, 30.12.08 - 28-бет:
  ТИЛ ТАГДЫРЫ- ЭЛ ТАГДЫРЫ

Башкы прокуратура мыйзамдын аткарылышын иликтегенде
Мамлекеттик тилди сыйлабагандар мыйзам алдында жооп беришет
Мамлекеттик тилди колдонуу, бирдей чечмелөө, түшүндүрүү боюнча жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында прокуратура органдары тарабынан бир катар маанилүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Аталган мыйзамдын талаптарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик тил боюнча атайын адабият сатып
алынып, тилди өнүктүрүүгө арналган ар кандай семинарлар өткөрүлүүдө.
Мындан тышкары, республикабыздын прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын чыңдоо багытында, ага байланышкан ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына дайым көзөмөл жүргүзүлүп келүүдө.
Атап айтканда, үстүбүздөгү 9 айдын ичинде прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө 33 сунуш жана 107 талап киргизилип, укук бузуунун алдын алуу максатында 49 адамга карата мыйзамдын бузулушуна жол берилбеши тууралуу эскертме жарыяланып, укук бузулган учурдагы жоопкерчиликтери түшүндүрүлдү.
Прокуратура органдары тарабынан бул багытта жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү талдоодо, жогоруда аталган Мыйзамдын 27-беренесинин талаптары одоно түрдө бузулуп, жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин - расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулбастан, расмий же болбосо өзбек тилдеринде жазылгандыгы аныкталууда.
Мисалы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "AVIA TRAFFIC company" жоопкерчилиги чектелген коому жана "Кыргызстан авиакомпаниясы" ачык акционердик коому тарабынан сатылып жаткан жүргүн билеттери текшерилип, төмөндөгүлөрдү билдиребиз.
Текшерүүдө аталган эки юридикалык жак тарабынан "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 26, 27-беренелеринин талаптары одоно бузулуп, сатылып жаткан жүргүн билеттеринде келтирилген келишим шарттары жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин - расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде жол-жоболоштурбастан, орус жана англис тилдеринде гана жазылгандыгы аныкталды.
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан аталган ишканалардын жетекчилерине "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын бузулушун дароо четтетүү жөнүндө талап киргизилип, бүгүнкү күнү мыйзам бузуучулуктарды четтетүү боюнча атайын иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан № 17-лицей окуу жайынын, "Дордой", "Аламүдүн" базарларынын, "Дордой-Плаза", "Силк-Вей", "Гоин", "Таатан" жана "Айчүрөк" ири соода дүкөндөрүнүн жетекчилерине жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө талаптар коюлуп, ал эми, райондук администрациясынын башчысы тарабынан ошол эле мыйзамдын 32-беренесине ылайык мамлекеттик тилди сактоо, коргоо жана иштетүү камсыз кылынбагандыгына байланыштуу мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш киргизилди.
Ушул сыяктуу мыйзам бузуулар республиканын бүтүн аймактарында аныкталууда.
Ошондой эле республика боюнча мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик мекеме ишканалар тарабынан ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгы аныкталып, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамга ылайык мамлекеттик бийлик органдары тарабынан расмий иш кагаздарын
даярдоо, коллегия, кеңешмелер көбүнчө кыргыз тилинде өткөрүлүүдө.
Ага карабастан, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен кээ бир мамлекеттик мекеме-ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка жеке-менчик ишканалар тарабынан жогоруда аталган мыйзамдын талаптары толук аткарылбай жаткандыгы аныкталды.
Атап айтканда, Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө шаардын базарынын кире бериш жериндеги дээрлик жарнактар жеке менчик ишканалар тарабынан расмий тилде гана жасалып, шаардык мэрия тарабынан эч кандай чара колдонулган эмес. 2005-жылдан тартып, текшерүү күнүнө чейин аталган мыйзамдын талаптарынын аткарылышы коллегия же болбосо жумуш отурумдарында каралбай, 2008-жылга карата шаардык бюджете 100 000 сом каралгандыгына карабастан,
атайын китептер, сөздүктөр алынбай, мэриянын штаттык бирдигиндеги мамлекеттик тил боюнча
адистик бекитилген эмес.
Шаардын башка мекеме-ишканаларында дагы мындай штаттык бирдиктер каралбай, аталган Мыйзамдын 33-беренесинин талаптары одоно бузулуп, мэриянын мамлекеттик тил боюнча комиссиясы тарабынан көрсөтүлгөн ишканалар текшерилбей, сунуш киргизилген эмес.
Натыйжада, Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан шаардык мэрияга мыйзамдын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш киргизилип, бүгүнкү күнү каралууда.
Ушундай эле мыйзам бузуулар Чүй, Ысык-Ата жана Кемин райондук мамлекеттик администрацияларында аныкталган.




ТИМде мамлекеттик тил өнүгүүдө
"Кыргыз Туусу" мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө, эне тил эрежелеринин бир калыпка салынуусуна эбегейсиз салым кошуп келаткан гезит экени белгилүү. Ушуга байланыштуу КРнын Тышкы иштер министрлигиндеги мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү иштерди биз да маалымдап коюну туура көрдүк. Кыргыз тилдүү окурмандар министрликтин тарыхы, курамы, ишмердүүлүгүнүн багыттары, иш алып баруу саясаты жана башка дагы утурумдук ишмердүүлүгүнүн жаңылыктары тууралуу толугу менен таанышып, маалымат алып турууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Министрликтин Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин кароосуна коюлган документтери, ошондой эле эл аралык келишимдер боюнча КРнын башка мамлекеттер менен болгон эки тараптуу, ар тараптуу кызматташуусун чагылдырган расмий документтер мамлекеттик тилге которулуп, зарыл учурларда түп нускасы катары сакталып келүүдө. Бул иш чараларды турмушка ашыруу үчүн министрликте 2008 жылдын январь айынан тартып, мамлекеттик тил боюнча сектор ачылган. Сектор ачылгандан бери бир топ расмий документтер: жоболор, көрсөтмөлөр, буйруктар, КРнын Президентинин жана Өкмөтүнүн Жарлыктарынын, буйруктарынын долбоорлоруна карата негиздеме маалым каттар мамлекеттик тилге которулуп жатат. Ошондой эле министрликтин кызматкерлеринин кыргыз тилинде сабаттуу сүйлөп, документтерди өз алдынча грамматикалык жактан таза, так жазуусу үчүн мамлекеттик тилди окутуунун курстары ачылып, ал курстарда КРнын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын окутуучулары сабак беришүүдө.
Гүлбарчын БАЙЫМБЕТОВА




  Биринчи байлык - ден соолук

Москванын алы жетпеген ооруну таластык Мукайдын айыктырышы
Бул окуя 1974-жылы болгон.
Айтылуу Суусамыр жайлоосу. Күн түшкө таяп калган. Мукай аке Байбиченин сазындагы малчылардын штабына жумуштап барып кайтып, Балыкчыга келаткан эле. Суусамыр суусуна салынган чоң көпүрөдөн өтөрү менен суу жээгинде турган ак түстөгү "Жигули" автоунаасын, андан төмөнүрөөк бир орус улутундагы адамдын аял кишинин жанында күйпөлөктөп жатканын, дагы бир аял, тестиер баланын турушкандарын көрдү. Адегенде буга маани деле берген жок. Кан жолдон кимдер өтпөйт. Ошолордун биридир. Жок. Мукай аке бир кырсык болгонун байкады. Алардын жанына акырын бастырып келди да, саламдашты. Башын көтөрүп, анын саламына жооп бергени менен орус киши аны көңүлсүз бир тиктеп койду. Аялдын таманынан кан агып, бул аны басалбай шаштысы кетип жатыптыр.
- Эмне болду? - Мукай аке тигиге суроо узатты.
- Суу кечем деп таманын ташка тилдирип алыптыр. Йод куюп жатам. Каны токтоор эмес.
Мукай аке ээрден түшүп, атын алтыганага байлап, сууну жээктеп жогору жөнөдү. Бат эле колуна чөп тутамдап келип, алаканына эзип туруп, аялдын таманына басты. Аккан кан тып эле токтоп калса болобу. Орус киши жүрөгүн басып, мунун жөн адам эмес экенин сезип, бир аз оңтойсуздана түштү.
- Сиз ким болосуз?
- Ким болмок элем, чабанмын. Ушул жерде колхоздун коюн багабыз.
- Табыпчылык өнөрүңүз барбы?
- Аз-аздан... сыркоо адамдарды дарылап жүрөм.
Бул кишиге кызыга түшкөн аял сөзгө аралашты:
- Машинада келатып, ушул жерге келгенде баламдын да, менин да башыбыз айланып, жер көчүп жатат. Бул эмнеси? Эч нерсени сезбей жакшы эле келаттык эле.
Мукай аке машинанын ичин карады.
Машинанын отургучунун артына уу коргошун салып алышыптыр. Ал эмне болгонун ошол замат түшүндү. Уу коргошунду бери алып, буларга мындай деди:
- Бул чөптү бизче "уу коргошун", орусча "ядовитый свинец" дейт. Силерди ушул чөптүн жыты ууландыра баштаган.
Жөн жай сурап бир топ турушту. Көрсө, булар Новосибирск шаарынан келе жатышкан жолоочулар экен. Бул орус киши Новосибирскидеги медициналык институттун профессору Николай Алексеевич Костылев, аялы, аяшы жана баласы болуп келе жатышыптыр. Аңгыча профессор тигинде суу чачып ойноп жаткан 8-9 жашар уулун чакырды да, баш кийимин алды. Баланын башына чоло жерин калтырбай чиедей болгон төмпөктөр чыгып кетиптир.
- Балабыздын башы ушинтип кетип, көрсөтпөгөн врачыбыз калган жок. Москвага да алып бардык. Колубуздан келгендин баарын жасадык. Акырында Кыргызстандагы Жалал-Абад курортунун суусунан айыгышы мүмкүн деп угуп, чоң үмүт менен баратабыз. Баланын башын айыктырыш сиздин колуңуздан келбес бекен? -Профессор Мукай акеге үмүттүү тиктеди. Мукай аке баланын башындагы төмпөкчөлөрдү тегерете карап көрүп:
- Айыктырам. Болгондо да бир талабым бар.
- Айтыңыз, - деди профессор.
- Кандай кылып айыктырыш менин ишим болсун. Сиз такыр жолтоо болбойсуз.
- Сизден көптөн-көп өтүнөм, колуңуздан келсе айыктырып берсеңиз. Сиз айткандай болсун, мен сизге такыр жолтоо болбоймун.
- Андай болсо кеттик үйгө.
Мукай аке үйү тарапты колу менен көрсөттү:
- Тээтиги сай менен өйдө жыла бергиле. Машина жол бар. Күтүлбөгөн конокторун үйүн көздөй жөнөтүп, Мукай аке атын теминди.
Үйүнө келери менен тууганы Макулбекке бир козуну табыштап, конокторго дасторкон жайдырды. Булар кымыздан ууртап, чай ичкенче козу да союлуп бүттү. Мукай аке көзү алаңдаган баланы эшикке ээрчитип чыкты да, лезвие менен анын башындагы жыбыраган төмпөкчөлөрдү бирден тилип кирди. Баланын башы кара кочкул канга боёлду. Аны көрүп ызылдаган аялын профессор тынчтандырып жаткансыды.
Мукай аке эч бир шашпастан төмпөкчөлөрдү тилип бүтүп, канын жакшылап жууп, союлган козунун карынындагы богун төктүрттү да карынды жуубастан боктун жугу менен баланын башына каптап туруп, сыртынан жоолук менен бекем бууп салды. Мукай акенин ар бир кыймылына көз салып турган профессор бир эсе буга жини келип, бирок убадасына туруп, унчукпай башын чайкап койду. Болору болду, мунун бир билгени бардыр деди окшойт.
Эртеси дал ошол маалда Мукай аке баланын башындагы карынды алды. Төмпөкчөлөр шимирилип калыптыр. Анын башын самындап жууп, артынан бөтөлкөгө куюлган кандайдыр бир суюктук менен чайкады да таза жоолук менен дагы таңып койду. Эртеси баланын башындагы таңуусу алынды. Профессор көргөн көзүнө ишенбеди. Чиедей чокмороктошкон төмпөкчөлөрдүн бири да жок. Кептин баары жайлоонун дарылык касиети күчтүү миң түркүн чөбүнө тойгон козунун карынындагы түктөрдө окшобойбу. Баласынын дарты тоо арасында кой баккан малчынын колунан чындап эле айыкканына көзү жеткен профессор көзүнө жаш алып, Мукай акенин туурулган колунан бекем кысып, бетинен өөп жатты. Эки күндөн бери эмне болуп ке-тээр экен деп камтама болуп жүргөн баланын энеси кубанганынан эмне деп алкаарын билбей, көздөрүнөн аккан жашты жүз аарчысы менен сүртүп жатты.
Профессор Н.Костылев келген жагына Мукай аке менен достошуп кайтты.
Медет ШАТМАНОВ,
Манас району,
Талас облусу