, 26.12.08 - 6-бет:
  Иорданияда ажылык сапардагы Кыргызстандын
28 жараны бир айдан бери кармалып турат

Президент УТРКнын планын жактырды
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев УТРКнын башкы директору М.Эшимкановду кабыл алды.
Жолугушуу учурунда Мелис Эшимканов мамлекет башчысына УТРКнын 2008-жылда жасаган иштери, ошондой эле Биринчи улуттук каналды жакшыртуунун жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө маалымат берди. УТРКнын башкы директору андан сырткары, быйыл күзүндө студиядан сырткары жерлерде телеберүүлөрдү тартууга, республиканын бардык булуң-бурчтарынан түз берүүлөрдү уюштурууга мүмкүндүк берүүчү баасы 19 млн.сомдук көчмө телевизиондук станцияны (ПТС) тартуулагандыгы үчүн Курманбек Бакиевге ыраазычылык билдирди. М.Эшимканов ошондой эле Президентке каналды техникалык жактан жабдуу үчүн УТРКны каржылоону көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылды.
Мамлекет башчысы УТРКнын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлердин эмгек акыларын көбөйтүү үчүн кошумча каражат табуу боюнча Өкмөткө тиешелүү тапшырма берерин айтты. "Айлыктардын аздыгы УТРКнын ишин жакшыртууга тоскоолдук кылат. Ошондуктан, УТРКнын жамаатынын эмгек акыларын көбөйтүү үчүн бюджеттен кошумча акча бөлүнөт", - деди Курманбек Бакиев.
Биринчи улуттук каналдагы реформалоо жана түзүмдү жаңылоо боюнча маалыматты угуп, Президент УТРКнын жетекчилигинин каналдын иш сапатын жакшыртууга багытталган планын жактырды.
М.АЛАГУШЕВ,
Э.Болжуров (фото)




Теледеги түз байланышта түз жооптор болду
25-декабрда Премьер-министр Игорь Чудинов Өкмөт мүчөлөрү менен бирдикте саат 7.00дөн 23.00гө чейин УТРКнын биринчи каналынын түз эфиринде элдин суроолоруна жооп берди.
Көрсөтүүнүн аягына чейин ага электрондук байланыш аркылуу 146 суроо түшүп, өзү жана министрлер 131 суроого жооп беришти. Андагы чечүүгө тийиш болгон маселелердин көбү энергетикалык кризис, азык-түлүк коопсуздугу, отун тартыштыгы, дүйнөлүк каржы кризисине каршы аракеттер жана башка күндөлүк турмуш-тиричиликке байланыштуу түшкөн суроолордун жооптору алынды.

Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"




Айтматов жылында 550дөн ашуун иш-чара өттү
24-декабрда Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулунун төрагалыгы менен Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынтыктоочу кеңешмеси болду.
Комитеттин ишинин жыйынтыгын чыгарып, Нур уулу Досбол белгиленген мааракелик иш-чаралардын баары өткөрүлгөндүгүн белгиледи. "Айтматов жылында республика боюнча 550дөн ашуун иш-чаралар уюштурулду. Анын жарымы Чыңгыз Төрөкуловичтин катышуусу менен өттү. Ал экинчи жарымын тилекке каршы, улуу жазуучуну эскерүү иретинде өткөрүүгө туура келди",- деди Досбол Нур уулу.
Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле жыл сайын Айтматов форумун өткөрүү, Айтматов энциклопедиясын басып чыгаруу, улуу жазуучу жөнүндө замандаштарынын эскерүүлөрүнөн документалдуу фильм тартуу жөнүндө сунуштар айтылды.
Кеңешменин соңунда Мамлекеттик катчы комитеттин бардык мүчөлөрүнө аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирип, Жаңы жылда аларга ийгилик каалады.

Өз маалыматыбыз




А.Мадумаров Б.Оспанов менен жолугушту
Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров Өкмөт үйүндө Казакстандын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Б.Оспанов менен жолугушту.
Жолугушууда кыргыз-казак мамилелери жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар боордош элдердин ортосундагы тарыхый жана маданий жалпылыктарды белгилешти. Б.Оспанов Коопсуздук Кеңешинин катчысына эки элдин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү боюнча элчилик тарабынан аткарылган жана аткарыла турган иш-чаралар жөнүндө маалымдады.
Тараптар белгилешкендей, экономикалык мамилелер динамикалуу өнүгүүдө. Алсак, азыр республикабызда 400дөн ашык биргелешкен кыргыз-казак ишканасы иштөөдө. Эки өлкөнүн ортосунда жекече ишкердүүлүктү каттоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасын киргизүү жөнүндө Макулдашуу да кабыл алынганы жатат, бирок азырынча ал документке Казакстан тарап кол коё элек.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча башка маселелер да талкууланды.
Бакай ЧИЛТЕГИН




Ишкерлерди текшерүү азаят, электр кубатына сарамжалдык артат
25-декабрда Өкмөт үйүндө Премьер-министр Игорь Чудиновдун төрагалыгы астында Өкмөттүн кезектеги жыйыны болду. Анда үч маселе каралды.
1. Дүйнөлүк финансылык кризистин убагында анын кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өсүштүн темпин сактап калуу боюнча Өкмөттүн аракети.
2. "Ишкерлерди текшерүү туурасында" мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү.
3. 2008-2009-жылдардын от жагуу мезгилиндеги экономиканын жана калктын абалы туурасында маалымат.
Биринчи маселе боюнча экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров чыгып, мамлекеттик саясаттын багытталган негизги тапшырмаларына токтолду.
Мамлекеттик саясат негизги беш тапшырмага багытталган. Биринчиси - микроэкономикалык жагдайга стабилдүүлүктү сактоо жана мамлекеттин бюджетинин туруктуулугун камсыз кылуу. Банктык системанын туруктуулугу, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун сактоо, экономиканын өнүгүүсүн ички суроо-талаптын жардамынын негизинде камсыз кылуу жана ылайыктуу инвестициялык чөйрөнү түзүү, калктын даректүү катмарына жардам берүү.
А.Жапаров мурдатан сөз болуп келген мамлекеттик чыгымдарды азайтуу сунушун көтөрдү. Анын баамында быйыл көпчүлүк министрликтерге жана ведомстволорго техникалык жабдуулар тийиштүү санда берилген. Ушуга ылайык жаңы жылдан баштап үнөмдөө ыкмасына өтүү керектигин Өкмөт башчысы Игорь Чудинов да колдоп: "Акылбек Үсөнбековичтин сунушу боюнча жабдууларды, имараттарды, техникаларды, ошол эле кызматтык машиналарды ашыкча камсыздоону, алууну кескин токтотушубуз керек. Биз миллиарддап чыгымдоодобуз. Мамлекеттин коопсуздугун алсыратпаш үчүн ашыкча ысырапкорчулукка жол беришкен министрликтер менен ведомстволор баш-аяктарын жыйышып, үнөмдүү иш жүргүзүүлөрү зарыл",- деп баса белгиледи.
Ошондой эле экинчи маселеде Кыргызстандын Өкмөтү ишкердиктин субъектилерин текшерүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап, талкуулады. Документте бардык ченемдер камтылып, ишкерлерди текшерүү толук ыйгарымдуу укугу бар экономикалык өнүгүү жана соода министринин макулдугунун негизинде берилет. "Пландаштыруу боюнча маселе жок. Өзгөртүүлөрдүн бардыгы пландаштырылбаган текшерүүлөрдө турат. Кээде текшерүүчү органдар өзүнүн алдында иштеп жатышкан кызматкерлердин ар кандай текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышкандыктарын билбей да калышат", - дейт министр. Анын айтымына караганда, 2006-жылы Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүнүн саны 61 миңди түзгөн. Ал эми 2008-жылы бул көрсөткүч 16,5 миңге азайган. Ушунун негизинде тескерисинче бюджетке киреше түшүү 45%га көбөйгөн. Ал ошондой эле баяндамасында ишкер субъектилерди текшерүүгө укуктуу органдар дагы 30%га кыскарууга тийиштигин айтты. Бүгүнкү күндө 21 орган чарба жүргүзгөн субъектилерди текшерүү укугуна ээ. Ага ылайык келерки жылдын биринчи кварталында 16 органга жетпеген уюм калууга тийиш. Министрдин белгилегенине караганда, тышкы саясый соода өнөктөрү болгон негизги өлкөлөр тарабынан суроо-талаптардын кыскаруусунун шартында экспортту колдоого өзгөчө көңүл бурулмакчы жана эл аралык уюмдар менен соода байланыштарын кеңейтүүгө жана жаңыртууга багытталмакчы.
Ал эми Өкмөт башчысы Игорь Чудинов кептин баары пландуу текшерүүнү жолго салуу жаатында болуп жаткандыгын баса көрсөттү. Ошондой эле Игорь Чудинов башка жылдарга салыштырмалуу жөнү жок текшерүү үч эсеге азайгандыгын маалымдап, бирок ага карабастан текшерүүлөрдүн күчүндө экендигин белгиледи.
"Биз мыйзамга пландуу текшерүүлөрдү жөнгө салууну сунуштайлы. Сөз ушунун айланасында болсун. Баарыңыздар ишкердик чөйрөсүндө эмгектенгенсиздер. Чынында эле иштөөгө оор болуп келген. Азыркыга чейин иштөөгө мүмкүн эмес. Күн сайын, тигинден же мындан бир текшерүүчү келет. 2006-жылга салыштырмалуу текшерүүнү үч эсе азайтсак да, ашыкча текшерүүлөрдөн кутула албай жатабыз", - деди Өкмөт башчысы каралган маселеге баа берип.
Айрым министрлер жылына бир гана жолу текшерүү киргизүү болбостугу жөнүндө да ойлорун айтышты. Себеби өрт коопсуздугунун абалын, экологиянын санитардык жагдайын жана башкаларды талапка жооп береби, жокпу, көзөмөлдөп турбаса болбойт дешти. Ички иштер министри М.Конгантиев: "Тийиштүү жоопкерчилик суралбаса мыйзамдык тартип бузуулар көбөйүп кетет го",- деген оюн айтты.
Бул маселеге өкмөт мүчөлөрү жаңы жылда кайрадан кайрыларын билдиришип, кийинки сөздү 2008-2009-жылкы кыштан чыгуу маселесине бурушту. Анда докладчы Ильяс Давыдов электр энергиясын жылуулукка жана тамак жасоого Кыргызстандай пайдаланган бир да өлкө жок экендигин айтып чыкты. Буга ылайык өкмөт мүчөлөрү кошумча ыңгайлуулукту каалашкандар электр энергиясына ашыкча төлөөлөрү керектигин билдиришти.
Ошондой эле Өкмөт башчы электр энергиясын жаңы жылдан баштап каалаган кардарлар үчүн импортко берүү сунушун билдирди.
"Биз баарына айтып жаткан жокпуз. Генераторлорду коюуну каалашпай, электр энергиясын пайдаланууга тыюу салынса да, колдонгулары келгендерге айтуудабыз. Эгерде, ошондой эле ыңгайлуулуктарды каалашса, сиздер үчүн мынча баада турган импорт электр энергиясы бар дегиле. Турбазалардын, мейманканалардын, пансионаттардын бир орунуна 300 сом төлөсө, импорттук электрге кымбат төлөгөнү үчүн 400 сом төлөшсүн. Колунда бар бизнес жүргүзгөндөргө муну айтсак болот. Элге айтууга болбойт", - деди Премьер-министр Игорь Чудинов.
Өкмөт мүчөлөрү Ильяс Давыдовго эски аэропорттогу электр менен жылытууга уруксат берилген терс көрүнүштү сындоо менен өз, бөтөн деп бөлбөй, же жең ичинен сүйлөшүп жеңилдик бербей бардыгына бирдей катуу тартипте иш жүргүзүүнү эскертишти. Билим берүү жана илим министринин орун басары Анатолий Иванниковдун электр менен жылытылган мектептер 1-январдан 28-февралга чейин окуу жайкы эс алуунун эсебинен токтотуларын билдиргенде көпчүлүк өкмөт мүчөлөрү айрым мектептер иштеп, айрымдары каникулга чыгып чаржайыт болбой, окуунун бирдиктүү графиги иштелип чыксын деген ойлорун айтышып, добушка коюлганда жалпы колдоого ээ болду.
Премьер-министр Игорь Чудинов кышка элди көмүр менен тейлөөнү облустун администрация башчыларынын ар биринен сурап, элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө жараша баада камсыздоону талап кылды.

Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"