, 09.01.09 - 11-бет:
  Тарыхыбызга тактык керек

Тарыхты ой келди чоймолоп ойногон болбойт
Тегиңди биле жүр, ал бөлүнүп-жарылуучулук
эмес, ал сени маңкуртчулуктан сактайт
Акбалта, Чубак, Жаңылмырза урпактарынын бири Абдыракманбек Кокон кандыгын негиздегендиги ордонун тарых жазгычы Зыябидин Максым тарабынан Кудаяр кандын буйругу менен жазып калтырылгандыгы "Фергана кандарынын тарыхнаамесинен" дайын болду. Буга дейре эле Кыргызстан тарыхында Кокон кандыгын ичкилик кыргыздардын нойгут уруусунан чыккан Нарбото бийдин негиздегендиги айтылат. Бирок, Нарбото бийдин тек-заадынын кайдан экендиги жазылган эмес. Анын Кашкар багытында жундар (кытай) менен болгон согушта өлүп, иниси Шоорукбек (өзбектер атаган Шахрухбек) этинен сөөгүн ажыратып алып нойгуттардын мекени аталган, Абдыракманбек туулуп-өскөн жер, Сок дайрасынын боюндагы Согмант деген кыштакка апкелип жерлеген. Азыр да Нарбото бийдин күмбөзү ошо айылда элдин урматтоосу менен турат.
Зыябидин Максымдын бир жаңылыштыгы, Нарбото бийдин чоң уулу Алимбекти (Алимкан) Нарботонун бир тууган иниси кылып агасын өлтүртүп такка отургузуп койгон. Бул тарыхчынын билип-билбеген элдин миш-имишинен жазылгандыгы, ал тургай Кудаярдын өзүнүн тек-зааданы жакшы билбегендиги жыйырма миң кыпчак уруусунун адамдарын бейкүнөө кыргандыгы менен далил. Алимбек такка атасы Нарбото бий шейит өлгөндөн кийин 1804-жылы отургандыгы, биринчи "хан" деп аталгандыгы эл оозунда да, тарыхта да маалым. Бул жерде мен эмне үчүн "хан" эмес "кан" деп жазып жатканымдын этимологиялык маанисин тастыктап түшүндүрүүнү да ылайык көрүп отурам. Албетте, илгертеден оозеки, жазма адабиятыбызда эл өкүмдарын "хан" деп атап, жазып келгенбиз. Бирок, эл өкүмдарын эмне үчүн "хан" деп атаганыбыздын маани-маңызын тил илиминин билермандары билиши мүмкүн. А окуп, угуп жаткан карапайым эл билбейт.
Эмне үчүн "кан" дебей "хан" дейбиз? Мына ушу суроонун тегерегинде кыска гана чарпылып көрөлү. Мунун бир гана жандырмагы бар. Өкүмдарды такка отургузарда ак кийизге жандык союп, кызыл кандын үстүнө шахзаданы отургузуп "кан көтөрүлдү, кан көтөрүлдү, ыйык кан көтөрүлдү!" деп кийиздин төрт жагынан кармап жар салышкан. Демек, кан ыйык, ыйык канга отургузуунун белгиси ал эл өкүмдары, а ыйык кан эл ишеними. Мындай сөздүн тыбыштык жагынан бузулушу көрүнө эле, өзбек агаиндер канды хан дешет. Кан деген сөздүн этимологиялык бузулушу мына ушу эки элдин ортосундагы говордон келип чыккандыгы көрүнөө эле.Муну эми тил билермандары кандай кабыл алышат алардын өздөрүнө салават, а мен "кан" деп жазгандан танбаймын. Кыргыз тилиндеги сөздөрдүн этимологиясында канчалаган күлкү келерлик калпыстыктар жатат. Бир эле мисал,"бажыкананы" алалы. Ал деген наша (баңгилик) чегип машаат кылчу үйдүн аталышы. Аны биз ойлонбой туруп жол тосчу таможнияга коюп алдык. Буга окшогон жаңылыштыктар толтура.
Мен эми кайрадан тарых тактыгына ойду бурайын. Демек, бир учурда Кокон кандыгын Абдыракманбек негиздеп, кандык жүз жылга чамалап жашаса анын өкүмдарлыгын да Абдыракманбектин чөбүрөсү Кудаярбек менен аяктаган. Кан тукумдары азыр да Баткен районунун Согмант, Газ кыштактарында жашашат. Алимкандын эки уулу Жоробек, Төрөбек болсо, Жоробектин эки уулу Урматбек, Полотбек болуп, Урматбек баласы Абдырахманбектин мекени Согмантта жашап, Полотбек тага журту Самарканд тарапта туруп калган. Жанагы кыстоосу келишкенде шахзада Полоткан боло калган Исхактын так маалыматы да кийин ордо муншийи (катчысы) Юнусжан дегендин калтырган кол жазмасынан табылды. Аны менен Кокон кандыгынын акыркы жылдарын камтыган "Газават" ("Согуш") аттуу тарыхый романымда эч кандай алымча-кошумчасы жок жазып калтырдым. Китептин багы ачылып, басмадан чыгып калса ордо муншийи Юнусжан 1902-жылы жазып калтырган тарыхый кол жазмадан көркөм чыгарма катары кабар аларсыз. Анда 32, 34 жаштарында эл, жер үчүн шейит кетишкен элдик баатырлар Алымкул аталык, Исхак (Полоткан), Мамыр-мерген жөнүндө маалымат аласыз.
Айтса айтпаса ушу азыр да кыргыз тарыхына, жалпы эле түрк элдеринин тарыхына тактык керек. Тарыхты ой келди чоймолоп ойногон да болбойт. Анда не деген инсандардын эл, жер үчүн күйүп-жанган канызабалы жатат. "Арбак ыраазы, анан тирүү ыраазы" дешет. Өткөндү кеп кылуунун өзү опурталдуу. Илгери аксакалдар айтып калышаар эле, "өткөндү билип-билбей эле акаарат кыла бербе, акыры жаман, пес болосуң" дешчү. Ошон үчүн тарыхыбызга этият мамиле жасайлы дегеним. Өткөндүн кусуру, канызабалы жоктон бар кылып өзүн көкөлөткөндү, барды эби жок жекирип-жектеп акаарат кылганды кечирбейт. Өткөндү бүгүнкү күнгө теңегендик жаңылыштык. Билерман болсоң касайыл калыстыгың болсун. Билип туруп айтканга ичиң тарыса, тарых андайды эртедир-кечтир арсеналынан сүрүп салат. Тарых өзүңдү сүйбөй өзгөгө көкүрөк ачсаң гана касайыл тактыгыңа кайыл боло алтын барактарынан орун берет. Менин баам туюмумда кыргыз тарыхы али тактала элек. Жалпы эле түрк элдеринин түпкүлүгү кайдан аны да билбейбиз. Гуздар кимдер, хазарлар, харлуктар, усундар кимдер булардын да тек жайын билбейбиз. Араздашуунун башаты баары айланып келип түпкүлүгүбүз кайдан экенин билбей, жаштарыбызга баарыбыз бир атанын балдарыбыз деп айтканга башыбыз жетпей маңкуртчулук бири-бирибизди тааныбаган мерестикке түртүп барат. Айта берсе көкүрөк тепкен ойлор көп. Бирок, ага ынтаасын коё үйрөнгөнгө далбас урган окурман да жок. Майда элдердин башка элдерге сиңип кетүүсү, тилдин жоголушу ал эртедир-кечтир болчу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Аны ай десең да, ой десең да токтото албайсың, баш ийбешке аргаң да жок. Ал жалгыз адамдын колунан келсе бир жөн, эл деген жатат. Тил деп миң какшаба ал кулак сыртынан кетчү нерсе. Тилибиздин жарамсыздыгы, өтүмсүздүгү чогулуштарда, жыйындарда, парламенттик отурумдарда кашкайып колуңдан эмне келет эле деп табалап турбайбы.
Эми сөзүмдүн акырында Абдыракманбектин балдары бийлеген Кокон кандыгынын тарыхы муну менен эле такталып калды деген ойдон алысмын. Али тарыхыбыздын айтылгандан айтыла элек жактары көп. Окурман журтчулугуна түшүнүктүү болсун үчүн Акбалта, Чубак, Жаңылмырза тукумдарынын бири Абдыракманбектин урпактарын чакмак тартибинде берүүнү ылайык көрдүм.

Мурзапар ҮСӨН




  Тарых өнөр адамынын көзү менен

"Улуу баян" китебинен сүртүмдөр
Урматтуу окурман!
Бул китептин ичиндеги тарых кабарларынан кыскача маалымат алгыңыз келсе мукабанын сыртына басылган сүрөттөргө көз чаптырыңыз.
Тебетейчен адам б.э.ч. 2150 жыл мурда жасалган Египет жергесиндеги Шумер калкынын падышасы Гудеанын ташкелбети (статуя) экен. Ал ташкелбет шумерлердин Ур деген шаарынын казындыларынан табылыптыр. Тарых даректеринде Шумер калкы Египетке б.э.ч. 4000 жыл мурда персия тараптан (демек чыгыш тараптан) келгендиги жазылыптыр. Алардын Ур жана Урук деген эки шаары картада турат (иллюстрациялык барактарда чагылдырылган). Тарых кабарларында шумерлердин тили ал тарапта жашаган калктардын эч бирине окшош болгон эместиги жазылган экен. Демек, Ур жана Урук деген шаарлардын аталыштары дагы ал тараптагы калктардын тилине окшош болгон эмес.
Кадимки Чыңгызхандын Хан Батыйынан таркаган урпактарынын бири, Хиванын ханы Абулгазы хан (1603 - 1674 - жылдар аралыгында жашап өткөн) түрк ичиндеги болгон тарыхчы-сөз билгилерин түгөл чогултуп алып "Түрк тарыхы" деген китеп жазган экен. Ал китептеги даректердин тарых илимине бап келип, маалыматтары так экендигине атактуу тарыхчы Н. М. Карамзин дагы тан бергендиги белгилүү. Казан шаарында сакталып турган ошол китепте "ижараттан 34 кылым мурда (б.э.ч. 3400 жыл мурда) Өгүзхан аттуу падыша атабыз бүт дүйнөнүн падышасы болуп, Египетке катар бийлик жүргүзгөн" деп жазылган. Ал уламыштын далили катары Гудеа падышанын оң тарабында чагылдырылган өгүздүн башы жалгашып турган алтын арфаны айтсак болот. Б.э.ч. 2300 жыл мурда жасалган Өгүзхан атабызга байланышкан ыйык (тотемдик) белгибиз жалгашып турган ошол алтын арфа дагы Ур шаарынын казындыларынан табылыптыр. Албетте, Шибер (Сибирь) элдеринен баштап, Тибет, Индия, Египетке чейинки калктар бүгүн да өгүзгө (уй баласына) Кудайга сыйынгандай сыйынып жаткандыгын билебиз. Демек, ал калктар Теңирчилик динин негиздеген Өгүзхан атабызды "Кудай" катары эсептеп калган үчүн өгүзгө же уйга сыйынып калгандыгын түшүнсөк болот.
Кыргыздардын эң алгачкы казма эстеликтерин Энесай боюндагы Андронов кыштагынын жанынан казып баштаган себептүү археологдор кыргыздардын сөөк-саактарын, көрүстөндүк белгилерин "андроновдук белгилер" деп аташкан.
Археологдор андай бийик дөбөлөр (кургандар же падышалык көрүстөндөр) алыскы Япон жергесинен тартып, Кытай (Жуңго) аймагына, Алтайда, Энесай бойлорунда, Орто Азияда, Волга бойлорунан Европага чейин жайылгандыгын тастыкташат. Б.э.ч. 200 жыл мурда бизден бөлүнүп кеткен герман калкы өтө байыртан биз менен аралаш жашап келген үчүн ал дөбөлөрдү бүгүн да "hunograd" дейт экен. Себеби гундардын баштооч тайпасын кытай тарыхчылары "Хун" деп жазышкан. "Хун" (аныгы -"hong" ) туюнтмасына катар эле биздин кытай тарых барактарына түшкөн элдик аталышыбыз дайыма "Гянь гун", "Ге гун", "Цянь гун" деген коштомо аталыштар менен жазылганын баарыбыз билебиз. "Хун" "Гун" деген аталыштардын себеби бул китепте кеңири чечмеленет.
Тарыхчы илимпоздор дүйнө элдеринин маданият башатын шумерлер түптөгөндүгүн бир пикирден тастыкташат. Ага караганда Азиядан Европага чейин жайылган дөбөлөр же кургандар жаткан аймактарда жашаган калктардын маданиятынын пайдубалын биздин аталарыбыз түптөгөн болуп чыгат. Анын далилин жогорудагы айтылган дөбөлөр сыяктуу жергебиздеги чоң дөбөлөрдөн (Бишкектин күн чыгыш тарабында Покровка айылында, Ысык-Көлдүн тегерегинде ж.б. көптөгөн жерлерде) көрүп жүрөбүз.
Жогорудагы далилдерден улам ушул китеп жазылды. Сөзсүз эле чоочун бирөөлөрдүн пикирин күтүп олтурсак, анда шумерлерге, хундарга, гундарга таандык анчалык чоң сыймыкты бизге ыроолой койгудай айкөл адам качан табылары белгисиз. Андан да чоң тоскоолдук, жогорудагы тастыктоолорду чечмелөө чоочун адамдардын колунан келбейт. Чоочундар эле эмес, Япониядан Балкан жарым аралына чейин чачылган кыргыз насилдүүлөр өздүк тилин, санжырасын, уламыштарын унутуп жана жоготкон үчүн бул китепке камтылган даректерге ой жүгүртүүгө парасаты жетпей калды.
Ырас, бул китепте чагылдырылган тарых чындыгын кесипкөй (профессионал) тарыхчы жазса жакшы болот эле. Илимпоздор санжыра менен тарых илимин эки бөлөк багытта караган үчүн бул китепке камтылган даректерди ирээтке келтирүүгө көңүл бурбай келди. Ошондуктан санжыра-тарыхыбыз менен далилдүү тарых кабарларын айкалыштырууга аракет кылдым. Эгерде Кыргыз үчүн чындап күйгөн адам болсоңуз ушул макала жөнүндө пикириңизди гезит беттерине чагылдырып койсонуз тарых чындыгынын такталышына салым кошуп, элимдин пикири бир нукка түшүүсүнө көмөкчү болот элеңиз.
Каражаттын жетишсиздигинен улам бул китеп 500 нускада жарык көрдү. Албетте 500 китеп жалпы окурмандардын талабын канааттандырбайт. Эгерде бул китептин элге керектүүлүгүнө көзү жеткен адамдар табылып, экинчи басылышына мүмкүнчүлүгүнө жараша демөөрчүлүк кылышса элибиздин алкышын аларлыгы сөзсүз. Сиздердин кайдыгерлик абалдан чыгып, ишенип жана түшүнүп кабыл алууңуздарды күтүп, КЫРГЫЗЫМ таалим жолунун (идеологиясынын) өзөгүн таап, бөлөк элдердин арасында башын өйдө көтөрүп, ата-бабаларынын аброюна сыймыктанып жашагыдай жагдай түзүлүшүн Теңиримден миң ирет тилеп: -
Нурак
Абдырахман уулу