, 16.01.09 - 23-бет: Баткенде кутурган жырткычтар адамга кол сала баштады
Баткенде кутурма илдетин алып жүргөн жырткычтар айыл аралай баштады. Ошол эле мезгилде мал жандыктан өтүп адамдарга кол салган учурлар кездешүүдө. Баткенде 12-январь күнү айылдын чок ортосунан кишиге кол салган карышкыр өлтүрүлдү.
Баткен району боюнча өткөн жыл ичинде эле ит тиштеп ооруканага кайрылган адамдардын расмий эсеби 400гө жеткен. Ал эми 12-январь күнү күндүз карышкыр кол салган адам Баткен облустук ооруканага жеткирилген. Кара-Булак айылынын 47 жаштагы тургуну Сыдык Абдыкадыров айылдын борбор көчөсүнөн жумушка бараткан мезгилде карышкыр кол салган.
- Кара-Булактан айылдын ичинен саат 8де ишке кетип баратсам, түз кекиртекке асылды. Аябай кыйкырдым. Кичине күчүм бар экен өлтүрдүм, - деди карышкыр менен кармашкан учурда ити да жардамга келбеген Сыдык Абдыкадыров.
Ошол эле учурда минтип талаа жырткычтары айыл аралап кишиге кол салып жүрүшүнө айылдагы иттерди бир четинен ата берүү себеп болууда. "Жергиликтүү бийлик иттерди дарылагандан көрө атып салууну жеңил көрүшүүдө",- деген оюн айтат Таян айылынын тургуну Замира Рысбаева:
- Биздин Таян айылыбызга өткөндө Өзбекстандан ит келип, 5 адамга тиш салды. Ал кутурган ит экен. Анын аркасынан ит атаарлар келип жоопсуз эле бардык иттерибизди атып таштады. Айылда чөөлөр, карышкырлар көбөйүп, чекеден тоокторду, малдарды жеп кетип жатат. Иттердин аздыгынан адамдарга да карышкырлар кол салып атат. Түнкүсүн бала-чаканы эшике чыгарыштан коркуп калдым.
Баткен райондук ветеринардык башкармалыгынын башкы эпизоотологу Кочкорбай Бердишовдун айтымында, ветеринардык кызмат элдердин жардамына муктаж. Андан тышкары кишиге кол салган кутурмага шектүү карышкырдын өлүк денесин айылдыктар сатып жибергенин кошумчалайт:
- Биздин иттердин паспортунун аркасында жазылган, документи бар ит көчөдө бош жүрсө, көрүнгөндү каап алса, аны атабыз. Биздин дарыгерлер барган учурда көп адамдар итин дарылаткандан баш тартат. Барып дарылап атат, бул дагы кыйынга турат. Эл муну туура түшүнүп, ветдарыгерлерге жардам бериш керек. Кечээ жакында ээси жок ит келип, 3-4 адамды каап кеткендиктен бүгүнкү күнгө чейин 77 баш ит атылды. Андан тышкары кечээ Кара-Булак айылында бир адамды көчөдөн карышкыр талап кеткен. Ошонун үстүнөн дагы азыр ветеринардык санитардык иш-чаралар жүргүзүлүп атат, дары-дармектерди жеткирип бердик, адамды ооруканага алып келип жаткырдык. Бирок ошол карышкырдын өлүгү табылбай жатат. Ошол жерде коңшу аял тажиктерге сатып жиберген экен. Кечээ РОВДга кат бердик, азыр издетип жатабыз.

Жеңиш Айдаров,
"Азаттык" радиосу




Негизги
суб-реципиенттерге сынак
СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонд менен КРнын саламаттык сактоо министрлигинин республикалык "СПИД" бирикмесинин ортосундагы KGZ-708-G05-номурундагы "КРнын орунттуу калкы үчүн алдын алууга, диагностикага, дарылоого, тейлөөгө жана колдоо көрсөтүүгө ар тараптуу кызмат көрсөтүүнү кеңейтүү" программалык макулдашуусун жүзөгө ашыруунун алкагында ВИЧ/СПИДди алдын алуу боюнча төмөнкү багыттарда негизги суб-реципиенттерге сынак жарыяланат.

1. Баңгизат колдонуучулар арасында зыяндуулукту төмөндөтүү программалары боюнча мамлекеттик мекемелер арасында;
2. Баңгизат колдонуучулар арасында зыяндуулукту төмөндөтүү программалары боюнча өкмөттүк эмес уюмдар секторунда;
3. МСМ жана сексуалдык кызмат көрсөтүүчүлөр арасында ВИЧ/СПИДдин алдын алуу.
Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү тапшыруунун мөөнөтү 2009-жылдын 28-январында саат 17.00гө чейин.
Эскертме:
Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон техникалык тапшырмаларды жана документтердин тизимин 2009-жылдын 19-январынан тартып Глобалдык фонддун долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнөн алсаңыздар болот.
Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 8 (4-кабат).
Тел. +996 312 628137, 622742.
Тел/факс + 996 312 623581
же piu nac@theglobalfund.kg электрондук почтасы боюнча.
Website www.theglobalfund.kg.
С-15




Гранттык
каржылоого сынак
Республикалык "СПИД" бирикмеси Глобалдык фонддун СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү үчүн грантын жүзөгө ашыруу алкагында ӨЭУлар арасында чакан субгранттарды 15000 АКШ долларына чейин төмөнкү багыттар боюнча каржылоого сынак жарыялайт:
1. ВИЧ/СПИДге жаштардын аялуулугун төмөндөтүү.
2. ВИЧ/СПИДге уюмдашпаган жаштардын аялуулугун төмөндөтүү.
Гранттык каржылоого өтүнмөлөрдү берүүнүн мөөнөтү 2009-жылдын 30-январында саат 15.00дө аяктайт.
Сынакка катышуу үчүн техникалык тапшырмаларды жана гранттык өтүнмөлөрдү толтуруунун үлгүлөрүн Глобалдык фонддун долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнөн алууга болот.
Өтүнмөлөрдү Глобалдык фонддун долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнө конвертте чапталган түрүндө 9 нускада төмөнкү дарек боюнча жөнөтүүгө болот.
Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 8 (4 кабат)
Тел. +996 312 62 81 37, 622742
Тел/факс +996 312 623581

Website www.theglobalfund.kg

Подразделение службы судебных
исполнителей по экономическим
делам г. Бишкек

объявляет вторичные
публичные торги на заложенное имущество:
нежилое помещение-магазин, общей площадью 54,8 кв. м. находящийся по адресу: г. Бишкек, 10 мкр-он, д.2, кв.1. , принадлежащий ЧП Джолдошовой Г.Р. Стартовая цена - 1 582 245 сом. Для участия в торгах необходимо внести 10 % от стартовой суммы судебному исполнителю до начала проведения торгов. Торги состоятся 29 января 2009 г. в 10.00 часов по месту нахождения заложенного имущества.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы Тойчубеков Юруслан Жумановичке атасы
ТОЙЧУБЕКОВ Жумандын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Орду толгус жоготуунун азасын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын юстиция министри Турсункулов Нурлан Жанышовичке
ЖАКЫН ТУУГАНЫнын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Орду толгус жоготуунун азасын тең бөлүшөбүз.

Республикалык ардагерлер Кеңеши Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, "Кыргыз ССРинин элге билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери"
ЕШМАМБЕТОВ
Баки Ешманбетовичтин
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакын ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Кыргыз циркинин эмгек жамааты Кыргыз циркинин ардагери
БЕЙШЕБАЕВ Стандын
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу маркумдун жакын тууган-туушкандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик патент кызматынын жамааты товардык белгилерди, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Асанбаев Мелис Мамбетовичке
АТАСЫнын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.
С/О 2

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамааты министрликтин автомобилдик жолдор жана башкы башкармалыгынын маалымат талдоо иштери жана нормативдик документтерди иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Темиров Калысбек Жалиловичке
АПАСЫнын
каза болгондугуна байланыштуу, терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.
С-11

Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин жамааты "Түндүкэлектро" ААКнын Таластагы бөлүмүнүн директорунун орун басары Султанов Кыркбек Учубековичке
БАЛАСЫнын
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
П-40

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эмгек жамааты Ешмамбетов Радбек Бакиевичке
АТАСЫнын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат. Орду толгус жоготуунун азасын тең бөлүшөт.
П-33

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамааты министрдин орун басары Маматалиев Абдырахман Мадакимовичке иниси
МАДАКИМОВ Абдуманаптын
күтүүсүздөн каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.
П-38

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамааты министрдин кеңешчиси Аблесов Садыкбек Аблесовичке иниси
КУЛУБЕКтин
күтүүсүздөн каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.
С-11

Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин жамааты Жогорку Кеңештин экономика, бюджет жана финансы бөлүмүнүн башчысы Абытов Алмаз Ахунжановичке
АПАСЫнын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
П-41

Ош шаардык мэриясынын жамааты жана депутаттардын Ош шаардык кеңешинин депутаттары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, республикалык маанидеги персоналдык пенсионер
Баки ЕШМАМБЕТОВдун
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Жайыл районундагы Сары-Булак айылынын имамы Төлөгөнов Мырза ажыга
АПАСЫнын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Кайгыга чөкпөй кайратыңа кел.
Курсташ достору

Таш-Көмүр шаарындагы жеке менчик "Космос" фирмасы өзүнүн жабылгандыгын жарыялайт. Арыз-дооматтар боюнча 1 айдын ичинде төмөндөгү дарекке кайрылсаңыздар болот. "Строитель" мкр. 10.
П-46

ОсОО "Бек" объявляет о своем закрытии. Претензии принимаются в течении 2-х месяцев со дня публикации объявления. Обращаться по телефону: 5-12-01, моб. 555 703707.
КВ-1501

"Жылдыз" кичи илимий өндүрүштүк ишканасынын уставы жоголгондугуна байланыштуу ал жараксыз деп эсептелинсин.

Подлинник устава малого научного предприятия (МНПП) "Жылдыз" утерян. Считать его недействительным.

"Жылдыз" кичи илимий өндүрүштүк ишканасы "Динарзат" ЖЧКсы болуп кайра уюшулганын билдиребиз.

Уведомляем кредиторов о преобразовании малого научного производственного предприятия "Жылдыз" ОсОО "Динарзат"

Маматалиев Мелисбек Абдуманаповичтин чакан менчик ишканасы жоюлду. Ар кандай арыз-дооматтар менен төмөнкү дарекке бир айдын ичинде кайрылуу керек: Ош шаары, Зайнабидинов көчөсү, номерсиз үй.
ТА-1501

Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректораты, профсоюз уюму, кыргыз филологиясы жана кыргыз таануу факультети, кыргыз тил илими кафедрасынын жалпы эмгек жамааты КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин кандидаты Батма Кебековага, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Мусаев Сыртбай Жолдошевичке, кыргыз адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Шайлоо Айтбаевге Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор
АХМАТОВ
Токтосун Керимбаевичтин
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
П-42

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректораты университеттин пландоо бөлүмүнүн башчысы Жаманкулова Анара Абдыжапаровнага
АТАСЫнын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
С-12