, 13.01.09 - 3-бет:
  Москвада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн келерки жолугушуусу 31-январда өткөрүлөт

Ар бир жаңы күн жаңы талаптарды коюуда
12-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев КРнын Өкмөтүнүн аппаратына вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаеваны тааныштырды.
"Мен Өктөмхан Авазовнаны көптөн бери , жакшы жагынан гана билем. Ал - жоопкерчиликтүү жана эмгекчил инсан, ишке бүт ыкласын берип, өзү жетектеген ведомствонун алдына коюлган милдеттерди аткара билет. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп турганда өзүн компетенттүү жана сабаттуу жетекчи катары көргөздү. Ал жыйнаган бай тажрыйба республиканын социалдык чөйрөсүн мындан ары өнүктүрүүгө татыктуу салым кошууга өбөлгө болооруна ишенем", - деп К.Бакиев Ө.Абдуллаевага жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.
Мамлекет башчысы ошондой эле Назгүл Ташпаеваны Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалышы менен куттуктады жана ага ийгиликтерди каалады. "Жаңы кызматка дайындалганга чейин ал Өкмөттүн аппаратында бөлүм башчы болуп иштеп, социалдык секторго кураторлук кылган. Ал жаш кадр экендигине карабастан, бул чөйрөдө жетишээрлик тажрыйбага ээ, өзүнө жүктөлгөн милдетти аркалап кетет деп үмүттөнөм", - деди К.Бакиев.
Бийлик түзүмдөрүндөгү акыркы кадрдык өзгөрүүлөргө токтолуп, Президент бул нормалдуу процесс экендигин, алардан кандайдыр бир саясий себеп издебөө керектигин белгиледи. "Мезгил бир жерде токтоп турбайт, ар бир жаңы күн жаңы талаптарды коюуда. Биз ага тиешелүү реакция жасоого тийишпиз. Өкмөттүн былтыркы жылдагы ишмердүүлүгүн жалпы жонунан жакшы деп айтууга болот. Ошол эле учурда оркоюп көрүнүп турган кээ бир кемчиликтер жана катачылыктар бар, алар тезинен жоюлууга тийиш. Дүйнөлүк кризиске байланыштуу 2009-жылда бир топ кыйынчылыктар болот, бирок ошого карабай алдыга умтулуу керек. Өкмөт дүйнөлүк кризистин биздин экономикага тийгизчү терс таасирин азайтуу боюнча өз учурунда адекваттуу чараларды көрүшү зарыл", - деп белгиледи Президент.
* * *
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратына жаңы министр Назгүл Ташпаеваны тааныштырды.
"Ал буга чейин өкмөттүн аппаратында социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп, сиздердин министрлик менен тыгыз иштешип келген. Анын келиши менен сиздердин иш мындан да жандуу өнүгөт деп ишенем. Анын үстүнө сиздердин мурунку жетекчи Өктөмхан Абдуллаева Өкмөттүн социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер-министри болуп дайындалды", - деди Өкмөт башчысы.
Анын айтымында, министрликтин алдында өтө татаал милдеттер турат. Анын үстүнө дүйнөлүк экономикада кризис болуп жаткандыгына байланыштуу үстүбүздөгү жылдын татаал болоору күтүлүүдө. "Кыйынчылыктарга карабастан, пенсия, пособие жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча бардык социалдык милдеттенмелерди орундатууга тийишпиз. Бул биздин башкы милдетибиз", - деп белгиледи И.Чудинов.

М.АЛАГУШЕВ,
С.ОРОЗОБЕКОВ,
Э.БОЛЖУРОВ(фотолор)




Профсоюздар реформага муктаж
12-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы Бакытбек Иманалиевди кабыл алып, ал мамлекет башчысына федерациянын ишмердүүлүгү, ошондой эле анын өнүгүү келечеги жөнүндө маалымат берди.
Жолугушуу учурунда мамлекет башчысы профсоюздардын коомдогу ролун жана таасирин күчөтүү, натыйжалуулугун жогорулатуу максатында анын ишин реформалоонун зарылдыгын белгиледи.
Президент эмгекчилердин эс алуусун уюштурууда профсоюздардын Социалдык фондудан каржылануучу мурдакы финансылык-чарбалык принциптерге кайра кайтуу идеясын колдоого алды.

Курултайга даярдык башталды
12-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргызстан элдери Ассамблеясынын Кеңешинин төрайымынын милдетин аткаруучу Ж.Түмөнбаеваны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жаңыл Түмөнбаева мамлекет башчысына Кыргызстан элдеринин VI Курултайына даярдыктар, ошондой эле Кыргызстан элдери Ассамблеясынын ишмердүүлүгүнүн проблемалары жана келечеги жөнүндө маалымат берди.
Ж.Түмөнбаева атап айтканда, кыргыз жергесинде тынчтыкты, бейпилчиликти сактоо, ошондой эле Кыргызстандын аймагында жашаган этностордун маданиятын, салттарын жана тилин андан ары өнүктүрүү боюнча Ассамблеянын курамына кирген отуз коомдук уюмдар жүргүзүп жаткан конкреттүү иштер жөнүндө маалымдады.
Кыргызстан элдери Ассамблеясынын Кеңешинин төрайымынын маалыматын угуп, Курманбек Бакиев этникалык топтордун кеңештеринин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мындан да тыгыз кызматташуусунун зарылдыгына өзгөчө көңүлдү бурду. "Этникалык топтор биздин өлкөнү өнүктүрүүгө жолтоо болгон экономикалык жана социалдык проблемаларды чечүүгө мындан да активдүүрөөк катышуулары керек", - деп белгиледи Президент.

А.Эсенов





Жамааттык коопсуздук- жалпынын иши
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы А.Мадумаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысынын орун басары А.Базавлюк менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЖККУнун учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча уюштуруу механизмдерин түзүүгө тиешелүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле аталган уюмга мүчө мамлекеттердин жамааттык жана улуттук коркунучтарына таасир берүүчү кырдаалдарга каршы туруу жана аларды иш жүзүндө жоюу механизмдерин түзүү маселелерин да карашты.
А.ЧАРГЫНОВ




Алтынбек Эргешов - КРнын Президентинин жардамчысы
Президент Курманбек Бакиевдин 12-январдагы жарлыгы менен Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы болуп дайындалды.




"Кыргызстандыктар Россияда"китеби жарык көрөт
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинде Кыргызстандын Россиядагы элчиси Р.Аттокуров Москва шаарынын, Москва облусунун коомдук уюмдарынын жетекчилери жана кыргыз диаспорасынын активи менен жолугушту.
Жолугушуунун катышуучулары Москва шаарынын жана Москва облусунун кыргыз бирлигинин координациялык кеңешин, биздин мекендештерибизге материалдык жардам көрсөтүү боюнча фондуну түзүү, ошондой эле "Кыргызстандыктар Россияда" китебин басып чыгаруу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө координациялык кеңештин 2009-жылга түзүмү, максаттары, милдеттери жана иш-планы талкууланды жана бекитилди.
Москва шаарынын жана Москва облусунун коомдук уюмдарынын жана кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү кыргыз бирлигинин координациялык кеңешин түзүү жөнүндө демилгени бир добуштан колдошту жана жогоруда аталган китепти чыгарууга жардам берише тургандыктарын билдиришти.
Келерки жолугушууну үстүбүздөгү жылдын 31-январында өткөрүү пландаштырылды. Анын жүрүшүндө координациялык кеңештин төрагасын, анын орун басарларын, камкордук көрүү кеңешинин, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүн шайлоого байланыштуу уюштуруу маселелери каралмакчы.

Н.ЖЭЭНБЕКОВ




Газа тилкесиндеги кан төгүүгө өлкө жарандары кайдыгер эмес
Кечээ Бишкектеги М.Горькийдин эстелиги тургузулган аянтчада "Акыл-эс, рух, ыйман" коому уюштурган Израиль мамлекетинин Палестинанын Газа тилкесиндеги согуштук аракетин айыптаган, нааразылык билдирген митинг болду.
Анда "Жакынкы чыгышта тынчтык орносун!", "Израиль ыйык Ливан жеринен колуңду тарт!", "XXI кылымда фашизмге жол жок!", "Аялдар менен балдарды өлтүрүүнү токтоткула!" деген сыяктуу ураандар жазылган плакаттарды кармап турушту.
Сүйлөгөндөрдүн ар бири XXI кылымда фосфор бомбасын колдонгон согуштун болбоосун, ар кандай жаңжал, пикир келишпестик согуш менен эмес, бет маңдай тегерек үстөлдө олтуруп сүйлөшүү жолу менен чечилүүсүн талап кылышты.
"Бүгүнкү күндө 300дөн ашык наристелер согуш апаатынан каза болушту. Жалпы карапайым адамдардын өлгөнү миңге чукулдап калды. Жарадар болгондорду, көп жылдар бою курушкан турак-жайлардын талкаланганын айтпай эле коёлу, согуш эч качан жакшылыкка алып келбейт. Палестиналыктар мусулман, биз да мусулман болгон үчүн бул нааразылык акциясын уюштуруп жатканыбыз жок. Биз өнүккөн XXI кылымда кайсыл диндеги, тилдеги адамзаты болсун бейкүнөө кырылышына каршыбыз. Ошондуктан жалпы дүйнөлүк коомчулукка, БУУнун коопсуздук кеңешине, АКШнын Президентине, АКШнын Кыргызстандагы элчисине жана жалпы эле мамлекеттердин жетекчилигине Израилдин Газа тилкесиндеги согушун токтотууга жана сүйлөшүү жолу менен тынчтыкка жетишүүсүнө таасир берүүлөрүн, талап кылууларын суранабыз" деп билдирүүнү "Акыл-эс, рух, ыйман" коомунун жетекчиси Дүйшөн ажы Абдылда уулу окуп берди. Митингдин катышуучулары билдирүүнү колдошуп, кезектеше сөз сүйлөштү.
Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Клара Ажыбекова: "Дүйнөлүк финансы кризисин куралдарды сатып баюу менен чечүүнү көздөшкөн империалисттик ачкөз топ чыгарып жаткан согуш Израилден башталды" деп айыптады.
Ал эми жаштардын атынан сүйлөгөн Эленбек Сарбагышев: "Интернетте өлгөндөргө, жарадар болгондорго жардам берүү үчүн келишкен дарыгерлерди израилдиктер өлтүрүшкөндүктөрү жазылыптыр. Бүгүнкүгө чейин 17 врач каза болуптур.
Адамдарды өлүмдөн алып калалы деген асыл тилектүү дарыгерлерге мындай мамиле жасоо адамгерчиликке жатабы? Биз бул сыяктуу адилетсиздикке каршы турушубуз жана жалпы дүйнөлүк коомчулукту согушту токтотууга үндөшүбүз керек", - деди.
Албетте, демократиялуу, эркин коомдо ар бир адам жеке оюн айтууга, билдирүүгө укуктуу. Бирок, ким сүйлөбөсүн согушту жектегендиги, кандай маселе болбосун сүйлөшүп чечүүлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун таасир этүүлөрү керектиги жөнүндө айтылды.

Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"