, 09.01.09 - 12-бет:
  Өнөрдүн өчпөс изи

Берчи мага, жарым кашык музыка...
Мына быйыл Кыргыз профессионалдык музыкасынын көрүнүктүү өкүлү композитор Таштан Эрматовдун 80 жылдыгы белгиленип жатат. Чыгармачыл өмүрүндө композитор өзүнүн жогорку көркөмдүктөгү чыгармалары менен кыргыздын музыкалык искусствосуна өчпөс из калтырып кетти. Анын кайсыл гана жанрдагы чыгармасын албайлы, профессионалдуулуктун үлгүсү.

Т.Эрматовдун музыкалык билим алуу жолу байсалдуу болду. Борборубуздагы М.Күрөңкеев атындагы атайын музыкалык орто окуу жайы, Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерватория. С.Баласанян, А.Александров, Ю.Шапорин, С.Богатырев сыяктуу мыкты профессорлордон, композиция боюнча Кыргыз профессионалдык музыкасын негиздөөчүлөрүнүн бири Владимир Фереден билим алды. Окуу жылдары жемиштүү үзүрүн берди. Фортепиано үчүн прелюдиялардын, сонатанын, "Айылды эскерүү" аттуу симфониялык сюитанын (1955), музыкалык ири жанрдагы ре-мажордук, си-минордук симфониялык поэмалардын (1954-1965) жана "Түш" аттуу симфониялык сүрөттөмөнүн (1964) автору болуп, композитордун чыгармачылыгы кадыресе калыптанып калды.
Ошентип, Т.Эрматов дүйнөгө атагы чыккан музыкалык жогорку окуу жайлардын бири болгон консерваториянын кесипчилиги - композитор деген дипломунун ээси болду. Чынында мындай билим даражасындагы музыканттар республикабызда саналуу гана. Көп жыл бою маданият тармагында күжүрмөн иштеди. 1967-1973-жылдарда КРнын маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясында ага редактор, "Кыргызфильм" киностудиясында музыкалык редактор, 1973-1994-жылдары Кыргыз Улуттук консерваториясынын музыкалык теория жана композиция кафедрасынын башчысы болду. 1987-жылы профессор даражасына жетишти. Бул жылдары симфониялык күүнү, "Ленин жолу" аттуу кантатаны (1967-1975), "Драмалык" симфониялык поэманы (1967), "Ысык-Көл" аттуу симфониялык поэманы (1969) жаратты. Олуттуу чыгармаларынын бири - дүйнөлүк пролетариаттын көсөмүнө арналган "Ленин" аттуу вокалдык симфониялык поэмасы да ушул жылдары жазылды (1972, сөзү Смар Шимеевдики). Ыр, романс жанрында да жемиштүү иштеди. Сөзү менен музыкасы шай келишип, көркөмдүүлүгү арткан "Ленин десем" (сөзү Т.Үмөталиевдики), "Тоодогу таң" (сөзү К.Атагуловдуку), "Ысык-Көл" (сөзү Т.Үмөталиевдики), "Кызыл гүл" (сөзү А.Осмоновдуку) сыяктуу чыгармаларын айтсак айкын болот.
Т.Эрматовдун чыгармачылыгында кинофильмдерге жазган музыкалары өзгөчө орунду ээлейт. Композитор "Ырдын жаралышы", "Мурас", "Советтик Кыргызстан" аттуу документалдуу фильмдерге, "Бакайдын жайыты", "Айсулуунун талаасы", "Уркуя", "Улан", "Алтын күз" аттуу көркөм фильмдерге музыка жазды. Жогоруда аталган фильмдер кыргыз кино искусствосунун классикасын түзөт. Мындай деңгээлге жетүүсүнө композитордун музыкасынын үлүшү зор десек жаңылышпайбыз.
Аспаптык чыгармаларынын ичинен виолончель жана фортепиано үчүн жазылган сонатасын белгилеп кетсек болот. Соната москвалык музыканттардын концерттик репертуарына кирип, "жаңырыгынын диапазону" чет өлкөлөрдүн бир тобун камтыды. Чыгарма бир бөлүмдөн турат, сонаталык формада жазылган.
Т.Эрматовдун чыгармачылыгында симфониялык жанр өзгөчө орунду ээлейт. Композитор төрт симфониялык поэманы жаратты. Кайсыл гана поэмасына назар салбайлы өзүнүн жүзү, көркөмдүк сапаты, айтайын деген оюнун айкындыгы менен айырмаланып турат. Ошентсе да, чыгармачылык чеберчилиги жетилип турган мезгилде 1965-жылы жазылган си-минордук (h-moll) симфониялык поэмасы өзгөчө көңүл бурууга татыйт.
Си-минордук поэма олуттуу философиялык ойду камтыган киришүү менен башталат. Киришүүнүн музыкасында башкы партиянын, ошондой эле көмөкчү партиянын да өзөгү байкалат. Ошентип, чыгарманын киришүүсү поэманын музыкалык материалдарынан алдын-ала кабарлагансыйт. Кажыбас кайраты бар башкы партиянын темасын өөрчүтүп, жөнөкөй үч бөлүктүү формага жеткирген. Өзгөчө ортонку бөлүгү, тыкан иштелип өрчүтүлгөн. Башкы партиянын музыкалык материалында кыргыздын залкар комузчусу, күүчүсү Карамолдо Орозовдун кайрыктарынын таасири таасын байкалат.
Т.Эрматовдун си-минордук поэмасы мыкты профессионалдуулукта жазылып, өзүнүн жогорку көркөмдүктөгү сапаты менен кыргыз музыкасынын бирден-бир асыл берметтеринен болуп калды. Поэма эчен ирет Алматынын, Ташкенттин, Москванын музыка сүйүүчүлөрүнө эстетикалык рахат тартуулаган.
Таштан Эрматов симфониялык жанрда үзүрлүү эмгектенип, жогорку көркөмдүктөгү "Айылды эскерүү" аттуу сюитаны, симфониялык күүнү жана төрт симфониялык поэманы тартуулады. Ре-мажор (1954), си- минор (1965), "Драмалык" (1967), "Ысык-Көл" (1969) чыгармалары композиторду кыргыз музыкасынын симфониялык жанрын негиздеп түзүүчүлөрүнүн катарына кошуп койгондугу ырас.
К.АСАНБАЕВ,
Кыргыз Республикасынын композиторлор кошунунун төрагасы, Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтунун музыканын теориясы кафедрасынын профессору, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, А.Малдыбаев атындагы Эл аралык сыйлыктын,
М.Абдраев атындагы
сыйлыктын лауреаты




  Композитор Сейдалы Медетовдун 80 жылдыгына карата

Өмүрү өксүк болсо да, өнөрү бийик эле...
Күлгүндөй жаш курагына карабай, кыргыз профессионал музыка искусствосуна өчпөс изин салып кеткен, өз кесиптештеринин алдыңкы саптарында башы көрүнүп келе жаткан кайталангыс таланттуу композитор маркум Сейдалы Медетов быйыл тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.
Өкүнүчтүүсү ал кырчындай отуз жаш курагында таланты тоо булагындай, тоо боорун жарып чыгып, элине береринен бере элеги көптүгүнө карабастан, күтүүсүз жерден авиакырсыкка учурап, арабыздан кеткенине быйыл элүү жылдан ашып барат.

Сейдалы тегереги тоолор менен тосулган көк жашыл өрөөн Жумгалдын Түгөл-Суусу менен Жумгал суусу кошулган чакан айыл Түгөл-Сайда төрөлгөн. Айылда жакын аталары Байсалбек уулу Мамыт молдо комузда кол ойнотуп, нечендеген залкар күүлөрдү чертип, элдин жарпын жазып, уулу Тобокел менен Сейдалыга комузун берип койчу. Кичинекей уландын комузга шыктуулугун байкаган Акбала атайын уста издеп, комуз чаптырып берет.
Арзыган комузу колуна тийген улан ар кимден ар кыл майда күүлөрдү үйрөнүп жүргөн мезгилинде, айылдашы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абдыкалый Темиров Нарын облдрамтеатрында иштеп жүрүп, айылына келип калып, Сейдалынын кабарын угуп, атайын издеп калат. Нарын театрына алып кетет.
Абдыкалый Сейдалыны өз баласындай тарбиялап, ал киши күү, обон чыгарган чоң комузчу, обончу болгондуктан, элдик күү, обондордун кереметине ошол театрда иштеп жүргөндө каныгат. Бул театрда эки жыл иштеп, аңгычакты Улуу Ата Мекендик согуш башталып, Нарын театры Ысык-Көл театрына кошулуп, артисттер туш-тушка чачырап, Сейдалы кыргыз филармониясына артист болуп которулат. Ал жерде эл аспаптар оркестринде солист болуп атактуу Атайдын окуучусу атыгып, Б.Кулболдиев, Н.Давлесов, К.Молдобасановго окшогон жаш таланттар менен бирге иштеп, музыка дүйнөсүнө сүңгүп кирип, ышкысы арткан.
Сейдалы музыкалык жетик билим алууну көздөп 1944-49-жылдар аралыгында Фрунзедеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу
жайын, 1958-жылга чейин Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын улуттук студиясында композиция боюнча профессор В.Шебалиндин классын бүтүп, профессор М.Чулакиден билим алган. Сейдалынын музыкага болгон шыгы эрте башталып, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуп жүргөн мезгилинде эле, б.а. 1953-жылдан баштап, "Майрамдык увертюра", фортепиано үчүн "Рапсодия" фортепиано үчүн соната, скрипка менен фортепиано үчүн "Скерцо", эл аспаптары оркестрине "Пахтачы кыздын бийи" аттуу сютаны жазган. Өзгөчө камералык музыкага салымын кошкон. "Фортепианалык сютаны" "Ала-Тоо" аттуу вариациясы, Э.Григдин эстелигине арналган сонатасы угуучулар, музыка дүйнөсүн сүйүүчүлөр, музыка изилдөөчүлөр тарабынан жогору баага татыган. Булардын ичинен композитордун "Пахтачы кыздын бийи" аттуу квартети угуучулар арасында зор кызыгууну туудурат.
"Кайтып кел" аттуу музыкалык бийди, "Партияга даңк", "Бактылуу Кыргызстан", "Токтогулдун арманы", "Кең Ала-Тоо" хорлорун, "Какшалдан кат", "Чабандын ыры", "Фестиваль ыры", балдар үчүн "Окуучу кыз Калыйман", ж.б. ырларды жазып, комузда "Жаш толкун" деген күүнү чыгарган. Сейдалы кырчындай жаш курагын билим алуу, чыгармачылык изденүү менен жүрүп үйлөнүүгө да үлгүрбөй, аркасында тукум да калбаганы менен татынакай чыгармалары калды.
Рас, ошол 1958-жылы туугандары тарабынан туулган жерине сөөгү коюлуп, кан жолдун боюна бийик секичеге чийки кирпичтен күмбөз салынып, жолдоштору колдон келишинче кичирек таштан эстелик коюшкан. Жердештери туулган айылындагы орто мектепке, көчөгө атын коюп, музейин, бюстун мектептин ичине коюшкан. Ой кетет, мындан бир нече жыл мурун айылдашы бизнесмен Актан Абдылдаев өз каражатына Нарын облдрамтеатрынын алдына, аймактан чыккан искусство чеберлеринин бюстун жасатып койдурганда, алардын катарына ушул театрды иштеп жүрүп көз жумган маркум Абдыкалый Темиров, анан ушул театрга өспүрүм өмүрүн арнаган С.Медетовдун бюсту катар турса туура болмок.
Мына, быйыл сексен жашка чыгып турган курагын кыргыз журтчулугу, эл-журту эстеп, маданият чөйрөсүндө белгиленер бекен, же баягы эле кайдыгер мамиле жасалабы деген ой кетет. Сейдалы менен бирге окушкан, иштешкен жолдоштору, кесиптештери, дегеле ал жөнүндө кабардар адамдар айрыкча жердеши, бирге окуган республиканын эл артисти, улуттук консерваториянын профессору Кайыпбек Айтыгулов, композитор Н.Давлесов, телерадио, басма сөздө кеңири эскерүүлөрүн айтышып, чыгармаларын нотасы менен басылып жыйналып, китеп кылып чыгарып, маданий мекемелер иш-чараларды өткөзсө маркумдун арбагы ыраазы болмок.
Сөз кезеги келгенде айтып койгонубуз оң болор. Сейдалы жетелеп чоңойткон карындашынын баласы бизнес чөйрөсүндө үзүрлүү эмгектенип, Түгөл-Сай айылына чоң соопчулук иш жасап, баасы миллион сомдон ашык акча чыгымдап, мечит курдуруп, элдин батасын алды эле. Балким таякесинин арбагын унутпай, айылдаш бизнесмен жигиттер менен биригип, чийки кирпичтен алынча курулган күмбөздү оңдоттуруп, бюстун Нарын облдрамтеатрынын же Жумгал театрынын астына коюшса, арбак ыраазы болот беле. Сөз башында айткандай таланттуу композитор арабыздан жаш кетти. Бирок, анын тунук акыл сезиминен жаралган чыгармалары картайбай келет.
Артында анын өнөрүн баалаган эл-журту калды. Мына ушуга каниет кылып, аны эскере жүрүү биздин, тирүүлөрдүн, парзыбыз.
Сабырбек АКМАТОВ,
эмгектин ардагери,
Жумгал району,
Чаек айылы




Белгисиз белгилүү жазуучунун жаңы чыгармасы
Республиканын түштүгүндө белгисиз, бирок, белгилүү жазуучу, тарыхчы Акбаралы Мусабеков деген жашайт. Ал 1976-жылы Ош пединститутунун филология факультетин аяктап, Өзгөндөгү тарыхый-археологиялык музейди негиздеп 9 жыл, Ноокендеги тарыхый - этнографиялык музейди негиздеп 7 жыл иштеген. Каракалпакстандагы кыргыздардын тарыхын 45 күн изилдеп,гезиттерге сандан-санга берген.
Анын чыгармалары учурунда "Ала-Тоо" журналына, жаштардын альманахына, "Кыргызстан маданияты" гезитине жарыяланган. Алгачкы китеби 1984-жылы "Жолугушуудан кийин" деген ат менен чыккан. Андан кийин "Чоку бий", тарыхый очерки, (1997- жыл), К.Калчакеев менен биргеликте "Элдик оозеки чыгармалар жыйнагын (1998), 2000-жылы көлөмдүү "Заман жоокери" романын, "Муундан-муунга өткөн улуулук" тарыхый повестин, Кубанычбек Бакиев менен бирге "Элден алып элге" тарыхый очерктерди, уламыштарды, жол очеркин жазган. Соңку жылдары 2 томдон турган "Кызыл түлкү кыз же Александр Македонскийдин бардык падышаларга калтырган керээзи", "Кылым ээрчиткен көч" сыяктуу китептери жарыкка чыкты. Тарыхый баатырлардын турмушун көркөм жалпылоо менен жазган "Чотон баатыр", "Мамырбек баатыр" аттуу китептерин басмага тапшырды.
Акыркы "Мамырбек баатыр" романынын баш каарманы Мамырбек баатыр аркылуу ХIX кылымдын экинчи жарымында кыргыз элинин эң бир кымбат, муундан-муунга уланган улуу Биримдик мүдөөсү аркылуу азаттык алуу үчүн болгон күрөшүүнүн бир доору баяндалат.
Романдагы окуялар Кокондо, Эки-Суу ортосунда, Кашкарда, Жалал-Абадда, Өзгөндө, Кара-Кулжада, Алай-Кууда, Ошто, Тогуз-Тородо, Таласта болуп өтөт. Китептин өзөгүн ХIX кылымдын экинчи жарымындагы Түштүк кыргыздарынын ынтымагы аркылуу өзүнчө мамлекет курууга умтулган аракети, күрөшү баяндалат.
"Мамырбек баатыр" тарыхый романы жаштарыбызды Мекенди сүйүүгө, ар бир кыргызды бири-бирине боорукер болууга, ынтымакта жашоого чакырып турат.
Орозалы КАРАСАРТОВ





Гендердик кеңешке эркектер да келди
Жакында облустун борборунда өткөн аялдардын Кара-Кол шаардык конференциясында анын делегаттары аялдар кеңешинин жаңы Уставын бекитип, гендердик кеңештин катарын кайра шайлашты.
Конференцияда сүйлөгөн шаар башчысы Нурбек Аалиев: - Биздин калаада аялдар кыймылы 1918-жылы - алгачкы аялдар кеңеши түзүлгөндөн башталыптыр. Андан берки 90 жыл аралыгында аял заты катышпаган бир да тармак жок. Азыр шаардын бардык мектеп, балдар бакчаларынын жетекчилери - кыз-келиндер. Өткөндө шаардык кеңешке депутат болуп шайланган алты аялзаты калаабыздын буга чейин эркек эл өкүлдөрү маани бербеген, ал эмес кол шилтеп коюп, кенебей жүрө берген социалдык жашоо-тиричилик маселени чечүүдө жакындан жардам берип, мэриянын жеңилин жерден, оорун колдон ала баштаганына чоң ыраазычылык билдиремин, - деди.
Мэриянын алдындагы кыз-келиндер жана гендердик кеңештердин катарына эркектердин да шайланышы ар кандай маселени мындан ары калыс чечүү багытындагы жаңылык болуп калды.
Жээнбай ТҮРК,
"Кыргыз Туусу"