, 20.01.09 - 10-бет:
  Кыргызымдын залкарлары

Калыгулдун олуялыгы жана көрөгөчтүгү
Бала кезде Калыгул жөнүндөгү айыл аксакалдарынын айткандарын эш тутканым бар. "Калыгул тигинтиптир, минтиптир" дешип жакаларын кармап, тобо кылып калышаар эле. Ачык маалымат болбогондуктан, оозеки түрдө чыгармалары атадан балага өтүп, айтылып келе берген тура.
Кыргызда келечекти өзүндөй
кылып тастыктап айткан адам - ушул Калыгул.
Эмесе, кеп оролу бул улуу акындын айткан аяндары, олуялыгы жана көрөгөчтүгү жөнүндө болсун. Замана жөнүндө ырларын баамдасаң, көпчүлүгү келечектен кабар бергенсип турат. Токмоктун жанындагы Жылгындынын башында калың эл менен отуруп:
- Ээ балдар! Кудай дей турган замана келатат. Омбу дегенден орус келет дейт. Бул айтканым ыраспы? - деп, оң ийнин караганда, элдин үрөйү учуп: "Ошол орустун түрү кандай?" - деп сурашкан экен. Анда Калыгул:
" Өңү сары, көзү көк,
Орус чыгат деп айтам.
Миң түтүнгө бир киши,
Болуш чыгат деп айтам.
Алка жака салынган,
Кийим чыгат деп айтам.
Акча кагаз пул болуп,
Тыйын чыгат деп айтам", -
бул сары орустун заманы деп, кыргыздын жерине алгачкы орустардын көчүп келишин алдын-ала айтып койгон экен. Анан экинчи ийнин кылчая карап, андан аркы заманды мындайча боолгологон:
"Байпагың манат, батегиң киш,
Ит аягың мис болоор.
Кой үстүндө торгой
жумурткалап,
Эл миңдеп кой айдаган
болоор" ,
- деп, атактуу социализмдин тушундагы барчылыкты сүрөттөп, кара орустун заманынан кабар берет. Жамандыр-жакшыдыр бул мезгилге да баарыбыз күбө болбодук беле. Ушуга окшош эле:
"Уй пул болоор,
Кул бий болоор.
Аяк адам баш болоор,
Баш адамдар пас болоор" - деген саптары да өзүнүн олуттуулугу менен айырмаланып турат. Эзели мал катары саналбай, сасык мурун деген уюң азыр 20 миң сомго чыгып турат.
Ал эми жөнөкөй эле жакыр үй-бүлөдөн чыккан кыргыздын чыгаан уулдары Б.Исакеев, Ж.Абдрахмановдор калың журтка баш болушса, бай-манаптардын күнү бүтүп, пас адамга айланышпады беле.
Азыр болсо экология бузулуп, жаратылышты коргоо көз жаздымда калып, "Токоюң токол болоор" болуп чыныгы эмгеги менен дыйкандар "талааны токой болоор" деңгээлге чыгарып жатышпайбы. Ал эми ыйманы жоктор көбөйүп, "Атанын тилин бала укпай, кыз жигитти кубалаар" мезгилдин келгени качан.
Илгери шар аккан суунун боюна тегирмен курушуп, тегирмендин ташын айландырышаар эле. Тегиз жерге тегирмен курган кимди көрүптүр. Бүгүн электр тогунун кубаты "Тегиз жерден тегирмен чыгаар" кылса, "Тексиз жерден бий чыгаар" болуп А.Акаев деле 15 жыл эл башкарбадыбы.
"Сааганың сары бээ болоор, ичкениң ит ичпеген сары суу бо-лоор" дегендей, сары челектен кружкалап пиво ичкендердин заманы да өтүп кетпедиби.
Илгери ата-бабабыз кийген жылуу тондордун этеги чолоюп: "Этеги жок, жеңи жок чапан чыгаар. Эң кийинки балдары тапан чыгаар" доорду азыр баштан кечирип жатпайбызбы. "Буйрук менен кондурган конуш чыгаар" болуп айылдарды ирилештирүү саясаты ири мурунку айылдарды жоготуп тынды. Болбосо, алар эл-жери, мал-салы арбын айылдардын катарына кирип калмак. Азыр деле жер реформасынан кийин үлүшкө тийген жерлерге малдарын киргизбей, "Узун чөбүн оруп алаар, кыска чөбүн коруп алаар" мезгил өз өкүмүн жүргүзүп жатпайбы.
Калыгулдун дагы бир көрөгөчтүгү, кыргыздын техникадан такыр кабары жок учурунда паровоздун келээрин билип, алыс жерге байланыш үчүн телеграмма жөнөтөрүн туйгандыгы өзгөчө кызык. Бул анын "От араба, дилгирем, жол кыскарат ошондо" деген ыр саптарынан ачык байкалып турат. Мурунку заманда эгерим эркекке өйдө карап сүйлөбөгөн аялдар алар менен тең укукка ээбиз дешип, "эримди өзүм билем деп зайып чыгаар" болгону качан.
Биздин келечегибиз болгон кыргыз балдарынын бир кезекте илим-билимдүү болушуна көзү жетип, "Андан кийин билимдүү атың чыгат деп уктум" десе, "Калайыкты бийлеген, аял чыгат деп уктум" болуп Курманжан даткадай, Уркуя Салиевадай инсандардын чыгышы элди кубандырып келбедиби. Ал эми кийинки замандын үлкөн кыздары К.Кондучалова, С.Бегматова сыяктуулар да Ата-Журтуна ак ниеттен кызмат кылып кетишпедиби.
Жыйынтыктап айтканда:
"Аганын тилин ини албай,
Чагым болот деп айтам.
Биринин тилин бири албай,
Жайыл болот деп айтам" - болбой кыргыз элибиздин келечегин ойлосок, Калыгул атабыздын осуяттарын аткарып, "бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып", "Ырыс алды - ынтымак" жашаганыбыз жөндүү го.
Антпесек, "Алтын так колдон тайып", мекенибиздин келечегине доо кетирип алабыз.
Дүйшөбек ОРОЗАЛИЕВ,
Кочкор району,
Калыгул Бай уулу атындагы
орто мектебинин
методист-мугалими




  Дил маек

"Менин фольклорго кызыгып калганыма
Исхак Раззаков себепчи болду"
(Башталышы гезиттин 2009-жылдын №3 санында)

Андай кыякчыны эми эне төрөп бербейт
- Сиз Алайкууга барганыңыз тууралуу дагы айтсам дедиңиз эле?
- Ооба, ошону эстегенде адамдардын кайдыгерлигине жүрөгүм ооруп эстейм. Ал мындайча болуп калды. Алайкуудан Датка деген кыякчыны алып келип кыргыз радиосуна жаздырган элем. Абдан укмуш талант экен. Андан бир топ жылдар өткөндөн кийин, бир жолу радиого кирип баратсам эле ошол жерде иштегендердин бири "Сенин Датка деген кыякчыңды өчүрүп коюшту" деп айтып калды. Ошонун көркөм кеңешине Түгөлбай Сыдыкбеков, Ашым Жакыпбеков, Саякбай Каралаев келген. Башкы редактор ошондо Жумакадыр Эгембердиев болчу. Саякбай Каралаев: "Экинчи мындай кыякчыны эне төрөп бербейт, көрдүн ичинде жаткандардын баарын жарыкка чыгарган экен. Мындай кыякчы эми туулбайт", - деген эле.

"Кедейкан" болом деп кызматтан алынгам
- Буудайбек ага, сиз жалаң фольклорду жыйноо менен эл кыдырып жүргөндөй сезилесиз, башка иште да иштеп жүрдүңүзбү?
- Иштегенде иштеп жүрдүм, жаштар журналында иштеп жүргөндөгү бир окуяны айтып берейин. Кыргыз сөздүгүнүн автору Константин Кузмич Юдахин менен мен жакшы мамиледе элем. Бир жылдары Юдахиндин 70 жылдыгын эч жерде белгиленбесин деген жогору жактан тапшырма болгон.
- Коммунисттик идеологиянын таасиринен Молдо Кылыч тууралуу күнөөлөнсө керек эле?
- Ооба, ооба, ошону жактайт деген саясый айып коюлган да. Ошол учурда менин баш редакторум командировага кетип калган. Үч бетке Константин Кузмичти сүрөтү менен чыгарып жибердим. "Кедейкан" болуп турганда сиздин юбилейиңизди элге жарыя кылып чыгарып жибердик",-деп, өзүнө алып барып бердим. Бетимен өөп, ыраазы болуп, ошондон кийин мени "Кедейкан" деп жүрдү. Анан Хусейин Карасаев айтып калды " Сенин журналыңды сатып алып, Юдахин чет жердеги досторуна жөнөтүп жатат" деп. Сүйүнүп ошентсе керек. Адамдын көңүлү жакшы сөз, жакшы мамиле менен өсөт эмеспи.
- Сизге ошондо айып коюлган жокпу?
- Айып коюлганда шумдук болбодубу, баш редактор баш болуп баарыбыз кызматтан алындык да калдык. Бирок Константин Кузмичтей жакшы адам менен мамилем ошол бойдон калды. Мына эми анын аты тарыхта калып олтурбайбы. Бирөөнү бактылуу кылган мүнөттөр өзүң үчүн дагы жагымдуу сезилет экен. Кызматтан түшкөнүм менен кагаз, калемимди эч ким ала алган жок. Ал турсун анын жанында жүргөндөр дагы мени сыйлашчу.
Бир күнү университеттен чыгып келатсам учурап калды Юдахиндин шофёру, өзү өзбек жигит эле. Машинадан чыгып, мени колтугумдан алып айтып калды: "-Сени май таяк менен чаптыбы, бок таяк менен чаптыбы?",-деп. Унчуккан жокмун, күлдүм. Мени үйгө жеткирем деди. Андан кайра Константин Кузмичтин үйүнө келдик. Бир чоң ити бар экен. Экөөнө эки жилик таштады. Өзүнүн "Дос" деген чоң ити бар эле, кызык, ошол чоң ит өзүнүн этин четке коюп, тигил иттин жилигин тартып алды. Ошондо Константин Кузмич "Күчтүүлөр алсыздарды кандай кор кылат, көрдүңбү, адамдарда да ушундай!?",- деди. Мен абдан ойлонуп калдым. Чын эле бул деген турмуштун философиясы тура.
Тыныбектин кол жазмасын Сулайман Кайыповго эле берсем эмне?!
1946-жылдан 49-жылга чейин эле айтайын, Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында жашадым. Атам согушта каза болуп, апам дүйнөдөн өтүп кетип, агам иним экөөбүздү алдырып алган. Ошо кишинин колунда жүрүп калган жайыбыз бар. Биримкул Токобаев деген киши бар эле. Кийин РайОНОнун башчысы болгон, агамдын достору болчу. Дагы бир жолу ошол тарапка командировкага барып калдым. Ибаримов Турсунбек деген досу чакыртып калды. Барсам Соң-Көлдө тосушту. Тыныбек Манасчыдан жазылып калынган кол жазма бар экен арабча. Ошону ала кет деди. Мен айттым: "Шүкүрбек Бейшеналиев деген иниңиз бар, Тенти Орокчиев деген күйөө балаңыз бар, биздин үйлөргө мейман болуп барып, өзүңүз тапшырып кетиңиз",-дедим.
- Алып келип, академияга тапшырып койсоңуз болбойт беле?
- Ошону айтпайсыңбы, эстеген сайын абдан өкүнөм. Азыр "Манас" Кыргыз -Түрк университетинин ректору болуп калды, Сулайман Кайыповго эле айтсам өткөрүп коймок экен, ал академияда эле. Бир күнү, Барскоондук жигит бар, Иманбек Өмүрзак деген. Ошого айтсам алып келиптир. "Сапарбек Закировго сатайын" дейт. "Мейли эми, сен кожоюн болуп калган соң",-дедим. Эми азыр айта берсе болот да. Бул кол жазманын баасы азыр бир миллион долларлык десе чындык.
Ошол кол жазма Тыныбек Манасчынын өзүнөн жазылып алынган экен. Өзүнүн варианты десе да болот. Ошону сактап жүрүүгө Биримкул Токобаевге берген экен да.

Сагынбайдын
"Семетейи" азыр да академияда турат
- Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы "Семетей" эпосу бар, бирок жарыкка чыга электиги тууралуу айтылган кепти уктум эле?
- Эми сен чыгармачыл чөйрөдө жүрөсүң, ишиң дагы ошондой, уксаң укккандырсың. Ал дагы өзүнчө кеп. Айтпаса болбос, кези келгенде айтып калуу да керек нерсе экен го. Биздин экспедициянын жетекчиси Ибраимов деген эле. Бир аксакал дагы бизди мейман кылууга чакырып калды. Үйүнө барсак, кемпири айтып калды: "Бизде Сагынбайдын "Семетейи" бар деп. Сагынбай ошол жерде жашаган, ошондо моңолдор деген уруу жашайт экен. Арабча жазылыптыр, көлөмдүү экен. Көрсөңөр дагы болот деди. Аны жазып калган адамдын уулу бар экен, 80 ге чукулдап калыптыр. Ошого бардык. Сурадык: "Атаңыз "Семетейди" жазганыңыз чынбы?", - дедик. "Чын, бирок өлгөндөн кийин молдолор кол жазмасын алып кеткен", -деди.
Ошондон кийин биз борборго, Академияга келдик дагы, "Известия" гезитине Сагынбайдын "Семетейи" табылды деп жазып чыктык. Ошондогу директорубуз айтыптыр "эми ал кол жазманын баасы жүз сомдун тегерегиндеги акча, ошого макул болсо алгыла, макул болбосо кайра жибергиле" дептир. Кубат Ибраимовго айттым мен ошондо: "Ой, акча доолаган жок, бекер бербеди беле бизге",-дедим. Ошого карабай акча доолайт деп, Кырбашов Кеңеш, Абдылдаев Эсеналы дегенге рецензия жаздырып, Тоголок Молдонун вариантына окшош экен дедиртип коюптур. Ошол ошо боюнча академияда жатат. Орозбаковдун "Семетейи" ошондой тагдыр менен басмадан али чыга элек.