31-декабрь Кыргыз Республикасынын
бажы кызматкерлеринин күнү

"Түштүк" тез ыкчам бажысынын начальниги, бажы кызматынын полковниги Майрамбек САДАБАЕВ:
"Кыйынчылык көп, жетишкендиктер да аз эмес…"
- Майрамбек Мукашевич, 31-декабрь Кыргыз Республикасынын бажы кызматкерлеринин күнү экен, ушул күнгө сиздердин "Түштүк" тез ыкчам бажы кызматынын кызматкерлери кандай жетишкендиктер менен келдиңиздер?
- Биринчиден, мен кесиптештеримди алдыда келе жаткан бажы кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм. Быйылкы майрам биз үчүн өзгөчө майрам болуп отурат. Өзгөчө дегеним, биздин "Түштүк" тез ыкчам бажысынын түзүлгөнүнө он жыл болду. Ушул он жылдыкта биз бажы кызматын жетектеп келген, бизден эс алууга кеткен ардагерлерибизди чакырып, сый көрсөтүп, "Түштүк" бажы кызматынын төш белгиси менен сыйламакчыбыз. Алардын катарында биздин ардагерлерибиз Канат Жамакеев, Абдыкадыр Жунусов, Данияр Калматов, Жаныбек Ажымаматов жана башка ардагерлерибиз бар. Өзүбүздүн мыкты иштеген кызматкерлерибизге дагы сыйлыктарыбыз бар дегендей, он жылдыкты жылдагыдан өзгөчөрөөк белгилесек деп ойлоп турабыз.
Эми биздин "Түштүк" тез ыкчам бажы кызматы башка бажы кызматтарына караганда өз алдынча өзгөчөлүгү бар кызмат. Бизде пост жок, план жок, акча түшүр деген да жок. Биздин эң негизги максат- бул контрабанда менен бажы мыйзамдарын бузгандарга каршы бөгөт коюу. 27 кызматкерибиз төрт топко бөлүнүп үч облуста жана Ош шаарында жумуш аткарышат. Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында. Мисалы, ар бир облуста өзүнчө бажы кызматы болсо деле ортодо чегара маселелери көп. Контрабанданы канчалык бууганга аракет кылганыбыз менен тыйылышы кыйын болуп жатат.
Экинчиси, ошол эле биздин бажы кызматтардан документтер жасалма болуп, бирок жашыруун өткөн болсо аларды да биз кармашыбыз керек. Буга чейин мисал үчүн былтыркы жыл менен алып көрсөк, 2,5 млн. сомдук товарга айып салынып, конфискация болуп, жок кылынып мамлекеттин кызыкчылыгына туура эмес келгендиги үчүн алынган товарлардын суммасы 5 млн. сомду түзгөн болсо, быйылкы жылы бул сумма орточо алганда 15-20 млн. сомго чыкты. Орточо дегеним сотко барып, сот болгончо кармалган товарлардын баасы өзгөрүп кетип жатат. Бирок жалпы алганда айып, конфискация болуп кылмыш иши козголгон иштерден 10 млн. сомдон ашык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүрүлдү. Ушул мен келгенден бери эле 2 кг.дан ашык уютулган алтын кармадык. Мындай бажы кызматынын тарыхында болгон эмес.
- Ал кайсыл жактан келаткан алтын экенин тактай алдыңыздарбы?
- Кытайдан келаткан экен. Андан сырткары 14 тоннадан ашык спирт кармадык. Баасын айта албайбыз, себеби азыр базарда канча, соттун чечими чыкканча канча болуп кетет, белгисиз. Ошондуктан биз баасын так айта албайбыз. Мындан сырткары быйыл чек ара кызматы менен биргеликте 20 килограммга жакын баңги заты кармалды. Героин да бар.
- Кандай проблемалар бар?
- Эң негизги проблема кадр маселеси. Билимдүү, тың кадрлар жетишпей жатат. Азыр ушул маселеге өзгөчө көңүл буруудабыз. Биз негизинен укук коргоо органдарынын ишин багыттай турган оперативдик- иликтөө иштери боюнча мыйзамга таянып иштешибиз керек. Быйыл жаңы төрагабыз менен акылдашып, ишти реформалоону баштап жатабыз. Өкмөткө чейин сунуш киргиздик. Биздин бажы тармагы да өсүш керек да. Азыр бажы кызматында проблема абдан көп. Биздин базарыбыз чет мамлекеттерден келген сапаттуу да, сапатсыз да товарларга толуп кетти. Ошонун бардыгы мыйзамдуу жол менен келди деп ойлойсузбу? Мына биздин базарга келип жаткан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан, Кытайдан келген товарлардын көбүнүн документтери жасалма. Анын бардыгын териштирип отурууга мүмкүнчүлүк жок. Анын үстүнө Президенттин Жарлыгы да чыкпадыбы, жөнү жок текшерүүлөр токтотулсун деп. Мындай учурда кандай чара көрүү керек? Менимче, биздин ишти түп-тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Ал эми мыйзам чегинде иштеш үчүн биздин бажы кызматкерлерин, өзгөчө жаш кадрларды окутуп, үйрөтүү зарылчылыгы турат.
- Кызматкерлериңиздин өндүрүмдүү иштеши үчүн шарт түзө алдыңызбы?
- Биринчи жумушту талап кылардан мурун кызматкерлерге шарт түзүп берүү керек. Эң башкысы, быйыл борбордук башкармалыктын жардамы менен иштей турган имаратыбызды ремонттоп алдык. Балдар ар бири бирден кабинетте отурбаса да, 4-5тен отуруп, иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Жылуулук системасын ремонттодук, азыр кабинеттерибиз жылуу.
- Кандай максаттарыңыздар бар?
- Максатыбыз мыйзамды толук аткарып, толук мүмкүнчүлүк менен иштесек. Азыр 10 млн. сом салым кошкон болсок, кийинки жылдары мамлекеттин казынасына 50-60 млн. сом түшүрсөк дейбиз. Бул албетте чек эмес деңизчи, бирок чындай келсе биздин чек арадан мыйзамсыз өткөн товарлар көп. Биз ошолордун баарынын өтүшүнө бөгөт коюп, өзүбүздүн экономикабыздын өнүгүшүнө өбөлгө болуубуз керек деп ойлойм.
- Сиз келгенден бери мыйзамсыз түрдө биздин мамлекетке кирген кандай товарларды кармаган учурларыңыздар болду?
- Эң биринчи болуп, чек ара кызматы менен бирдикте 10 кг.дан ашык героин, Калашников автоматын патрондору менен тоонун арасына чек арага катып койгон жеринен кармадык. Эгер ошол автомат биздин жерде атылса эмне болот эле? 14 тонна 500 килограмм таза спирт кармадык. Биздин балдар КамАЗ автомашинасы менен 100дөн ашык снаряддарды жана миналарды кармап келишти. Биз аларды улуттук коопсуздук комитетинин балдары менен биргеликте жардырдык. Эгер ошолор Кыргызстанга кирип кетсе эмне болот эле? Андан сырткары административдик иштер боюнча 2 млн. сомдук айыптар казынага түшүрүлдү. Бир катар жасалма документтер менен келаткан автомашиналарды кармадык. Ун, пахта май жана башка көптөгөн азык-түлүктөр кармалды.
- Ошол сиздер кармаган товарлар кайсыл жакка кетет?
- Бардыгы, мамлекеттин казынасына жөнөтүлөт. Анан албетте, бажы төлөмдөрүн төлөөгө жумшалат.
- Үстүбүздөгү жылы канча иш козголду?
- 2008-жылы бүгүнкү күнгө
чейин 1117 административдик иш козголду. Анын ичинен 866 миң сомдук айып салынып, толугу менен өндүрүлдү. 245 миң 608 сомдук товар кармалды. "Түштүк" тез ыкчам бажысы тарабынан 32 кылмыш иши козголуп, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.
- Ошолордун ирилеринен дагы кеңирирээк айтып берсеңиз болобу?
- Жыл башында 585 килограмм күкүрт кислотасы кармалды. 2005-жылы 3 тонна 247 килограмм күкүрт кислота-
сын кармаган учурубуз болгон. Ошол жылы биздин бажы кызматы КМШ өлкөлөрү
боюнча экинчи орунга чыкканбыз.
- Күкүрт кислотасы бизде эмнеге иштетилет?
- Баңги затын даярдоого иштетишет экен. Контрабандалык жол менен алынып келинип жаткан минералдык жер семирткичтерди 15000 килограммдан жыл башынан бери бир канча ирет кармадык. Спирт ичимдиктери үчүн жасалма акциздик маркалар, бир канча ирет Баткен бажысында баңги заттары, мыйзамсыз алынып келинген мобилдик телефондор, медициналык жана ветеринардык дары-дармектер, курулуш материалдары, жаңгак каптары, күрүч, ун жана башка азык-түлүктөр кармалды. Документсиз баасы 1,5-2 млн. сомду түзгөн жумурткалар кирди. Кытайдан алынып келүүгө тыюу салынса деле алынып келинүүдө.
- Сиздер ошол мыйзамсыз алынып келинип жаткан контрабандалык товарларды, же баңги заттарын кантип табасыздар?
- Албетте, алдын-ала алынган маалыматтар менен иштейбиз. Издейбиз. Болбосо кантип ар бир атуулду текшерип отурмак элек…
- Маалыматты кантип аласыздар?
- Биринчиден өзүбүздүн каналдарыбыз, мерчемдүү жерлерде өзүбүздүн адамдарыбыз бар. Экинчиден тынбай базарды анализ кылабыз. Мисалы, Өзбекстанда эмне арзан болсо бизге ташышат. Бизде эмне арзан болсо Өзбекстанга ташышат. Кытайга деле ошондой. Ошол дайыма өтө турган постторду көзөмөлгө алабыз, сураштырабыз, айтор жолдору көп.
- Өзүңүз тууралуу да айтсаңыз?
- Одессадагы электр-техникалык институтту бүтүргөм. 3 балам бар. Бош убактым боло калса тарыхый, криминалдык китептерди окуйм. Эски кинолорду жакшы көрөм. А негизинен бош убактым аз болот.
Ж.АКУНОВА,
"Кыргыз Туусу"













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan