, 20.01.09 - 13-бет:
  Демилге

Алыкулдун балдары, барсыңарбы?
Алыкул Осмонов беш жүздөн ашык ыр, ондогон поэма, драмаларында адам баласынын турмушундагы ар кандай жагдайын, жан дүйнө абалынын толкундарын чагылткан жүздөгөн каармандардын ысымдары бар. Ал эми жер, суу, шаар, өлкөлөрдүн аталыштары деле ушунчалык ар түрдүү. Каармандарынын канчасы ойдон чагылдырылганы белгисиз экендиги талашсыз. Бирок, күндөлүктөрүн, каттарын жана архивдеги документтерин көркөм дүйнөсү менен салыштырганда алардын кыйласы турмушта болгон, ал турмак акындын өзү менен тааныш адамдар экендиги ырасталат. Алардын айрымдары азыр да арабызда, бардыгы "Атаң өлсө да атаңды көргөн өлбөсүн" деген кыргыз накылына накта дал келет эмеспи.

"Кыргыз Туусу" гезити быйыл белгиленчү 85 жылдыгына карата "Алыкулдун замандаштары" деген рубрикада А.Осмоновду тирүү көргөн, билгендердин көзү барларынын башын коштурса жаман болбос эле. Мисалы, учурунда "Советтик Кыргызстан" гезитинин редактору, андан соң Кыргыз илимдер академиясынын президенти болгон, тарых илимдеринин доктору, академик Курмангалы Каракеев, "Эл агартуу" журналынын кайра уюштуруучусу, Алыкул Осмоновдун педтехникумдагы курсташы, жашоодогу ботколошу, Шайык Жамансариев аксакалдар жалаң эле Алыкул жөнүндө эмес, кыргыз басма сөзүнүн таржымалы, өткөн заманы жөнүндө да аңгеме куруп бермеги анык.
Асмандагы Жетиген,
Ал эмнеге жетиден?
Нестан деген сулуу үчүн
Тариэл баатыр тентиген, - деп
эл арасында ырга айланып кеткен айтылуу котормосуна быйыл 70 жыл толоруна байланыштуу Алыкул архивиндеги К.Каракеевдин 1938-жылы 21-августта Одессадан жазган катынын соңунда Р.S: "Айткандай, сен которгон "Жолборс терисин жамынган шер" ("Витязь в тигровой шкуре") деген Шота Руставелинин поэмасы чыгууга жакындап калганбы?" - деп кызыкканы бар.
Ушундай эле маанидеги көңүл буруу Сүйүн аттуу курбусунун Ленинграддан 1938-жылы 6-октябрда жазган катындагы "Шотаны сулаттыңбы?" деген сүйлөмүнөн даана байкалат. Аталган адам кийин тарых музейинин директору жана академиядагы тарых институтунун окумуштуусу катары кыргыз тарыхына кыйла эмгек сиңирген Сүйүн Керимбаев жакында эле дүйнөдөн өткөнүн көпчүлүк билбейт.
Ошентип, которула баштаганда эле өзүнө көңүл бурдурткан "Жолборс теричен баатырды" Алыкул 1939-жылы апрель айында биротоло которуп бүтүп, 1940-жылы Казан шаарында латын арибинде 1-басылышы жарык көргөн.
Кийинки чыгармачылык чыйырына көркөм угут, чеберчилик мектеби болгон котормосу кыргыз арасында тез эле тарай баштаганын акын минтип жазганы бар: "Жыл айланбай айыл-апада төрөлгөндөргө Тариэл, Автандил, Нестан, Тинатин, Асмат, Нурадин деген ысымдар коюла баштаганын байкап, өзүмчө кубанып калдым".
Мына ошол Шотанын каармандары, Алыкулдун адабий балдарынын Ала-Тоо журтуна байыр алгандарынын асты жетимишке чукулдаса, арты жети жашка келип же эми төрөлүп дегендей, "Жолборс теричен баатыр" баяны уланууда...
Алыкулдун мына ушул балдарынын баш-аягы канча экендигин билүү, алардын өз ысымдарына жана акынга байланышкан маалыматтарын чогултуу, мүмкүн болсо ошолордун күчү менен дастанды кайра, 7-ирет басып чыгаруу деген демилгени мүлдө кыргыз кыйыры колдойт деген ишеничтебиз. Балким, акындын башка чыгармаларындагы каармандар теги да табылып калгысы бардыр. Ошондо, "Алыкул-95" мааракесинде (2010-жылы) Каптал-Арык-Бишкек-Токмок-Ысык-Көл багытында иш-чаралар тутуму өткөрүлсө, тарбия-таалими таасирдүү адабий-маданий сапар алыкултаануу тарыхына жазылар.
Убагында "Кызыл Кыргызстандын" жигердүү автору болгон жана некрологдоруна чейин ар түркүн макалалар жарыяланган Алыкул Осмонов боюнча кызыктуу мате-риалдар "Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына төп келмеги ырас. Анда эмесе, кеп кезеги силерде, окурман журт жана Алыкулдун балдары...
П.КАЗЫБАЕВ,
"Алыкул үйү-борбору" коомдук бирикмеси

Сүрөттөрдө: "Жолборс терисин жамынган баатыр" дастанынын сюжетине карата И.Тоидзенин тарткан эскиздери.




  Дил маек

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу Жаныш КОЧКОРОВ:
"Өмүр дайранын" алгачкы аталышы "Кеч келбе" болчу"
- Учурда эмне менен алектенип жүрөсүз?
- Азыр Токтогул ГЭСинин каскадында бир участкада начальниктин орун басары болуп иштеп жүрөм.
- Чыгармачылыктан алыстап кеттим деңизчи?
- Жок, андай эмес. Кечкисин маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иштейм. Чыгармачылыкка аралашкандан кийин аны таштабаш керек, аны адам өзү деле таштап, таптакыр бөлөк кесипке алмаштыра албайт. Азыр ойлосом 32 жылдан бери чыгармачылык менен алышып иштеп келе жатыптырмын. Быйыл Президентибиз Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген наам беришти. Бул кубаныч мени дагы жаңы ырларды жазууга шыктандырып, жаңы чыгармаларды жаратууга үндөөдө.
- Чыгармачылык жолуңуз кандайча башталды эле, ошол тууралуу кеп салсаңыз?
- Мектепте окуп жүргөндө комуз чертип ырдачу элем. Тагайбек Кулушев деген киши бар эле, ошол адам аккордеон тартып, мен "Алтын шакек" деген ырды ырдап чыккам. Окууну бүткөндөн кийин Токмок шаарындагы маданий-агартуу окуу жайына тапшырдым. Аны аяктаган соң Кара-Көл шаарына барып маданият үйүндө кыргыз коллективинин жетекчиси, кийин кыргыз ансамблинин жетекчиси болдум. Андан соң көркөм жетекчиликтен директорлукка шайландым.
- Алгачкы обондоруңуз качан жаралды?
- 1987-жылы "Сагындырба", "Жеңеме", "Эгер болсо чын сүйүү" деген эң биринчи обондорумду жаздым. 1989-жылдары ошол ырларымды Бөкөмбай Боркеев биринчи жолу телевидениеге тарткан. 1992-жылы "Өмүр дайра", "Кимибизден келет дедим" ж.б. обондорду жараттым.
- Устатым деп кимдерди айтасыз?
- Токмокто көбүнчө эле орус мугалимдер боло турган. Бирок, мен аларга барбай Сексенбай Айманбетов деген агайга барып, ошол кишиден сабак алчумун. С.Айманбетов кыргыздын попуррисин аккордеондо тарткан. Догдурбек Жылышбаев, Урал Агайдаров деген агайлар бар эле. Мына ушул кишилерден мен көп нерселерди үйрөндүм.
- Жакшы конкурстар өтүп жатат, эмнегедир сизди көрбөй жатабыз?
- Ооба, "Жылдын мыкты ыры" деген конкурска катышайын деп ден соолукка байланыштуу катыша албай калдым. Бирок, жаңы жылда "Көгүлтүр отко" катышып, элге "Өмүр дайраны" аткарып бердим.
- "Өмүр дайра" кандайча жаралды эле?
- Шамшыбек Өтөбаевдин үйүндө жатсам, кошуна бир эже келди. Шаңкылдап кирип келип эле: "Ким жатат?", -деди. "Шамшыбектин досу Ж.Кочкоров", - десе: "Чакырчы",- деди окшойт. Чыксам: "Жаныш, менин бир таанышым ыр жазган экен. Мага жагып көчүрүп жазып алгам, өзүң бир окуп көрчү. Обон жазсаң жакшы болот эле",-деди. Ырдын темасы "Кеч келбе" экен, анан мен ойлонуп жүрүп "Өмүр дайра" деп тема коюуну туура көрүп, анан обон жаздым. Билсем, ал ырды Карыбек Биримкулов деген киши жазган экен.
- Окурмандар үчүн ар бир ырдын тарыхы кызык, айтсаңыз, "Жеңеме" деген ырдын жаралышына эмне себеп болгон?
- Жердеш бир жеңем бар эле, ал май куюучу жайда иштечү. Менин мотоциклим бар болчу. Колум капкара май, кир болуп жеңеме келип 10 литр май куюп бер деп 3 сом акча берем. Ал кезекте 1 литр май 30 тыйындан эмес беле. Акчамды колу менен албай мобул жерге кой деп кетип калат эле. Ал барып отуруп алып жасанып- таранчу. Бир күнү чакырып калды. Ак көйнөк
кийип алыптыр, көзүмө укмуш көрүндү. Ошондо ойлонуп отуруп сизге арнап ыр жазсам болобу десем: "Не деп жазасың?",- деди. "Жеңеме деп жазам",- дедим. Ошентип ойлонуп жаздым, элдик обон менен ырдадым. Анан эртеси: "Кел, мен сенин ырыңа жооп жазып койдум",-деди. Бардым, акем деле отурат.
Ак чатыр тиктим тектирге,
Ак көйнөк кийдим этиме.
Ар дайым бирге болууга,
Акеңиз койбойт эркиме.

Көк чатыр тиктим тектирге,
Көк көйнөк кийдим этиме.
Күнүгө бирге болууга,
Күйөөм койбойт эркиме, - деп тамашалап жатпайбы.
- Азыркы жаш ырчылардын ыр тандоосуна кандай көз караштасыз?
- Мен көп ырчы балдарга ыр тандоону билбейсиңер деп айтам. Атын атабай эле коёюн, бир жигитке жакында ыр, обон жазып бердим. Менин ырларымды жаңыча кылып аранжировкалап аткар дедим.
- Обонду эмне менен жазасыз?
- Азыр баары эле компьютер менен жазышат. Бирок, мен аккордеон менен жазам. Обонду негизинен фортепиано менен жазган эң оңой болот. Анан аккордеонго салып аткарып көрүп, аранжировкалап аласың. Ал тургай мен комуз менен да обон жазып көрдүм. Бир киши арманын жазып алып келиптир. Жаңыдан турмушка чыккан кызы Токмокко кетип бараткан жерден кырсыкка учурап, кызы, күйөө баласы каза тапкан экен. Ошол текстке кайгылуу, муңдуу обон чыгардым.
- Азыр жаңы жаратмалар барбы?
- Азада Бегимкулованын "Талантты сүйгөндөр" деген ырына обон чыгардым. Каныбек Иманалиевдин сөзүнө жазылган "Сулууга", "Арзуу жыты" деген ырга обон жазып жатам, бирок, бүтө элекмин.
- Канча обонуңуз бар?
- Баш-аягы 50дөй. Буюрса баарын чогултуп бир альбом кылып чыгарайын деп жатам.
- Рыспай агай менен чогуу жүргөн учурлар тууралуу айтып берсеңиз?
- 1994-жылдары Ошто концерт коюп, бирге жүрдүк. Облуста конкурс жүрүп калып, биз Жалал-Абаддан Арзыбек Бедияров экөөбүз бардык. Мен биринчи орунду, ал экинчини алды. Кароо- сынакка катышкан Асанкалый Керимбаев, Исрадин Аманбаев, Рыспай Абдыкадыров бар эле. Рыспай аке конкурска катышкан жок, бирок аксакал болуп ырдап баштап берди.
- Ата-энеңиз жакта талант, өнөр барбы?
- Менин апам жакшы ырдачу экен. Таенем Токтош кошокчу болгон. Мен ошол таенемдин колунда өскөм. "Асманда жылдыз көп, жерде мундуз көп. Мен мундуздун кызы болом, ушуну билип ал", - деп көп айтчу.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"