, 09.01.09 - 14-бет:
  Жазуучу Жунай Мавляновдун
85 жылдыгына карата

Телегейи тегиз жан эле
Отуз үчтүн биринен
Расмий маалыматтарга ылайык, 1923-1924-жылдарда төрөлүп, 1941-1942-жылдарда он сегиз, он тогузга жаңы толгондо Улуу Ата Мекендик согушка алынгандардын ар бир отуз үчүнүн бири же согушка жалпы чакыртылгандардын 3%ы гана кан майдандан аман кайткан экен. "Сороковые-роковые" деп орус акындары жазышкандай, өспүрүмдүктөн эми жигиттик куракка кирип, ээктерин жаңы түк чырмай баштаса да, көпчүлүгү али бала бойдон жүрүшкөн ошол муундагылар кан майданда чындыгында эле кыргынга учурашкан. Салыштыралы, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Кыргызстандан бардыгы болуп 363 миңден ашык адам аскерге алынса, алардын 121 миңден ашыгы же ар бир үчөөсүнүн бири же 33%ы кан майдандан курман болушкан. Ал эми 1923-1924-жылдарда туулгандардан согушка алынгандардын 97%ы кан майдандан кайтпай калып жатышпайбы. Мындай жалпы элдин трагедиясынын ичиндеги бир муундун трагедиясынын себептери эмнеде?
Он сегиз, жыйырма жаштарында согушка катышып, аман калгандарынын көпчүлүгү денелерине жараат алып, өмүр бою эстен кеткис психологиялык, моралдык травмага учурап, эл-журттарына кайтып келген ошол өспүрүмдөрдөн кийин адамзатка "окоптук чындыкты", өздөрүнүн курбуларынын неге анчалык көп кыргынга учурагандыктарынын себептерин гана эмес, элди жерди, жакындарды, жаратылыштын жана башка нерселердин кооздуктарын сүйүп, урматтоо сезимдерин бүткүл дүйнөгө жеткире алган Юрий Бондарев, Василь Быков, Виктор Астафьев, Евгений Носов, Владимир Тендряков сыяктуу ондогон чыгаан жазуучулар, акындар, искусство ишмерлери өсүп чыгышты. Ошондон улам тагдыр аларды өздөрүнүн шейит кеткен курбулары жөнүндө чындыкты айтып берүү үчүн эле аман калтырса керек, мында мистикалык бир көрүнүш бар окшойт деп да ойлобой койбойсуң. Анткени, мурдагы совет мезгилинде өздөрүнүн таланттарына, сүрөткерлик миссияларына өзгөчө жоопкерчиликте мамиле жасап, чындыкты гана айтып, кооздукту, сулуулукту, жашоонун ар мүнөтүнүн кымбаттыгын окурмандардын жандүйнөлөрүнүн түпкүрлөрүнө жеткире айтып бере алгандыгы жагынан аларга тең келе тургандар аз болду. Чыгармаларында мына ошондой сезимдерди даңазалап, өзүнүн "Педагогикалык поэмасын" жараткан Жунай Мавлянов да ошол муундагылардан эле. Ал өзүнүн эскерүүсү боюнча, 1924-жылы 23-октябрда туулуп, 1942-жылы кан майданга жөнөгөн экен...

Чыгаан сүрөткер чыгаан инсан боло алабы?
Сүрөткер жана бийлик, сүрөткер жана коом деген маселелердей эле инсандык жекече сапаттар менен сүрөткерлик таланттын ортосундагы катыштар, карама-каршылыктар да адамдарды көптөн бери кызыктырып келет. Цивилдүү дүйнөдө илимдин жана искусствонун, эл чарбасынын тигил же бул тармагында көзгө көрүнөрлүк ийгиликтерге жетишкен таланттар, адистер аз эмес. Бирок, инсандык сапаттары же адамкерчилиги, сабырдуулугу, калыстыгы, кайрымдуулугу, жарандык позициясынын активдүүлүгү, адилеттүүлүгү ж.б. жагынан да өзүнүн кесиптик деңгээлине көтөрүлгөн, же андан да ашып кеткен таланттар, адистер чындыгында эле өтө аз. Адабияттагы, искусстводогу, ой казынасындагы айрым улуу таланттар (маселен, Ж.Ж.Руссо, Н.Гоголь, П.Чайковский, Ф.Шаляпин) эң эле жумшак айтканда, адаттан тышкаркы оригиналдуулуктары, кызыкчараак сапаттары менен айырмаланган инсандардан болушкан. Айрым генийлердин күндөлүк турмушта жасагандарын ит кылса деле аны кутуруп кетти деп атып салышмак. Ломброзонун изилдөөлөрү менен аздыр-көптүр тааныштыктары барлар биздин жогоруда айткандарыбызга кошулушат го деп ойлойбуз.
Ага мисалдар үчүн алыска барбай, өзүбүздөгүлөрдү алсак деле жетишет. Эмне дебейли, борбор калаабызда республиканын бардык булуң-бурчтарынан келген, илимде, адабиятта, саясатта, искусстводо башка жактарга болбосо да Кыргызстанга таанымал делинген мыкты чыкмалар жашашат. Алардын сезилерлик бөлүгүн айылдаштары, жердештери, бирге окугандары кандай мүнөздөй тургандыгын башкалар болбосо да журналисттер жакшы билишет. Жаш кезинен билишкендер айрымдарына Н.Гоголдун белгилүү чыгармасындагы Собакевич өнөктөштөрүн мүнөздөгөндөн да жаман аныктама берише тургандыктарын да угуп жүрөбүз. Ток этерин айтканда, чоң таланттын жана кесипкөйдүн бардыгы эле чоң инсан боло бербейт. Чоң талант менен чоң инсандык сапаттын айкалышып калуусу табийгаттагы өзү уюп калган алтындай эле сейрек көрүнүш. Жунай агайыбыз мына ошондой чыгаан таланты адамдык чоң сапатына шайкеш келген, ырасын айтканда инсандык жактан чыгармаларынан да жогорураак турган кайталангыс жан эле.

Агайдын атын укканда пейилдери жумшара түшүшчү
Мен адегенде Жунай агайдын колунан таалим-тарбия алгандар менен бирге окудум, кийин аны менен аралаш жүргөндөр, эселек кезинен жакшы билгендер менен жыйырма жылдай чогуу иштештим, аралаш жүрдүм, Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн жердештеримдин айрымдарынын кылык-жоруктары, адамдык сапаттары жөнүндө ар кандай сөздөрдү да уктум. Мүмкүн алардын көпчүлүгү "жармы төгүн, жармы чын..." дегендей сөздөрдөндүр, "эл оозунда элек жок" деп коюшат эмеспи, өзүм күбө болбогон соң алар жөнүндө бир нерсе деп айта албаймын, бирок апыртып жиберсем асманда Кудай турат, окуучуларынан же чогуу иштешкендеринен Жунай агай жөнүндө бир да жаман сөз укканым жок. Бир кезде анын колунан таалим-тарбия алгандар Жунай агайды мактай берип, кээде мифологиялык чыгармалардын сыйкырдуу кейипкерлериндей сүрөттөп жиберишчү. Кербен жатак мектебинде окуп жүргөнүмдө окуучулардан "муну Жунай агай жасаткан, тигини да кылдырган, эгер Жунай агай болгондо..." деген сөздөргө бышы кулак болуп жүрдүм.
Ж.Мавляновдун Темиркул, Субанкул деген эки агасы алтымыштан өткөнчө колхоздорду, совхоздорду башкарышып, катар-катар ордендерди, медалдарды алышып, жогорку органдарга мүчөлүккө шайланышкан аймактагы эң абройлуу адамдардан эле. Адатта жетекчилик кызматтарда көп иштегендердин дос-тааныштары гана эмес, аларды жактырбагандар да жетишерлик болот. Анткени, каалашабы, каалашпайбы бирөөлөрдү кызматтарынан алышат, арыз-даттануулар менен келгендердин бардыгынын өтүнүчтөрүн аткарууга да мүмкүн эмес... Бирок, мен билгенден Жунай Мавляновдун бир туугандары менен жылдыздары күйүшпөй жүрүшкөндөрдүн да агай жөнүндө сөз козголгондо пейилдери жумшара түшүшчү. Анын дарегине бир да акаарат сөз айтышчу эмес.

Кербендик бирөөнүн эскерүүсүнөн
Муну мага кербендик бир таанышым мындан он беш жылдай мурда же Жунай Мавляновдун 70 жылдыгы райондо белгиленгени жатканда айтып берген. Анда мен жазуучунун мааракесин райондо өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы катарында агай жөнүндө айрым материалдарды жыйнаганга да катышкам. Ал убакта ортоңку звенодо адис болуп иштеп жүргөн таанышым бир нерседен улам кызматынан бошоп калат. Жергиликтүү бийликтегилерге кайрылгандан эч нерсе чыкпагандан кийин Бишкеккке келип, ар кимдерден жардам издөөгө аргасыз болот. Ошол кезде аксылыктардын ичинен эң таасирдүү деп эсептелген адамга кирип, "райкомдун биринчи катчысы сиздин сөзүңүздү эки кылбайт. Телефон чалып койсоңуз, мени кайра ордума алышат эле" деген өтүнүчүн айтса, тигил киши: "аның ырас, катчы менин сөзүмдү таштабайт, бирок мен сенин ким экениңди билбей жатпаймынбы, мүмкүн..." деген сыяктуу сөздөрдү айтып, кабинетинен чыгарып жиберет. Ошентип ал ар жерлерге кирип, эч натыйжа чыгара албагандан кийин кокусунан Жунай Мавляновго жолугуп калып, арыз датын айтат. "Мурда Жунай акеге өмүрүмдө жолуккан эмес болчумун, - деген эле ал киши. Эч кими менен деле тааныштыгым жок эле. Менин атымды, кайсыл айылдан экенимди, анан жетекчимди сураштырып, анын атасы менен тааныштыгы бар экен, анан ага мага жардамдашуу өтүнүчү менен кат жазып берди. Ошентип мен Жунай агайдын жардамы менен кайра ушул ишиме орношком".
Минтип өмүрүндө биринчи көрүп жаткан адамына, жогоруда айтылган чыгаандай кыйылбай, кызганбай, "мунун мага эмне кереги тиймек эле" дегендей майдачылыкка барбай жардам көрсөтүү чыныгы айкөл инсандын гана колунан келе турган иш. Башкаларын айтып отурбайлы, кийин чоң акын болгон жана кезинде тепкиде жүргөн Салибай Шатмановду үч-төрт жолу (Саликебиздин өзүнүн эскерүүлөрү боюнча) жумушка жайгаштырган экен.

Түбөлүк жашай бересиң, тирүүлөр турган убакта
Жунай агабыз "Жүрөгүм", "Аркыт гүлдөрү", "Мөл булак" деген үч ырлар жыйнагын, "Ачык асман" (экилтик), "Бийиктик", "Жаңы таң", "Кайрымсыз жылдар" деген төрт романды, ондон ашык аңгемелер жана повесттер жыйнагын жарыялады. Ар көрөңгөлүү сүрөткердин өзүнүн чыгармачылык өзгөчөлүгү, эмнелер жөнүндө жазбасын бир философияга багындырылган негизги темасы болот. Жунай Мавляновдун чыгармаларындагы негизги өзгөчөлүк - адамдардын ортосундагы жакшы сезимдерди, эл-журттун алдындагы жарандык ыйык милдеттерди даңазалаган гармониялуулук, келечекке дайыма чоң ишеним жана үмүт менен караган романтикалык оптимисттик маанай болуп саналат. Жазуучу өзүнүн күндөлүк турмушунда мына ушундай сапаттары аркылуу өзгөчөлөнүп, мына ушул жагынан башкаларды тарбиялап келсе, анын көркөм чыгармаларындагы кейипкерлер да мына ошондой касиеттерди алып жүрүүчүлөрдөн экендигин окурмандар жакшы билишет. Бул жагынан автордун инсандык калькуляциясындагылар менен анын талантынан жаралган көркөм дүйнөсүндөгүлөрү толук шайкеш чыгат. Булар өзүнчө иликтөөлөрдү, жалпылоолорду талап кыла турган чоң маселелерден. Буйруса алар жөнүндө да убагында сөз болот. Биз бул жерде Жунай агайыбыздын сүрөткерлердин арасында сейрек кездешчү мына ушундай өзгөчөлүгү аркылуу да кыргыз адабиятынын тарыхына кирип калгандыгын белгилей кетүүбүз зарыл. Адабиятта мына ошондой сөздү айтуу үчүн, мүмкүн тагдыр макаланын башында айтылган үч пайыздагы Ю.Бондарев, В.Быков, В.Астафьев ж.б. кошуп Жунай Мавляновду да сактап калса керек.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"




Радиого "Улуу Чыңгыз
Айтматовду угуу маалы"
киргизилүүсү керек
УТРКнын президенти М.А.Эшимкановго
Канткенде да Чыңгыз Төрөкулович
Айтматовдун атын кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө калтырыш үчүн инсандарыбыздын ойлору, сунуштары жалпыга маалым берүүчү массалык маалымат каражаттары аркылуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын касиеттери чагылдырылып жатат. Бул эң жакшы. Алардын арасында жөнөкөй жарандардан баштап илимпоздор, окумуштуулар, жетекчилер, академиктер, жазуучулар, студенттер, аспиранттар, журналисттер, ар кайсы кесиптеги инсандар бар. Ушунун өзү эле Чыңгыз Айтматовдун эмгегинин элге өтө терең сиңгенин баяндап турат.
Айрым инсандар өзгөчө эстелик тургузулса десе, айрымдары чоң көчөлөрдүн, парктардын атын койсо дешет. Мунун бардыгы туура. Бирок, бул сунуштар түбөлүктүү атты күнүгө жаңырта албайт. Менин жекече оюм мындайча. Ал эң эле жөнөкөй. Толук аткарууга да оңой. Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүк өлбөс-өчпөс кылып калтырыш үчүн эң жөнөкөй ишке аша турган бир гана жолу бар. Ал мындай. Кыргыз Улуттук радиосунун күндөлүк берилүүчү программасына "Улуу Чыңгыз Айтматовду угуу маалы" деген рубриканы киргизип, Парламент аркылуу бекитип, "Манасты укчу маал" рубрикасы сыяктуу Элмирбек Иманалиевдин кошогунун тексти радио аркылуу берилип турса, Чыңгыз түбөлүккө жашайт эле.
Мырзабек СУБАНБЕКОВ,
Кыргыз Республикасынын
эмгек сиңирген врачы,
персоналдуу пенсионер,
Бишкек шаары

ОАО "К-А" переносит сроки проведения тендера на закупку: Лот №3. Тормозные накладки на КРАЗ-3000 шт, Камаз-3000 шт, Маз-1000 шт, паронит - 1500 кг. методом НТ объявленного в "Кыргыз Туусу" №91 от 02-04. 12.08 г. с 08.01.09 г. на 26.01.09 г.

Ленин районунун "Ала-Тоо" жаңы конушунун жашоочусу (Арчагүл-4) Мамбеткулова Майрамбүбү Мусаевнага берилген жер үлүшүнө тиешелүү г/а 0040489 номурундагы Кызыл китептин жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

Утерянную ИНН 004081998 10026 ОсОО "Марал-К" считать недействительным.


Сокулук районундагы Крупская айыл өкмөтүнөн Какеева Кенжекан Тикембаевнага берилген серия чс-IV-III 1224 номурундагы жер үлүшүнөн пайдаланууга укук берүүчү күбөлүктүн жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти Оморова Сымбат Шайлообековнанын студенттик билетинин жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

ОсОО "БАЯРД-ТРЭВЭЛ" объявляет о своем закрытии. Претензии прини-
маются в течение двух месяцев со дня публикации по адресу: Бишкек, ул. Журнальная, 47.

Объявляется тендер на закупку строительных работ 4.02.09 г. тел: 30-87-80.

Утерянный Устав Театра юного зрителя им. Б.Кыдыкеевой считать недействительным.

Кой-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Күңгөй айылынан Эсеналиев Токтогулдун 0957 номурундагы жер үлүшүнө тиешелүү Кызыл китебинин жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.