, 16.01.09 - 3-бет:
 "Айтыш" коомдук фондунун отчету

Таланттарга колдоо керек
Мамлекеттик тарых музейинде "Айтыш" коомдук фондунун отчеттук кечеси болуп өттү. Анда фонддун жетекчиси Садык Шер-Нияз 2004-жылдан берки, тактап айтканда "Айтыш" коому түзүлгөндөн берки таланттарды колдоо максатында аткарып келе жаткан иштери тууралуу жалпы отчет берди.
Өткөн 2008-жыл аталган фонд үчүн оор жоготуулардын жылы болгонуна токтолду. Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов, көркөм өнөр ишмерлери А.Айталиев, Т.Абдиев, Д.Садырбаев ж.б. улуу инсандардын о дүйнөгө сапар алып кетиши кейишке салган өкүнүчтүү окуя экенин белгиледи. Ошону менен бирге иш алып барууда багыт көрсөтүп, кеңеш айткан акылман агалардын жардамына терең ыраазычылык билдирип, дүйнөнү каптап келе жаткан кризистен өнөргө бай байыркы кыргыз элинин эч качан жоголуп кетпесине ишенерин айтты. "Өнүгүп-өсүү үчүн бири-бирибизге дем берели",- деп залда отурган элге кайрылды. Фонддун алдында жакындан бери "Айтыш фильм" кино студиясы ачылып, бир топ алгылыктуу иштерди жасап, ийгиликтерди жаратып келе жатканына токтолду. "Айтыш" коому учурда 3 тармак боюнча иш алып барып жатканын баса белгиледи. Алсак, ал 3 тармактын бири- жаш акындарды колдоо максатында уюшулган "Калемгер" адабий клубу, төкмө акындардын "Айтыш" коому. Үчүнчү багыты-кинорежиссерлорду тарбиялоо, кино тартуу, б.а. "Айтыш" киностудиясы. Кыргыз кино студиясынын өнүгүп-өсүүсүнө салым кошуп, бир кезде каз-каз туруп жаңыдан кадам шилтеген "Айтыш" коомдук фондунун бутуна турушуна, эл үчүн кызмат кылышына жардам берген атуулдарга Ардак грамоталарды тапшырышты. Аны менен катар жогоруда белгилеген 3 тармак жылдын мыкты 3 адамын белгилеп, аларга дипломдорду ыйгарышты. Атап айтсак А.Акматалиев, А.Токтомушев жана кыргыз киносунун бийик деңгээлге чыгышына зор салым кошуп келе жаткан франциялык айым Шарлотта Урбан сыйланышты. Кеченин көркүн оозунда кеби, жүрөгүндө деми бар, сүйлөшсө сөздөрү сөздөрүнө өрүлгөн "Калемгер" тобунун мүчөлөрү ырларын көркөм окуп, "обонсуз" айтышка чыгышып, айтор өздөрүнүн таланттары менен келген конокторго жакшы маанай тартуулашты.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"



Сессия күндөлүгү Кымбаттаган патент, тайгалак жолдор, жарыксыз элет...
Түшүнбөстүктөр кайдан чыгууда?
Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы жылдык каникулдан кийинки алгачкы жыйынды кечээ башташты.
Жаңы жыл Израиль жана Палестинанын Газа секторундагы согуштук жаңжалы менен коштолду. Ал миңден ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Болгондо да бейкүнөө карылар, балдар, аялдар аткылашуунун курмандыктарына айланышууда. Дүйнө коомчулугу бул боюнча өз көз караштарын билдирген акцияларды байма бай өткөрүп жатышат. КРнын тышкы иштер министрлиги бул тууралуу мамилесин аликүнчө айтып чыга элек. Алишер Сабиров Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтыгы комитети менен бирдикте жалпы депутаттар кандуу жаңжалды айыптаган билдирүүнү жарыялоо керектиги тууралуу демилге көтөрдү.
Тейлөө тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөндөр үчүн бир кыйла кыйын кырдаал түзүлүүдө. Депутат Дамира Ниязалиеванын дарегине сауна, мончо жана бильярд оюну менен каражат табышкан Бишкектин 37 ишкери кайрылышыптыр. Жаңы Салык кодексине ылайык 2009-жылдын 8 январынан баштап патент төлөөнүн жаңы түрү киргизилген. Эгер алар буга чейин 7,5 миң сомдун тегерегиндеги акча төлөп келишсе, эми патент үчүн 30 миңден 50 миң сомго чейин төлөөгө аргасыз. Белгилеп кетчү жагдай, КРнын жаңы Салык кодексинин 349-статьясына ылайык Өкмөт патенттөөнүн жаңы ставкаларын парламенттин тиешелүү комитети менен макулдашып туруп, бекитип бериши керек эле. Учурда ал иштер жүргүзүлө электигине байланыштуу ишкерлер менен салык кызматкерлеринин ортосунда түшүнбөстүктөр келип чыгууда. Ансыз да үч фазалуу электр жылыткычын пайдаланууга тыюу салынгандан бери, ишкерлер газ жана көмүр отундарын колдонууга өтүшкөнү белгилүү. Ага кошумча болуп, "Бишкекгаз" ишканасы газ эсептегичти ишкерлердин өз каражатынын эсебинен жаңысы менен алмаштырууну талап кылып жатыптыр. Анысы 7 миң сомдун тегерегиндеги акча экен. Мындан тышкары соода тармагындагы ишкерлерди контейнерлердин патент баасынын жогорулашы да кыйын кырдаалга туш кыла баштады. Көтөрүлгөн маселелер боюнча Дамира айымдын пикири менен А.Сабировдун тынчсызданганы бир жерден чыгып отурат.

Каникулду узартуунун залалы да бар
Электр кубатынын жетишсиздигинен улам Бишкек шаарындагы мектептердин да кышкы каникулун февраль айынын аягына чейин узартуу зарылчылыгы келип чыккан. Мындан окуу процесси бузулуп жатат. Балдар жайкы каникулду узартып окуганда кайра жаңы окуу жылына карата мектептердин оңдоолору кечиктирилет. Мугалимдер менен ата энелердин да эс алуусу убагында берилбей калуусу мүмкүн. Буга кошумча болуп, 11 классты бүтүргөн окуучулар үчүн аяктоо сынактары кечиктирилгендиктен, жогорку окуу жайларына тапшыруу убактысы чукулдап, кыйынчылыктар жаралары шексиз. Депутат Бейшенбек Абдыразаков жогоркудай бир топ пикирлерин айтуу менен борбор калаадагы мектептерден электр энергиясын аябоону, такай электр кубатына көз каранды болгон 18 мектепти электр жылуулугу менен камсыз кылуу сунушун Өкмөткө багыштады.

Газдын айланасындагы кыйынчылыктар...
Өзбекстан газды кымбаттатканы үйдү көгүлтүр отун менен жылытып көнгөндөргө ого бетер кыйын кырдаал түзүлдү. Мурда орто эсеп менен 7,5 миң сомдон төлөгөн үй-бүлөлөр, азыркы күндө ал эки эсе кымбаттап, 15 миң сомдун тегерегиндеги акчаны "жагып" коюп жатышат. Буга кошумча болуп коммуналдык тейлөөлөрдүн баасы да көтөрүлүүдө. Ошондуктан Өзбекстан менен кайрадан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Кыргызстан колунда бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, газдын баасын мүмкүн болгон чекке дейре арзандатууга Өзбекстанды макулдатуу керек. Жаз келгенде алар бизден суу сурашарын эстерине салып койгонубуз дурус. Бул боюнча да Өкмөткө протоколдук тапшырма иретинде өз ойлорун Б.Абдыразаков ортого салып өттү.
Республиканын кээ бир райондорунда бир жума бою, кээ бир айыл өкмөттөрүндө 15 күнгө чейин электр кубаты берилбеген учур болууда. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри И. Давыдов массалык маалымат каражаттарына берген маектеринде "мындан ары 10 сааттан өчүрүүлөр болот" деген маалымат тараткан. Электр жарыгын өчүрүүлөрдөн борбор калаага караганда элет жерлери өтө көп кыйынчылыктарга дуушарланышууда. Ушуга байланыштуу бүткүл республика боюнча өчүрүүлөрдү бир убакта, бирдей өлчөмдө жүргүзүү кажет. Себеби энергетика кризиси жалаң эле райондордогу же айыл өкмөттөрүндөгү калкка тийиштүү эмес. Ал жалпы кыргызстандыктардын башына түшкөн кризис экендигине депутат Ибрагим Жунусов токтолду. Башкача айтканда, облус борборлорунда канча саатка өчүрүү тартиби бекитилсе, айыл жерлерине да ошондой эле өчүрүү убактысы бекитилүүгө тийиш. Муну аталган министрлик кайра карап чыгуусу абзел.

Жол азабы - көр азабы беле?
Шаршемби күнкү калың жааган кардан Бишкектин көчөлөрү тайгак болуп, автоунаалардын кыймылы абдан начарлады. Ушул күнү Бегалы Наргозуев бир нече журналисттер менен кичи райондор тарапка жете албай машинеси кептелишке туш болуп, бир сааттан ашык убакыт жол азабын тартканын айтып, уят болгонун жашырбады. Атүгүл № 170 каттам унаасын Токтогул Белинский көчөлөрүнүнөн түртүп убара тартып, эки жарым саат бою үйлөрүнө жете албай жүргөндөрүн кабарлап, депутаттын туугандары телефон чалганын айтып кейиди. "Мындай чарбалык иштерди парламент трибунасынан айтпаска чара калбады. Себеби, Бишкек мэри Н.Түлеевге шаардын шартын жакшыртат деп ишеним көрсөтүлбөдү беле.Анын баарыбызды жыргатканы ушубу? - деп ачууланды депутат Б.Наргозуев. - Шаардын чарбалык иштерине Кытайдан керектүү техникаларды алып келгенин айтып, телеэкрандан түшпөйт. Кайда алар? Он чакты техниканы такай, үзгүлтүксүз чыгарып иштетсе, кум төктүрсө болбойт беле? Ар бир көчөдө топтолушуп, тыгылышкан автоунаа ээлери бүтүндөй акаарат айтып жатышат".

Акчасыз мугалимдер сапаттуу сабак өтүшөбү?
"Республика боюнча мугалимдердин айлык акысы өткөн жылдын эсеби менен толук төлөнүп берилген жок", - деп маалымдады Кубанычбек Исабеков. Депутаттын айтымында, маселен, Жети Өгүз, Ысык Көл райондору боюнча бюджеттен бекитилген, акча каражаты бөлүнгөн. Бирок, эже агайлар жаңы жылды маянасыз тосушту. Бул тыкыр көзөмөлгө алынуучу маселе. Жарым жылдап акчасыз отурган педагогдордон сапаттуу сабак берүүнү күтүүгө болобу?
1998 жылдын май айында Барскоон суусуна төгүлгөн цианид уусунан бери төлөнүүчү компенсация ушул учурга чейин аягына чыга элек. Кумтөр тарабынан алиге чейин 700 миң доллар төлөнгөн жок. Учурунда каралган 180 млн. сомдук каражатты экс президент А.Акаевдин бийлигиндегилер өз убагында "жеп коюшкан". Аларды ушул кезге чейин жоопко чакырган эч ким жок.
Республиканын түштүк аймактарындагы чегара постторунун көйгөйлөрүнө депутат Махаммаджан Мамасаидов токтолуп өттү. Соода сатык, чарабалык иштери менен чегарадан үзгүлтүксүз өтүп, катташууга мажбур болгон элдин паспортторуна кирген чыккан сайын мөөр басыла берип, документтин барактары тез эле толуп калууда. Кайра паспорт жасатып алууга карапайым калктын чамасы чарк. Андыктан паспортко кошумча барактарды киргизген тиркеме чыгаруу кажет же коңшу республикалар менен аны жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетишишибиз керек.
Кечээ депутаттар январь айында каралуучу күн тартибин бекитишип, бир нече маселелердин үстүндө иштешти.

Нарынкүл Назаралиева,
"Кыргыз Туусу"



Жаңы жылда- жаңы орфография
Премьер-министр Игорь Чудинов Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2002-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолоорду киргизүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомун аткаруу боюнча Өкмөттүн буйругуна кол койду.
Бул буйрукка ылайык Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунда каралган каражаттардын чектеринде кыргыз тилинин жаңы орфографиясын өзүнчө басып чыгарууну жана аны менен республиканын аймагындагы бардык мамлекеттик мекемелерди камсыздоону уюштуруу сунуш кылынды. Улуттук комиссия мамлекеттик мекемелер тарабынан басылуучу окуу китептеринин жана башка басылма продукцияларынын тексттеринин мазмунун орфографияга киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорго ылайык келтирүүгө тийиш.
Билим берүү жана илим министрлигине жаңы орфографияны республиканын бардык билим берүү мекемелерине киргизүүнү жүзөгө ашыруу тапшырылды.
Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2009-2010-жылдар аралыгында республикадагы калктуу конуштардын, жерлердин жана дарыялардын аталыштарынын көрсөткүчтөрүн жаңы орфографияга ылайык келтирүүгө тийиш.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана өз алдынча башкаруу органдары административдик-аймактык түзүлүштөрдүн аталыштарын орфографиянын жаңы редакциясына ылайык келтирүүсү, бул буйрукту аткарууда өз аймактарында жайгашкан бардык мекемелер менен уюмдарга көмөк көрсөтүүсү зарыл.

Т.ИСХАКОВ




Ишкерлер төлөөчү салыктын базалык суммасы аныкталды
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Игорь Чудинов ишкерлик ишмерчиликтин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө токтомго кол койду. Ал тиркемеге ылайык бекитилди.
Токтомго ылайык, Салык кодексинин 354-беренесинин 2-бөлүгү боюнча өкүлчүлүктүү салык органы ишмерчилик жүргүзүүнүн сезондуулугуна, кирешелүүлүгүнө, түрүнө жана ордуна жараша базалык сумманын чегинде салыктын суммасына өзгөртүү киргизүүгө укуктуу. Салык кодексинин 349-беренеси тарабынан милдеттүү патенттин негизинде ишкерлик ишмерчиликти жүргүзгөн учурга (сауналардын, мончолордун, бильярддын, казинонун, алмаштыруу бюросунун, дискотекалардын жана түнкү клубдардын, күнү-түнкү автотоктотмолордун кызматы) салык базасынын жана салыктын ставкасынын белгиленгендигине көңүл буруу зарыл.
Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетке ишмерчилик жүргүзүүнүн сезондуулугуна, кирешелүүлүгүнө, түрүнө жана ээлеген ордуна жараша ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын суммасын бекитүүнү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен бирдикте ишкерлик субъектилеринин хронометраждык иликтөөлөрүн 2009-жылдын ичинде жүргүзүүнү жана Өкмөттүн аппаратына базалык сумманы аныктоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештин профилдик комитеттери менен бирдикте базалык сумманын чегинде салыктын ставкасын өзгөртүүгө укуктуу экендиги маанилүү.
Учурда Жогорку Кеңештин эксперттеринин катышуусу менен жумушчу комиссиясы түзүлдү. Ал жогорудагы салыктын оптималдуу суммасын аныктоого тийиш.
М.АЛАГУШЕВ