, 30.12.08 - 7-бет:
  Сот Адилеттиги

Президент Курманбек Бакиевдин Кайрылуусунда айтылган
Элдин ишениминен кеткен соттор
же "акча берсең сотто утасың" деген сөздөн качан арылабыз?
Жоопкерчиликти көтөрүү учурунда
белгиленди
Базар экономикасынын жеке менчикке багытталган өктөм саясаты көп талаш-тартышты калыс иликтеп, адилет чечим чыгарууну талап кыларын учурдагы сотторго мурдагы мезгилге караганда арбын кайрылуулардан көрүнүп турат. Адам укугу сакталган демократиялуу өлкөнү түптөөдө, Мыйзам адилеттүүлүгүн орнотууда чоң жоопкерчилик укук коргоо органдарына, өзгөчө жети өлчөп, мыйзам чегинде бир чечим чыгара турган сотторго жүктөлгөн. Ошол эл тагдырын териштирген, акыркы жыйынтыкты чыгаруучу сотторубуздун акыйкаттык деңгээли кандай? Эмнеге райондон башталып, Жогорку сотко чейин жеткен териштирүүлөр көп болууда? Мыйзам алкагында карала турган болсо, эмнеге канча соттук териштирүү болсо, ошончо ар кандай чечим чыгып калууда? Жалпыга бирдей мыйзамды соттор каалагандай чечмелешеби? Эмне үчүн эл ичинде сотторго ишенишпей тургандыктары тууралуу пикирлер байма-бай айтыла баштады? "Акча берсең, сотто утасың",- деп ачык айтылышы коомчулук ойлоно турган олуттуу маселеге айланды. Мыйзамдын гана чегинде иш жүргүзгөн, адилеттүүлүктүн алкагында чечим чыгарышкан "мен элдик сотмун"- деп кесиптерин урматтагандар жетишпегендей.
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 17-октябрда элге жасаган Кайрылуусунда: "Олуттуу нааразылыктар сот системасынын иши менен байланышкан. Дүйнөлүк практикада соттор рыноктук экономиканын башкы институттарынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө карапайым жарандар, бизнес үчүн жана мамлекеттик институттар үчүн адилеттүүлүктүн толук баалуу кепилдиктери жок. Бийликтин сот бутагы элдеги ишениминен жана кадыр-баркынан кол жууп жатат... Кабыл алынган чечимдер үчүн судьялардын кесиптик жоопкерчилигин күчөтүү керек. Мында Улуттук кеңеш жана Судьялар кеңеши өзөктүү роль ойноого тийиш", - деп олуттуу милдеттерди алдыга койду. Андан көп өтпөй Президент кызматтык абалдарына ылайык иш алып барышпаган Жогорку соттун мүчөсүнөн тартып бир нече судьяларды жарлыгы менен жумуштарынан бошотту.
Мамлекет башчысынын соттордун жоопкерчиликтерин көтөрүү тууралуу көрсөтмөсүн жетекчиликке алган Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши соттордун үстүнөн түшкөн элдердин арыздарын жана соттук териштирүүлөрдүн мыйзамдык адилеттүүлүгүн иликтеп, 15-17-декабрда Судьялар кеңешинин кезектеги отурумун өткөрдү. КРнын Судьялар кеңешинин төрайымы Л.Гутниченконун билдиргенине караганда, тогуз судья дисциплинардык жазага тартылган. Алардын айрымдарын кызматтык мөөнөттөрү бүтө элек болсо да Президент К.Бакиевге милдеттерин аткаруудан четтетүү сунушталган.

Сот адилеттүүлүгүнөн
тайганда
Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Ирисов Рахматылло Касымовичке карата соттун кынтыксыз жүрүм-турумун өз милдеттеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарды кыйшаюусуз аткаруусун талап кылган, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнүн калыс жүргүзүлүшүнө күмөн туудурган бардык нерселерден алыс болуусун тастыктаган "Кыргыз Республикасынын судьялар статусу" жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 6-беренесин бузганы үчүн кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими чыгарылган.
Мыйзамды аттап,
чексиз укукта чечкен
"Акордо-Акыйкат" коомдук бирикмесине кошулушкан С.Жусубалиев, А.Кадиев, Н.Ганыбаев, К.Токтогулова судья Р.Ирисовдун төрагалыгындагы териштирүүдө мурда башка атуулдардын менчигине бекитилген жерлерин баскынчылык менен тартып алышкандыгы иликтенбей, соттун чечими менен мыйзамдаштырып алышкан. Бул 2008-жылдын 28-июлдагы Бишкек шаардык соту тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана жарандардын жер участкаларын алуунун тартибин аныктаган жарандык жана жер мыйзамдарынын нормаларына негизделбеген чечим катары жокко чыгарылган. Р.Ирисов сот өндүрүшүнүн эрежесин бузгандыгы жана соттун укугуна кирбеген чечимди чыгаргандыгы аныкталган.
Ал КРнын Өкмөтүн мыйзам чыгарууга демилге укугун пайдаланып, Жогорку Кеңеш менен бирге басып алынган үлүш жерлерди кайрылуучулардын кызыкчылыгына ылайыктап административдик-территориалдык чек араларды өзгөртүү тууралуу маселени чечүүнү милдеттендирген. Өкмөт аз келгенсип, Бишкек шаарынын мэриясы да милдеттендирилген. Бул чечим соттордун статусун дискредитациялаган адилетсиз чечим болгон.
Мыйзам чегин билбеген билерман судья бийликтин аткаруу бутагынын уюмдарынын мыйзамдуу укугуна кирген жер үлүштөрүн бөлүштүрүү милдетин алмаштырып, жер үлүштөрүнө катар номер берип, чечим менен бөлүштүргөн. Муну менен судья Р.Ирисов атуулдардын мыйзамдуу менчик укугун коргоонун ордуна, калыс каралбаган мыйзамсыз чечим менен үлүш ээлерин туура эмес алмаштырган.
Соттор кеңеши эбегейсиз бийликтин ээси болуп алган, мыйзамдуулукту жана сот адилеттүүлүгүн одоно бузган Р.Ирисовду ээлеген кызматы бүтө элек болсо да, мөөнөтүнөн мурда бошотууну сунуштаган.

Эки чечим чыгарып,
бирөөсүн тиркеген
Соттор кеңеши кызматынан мөөнөтүнөн мурда алуу тууралуу чараны Токмок шаардык сотунун соту Гүлчехра Өмүралиевага да сунуштады. Дисциплинардык өндүрүш М.Мамытова, С.Уразованын арыздануусу жана КРнын Башкы прокуратурасынын сунушунун негизинде каралган. Соттук чечим кабыл алууда бир тараптуу мамиле жасалгандыгы, жарандык-процессуалдык мыйзамдын сот чечиминин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү боюнча талабы одоно бузулган.
О.М.Зогробян 1994-жылы Б.А.Калининченкодон Токмок шаарындагы №71 үйдүн №17 квартирасын тил кат жаздырып, сатып алат. Он төрт жылдан кийин соттон юридикалык жактан сатып алуу келишимин анык деп табууну өтүнгөн. Сот Г.Өмүралиева карап, О.М.Зогробяндын квартирага жеке менчик укугун каттоону жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Токмок-Чүй аймактык башкармалыгына жалпы жагдайды иликтебей милдеттендирет.
Он эки күндөн кийин О.М.Зогробян Б.Думанаевага сатат. Ал барса кароосуз калган квартира катары Токмок шаарынын мэриясынын турак-жай комиссиясынын чечими менен 1991-жылдан кезекте турган 2-топтогу майып, үч баланын энеси М.Мамытова убактылуу киргизилген болот. Жаңы ачылган жагдайга ылайык сот Г.Өмүралиева кайра териштирип, мурда кабыл алган чечимин жокко чыгарат. Кийинки соттук кароодо чыныгы менчик ээси Б.А.Калининченко менен О.М.Зогробяндын алуу-сатуу бүтүмдөрүн анык деп таап, соттун акыркы чечими мыйзамдуу күчүнө кире электе эле, тагырак айтканда О.М.Зогробян квартиранын менчик ээси боло электе мыйзамсыз М.Мамытованы квартирадан чыгарат. Ал аз келгенсип, соттун чыгаруу боюнча катышы бар Токмок шаарынын прокурорунун улук жардамчысы Ы.Сулайманов ишке катышпаган, билдирилген да эмес.
Сот Г.Өмүралиева Токмок ШИИБ участкалык инспектору С.Уразовго карата кызмат абалынан кыянатчылык жасоо жана кызматтык бурмалоосу үчүн кылмыш жоопкерчилигин караганда, КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин жоболоруна ылайык өкүм чыгарбастан токтом чыгарып, кабыл алган сот актысы мыйзамсыз болгон. Ал эми ААК "Токмок жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасына" карата П.Б.Факирдинованын жумушуна кайра орноштуруу, жумушсуз жүргөн мезгилинин эмгек акысын төлөтүү жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү доосун кароодо сот Г.Өмүралива КРнын Жарандык-процессуалдык кодексинин соттук териштирүү жана сот чечимин кабыл алуу жоболорун сактабаган. Натыйжада сотто мазмуну эки ача чечим кабыл алынып, бирөөсү гана ишке тиркелген.
Мындай мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөн териштирүүлөргө нааразы болгондор Судьялар кеңешине кайрылышкандыктан, сот Г.Өмүралиеванын кызматынын мөөнөтү бүтпөсө да милдетинен четтетүү маселеси көтөрүлгөн.

Сөгүш берилди
Баткен облусунун Кадам-Жай райондук сотунун судьясы Хамидулина Гүлшат Ахмедзияновнага "Кыргыз Республикасынын Судьяларынын статусу жөнүндө" КРнын Конституциялык мыйзамынын соттордун КРнын Конституциясын жана мыйзамдарын кыйшаюусуз сактоосу жөнүндөгү 6-беренесин М.Абдугапаровду айыптаган кылмыш ишти кароодо иликтөөнү эки айга созгону, акырында аны кароодон өзүн четтеткени, иш-аракетинде арызданууга жол бергени үчүн Судьялар кеңеши дисциплинардык "сөгүш берүү" жазасын колдонгон.

"Эскертүү" эстерине
келтиреби?
Судьялар кеңеши Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Гүлмира Кожобековага "Кыргызпромстройбанк" ААКсынын М.Аманбаеваны үйдөн чыгаруу тууралуу кайрылуусун өз убагында териштирбей создуктурганы, "Кыргыз Республикасынын Судьяларынын статусу жөнүндө" КРнын Конституциялык мыйзамынын сот КРнын мыйзамдарын кыйшаюусуз аткаруусун милдеттендирген 6-беренесинин талаптарын анык бузгандыгы үчүн "эскертүү" берген. Мындай кызматтык милдеттериндеги жоопкерчиликти сезишпеген Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясы Алмаз Султановго, Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы Урмат Чырмашевге, Чүй облусунун экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун судьясы Динара Качкыналиевага, Ысык-Көл облусунун райондук сотунун судьясы Таалайбек Абыкеевге "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" КРнын Конституциялык мыйзамынын 6-беренесин бузушуп, КРнын Жогорку сотунун алдындагы Окуу борборунда окуу мезгилинде сабакка жүйөсүз келбегендиктери үчүн Судьялар кеңеши "эскертүү" берген. Бул айрым билинген гана кызматтык тартипсиздик.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши 15-17-декабрдагы жыл акырындагы жыйынында судьялардын иш-аракеттериндеги мыйзам бузууларды гана карабастан, судьяларга чиндик класс берүү жөнүндөгү маселени көтөрдү. Корутундусу белгиленген мыйзамдык тартипте Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилди.
Жогоруда каралган маселелер менен катар Судьялар Кеңешине түшкөн 44 арызга даттануу тартибине ылайык түшүндүрмө берүү боюнча чечим чыгарылды. Албетте, Судьялар кеңеши республикабыздагы бардык судьялардын мыйзам адилеттүүлүгүн камсыздоосуна көзөмөл жүргүзө албайт. Бирок, көз көрүнө соттук териштирүүнү мыйзам алкагында жүргүзүшпөгөндөрдүн үстүнөн акыйкат көзөмөл бар экендигин эл да биле жүрсө. Мыйзамдуу укук бузгандарга мыйзамдуу укурук салчу Судьялар кеңеши бар экендигин эстен чыгарбасак. Эң башкысы, "элдик сотмун" деген чыныгы элдин талабын талашкан, өз кесибин сүйгөн кесипкөй судьялардын катары көбөйсө деген тилектебиз.

Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"




Чычкан жылы эмнелерди берди?
Уй жылынан эмнелерди күтөбүз?
(Башы 6-бетте)
Алар: биринчи, менчиктин кол тийгистигин, анын укуктук жактан корголуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу, ишкерлерди негизсиз, ыксыз текшере берүүлөрдү токтотуу, текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү куру шылтоолордун бардыгын жоюу. Экинчи, бизнести жөнгө салууну жөнөкөйлөштүрүү саясатын улантуу, мамлекет менен бизнестин ортосундагы мамилелерди жаңы шарттарга ылайыкташтыруу. Үчүнчү, энергетикалык кризистин бизнеске терс таасирин тийгизүүсүн мүмкүн болушунча жеңилдетүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү, анын жаңы жолдорун издөө. Төртүнчү, бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүү, капиталга мунапыс берүү. Булардын жана Президенттин 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын калкына Кайрылуусунда милдет кылынып коюлгандардын ырааттуу жүзөгө ашырылып жаткандыгына да күбө болуудабыз. Президент Курманбек Бакиев аталган кеңешмеде айткандай, Кыргызстандын ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кошулууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми ишкерлердин саны арткан сайын социалдык жактан ортоңку катмардагылардын, орто оокаттуулардын катарлары көбөйүп, мамлекет да байып, коомдо саясый туруктуулук бекемделет.

Уй жылы
кандай болот?
Элдик жоромолдорго, белгилүү деңгээлде тажрыйбаларга ылайык уй жылы дайыма берекелүүлүгү, молчулугу жана гармониялуулугу менен айырмаланып, ызы-чуулар, ар кандай адаттан тышкаркы окуялар аз болот. Уйдун негизги стихиясы - ынтымак-ырашкерлик, байгерчилик. Бекеринен кыргызда ынтымактуулар "уй боорлор" деп аталышпайт. Мындай элдик жоромол-жороптордун ишке ашып, 2009-жылда чындап эле республикабыздын экономикалык, социалдык жактан ишенимдүү өнүгүп, саясый туруктуулуктун сакталып, бекемделүүсүнө объективдүү өбөлгөлөр барбы?
Дүйнөлүк финансылык кризистин акырындап экономикалык кризиске өтүүсүнөн улам көпчүлүк эл аралык адистер, эксперттер 2009-жылда экономикалык өсүштүн мурда пландаштырылгандан кыйла төмөн боло тургандыгын айтышууда. Россия, Казакстан сыяктуу өлкөлөр 2009-жылга карата экономикалык өнүгүүнүн план-божомолдорун кайра карап чыгышып, божомолдогон өсүштөрүн эки эсеге төмөндөтүштү. Бизде да жекече сектордогу курулуш иштеринин көлөмүнүн кыйла азайуусу күтүлүүдө. Бирок, жалпы экономиканы алганда, биз өзгөчө тынчсызданбасак болот. Алдын-ала такталып, ырасталгандарын эле алсак, 2009-жылда биздин экономикабызга 2,2 млрд. доллардан кем эмес инвестиция тартылганы жатат. Булардан сырткары да 300-400 млн. доллардан кем эмес өлчөмдө инвестиция алганга реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Республиканын мынчалык өлчөмдө инвестиция тарткан учуру тарыхта болгон эмес. Россиянын, Кытайдын инвестициялары мамлекеттин патронажындагы курулуш иштерин мурдагыдан да кеңейтүүгө түрткү берсе, биздин экономикалык эки китибиз: айыл чарба продукцияларын жана электр энергияларын өндүрүүнүн көлөмү дүйнөлүк тенденцияларга караганда аба ырайына көбүрөөк көз каранды боло тургандыгы түшүнүктүү го деп ойлойбуз. Демек, бизде ата-бабаларыбыз айтышкандай, кудай берсе, экономиканын өсүшүн төмөндөтмөк түгүл, көп көрсөткүчтөр боюнча сезилерлик жылыш жасоого чыныгы мүмкүнчүлүктөр бар.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"