыз унутта калбасын, төрүбүздө, жүрөгүбүздө болсун, иш менен сөз менен бирге болсун, - деп сөзүн аяктады Акылбек байке. Редакциябыздын босогосун аттап, таланттарга таазим кылып атайы келгени үчүн Акылбек Үмөталиевге биз да ыраазычылыгыбызды билдирдик.
Айжан ЖАПАРКУЛОВА,
"Кыргыз Туусунун"
практиканты




Токтом милдеттендирет - тоготпогондор аткарбай эле жүрөт
(Башталышы 6-бетте)
Кийинки жетекчилер анын тескерисинче жагымпоздук, коркоктук менен жеке гана жыргал турмушун, өзүнүн аброюн көздөгөндүктөн, кыргыз өңүбүз гана калып, өзүбүз "экинчи эне тилибизде" сүйлөп, дилибиз башка тилге ооп, ата-бабадан келаткан жан дүйнөбүздөн танып, ата-энебиздин арбагына да бата тилөөдөн кечээ эле тартынып жүргөнүбүз жалганбы? Ошо кезде - өткөн кылымдын 70-жылдарынан кийин төрөлгөндөр, балдар бакчаларынан, мектептерден баштап жалаң орус тилинде окуп, орус дилинде тарбиялангандар азыр бизди башкарып, бизге "акыл" үйрөтүп, бардык тепкичтерде отурушат.
"Күйгөндөн айтам бир сабак" дегендей, мындай далилдерди ортого салуу менен биз: "бизге орус тилинин таптакыр кереги жок" деп жеригендик эмес. Ырас, ал тил аркылуу дүйнөлүк илим менен билимге жеттик. Орус тилин таза билгендиктен кыргыздан Чыңгыз Айтматов адабият алпы катары адамзатка таанылды. Бирок, Чыңгыз агабыз кыргыз тилин унутуп, кыргыздын айкөл, меймандос, төрт жагы төп келишкен каада-салты менен ыйман-абийирин батырган, "Манас" баштаган талант-шыгын дене-боюна сиңирген кыргыздын улуу дилин танып кеткен жок да.
"Тууган күйдүрүп айтат" дегендей, кийинки муундун басымдуу көпчүлүгү кыргыз ата-бабасынын тилинен да, дилинен да куружалак калганын көрүп-билип жүрөбүз, жогорку окуу жайлары көбөйүп, бекерчи жаштарды беш-алты жылга алаксытканыбыз менен алган билимдери көбүнүкү жокко эсе. Башканы коюп "Манасты" айт дегендей, университеттерден баягыдай сөздөрдүн "гүлүн" терип, адамдын ажатын ачып, тагдырын чечмек түгүл, жөнөкөй сөздү ката жазган, шыгы тургай сүйлөшөргө ыгы туура келбеген, бирок, "кесиби - журналист" деген диплому бар жармачтар жыл сайын ондоп-жүздөп чыга баштады. Ошого карабастан, Көл өрөөнүндөгү саналуу гезиттердин редакцияларына чыныгы кесипкөй адистер жетишпейт. Жетекчилеринин алды жетимишке, арты алтымышка келип калды. Ошондон улам, "курак - бизге тоскоол эмес" деген макала жазганы бекеринен деп айтууга болбойт.
"Уул-кыздардын" убагы келген
Өз алдыбызча мамлекет болгондон кийин кабыл алынган "Үй-бүлөлүк" кодекстин негизинде жаңыдан төрөлгөн наристелерибизге: "уулу", "кызы" деген күбөлүктөр берилип кела-
тат. Мындай жаңы, улуттук салтка ылайык өз атабыздын атын чакырган жаңы күбөлүккө алмаштырууга кары-жашы дебей бардыгыбызга кеңири шарт түзүлдү. Ондогон жылдардан бери: "овна", "ович" деп чакырбастан, эми - "баланча уулу, кызы" деп паспортубузга жазылганы - эгемен кыргыз өлкөсүнүн эркин жараны экениңди расмий айгинелеп турат.
Кыргыз алфавитиндеги "ө", "ү", "ң" тамгалары катышкан ата-тегибиздин аттарын буга чейин: Өмүралыны - Умерали, Омурали, Төлөштү - Телеш, Мөкөйдү - Мокой, Мукайылды - Михаил, Көкүмбайды - Кокумбай, Үңүрдү - Унур, ал эми аттары "Ж" тамгасы менен башталган кыргыздардын паспортторуна бүгүнкү күндөрдө да орус тилинин грамматикасынын негизинде сөзсүзүнөн "Д" тамгасы башына жабышып: Джолдош Джолджакшинов, Джакип Джаманаков деп даана жазылып, дагы эле жан чөнтөгүбүзгө кастарлап катып, уялып-намыстанбай эле сураган жерлерге көрсөтүп жүрөбүз.
Жогоруда учкай сөз козгогондой, башкаларга үлгү катары мындан он үч жыл мурда эле үй-бүлөбүз менен "уулу", "кызы" деген жаңы күбөлүктөргө алмаштырган элек. Алгач айтар сөзүбүз чоң болгону менен накта кыргыз болобуз деп аялым экөөбүз анын кыйла азабын тартып келатканыбызды айта кетейин.
Улуттук салт боюнча жаңы кабыл алынган кодекстин негизинде "уулу", "кызы" дегенге өткөнбүз. Биз - баягы эле бизбиз. Бар болгону - "овичтин" ордуна - "уулу", "овнанын" ордуна - "кызы" деп жазылды" деп жөнөкөйлөтүп түшүндүргөнүбүз да текке кетти. "Кыргыз" болгонубуз үчүн "кайрадан катталганыңар үчүн" деген акчалай акыларды мамкаттоо деген сыяктуу мамлекеттик эле мекемелерге ынандыра албай төлөп келатабыз.
Эмнеси болсо да эне тилди өнүктүрүп - өркүндөтүүдө эл башыларынын улуттук патриоттуулугу, тайманбас кайраты менен чечкиндүүлүгү жана элдин биримдиги керек.
Жээнбай ТҮРК,
"Кыргыз Туусу"