, 16.01.09 - 8-бет:
  Баткен

Кышкы каникул узартылбайт
"Баткен облусу боюнча жалпы билим берүүчү мектептеринин кышкы каникулу узартылбайт. Негизинен көмүр менен жылытылган айрым мектептерде окуу процесси 12-январдан эле башталып, облустун аймагындагы мектептер толугу менен 2-февралдан окуусун улантышат"- деп билдирди Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Жамалидин Эшанкулов.
Облус боюнча орто билим берүүчү мектептердин
саны 225 болсо, анын дээрлик 70 пайызы, тактап айтканда 138 мектеп көмүр менен , 10 мектеп газ менен жылытылат. Ар бир район, шаарга берилген электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча лимиттин сакталышы электр менен жылытууга ылайыкташтырылган типтүү мектептердин катарына кирген калган 79 мектепте кышкы каникулду узартпоого мүмкүнчүлүк түздү.
Жер-жерлерде көмүр менен жылытылуучу мектептердин кышка карата даярдыгына жергиликтүү бийлик тарабынан жакшы деңгээлде көңүл бөлүнүшү, мектептерде окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоонун негизги өбөлгөсү болду.

Курулуш материалдар өзүбүздөн чыгат
2008-жылы Баткен облусунун өнөр жай тармагында жаңы 7 өнөр жай ишканасы ачылып пайдаланууга берилди. Алардын арасына бүгүнкү күндө миллиондогон сомдук продукция өндүрүүнү камсыз кылып жаткан кирпич заводдорун, жаңы ачылган көмүр шахта кендерин жана пластикалык курулуш материалдарын чыгаруучу башка өнөр жай ишканаларын кошууга болот.
Кызылкыя шаарындагы бир эле "Билдбрикс" жооп керчилиги чектелген коомдун өткөн жыл ичинде өндүргөн продукциясынын көлөмү 10 миллион сомдон ашты",- деп билдирди облмамадминистрациянын экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаев.
Мындан сырткары буга кошумча дагы кирпич блогун, гипсокартон, пластикалык буюмдарын, арматура, черепица жана спирт чыгаруучу завод болуп жалпысынан 10 ишкана өз продукциясын чыгаруунун алдында турат.
Мамажан БЕРДИШЕВ




  талас

Маянасын алалбай, маанайы суз мугалимдер
Өлкө башчысы Курманбек Бакиев жаңы жыл алдында пенсия, пособие жана айлык акылар менен 2008-жылга карыз калтырбай каржылоо тууралуу көрсөтмө берген. Бирок жаңы жыл алдында Талас облусу боюнча бюджеттик мекемелер 3 млн. 860 миң сом акча каражаты менен каржылабай, бир жума дем алыш майрам күндөрүн тиштеринин кирин соруп өткөрүштү.
Талас аймактык казына бөлүмүнүн директору Анаркул
Мамбетовдун маалыматы боюнча 31-декабрь күнү облустагы 40тан ашык мекемелерден өтүнмө алынган. Бирок, Борбордук казынадан каржылоону токтотуу тууралуу көрсөтмө берилген. Ошол күндөн ушул учурга чейин айлык акылар берилбей, миңден ашуун адам тиричиликтен кыйналышууда. Эмне үчүн Талас облусуна бөлүнгөн каражат кайра кайтарылып кетти деген суроого ушул убакка чейин так жооп берген адам табылбай жатканы таң калычтуу.
Козубек ИМАНКУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"





  Ысык-көл

Кышында окугандар да, эс алгандар да бар
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өткөн жылы чыккан буйругунун негизинде жалпы билим берүүчү мектептердеги кышкы каникул эки айга - 28-февралга чейин созулары жарыяланган.
Бирок, мындай көрсөтмө-буйрук Көл өрөөнүнүн Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Ак-Суу райондоруна, Балыкчы шаарына гана тиешелүү болуп калды. Анткени, облустун калган аймактары: Тоң, Түп жана борбору Каракол шаарынын мектеп окуучулары кышкы эс алуу каникулун быйыл 18-январда аякташат.
Алардын мындай чечими, энергетикалык кризисти алдын алуу менен милдеттүү окуу программасын ыксыз үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жылытуу системасын башка отунга өткөрүүнүн иштиктүү жемиши болуп калды.

Кичи залды "Биз экөөбүз" ачты
Өткөн ХХ кылымдын 70-жылдарында жаңы имараты курулган Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын экинчи кабатында буга чейин репетициялык кең бөлмө катары пайдаланылып келген зал эми аз сандагы көрүүчүлөрдү тейлөөчү чакан кичи театрга айланды.
Жакында анын тушоосун Жаныш Кулманбетовдун пьесасынын негизинде Акелең Кускаковдун режиссёрлугунда коюлган "Биз экөөбүз" лирикалык комедия спектакли кести. Орундугу элүү кишиге эсептелген театрдын ачылышына келген алгачкы көрүүчүлөргө бул күнү бар болгону эки гана каарман катышкан жогорудагы чыгарма тартууланып, анын жыйынтыгында: Тилек - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Таалай Касымалиев менен Жийдегүл - артистка Айзада Сопуевага кесиптештери менен көрүүчүлөрдүн атынан эске аларлык пикирлер, жигерденткен жакшы каалоолор айтылды.
Жээнбай ТҮРК,
"Кыргыз Туусу"





  Жалал-Абад

Арстанбаптын калкы "Хизбут Тахрирге" каршы
2008-жылы Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы менен жергиликтүү бийликтин биргелешкен аракетинин натыйжасында облустун аймагында 88 коомдук алдын алуу борборлору ачылып, иштеп жаткандыгын облустук ички иштер башкармасынын жетекчиси, милициянын генералы Кемелбек Кыязов билдирди.
К.Кыязовдун айтымында бул борборлор аркылуу кылмыштуулукка каршы
коомчулук менен биргеликте күрөшүүгө шарт түзөт.
Ал эми жаңы жыл алдындагы Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл өкмөтүндөгү коомдук алдын алуу борборунун ачылышына 600гө жакын адам катышып, Арстанбап айылынын жашоочусу, ардагер Арстанбек Корозов: "Коомчулукта Арстанбапты "хизбутчулардын уясы, калктын 80%ы "Хизбут Тахрир" партиясынын мүчөсү деп айтып келишкен. Ырас, мындан үч-төрт жыл мурун андай элементтер бар болчу. Азыр эл да саясатты туура түшүнүп, Хизбут уюмунун жактоочулары да, мүчөлөрү да жок, андан баш тартышты", - деп билдирди. А.Корозов айылдагы 17500 адамдын атынан Президентке Арстанбаптын эли "Хизбут Тахрир" партиясынын идеологиясына каршы экендигин айтып, кайрыларын айтты.


Кара-Көлдө кичи ГЭС ишке киргизилди
Кара-Көл шаарынын жогору жагындагы Кара-Суу дайрасынын жээгине 80 киловаттык "Капчыгай" кичи ГЭСи ишке киргизилди.
Биз эми энергетикага көз ка-
ранды болбойбуз жана жылуулук боюнча да кыйынчылык болбойт", - деди кичи ГЭС курган ишкер Мамбет Койчуев. "Жалпысынан миллион сом жумшалган бул кичи ГЭС ошол жерде жашаган тейлөөчү жайларды толук камсыз кылат жана 5 жылда өзүн-өзү актайт", - деп айтты кичи ГЭСтин ачылышында облустун губернатору Кошбай Масиров. ГЭСтин ачылышына район, шаарлардын жетекчилери жана ишкерлери чакырылып, губернатор тарабынан жер-жерлерге ушундай кичи ГЭСтерди куруу боюнча көрсөтмө берилди.
Орозалы КАРАСАРТОВ

  Hарын

Энергетикалык кризис элди ойлонто баштады
Нарын шаарындагы жеке ишкер Баатырбек Жээналиев жакында малдын кыгынан биогазды иштеп чыгуучу цехти ишке киргизди . Ал цехтин ачылышына чейин Кыргызстандагы Швейцариянын Экономикалык иштери боюнча мамлекеттик секретариаты тарабынан каржыланган Европанын өнүктүрүү банкынын ишмердикте, кеп-кеңештерди колдоо программасы менен кызматташып, алардан бизнести өнүктүрүү боюнча кеңеш алып, 3500 доллар грант алууга жетишкен. Учурда цехте 10 адам иш менен камсыз болушкан. Биогазга сырьёну алуу оңой, анткени ишкердин Нарын шаарына аймакташ жайгашкан сарайында өзүнө тиешелуу 100 кою багылып, алардын кыгы пайдаланылууда. Иштелип чыккан биогаз азыр ишкердин кафесине , саунасына колдонулууда. Рыноктун шартына калыптанып, иш жүргүзүп жаткан Баатырбек Жээналиев мындан сырткары брусчатка, ташкөмүрдүн күлүнөн кирпич чыгаруучу цехти иштетип 20 адамды иш менен камсыз кылып, алардын ар бирине 4000 сомдон эмгек акы төлөп берүүдө.

Байланыш жакшыртылмакчы
Нарын облусундагы "Кыргызтеле-
ком" ачык акционердик коомунун филиалы өткөн жылда облустагы кардарларга 1187 телефон коюп беришкен. Айрыкча сапаттуулугу жогору "СДМА 450" жаңы технологиядагы системасынын обо менен иштөөчү радиотелефондору кардарлардын ыраазычылыгына татууда. Мына ушул радиотелефондор жакында Жумгал районунун Чаек айылында орнотулуп, калкка кызмат көрсөтө баштады.

Айла тапса айылда да ишкердик кылса болот
Нарын районунун Таш -Башат айылында төрт кыз-келин өткөн жылдын декабрь айында "Май-булак" аттуу ишкер топ түзүшкөн.
Топ түзүлгөнгө чейин алар Нарын
облустук айылдык кеңеш кызматында сүттү кайра иштетүү боюнча бир жумалык окуудан өтүшкөн. Бүгүнкү күндө ишкер топ аркылуу сүттөн быштак, сыр, курут, каймак жасалып, алар чыгарган азыктар Нарын шаарындагы чек ара аскер отряддына, балдар бакчаларына сатылып, алардан түшкөн акчага керектүү нерселер сатылып алынууда. Жаңы жылдын январь айынын онуна чейин ыгым -чыгымды эсептебегенде ишкер топ 20000 сом акча табышып, ага муздаткыч, сеператор сатып алышкан. Андан сырткары ашкан акчаны 2000 сомдон бөлүп алышкан. "Мындан ары сүттөн азык иштетип алуунун технологияларын жакшы өздөштүрүп, мындан да көбүрөөк пайда табабыз", - дейт топтун жетекчиси Үмүт Асаналиева.
Кулчун РАХМАНОВ,
"Кыргыз Туусу"





Кыш чилдеде Европанын газсыз калганына экинчи аптага аяк басты
Европа өлкөлөрүнө Орусиядан газ келбей калганына экинчи жумага аяк басты. Анын аралыгында Орусия менен Украинанын ортосундагы газ талашы дале уланууда.
14-январь, шаршембиде Европанын басымдуу бөлүгүндө суук катуу бойдон калды. Бул күнү да тоңгон континентке Орусиядан күтүлгөн газ келген жок. Орусиянын "Газпрому" Украинанын куурлары аркылуу Европага экинчи газ жиберүү аракетинен майнап чыкпагандыгын айтып, алаканын жайды. Алдыңкы күнү Балканга жана Түркияга Украина аркылуу газ жиберүү дароо эле кайра токтотулушу европалыктардын тынчсыздануусун ого бетер күчөттү.
Шейшембидеги окуялар соода акыйнегинин жаңы айлампасына түрткү болду. Украина Орусияны тескери түтүктөр менен газ жиберди деп ырастады. Өлкөнүн мамлекеттик "НАФТАГАЗ" ишканасынын жетекчиси Олег Дубина бул катачылыкка мындай түшүндүрмө берди:
- Тилекке каршы, Газпромдун Орловка тарапка жана Молдовага Суджа аркылуу 76 миллион куб метр газ жиберүү сунушун ишке ашыруу мүмкүн эмес. Орусиядан Европага газ келбей калгандан бери, Украинанын газ ташуу системасы бир бүтүн тармак болуп иштеп калган. Азыр эми газды Газпром каалаган багытта жөнөтө баштасак, Одесса, Донецк дубаны, Луганск жана кайсы бир деңгээлде Днепропетровск дубаны газсыз калат.
"Газпромдун" маалымат катчысы Сергей Купрянов Украинанын "Европага жана Украинага делген газды аралаштырбаш үчүн, газ түтүктөрүн жабууга туура келип жатат" деген ырастоосун четке какты:
- Украинанын газ ташуу системасынын босогосунда абал ушундай, украин тарабынын жол тосууга технологиялык мүмкүнчүлүгүбүз жетишпейт деп айтканы чындыкка дал келбейт. Биз өз тарабыбыздан бардык крандарды ачтык, Украин тарабы мындай кылган жок.
Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин өз кезегинде учурдагы абалга болуп көрбөгөндөй сыпайылык менен мындайча баа берди:
- Балким Украинанын газ ташуу системасы аркылуу газ жиберүүгө техникалык шарт начардыр. Мындай болушу мүмкүн. Бирок анда бул тууралуу ачык айтыш керек да. Биз бүгүн кандай ташуу системасы менен иштеп жатканыбызды жана Украинанын ташуу системасы деги газ ташууга жараар-жарабасын түшүнүшүбүз зарыл.
Украинанын президенти да бул күнү жергиликтүү сыналгыдан чыгып сүйлөп, бирок Путинден алда-канча оройлук менен, Москвага Украинада будуң-чаң салгысы келип жатат деген кине такты:
- Украинага каршы бул чабуулдун бир нече максаты бар. Алар Украинада ички саясый кырдаалды былгытып, орус-украин алакаларына айрыкча көз каранды болгон аймактарда саясый активдүүлүктү козутуп жатышат.
Анын аралыгында, Европа комиссиясынын президенти Хозе Бароссо европалык компанияларга Европага газ тез арада жибериле баштамайынча, орус жана украин энергетика компаниялары менен соттошууга кеңеш берди.
Жаңыл Жусубжан,
"Азаттык" радиосу