, 20.01.09 - 3-бет: Президент Курманбек Бакиев:
Иштей турган сапаттуу мыйзамдар кабыл алынышы керек
19-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Айтибай Тагаев менен Жогорку Кеңештин вице-спикери Азиз Турсунбаевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө А.Тагаев мамлекет башчысына парламенттин өткөн жылдагы ишмердүүлүгү туурасында маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, 2008-жылы бардыгы болуп 79 пленардык отурум өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө 2007-жылдагыга салыштырмалуу 166 мыйзам долбоору көп кабыл алынган. Андан тышкары, парламент өз бюджетинде белгиленген чыгымдарын азайтып, 11 млн.900 миң сом каражатты үнөмдөөгө жетише алды.
Мамлекет башчысы экономикалык мүнөздөгү мыйзам долбоорлорун кыска мөөнөттүн ичинде карап, кабыл алуунун зарылдыгына спикердин көңүлүн бурду. "Биз дүйнөдө болуп жаткан окуялардын өнүгүшүнө жараша ыкчам аракет жасообуз зарыл. Анткени, алар тиешелүү деңгээлде экономикабызга таасирин тийгизбей койбойт. Азыркы тапта дүйнөлүк экономикалык системадагы абал татаал боюнча калууда. Ошондуктан, өкмөт менен парламент тыгыз байланышта болуп, ыктымал болгон
кыйынчылыктардан чыгуунун жолдорун биргелешип издеши керек. Иштей турган сапаттуу мыйзамдар гана кабыл алынышы зарыл", - деп баса белгиледи К.Бакиев.
А.ЭСЕНОВ,
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




Экономикалык байланыштарды күчөтүүгө көңүл бурулса
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов АКШнын Борбордук командалыгынын командачысы Дэвид Петреус менен жолугушту.
Жолугушуунун учурунда алар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. И.Чудинов кыргыз тарабы Д.Пет-реустун расмий иш сапарын Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы мамилелердин позитивдүү жана ыргактуу өнүгүшүнүн күбөсү катары баалай тургандыгын белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы саясый мамилелердин жогорку деңгээлине токтолуп, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык байланыштардын мүмкүнчүлүктөрү дагы да болсо арбын экендигин билдирди.
Маектешүүнүн учурунда И.Чудинов Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүүгө катышуусуна Кыргызстандын тышкы карызын алмаштыруу боюнча программаны жүзөгө ашыруу жөнүндө маселени чечүүнүн кечеңдеп жаткандыгын билдирди. "Бул программага курулуш материалдарын, электр жабдууларын жана башка өнөр жай продукциясын өндүрүп жаткан Кыргызстандын ишканалары катыша алышмак. Өзгөчө бул өнөр жай ишканалары биздин республиканын негизги экономикалык өнөктөш өлкөлөрүндөгү кризистик көрүнүштөрдүн натыйжасында кыйынчылыкка туш болгон учурда өзгөчө маанилүү", - деп белгиледи Өкмөт башчысы. Ал кыргыз-америка кызматташтыгынын экономикалык байланыштарын күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мындан тышкары И.Чудинов Кыргызстандагы "Манас" авиабазасында турушкан америкалык аскерлерге байланыштуу маселелерге токтолду. Премьер-министр америкалык аскер кызматчысы тарабынан кыргызстандык Александр Ивановдун курман болушу боюнча тергөөнүн создуктурулуп жатышына тынчсыздангандыгын билдирди. Мындан тышкары АКШ жаранынын күнөөсү менен жол кырсыгынан жапа чеккен Кыргызстандын жаранына жардам көрсөтүү боюнча чаралар көрүлгөн эмес.
Борбордук командалыктын командачысы А.Ивановдун өлүмү боюнча тергөө ишинин аяктай тургандыгына жана америкалык тарап тергөөнүн жыйынтыгы менен таанышып чыга тургандыгына ишендирип кетти. Ошондой эле Д.Петреус Кыргызстанга жана Борбордук Азия аймагындагы башка өлкөлөргө жасаган анын иш сапарынын максаты эл аралык террорчулук жана наркотрафик менен күрөшүүдөгү кызматташтык маселелерин талкуулоо экендигин билдирди.
Жолугушуу учурунда ал Ирактагы жана Ооганстандагы кырдаал тууралуу баяндап, эл аралык террорчулук жана экстремизм менен күрөшүүдө АКШнын Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү жана Россия менен болгон кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилеп кетти.
Сүйлөшүүнүн учурунда тараптар кыргыз-америкалык мамилелерге тиешелүү болгон дагы бир катар маселелерди талкуулашты.
Р. ЖЕТИГЕНОВ
С. АЙЫЛЧИЕВ (фото)




Спорттук жаңы мекеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин алдында "Спорттук курулуштардын жана спорттук камсыздоонун башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы түзүлөт.
Бул жөнүндө Премьер-министр
Игорь Чудинов буйрукка кол койду. Мамлекеттик ишкана "Каба уулу Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбор", "Башкы спорттук ишкана" мамлекеттик ишканаларынын жана Кант шаарындагы Физкультуралык-ден соолукту чыңдоо комплексинин биригүүлөрүнүн негизинде уюштурулат.
Токтом менен жаңы мамишкананын уставы бекитилип, аны юстиция органдарында каттоого тапшырма берилди.
Жаңы ишкананын уюштурулушу өлкөбүздө спортту өнүктүрүүгө, спорттук иш-чараларды жана мелдештерди жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бермекчи.
С.ОРОЗОБЕКОВ





Орчундуу маселелер өз убагында чечилүүгө тийиш
19-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен Президенттин Администрациясынын жетекчиси Данияр Үсөнов Администрациянын бөлүм башчылары менен салттуу жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө ар бир жуманын башында өткөрүлүп туруучу салттуу жумушчу кеңешме мындан ары Администрациянын жетекчисинин төрагалыгы алдында өтө тургандыгы айтылды. Анда Администрациянын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекет башчысынын жарлыктарынын, буйруктарынын жана башка тапшырмаларынын аткарылышына байланышкан маселелер каралып, талкууга алынып турмакчы. "Биздин милдет - мамлекет башчысынын Конституцияда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүгүн камсыздоого байланышкан бардык маселелерди өз убагында чечип туруу. Ошондой эле Президенттин чечимдерин жана тапшырмаларын бардык мамлекеттик органдар менен кызмат адамдарынын так аткаруусуна көз салып туруу", - деп баса белгиледи Д.Үсөнов.
Өз маалыматыбыз





  Башкы прокуратурада

Коомдук байлыкка көз арткандарга катуу жаза колдонулат
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Э.Сатыбалдиевдин төрагалыгы астында Башкы прокуратуранын коллегиясынын кеңири жыйыны болуп өтүп, анда прокуратура органдарынын 2008-жылдагы иш жыйынтыктары жөнүндө бардык деңгээлдеги прокуратуралардын жетекчилеринин отчёттору угулду.
Коллегияда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы, 2008-жылдын 10-январындагы Кыргызстандын элине кайрылууларында алдыга коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча прокуратура органдарынын мамлекеттик стратегиялык кызыкчылыктарын, ошондой эле жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга багытталган прокурордук көзөмөл жүргүзүүнүн белгиленген приоритеттери боюнча аткарылган алгылыктуу иши белгиленди.
Прокурордук кийлигишүүнүн натыйжасында мамлекеттик органдарынын 3536 укуктук актылары иштеп жаткан мыйзамга ылайык аракетке келтирилген. Прокурорлордун талаптары боюнча мамлекеттик менчиктин маселелерине, салык, бюджет, менчиктештирүү мыйзамдарын орундатууга тиешелүү болгон 601 мыйзамсыз чечим, буйрук жана башка актылар четке кагылган. Бул чөйрөлөрдө мыйзамды бузууну четтетүү боюнча 1634 сунуш канааттандырылган.
Мыйзамдарды жана жарандардын укуктарын бузууга жол беришкендиги үчүн 4871 мамлекеттик кызматчылар тартиптик жана административдик жазага тартылышып, 1275 кылмыш иши козголгон.
Прокурордук кийлигишүүнүн актылары боюнча 297 249 075 сом кайра кайтарылган. Прокурорлордун доолору боюнча 222 725 143 сом суммасындагы, мунун ичинде мамлекетке келтирилген 221 261 115 сом өлчөмүндөгү зыян калыбына келтирилген. Прокурорлор тарабынан 1515 кылмыш иштери тергелип, мамлекетке 98 млн. сомдон ашуун каражат кайтарылган. Мына ошентип, республиканын прокуратура органдары тарабынан 2008-жылда гана мамлекетке келтирилген 319 млн. сомдон ашуун чыгым кайра кайтарылган.
2008-жылдын он эки айынын ичинде прокуратура органдары тарабынан укук коргоо органдарынын ишмерчилигиндеги мыйзамды бузуу маселелери боюнча 1 008 сунуш киргизилип, 738 өндүрүштүк иш козголуп, мунун жыйынтыгында 820 кызматкер жазага кириптер болушкан.
Республиканын укук коргоо органдарынын мыйзамдуу тергөөлөрүнө жана оперативдүү иликтөө ишмерчилигине көзөмөлдү жүргүзүү менен мурда катталбаган 681 кылмыш иши каттоого коюлган. Жарандардын укуктарынын, процессуалдык мыйзамдуулуктун бузулушу боюнча козголгон иштер боюнча укук коргоо органдарынын 77 кызматкери кылмыш
жоопкерчилигине тартылган.
Мындан башка да бир катар көзөмөлдөө иши ийгиликтүү жүзөгө ашырылган.
Башкы прокурор тарабынан республиканын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин алдына 2009-жылда республиканын прокуратура органдарынын ишмерчилигинин негизги багыттары боюнча бир нече маанилүү милдеттер коюлду. Аларга жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндигин реалдуу коргоону камсыз кылуу, суу жөнүндө мыйзамды жана отун энергетикалык мыйзамдуулукту жана ишкерлердин укуктарын жана инвестициялык ишмердикти коргоо жөнүндө мыйзамга көзөмөлдүктү күчөтүү, финансы жана банк чөйрөсүндөгү кылмыштар, мамлекеттик менчикке жана бюджеттик каражаттарга кол салуунун ар кандай түрлөрү менен күрөштү активдештирүү жана башка милдеттер кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында менчик укуктарын жана анын кол тийбестигин коргоону күчөтүү жөнүндө" жарлыгын орундатуу иштин приоритеттүү багыттарынын биринен болуп саналат. Буга байланыштуу менчик укуктарын чечкиндүү күрөш жүргүзүү жолдору менен коргоо, менчиктин мыйзамдуу укуктарына көз арткан адамдарды аныктоо боюнча мыйзам тарабынан каралган бардык чараларды колдонуу, көз боёмолоо фактылары аныкталган учурда прокурордук кийлигишүү чараларын колдонуу менен кылмыш ишин козгогонго чейин кылдат иликтөөнү жүргүзүү маанилүү.
Ошондой эле коллегиянын жыйынынын жүрүшүндө 2009-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча коллегиянын чечимдерин орундатуу боюнча аймактык прокурорлордун отчётторун угуу чечими кабыл алынды.
Н. ЖЭЭНБЕКОВ