, 09.01.09 - 5-бет:
  Күндарек

Ала-Тоо аймагында
Россия Кыргызстанга ири суммада насыя бермекчи
Январь айында КРнын Президенти К.Бакиевдин Россияга маанилүү иш сапары күтүлүүдө. Алдын ала маалым болгондой Кыргызстан Россиядан 2 млрд доллар насыя алганы турат. Анын 300 миллион доллары бюджетти колдоого 40 жылга берилмекчи. Калган 1 млрд 700 миллион долларын энергетикалык курулуштар үчүн 15 жылга бергени турат. Албетте бул каражат каржалып турган өлкөнүн экономикасынын алдыга жылышына чоң салым болмокчу.

"Бешик" көркөм фильми тартылып бүттү
"Кыргызфильм" тарабынан тартылып жаткан "Бешик" көркөм фильминин эң негизги окуялары Токтогул районундагы Чычкан суусунда тартылып бүттү. Фильмдин режиссеру Бакыт Карагулов, сценарийди жазган белгилүү журналист Бекен Назаралиев. Фильмдин сюжети- сел учурунда бешикте жаткан наристенин энеси каза болот. Сууга агып бараткан бешиктеги кызды бирөөлөр кармап алып, багып алат. Кыз чоңоюп өз бир туугандарын жана атасын издеп табат. "Бешиктин" жалпы бюджети 4 млн. сомду түзөт, премьерасы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында өтөт.

Саясый акцияларга аскер колдонулбайт
Жогорку Кеңештеги коммунисттер фракциясынын башчысы Искак Масалиев "Азаттыкка" берген интервьюсунда мындай пикирин "Жалпы аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндөгү" мыйзамга байланыштуу билдирди. Коммунисттердин лидеринин айтымында аскерий диктатурага теориялык мүмкүнчүлүктөр бар, бирок, ал ишке ашпайт, анткени буга Конституция жол бербейт. Ошол эле мезгилде аскерлер өлкөдө өзгөчө кырдаалдар же башка жагдайлар түзүлгөн шартта четте калбаш керек деп эсептейт мыйзамды колдогон саясатчы.

2008-жылы 60 миң жумушсуз катталган
Статистикалык маалыматтар боюнча республикада 2008-жылы 60 миң жумушсуз адам каттоодон өткөн. Бул тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен алынган. Жарандарды жумушка орноштуруу максатында республика боюнча 5-6 ири кадрдык агенттиктер жана интернет порталдар иштейт. Мисалга job.kg, rabota.kg, hr.kg., "Империя кадров", "Кадр" ж.б. Интернет порталдарда иштеген адистердин маалыматы боюнча интернет аркылуу жумуш издегендердин курагы 18-35 жашка чейинкилер. Алар көп учурда жумуш таап алышат.

Электр энергиясы он сааттан ашык өчүрүлбөйт
КРнын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министри Ильяс Давыдовдун маалыматына караганда республикада суткасына электрдин өчүрүлүүсү он сааттан ашпайт. Республикада майрам күндөрү электр жарыгы өчүрүлгөн жок. Мындан ары демейдегидей эле электр пайдаланууда чек коюлат. Берилген лимиттен ашыра пайдалангандардын жарыгы өчүрүлөт.

Январь айы суук болушу күтүлүүдө
Январь айында Кыргызстандын көп аймактарында абанын орточо темпратурасы 1-2 градустан жогору деңгээлде болуп, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында гана климаттык нормада сакталат. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымдайт. Республика боюнча абанын температурасы түнкүсүн 0-5тен 10-15ке чейин суук болсо, күндүзү 1-5 дан 0-5 градуска чейин жылуу болот. Ал эми Нарын облусунда түнкүсүн 10-15тен 20-25 градуска чейин суук, күндүзү 0-5тен 7-12 ге чейин суук болушу күтүлүүдө. Ушул ай ичинде атмосфералык жаан-чачындын түшүшү Чүй, Талас облустарында жана түштүк аймактарда нормадан ашыкча болот. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облусунун дыйканчылык зоналарында нормадан азыраак жаашы күтүлүүдө.

Боордоштор көз жаздымда эмес
Ооганстандын Памиринде жана Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан облусунда жашап жаткан мекендештерибиз Кыргыз Өкмөтүнөн жаңы жылдык белектерди алышты, - деп маалымдайт КР миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин пресс-кызматы. Оогандык кыргыздарга ушуну менен экинчи жолу жардам жеткирилди. Биринчисин өткөн жылдын июль-август айларында алышкан. Тамак аш, дары-дармек, телекоммуникациялык каражаттар жана башка жаңы жылдык белек-бечкектер салынган гуманитардык жүктү мамкомитеттин алдындагы миграция фондусунун директору Салтанат Бараканова жеткирди. Тажик өкмөтү жана Ооганстандагы Ага хан фондусу жүктү алыскы райондорго жеткирүүгө көмөктөштү.




Аалам алкагында
Ажайып кооз жерлерибиз жети укмушка киреби?
Швейцариянын "Нью 7" коммерциялык эмес уюму "Табияттын жаңы жети укмуштарын" аныктоо боюнча интернет -добуш берүүнү баштады. Интернет добуш берүү 7-июлга чейин созулат. 222 өлкөдөгү табияттын 261 ажайып кооз жерлеринин тизмесине Кыргызстандын эки объектиси Ысык-Көл жана Ленин бийиктиги кирди. Адегендеги тизме 441 аталыштан турса, бирок 2007-2008-жылдардагы интернет добуш берүү финалга катышуучу 261 ажайып кооз жерлерди тандап алган. Табияттын мындай ажайып кооз жерлерин тандап алууга добуш берүүгө 100 миллион адам катышып алар - Рим Колизейин, Улуу кытай дубалын, индустардын Тадж-Махалын, Иорданиянын Петр шаарын, Бразилиядагы Христ айкелин, Перудагы Мачу-Пикчу комплексин, Мексикадагы Чичен-Ица пирамидасын тандап алышкан.

Кабарчыны Тажикстанда токмоктоп кетишти
"Азаттыктын" тажик редакциясынын кабарчысы жана "Пажвок" деп аталган гезиттин баш-редактору Абдумумин Шерхонов шейшембиде Кулоб шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан ур-токмокко алынган. Анын өзүнүн айтымында, жумушка бараткан жеринен үч адам аны жолдо токтотуп, тепкилей башташкан. Алардын бирөөсү өзүн Ички иштер министрлигинин өкүлү деп тааныштырыптыр. Шерхонов өзү муну анын журналисттик иши менен байланыштуу деп эсептээрин айтып жатат.

ТҮРКСОЙдун 15 жылдыгы белгиленет
17-январда Анкарада түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин (ТҮРКСОЙ) түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар болот. Ага Кыргызстандан чыгармачыл топ катышат. Быйыл ошондой эле Түркияда, Беларуста жана башка өлкөлөрдө Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландаштырылган.

"Тенгри" фильми Лос-Анжелестеги 20-кинофестивалга катышат
Кыргызстандан тартылган "Тенгри" фильми Лос-Анжелестеги 20-кинофестивалга катышат.Бул туурасында "ИТАР-ТАСС" агенттиги билдирет. Фильмди франциялык кинорежиссер Марк де Поншевиль, германиялык продюсер Франк Мюллер Нарын облусунда тартышкан. Башкы ролдорду кыргыз актерлеру Илимбек Калмурзаев жана Альбина Немашова ойногон. Экология, миграция маселесине арналган картинада Франциядан депортацияланган жигит Кыргызстанга ата-бабасын издегенге келет. Жайлоодо отурукташып атасын издей баштайт. Капыстан күйөөсү бар аялга ашык болуп, акыры экөө качып отуруп башка өлкөгө туш келишет.

Израиль менен Палестина аткылашууда
Израиль армиясы жооп кайтаруу максатында Ливан тарапка ок атты. Ал жактан атылган бир нече ракета Израилдин Нагария шаарына түшүп жарылган. Анын кесепетинен бир нече адам жеңил жарадар болгон. Израиль командачылыгынын маалыматына караганда ливандыктар ок чыгарган тарапка жооп ирээтинде беш жолу ракета аткан. Кандай куралдан ок чыгарганы азырынча белгисиз. Ливандын аймагында туруп алып палестиналыктар ок атышууда деген маалымат бар.

Мамлекеттик төңкөрүшкө даярдыктын бети ачылдыбы?
Түркияда "мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылган" деген айып менен 40 адам кармалды. Алардын арасында буга чейин аскерий жетекчиликте иштеген генерал да бар.

Беш президент кеңешти
Ак үйдө Обаманын демилгеси менен жолугушуу болуп, ага АКШнын беш президенти чогулду. Аңгемелешүүгө Жордж Буш, жаңы шайланган президент Барак Обама , ошондой эле АКШнын экс-президенттери Буш, Клинтон жана Картер келди. Жолугушуунун жүрүшүндө экс-президенттер Обамага бир катар кеңештерди беришти, ошондой эле АКШынын алдында турган учурдагы проблемаларды талкуулашты.

Газ жок, Европада ишканалар токтоп калды
Евросоюз өлкөлөрүнө Россия газынын жетпегендиги бир катар ири ишканалардын токтошуна алып келди. Япониянын Сузуки компаниясынын, Венгриядагы автозаводунун жетекчилигинин билдиргенине караганда өндүрүш газдын жоктугуна байланыштуу токтоп калууда. Будапешттин аэропортун жылытуу үчүн шаршембиде жаратылыш газынан мазутка которушту. Энергетика боюнча Еврокомиссиянын атайын өкүлү Ферран Таррадельяс Эспуни газ берүүдөгү жагдайды "оор кризис" катары мүнөздөөдө. Ушундай шартта Еврокомиссия жана Евросоюз Украина менен "Газпромду" сүйлөшүүлөргө, жаңы соода келишимин түзүүгө чакырууда, - деп билдирди Эспуни ББСинин эфиринде. "Үчүнчү өлкөдө Россиянын газын керектөөдөн жабыр тарткан мындай жагдай жол берилгис көрүнүш ", - деп баса белгиледи ал.

Кандуу чыр-чатак качан чечилет?
Россия Газа секторундагы кандуу кагылышууну жөнгө салып, аны саясый-дипломатиялык жол менен чечүүнү ХАМАСка сунуш кылды. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Салтанов Дамаскда ХАМАСтын саясый бюросунун башчысы Халед Машааль менен жолугушуусунда ушундай пикирин айтты. "Кандуу согуштун кесепетинен адамдар курман болуп, шаарлар талкаланып жатат. Бейкут жаткан калк окко учууда"-деп айтылат документте. Россиялык дипломаттын сөзүнө караганда Машааль чыр-чатакты чечүүгө катышууга убадасын берди. Бирок, Израилдин күч колдонуп талап коюп жатканы акылга сыйбайт, - дейт ал.

2009-жыл эмгек мигранттарына түйшүктүү жыл болот
Дүйнөдөгү финансы кризисинин кесепетинен улам Россия менен Казакстан 2009-жылы эмгек мигранттары үчүн берилүүчү квотаны аргасыздан азайтып, мыйзамдарын өзгөрттү. Ошондуктан Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын эмгек мигранттары үчүн оор жыл болот, - деп маалымдайт Казакстандын маалымат каражаттары. Бул мамлекеттер эми миллиондогон мекендештерин иш менен камсыз кылуу маселесин чечүүсү зарыл. Алгач Орусияда 2009-жылы эмгек мигранттарына берилүүчү квота 3,7-3,9 миллион деп айтылып келсе, эми ал дээрлик эки эсеге кыскарды.