, 13.01.09 - 11-бет:
  Тарых

Тарыхын терең казган, өз элин көтөрө жазган Б.Гафуровдой татыктуу тарыхчы кыргызда жокпу?
"Кыргыз Туусу" гезитинин 26.12.2008-жыл N№97 (23289) санындагы "Тарыхы өксүк чөлкөмгө бөтөндүн өкүмү күчөйт" аттуу макалага карата ой-пикир

Урматтуу профессор Балтабай ажы!!!
Илимий тарых булактары аныктагандай, биздин эранын V-VI кылымдарында Орто Азияны жердеген элдердин негизин түзгөн 92 уруу элдин басымдуу бөлүгү ичкилик кыргыздар болгондугу "Зубдат ул Башар" аттуу байыркы кол жазма китепте айтылып турат. Алар XIX кылымда Византияга чейин басып алып, салык алып турушкан. Ал гана эмес, Араб өјлкөјлөјрүн XI-XII кылымда ичкилик уруусунан чыккан кыпчактар басып алып, 24 эмираттын эмирлери эли-жери менен алардын колуна јөткөјн. Араб элдери VIII кылымга
чейин кыпчак маданиятын, тилин, тарыхын медреселерде окууга мажбур болушкан.
Азыркы учурда Кыргызстанда, ӨЈзбекстанда, Тажикстанда аваат, байкесек-жоокесек, кыпчак, нойгут,тейит, найман-чапкылдык, каңды, төөјлөјс, оргу, бостон, маңгыт аттуу ичкилик кыргыздар жашайт. Алардан сырткары: катаган, лакай, унжу, уйјос, ногой, коңурат, жалайыр жана башка дагы уруулар бар. Элдик оозеки чыгармачылыкта, санжыралык материалдарда "Катагандын хан Турсун, Хан Турсунду ант урсун" деп айтылат. Хан Турсун XVII кылымда Ташкент шаарынын ханы болгон. 1628-жылы Кыргыздын баатыры Эр Эшим аскер тартып барып, хандыгын кыйраткан. Эр Эшимдин чоң кызы Айбийке Лейлек кыргыздарына келин болуп, азыркы Айбике айылы ошонун атынан айтылып жүрөт.
Самаркандын акыркы, 7-эмири (Бухар эмиратын Самарканга жылдырганда) маѕгыт уруусунан болгон. Азыр алар Араван районунда жашап турушат. Казактардын 12 уруусунун көпчүлүгүн найман, каѕды, кыпчак, тейит уруулары түзөт. Абай Кунанбаев, биздин түбүбүз кыргыздар деп айткан.
Тажик улутун көпчүлүк окумуштуулар
байыркы жана жергиликтүү деп эсептеп, кыргызды келгин катары карашат. Чын-чынына келгенде "тажик" деген улуттун пайда болгонуна 1000 жыл боло элек. Тажик окумуштууларынын пикирине караганда тажик улуту Саманиддер династиясынын (негиздөөчүсү Исмоил Сомони) тушунда пайда болгон. Ис-моил Сомони болсо ислам динин таратып жүргөн арабдардын ирандыктардан турган жалданма армиясынын аскер башчысы болгон. Иран тарыхчылары бүгүнкү күнгө чейин эле тажиктерди улут катары кабылдашпайт. Анткени алар, тажиктерди ирандыктардын бир бөлүгү деп билишет.
Тажиктердин Орто Азияда пайда болгон мезгили Исмоил Сомони бул чөлкөмдү бийлеп турган убагына туура келип, миѕң жылдык убакытты гана камтыйт. Демек, тажиктерди Иран (мурдагы Персия) өлкөсүнөн жер которуп келген эл десе толук болот. Тагыраак айтканда Ирандыктар менен жергиликтүү элдердин (согди, сарт ж.б.) аралашуусунан пайда болгон эл.
Бул жөнүндө МГУнун профессору Л.Салдадзе айым "Ибн-Сина" аттуу тарыхый китебинде Ибн-Синанын эмгегине жана тарыхый булактарга таянып, төмөнкүдөй маалымат берет. "Арабдар Орто Азиянын элдерин VIII-IX кылымдар аралыгында мусулмандаштырганда Сыр дарыянын сол жээгинде жашаган түрк элдери ислам динин кабыл албай коёт. Ошондо арабдар алардын эркек аттуусунун баарын өлтүрүшөт да, Персиядан 50 миңѕ персти алып келип, жергиликтүү аялдарга үйлөнткөн. Ошондон улам пайда болгон
жаңѕы уруу - "тежик", тажик деп аталганын далилдейт.
Дагы бир версия боюнча арабдардын "таж" же "тайжы" деген уруусуна кызмат кылган ирандыктар "биз тайжы тараптабыз" деп жүрүшкөндүктөн, согушка киргенде алар "Тайжык!" деп ураан салышкан. Бара-бара аларды тайжылыктар же тайжиктер деп атап кетишкен. Ошентип, тайжиктер тажик болуп калган.
Мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилеген кыргыздар бул чөлкөмгө кантип жана кандайча келгин болуп калсын? Тарыхчыларыбыз Монголия, Саян-Алтайдан мурда Кожонт, Жызак, Ташкент, Бухара жана Кашкар чөлкөмүндөгү VI-XVIII кылымдагы кыргыздардын тарыхын иликтеп-изилдеп алышса жакшы болмок. Тажиктен чыккан жалгыз Бобожон Гафуров өз элинин тарыхын канчалык көтөргөнүн бүгүн баарыбыз жакындан туюп-сезип турабыз. Гафуровдун эмгегинин натыйжасында нукура кыргыз жерлери тажиктики болуп атпайбы. Заматта байыркы элдер: сак, усун жана башкалардын баары тажиктин ата-бабасы болуп калды. Эмне, биздин кыргызда татыктуу тарыхчылар жокпу?
Бухара эмирлигинен Коконду ажыратып, өзүнчө хандык түзүү идеясын алгачкылардан болуп көтөргөндөр Самарканд тарапта турган маңѕгыт эмирлери болгон. Кокон хандыгын түптөөдө да алардын зор салымы бар. Ошол демилгечилердин арасында болгон Нарбото бий - нойгут уруусунун өкүлү. Кокон ордосунун башчылары: Мусулманкул аталык менен Алымкул аталык кыргыздын ичкилик уруусунан. Абыл бий аваат, ал 40 жыл ордодо аталык кылып, өлгөндөн кийин күмбөз (музей) тургузулган. Исфара вилаятынын акими, Сатывалды датка Катран айылынан болгон. Алымбек датка менен өтө жакын дос болгон.
Кыргыздын ичкилик уруулары анын ичинен аваат уруулары XIV-XV кылымдарда азыркы Тажикстандын Мазар Тал, Кочкөк, Каратоо, Исфара, Кызыл пилал, Матпари, Деемай, Курама деген айылдарында жашаган (азыркыга чейин жашап келет). Азыр Тажикстандын Канибадам шаарында Ниязбектин каналы бар. Ниязбек аваат уруусунун гужөөн тобунан болот. Ошол жердеги Кара-Тоо болсо, эл арасында Манасты Каныкейге (Санирабига) никелеп, үйлөнткөн аймак катары айтылат.
ӨЈзбекстандын Карим дубана (Ниязбектин бир тууганы) Жайпан, Деемай, Бөкө, Жызак деген айылдарында ичкилик кыргыздар жашап келет. Бул жерде негизинен авааттын адалакы уруусу жашаган. Деемай мурдагы аталышы "Тени-май". Сынчы тайды сынга алып "теңѕи май, теңѕи эт чыгат" деген. Сойуп көргөндө так ошондой болуп чыккан. Азыркы Тажикстандагы Шураб шаары, Матпари, Орус мазар, азыркы Ким айылы кыргыздын аваат уруулары жашаган жерлер. Лейлек жерине жакын Кабылан мазар да кыргыздын жери. Бул кыргыздын баатыры. Азыр тажиктер мүрзөнү казып алып, биздин Арифтин сөөгү дешти. Арифти XVII кылымда Катыраѕ айылынын ЈӨзгөрүш чөлкөмүндө өлтүрүшкөн.
Баткендин "Уу-арык" деген жери азыр тажиктердин Варух деген айылы болуп калган.
Урматтуу Толбаев Балтабай ажы, сиз көрсөткөн ичкиликтер тобуна тактама айтуу абзел болуп турат. Ичкиликтер сиз көрсөткөн тизме боюнча: 1) Кыдырша деген уруу эмес урук, алар Аваат уруусунан. 2) Бөксө деген уруу эмес урук, жоо-кесек уруусуна кирет. 3)Кесек - кесек эмес, Бай-кесек деп аталат.
Шырдакбек боюнча көп тарыхый булактарда ал кыпчак уруусунан деп аталат. Тарыхый жазылмалар бөтөн изилдөөчүлөр тарабынан жазылып келгендиктен, кыпчак деп аталып калган. Катыраѕ айылындагы Шырдакбектин ордосунда жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрдө, ордодон табылган буюм жазмаларда Шырдакбек аваат уруусунун гүжөөн тобунан деп далилденет. Ушул уруктун өкүлдөрү бийликте туруп, ордону жана бардык аскер кызматын башкарышкан. Шырдакбек-хан тактан кулап, ордону алдырганда бардык гүжөөн тобу ар кайсы тарапка таркаган. Азыр Катыраѕ айылында саналуу гана топ бар. Алардын жоон тобу азыркы ЈӨзбекстандагы Бөкө районунда жана Жызак облусунда жашашат. Бир тобу азыркы Баткен районунун Самаркандек, Актатыр, Аксай айылдарында жашашат.
Кыргыз тарыхында терең изилденбей келген ичкиликтердин тарыхы "ачылбаган сыр сандыктай" болуп, ичине көптөгөн сырды катып жатат. Байыркы Тибеттен Муз океанга, Жер ортолук деѕңизден Ыраакы Чыгышка чейинки эбегейсиз чоңѕ аймакта жашаган кыргыздардын тарыхынын ачкычы да ичкиликтер уруусунун тарыхы менен байланыштуу деп ойлойм. Байыркы кыргыз тили, эски кыргыз жазуусу, маданияты- Энесай Орхон жазуулары тастыктап тургандай ичкиликтер менен терең байланышта.
Урматтуу Балтабай ажы, сиздин чегара маселесин козгоп, анын ичинде ошол сиз белгилеп кеткен Тажикстандагы, ЈӨзбекстандагы жерлерде жашап келген ичкилик кыргыздарынын жерлерине тарыхый далилдеме берип жатканыѕбыз колдоого аларлык деп эсептеймин. Бул маселе коомдук да, мамлекеттик да колдоого татыктуу болот деп тереңѕ ишенем. Сиздин башталгыч тарыхый далилдемеѕңиз мындан ары тереңѕ материалдык жактан тастыкталып, изилденишин колдоймун. Бул маселенин бизге жана келечектеги муундарыбызга мааниси зор.
Ошондуктан, оболу Баткен мамлекеттик университетинин базасында, кийин Улуттук илимдер Академиясында бул маселеге карата илимий конференцияларды өткөрүү менен кыргыз коомчулугунун, бийликтин көңѕүлүн тарых аркылуу талаш жерлер маселесине буруу зарыл жана учур талабы.
Аширбай ЖУСУПОВ




Эл башчыларынын эң жогорку титулдары же кыргыз мамлекети болгонуна он далил
Тарых илиминде айрым евроцентристтик жана марксисттик көз караштагы изилдөөчүлөрдүн Азиядагы көчмөн калктар (алардын ичинде кыргыздар да бар) дегинкисинде мамлекет түзө алышпаган дегендери азыр төгүндөлгөн. Ал эми муну биз кыргыз элинин тарыхый материалдарынын негизинде ырастамакчыбыз. Мында сөз кыргыз мамлекетинин атрибуттарынын бири болгон саясый бийликтин эң жогорку башчылары алып жүргөн титулдарынын пайда болушу, алардын мааниси менен эволюциясынын жүрүш себептеринде болмокчу.

Алгачкы сөз бектер, хандар жана кагандар тууралуу болсун.
Белгилүү болгондой эң алгачкы кыргыз ( гэгун ) мамлекети жөнүндө Кытай тарыхчысы Сымя Цяндын б.з.ч. II кылымдын аягында жазылган атактуу "Ши Цзи" эмгегинде айтылат. Ал эми тарыхчы Аблиз Орхундун маалыматы боюнча б.з.ч. 99-жылы Хун империясынын башчысы тарабынан туткундалган Кытай генералы Ли Линди, хундардын кол алдына кирген кыргыздардын мамлекетине жетекчи кылганда "оң канат беги " титулу менен дайындаган экен. Орус тарыхчысы Никита Бичуриндин котормосунда аны "батыш Чжуки князы " деп атаган. Кытайлык окумуштуу Макелек Өмүрбай уулунун берүүсүндө: "Оң кол шад кан ". Ал, кебетеси хундардын императорунан кеңири өз алдынчалыкка (автономияга) ээ болгон сыяктуу.
Ушуга байланыштуу тарыхчы Тынчболот Жуманалиевдин маалыматтары боюнча Усун мамлекети хундардын конфедеративдик мамлекетинде оң жана батыш канатына киргендиги да өтө кызыктуу. Ал эми усундардын "күн баг", "гунь мо", "гунь ми" титулдарынын чечмелениши азыр түрк тилинин негизинде экендиги такталган. Аты аталган изилдөөчү чыгыштаануучулар И. Макварт (1903-ж.), К. Сиратори (1922-ж.) жана башкалардын бул титулдардын аякченин "күн бег", "күн бий", "хан бег", "хан бий" деп окушуп, мааниси "бег" (княз) дегендерине таянып, аны усундардын өзүлөрүнүн нукура аталышы деген бүтүмгө келген.
Академик Василий Бартольддун ою боюнча биринчиден, "бег" ("бек") - ар бир асылзаттуу башкаруучу үй-бүлөнүн (династиянын) мүчөсү катары карапайым калктан айырмаланган инсан. Экинчиден, "бек" деп анча чоң эмес уруунун же уруу топтун "князын" аташчу, мындан айырмаланган "каган" же "хан" болсо салыштырмалуу чоң мамлекеттин башкаруучусу.Үчүнчүдөн, "бек" деген сөз менен деги эле жалпы башкаруучуларды аташкан, ага бийлик мамлекет жетекчиси тарабынан берилгендиги же, ал тандалып алынгандыгы, ошондой эле өзү бийликке күчтөп жеткендиги да маанилүү эмес .
Ал эми " князь " титулу ушул эле чыгыш таануучунун маалыматында Европадагы германдардан жалпы славян элдерине тараган жана аны мамлекеттин жогорку бийлигинде турган адам алып жүргөн. Ал титул болсо VI кылымда уюшулган Көктүрктөр мамлекетинин башчысынын " каган " деген титулуна барабар экендигин белгилеген. Анын көз карашында түрктөр бул титулду өзүлөрүнүн коңшулары аварлар же жуанжуандардан алышкан. Тарыхчы В.С. Таскин "каган" титулу сясцы (кытай) тилиндеги "хэгань" сјөзүнөн пайда болуп, мааниси - тирек (орусчасы - опора) дейт. Демек, ал түрк титулу эмес, монголдордуку деген бүтүмгө келген. Аварлар болсо түрк тектүү калк экендиги белгилүү. Тарыхый булактарда бул титулдун кыскартылган " хан " түрү IV кылымдагы арабдардын акча бирдиги - тыйындардын беттеринде "илек-
кхаан" формасында жолугат. Түрколог, профессор Ахмет Ержиласундун бизге берген оозеки
маалыматы боюнча "каган" менен "хан" авар сјөздөјрүнүн уңгусу бир -"каа" , мааниси - "ата" дегенди билдирет.
"Бек", "хан" жана "каган" титулдарынын айырмачылыгын бири-бирине болгон катнаштыктан көргөн көз караштар да бар. Түрколог Герхард Дёрферинин пикиринде "бек" - уруу башчысы болсо, "хан" уруулардын федерациясын жетектеген, ал эми "хаган" уруулардын чоң конфедерациясын же империяны башкарган.
Тарыхчы Темирбек Асановдун маалыматтары боюнча 629- жылы кыргыздар сейанто уруусу башында турган Телес каганатына көз каранды болуп, кагандын көзөмөлдөөчүсү " галифа " титулундагы адамдын бийлигин таанышкан. Ал, кытай булактарында бул титул түркчө "элтебер" даражасын туюнткан жана кагандан төмөнкү бийлик баскычы болгон, дейт.
(Уландысы бар)