Премьер-министр Игорь Чудинов
24 миң 600 сом айлык алат

Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри
Игорь ЧУДИНОВ:
"Дүйнөлүк кризистин экономикабызга тийгизген таасирин азайтабыз"
- Кийинки жылы Өкмөт өзүнүн социалдык кепилдиктерин аткарат, - деп баштады биз менен болгон маегин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов. - Бул өлкөнүн Президенти Курманбек Бакиев айткан пенсияларга кошумчаларга да, эмгекке жарамсыздыгы жана майыптыгы үчүн жөлөкпулдарга да, врачтардын эмгек стажы үчүн кошумча төлөмдөргө да, бюджеттегилердин, мугалимдердин, врачтардын эмгек акыларына да тиешелүү, бюджеттен төлөнүүчү нерселердин бардыгы аткарылат. Бул чыгымдардын баары 2009-жылдын бюджетинде азыртадан эле каралган.

- Бирок, тарифтердин өсүшү, инфляция эмгек акылары менен пенсиялардын жогорулатылуусунан ашып кетет да?
- Эч кандай андай болбойт! Биз быйылкы жылы пенсионерлер үчүн тарифтердеги айырманы мамлекеттик каражаттардан толук жаптык! Азырынча тарифтерди жогорулатуу жөнүндө айтууга да эрте. Мүмкүн, кийинки жылдын май айында биз бул проблемага кайрылабыз. Ал эми инфляцияга келсек... Ал айтып жатышкандай, анчалык деле коркунучтуу эмес. Үстүбүздөгү жылы биз баалардын өсүүсүн токтото алдык. Январь айында эле башкача айтканда дээрлик бир жыл мурда Президент өзүнүн Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө кайрылган Билдирүүсүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн эң көп коркунучту туудура турган проблемалар менен чакырыктардын чөйрөсүн так белгилеген. Ал биз жыл аралыгында күрөшө турган тобокелчиликтер менен чакырыктарды, анын ичинде көп жагынан дүйнөлүк экономикадагы жагымсыз процесстер менен шартталган баалардын олуттуу өсүшүн жана инфляциянын жогорку деңгээлинин сакталышын да бөлүп көрсөткөн. Кыргызстан үчүн жаратылыш газынын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын наркынын олуттуу өсүшүн, азык-түлүктөргө, анын ичинде унга жана нан азыктарынын олуттуу кымбатташы өзгөчө сезилерлик болуп калмак. Ошондой эле болду...
- Көз карандысыздыктын жылдарында биздин өлкөнүн бир да Өкмөтү мындай объективдүү оор шарттарда иштебесе керек. Мында дүйнөлүк финансылык кризис да, ички энергетикалык кризис да, азык-түлүк коопсуздугунун белгилүү бир коркунучу да... Сиз өзүңүздү кандай сезип жатасыз?
- Адаттагыдай (күлөт). Өткөн жылдын 23-декабрында мен республиканын Өкмөтүн жетектөөгө Президенттин тапшырмасын алып жатканда, ооба, менде өтө жөнөкөй эмес мезгилге туш келгендик сезими болгон. Эсиңиздердеби, нефтинин баррели 60 доллардан 100 долларга чейин кескин көтөрүлгөн. Ал эми үстүбүздөгү жылдын ортосунда рекорд коюлду - баррелине 147 долларга жетти. Күйүүчү-майлоочу майларга баалар кескин өсүп жатты жана андан улам бардык иштерге, кызматтарга жана товарларга да.
- Жүрөксүү сезими болдубу?
- Жок. Биринчиден, Курманбек Салиевич өзү эч качан жүрөксүбөйт. Экинчиден, башкалардын жүрөксүнүшүнө жол бербейт. Үчүнчүдөн, билсеңиздер, ага деле мүмкүн болгон жок - иш өтө көп эле. Чыңалуу. Азарт. Улам, улам жакшыртуу!
- Сизди күчтүү математик жана рационалист дешет, эмоцияларга анча берилбейсизби?
- Реалдуу фактылардан улам кырдаалды объективдүү баалоого аракеттенем. Мына ошондуктан, биздин айрым гезиттерден жана интернет-басылмалардан "Биз баарыбыз өз квартираларыбызда үшүп-тоңобуз, троллейбустар токтоп калышат, автотранспорт жүрбөйт, жылытуу үчүн мештерге өтөбүз, ал эми нан карточка боюнча бериле тургандыгы" жөнүндө окуганда тыкан, катаал, ыкчам боло баштадым. Бирөөлөрдүн заказы экен деп ойлодум. Кимдир-бирөөлөрдүн өлкө башынан кечирип жаткан объективдүү кыйынчылыктарда өз оюнун ойногусу келүүдө. Бирок, мен реалдуулук катаал болсо да, таптакыр кайгылуу эмес экенин билгемин. Натыйжалуу иштөө керек. Бул - турмуш. Бул- күрөш. Бул - тоскоолдуктарды жеңүү. Мен Токтогул суу сактагычындагы абал боюнча күнүмдүк маалыматтарды көрүп турдум, суунун агып келишин, чыгымдалышын, иштетилишин, киловат/сааттардын топтолушун, өнөр жайдын, калктын электр энергиясына муктаждыктарынын графиктерин кылдат иликтеп, күн сайын билип турдум. Электр энергиясын керектөөгө чектөөлөрдү киргизмейинче, тарифтерди жогорулатмайынча кырдаалдан чыгууга болбой тургандыгы түшүнүктүү эле. Чынын айтуу керек, жылуулукка жана электр энергиясына тарифтер менен алектенүүдөн дээрлик жети жыл коркуп келишкен. Бирок, чечүүчү мезгил, катаал, бирок зарыл чечимдердин жана жоопкерчиликтин мезгили келди. Нарында суунун агымы жылдык орточодон алда канча төмөн, атүгүл өткөн жылдагыдан 40%га төмөн болуп калгандыгы түшүнүктүү болгондо ата мекендик энергетиканы сактоо үчүн популярдуу эмес жана масштабдуу чараларды кабыл алуу мен үчүн толук ачык жана түшүнүктүү иш болуп калды. Биз тарифтерди өзгөртүү боюнча ишти баштадык жана ага жарыша эле электр энергиясын керектөөгө чектөөлөрдү киргиздик. Албетте, бул оор кадамдар болчу... Эсимде, февраль айында мага Бүткүл дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта фондусунун вице-президенттери таанышуу үчүн келишкенде алар америкалык "толук шторм" түшүнүгү бар экендигин айтышкан. Бирок, Өкмөттү калп айтты деп күнөөлөөгө болбойт! Биз энергетикадагы оор кырдаалды жашырган жокпуз, биз тариф саясатын, ички рыноктун азык-түлүк продуктулары, биринчи керектелүүчү товарлар менен толтурулушун колго алдык. Экономикалык жана инвестициялык саясатта, мамлекет менен бизнестин мамилелеринде приоритеттерди кайра карадык. Биз ички финансылык ресурстардын мүмкүнчүлүктөрүн көрүүгө жана натыйжалуу пайдаланууга аракеттендик. Кайрадан эле чындыкты моюнга алсам, жаңы чечимдерди жана жаңы стандарттуу эмес кадамдарды Президент көтөрдү. Мына бүгүн биз ата мекендик экономикада мындан бир жыл мурдагыга салыштырууга болбогондой бекем позицияларыбыз бар экендигин айта алабыз. Азык-түлүк боюнча Мамматрезервде ишеничтүү запас түзүлгөн. Эч кандай мактануусуз реалдуу көрүнүштү айтсак, биз азык-түлүктүн бардык маанилүү продуктуларынын запасына ээбиз. Иш мындан ары да, дайыма жүргүзүлмөкчү. Агроөнөржайкорпорациясы түзүлдү. Өкмөт бул структурага 810 млн. сом бөлдү. Башкача айтканда, быйылкы жылы айыл чарбасына 1,3 млрд. сом жана 810 млн. сом ун алууга кошумча бөлүндү - анын бир мүшөгү бир жыл мурдагыдай 1800 эмес, 850 сом турат! 16-декабрда болуп өткөн Инвестициялык кеңеште Президент Курманбек Бакиев агроөнөржай комплексинде иштин жаңы формаларын сунуш кылды - бул финансылоонун цивилизациялуу механизмдери. Биздин милдет - банктарды финансылык каражаттар жана дыйкандарга бул кредиттердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо. Бул иштин заманбап цивилизациялуу формасы. Ал эми биз буга чейин жасоого аракеттенгенде - солярканы, үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди берүү - бул өткөн чак.
- Ушул эле Инвесткеңеште Президент ошондой эле дүйнөлүк кризистин жеткен чеги 2009-жылдын жазына туш келиши мүмкүн дебедиби. Буга тынчсызданууга болобу?
- Белгилеп кетерим, Курманбек Салиевичтин өзү проблемаларды чечүүнүн конкреттүү жолдорун сунуш кылып, башка чиновниктерден да натыйжалуу ишти талап кылууда. Биз дүйнөлүк кризистин экономикабызга тийгизүүчү мүмкүнчүлүктүү таасирлерин азайтуучу аракеттердин конкреттүү планын сунуш кылдык. Экономиканын приоритеттүү тармактарындагы жана секторлорундагы аткарылуучу алгылыктуу иш-аракеттер аныкталды. Кыскача айтканда, бул банк секторунун туруктуулугун камсыз кылуу, социалдык турак-жай курулушуна жаңы ыкмада мамиле жасоо, агроөнөржай комплекси, ири инфраструктуралык жана индустриалдык долбоорлорду жүзөгө ашыруу болуп саналат. Албетте, каражат жагы негизги маселе экендиги талашсыз. Бизге дүйнөлүк валюта фондусу менен сүйлөшүп, Кыргызстанга 100 млн. доллар бөлдүрүүгө макулдаштык. Азия өнүктүрүү банкы транспорттук инфраструктуранын курулушуна 6 млн. жана энергия секторун колдоого 20 млн. бермей болду. Бүткүл дүйнөлүк банк энергетикалык кризисти четтетүүгө 11 млн. доллар жана түзүмдүк кайра өзгөртүүлөргө 5 млн. доллар бермей болду. Ошентип, бул жалпысынан алганда 200 млн. доллар.
Кыргызстанга 2 млрд. доллар бөлүп берүү жөнүндө Россия менен келишимге жетишилди. Бул эки өлкөнүн лидерлери Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведевдин өз ара ыңгайлуу кызматташуусунун натыйжасында бул маселе ЕврАзЭШте интеграциялык процессти алга жылдыруу боюнча өнөктөштүктүн алкагында чечилди. Владимир Путин менен болгон эки тараптуу жолугушууда биз, эки өлкөнүн Өкмөт башчылары катары, бул зор финансылык каражаттарды ишке киргизүүнүн механизмдерин аныктадык. Бул биздин бардык тышкы карызыбыз, бул республиканын эки бюджети. 2 млрд. доллардын ичинен 300 млн. доллары биздин мамлекеттик бюджетти колдоого, 1,7 млрд. ири индустриалдык долбоорго жумшалмакчы. Мындай ири долбоорго Камбар-Ата-1 жана 2 ГЭСтеринин курулушу кирет. Сөз арасында белгилеп кетерим, Казакстан Кара-Кече жылуулукэлектрстанциясынын курулушуна инвестиция берүүгө даярдыгын билдирди. Демек, бул Нарындагы сууну үнөмдүү чыгымдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы кубаттуулуктар, бул жылына 300 миллиондон 400 миллионго чейин доллар киреше алуу менен биздин электр энергиябыздын экспортун көбөйтүүнүн мыкты келечеги.
- Экономиканы өнүктүрүү, элдин бакубат жашоосуна жетишүү үчүн сиз эмнелерге өзгөчө көңүл бурсам дейсиз?
- Мен өзгөчө көңүлдү эмнеге бургум келет? Мына ушул инвестициялардын, ушул бардык каражаттардын натыйжасында биздин бюджетте бир канча акча артып калары белгилүү. Биз келерки жылда бюджеттен Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна гана 3,5 миллиарддан кем эмес сомду жумшоону пландаштырган элек. Эми болсо колдо артыкбаш акчабыз болуп, финансылык коопсуздугубузду камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эми эркин каражаттарыбызды өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн зарыл багыттарына жумшасак болот. Буларга банк секторуна колдоо көрсөтүү, депозиттерди коргоо фондусу аркылуу 20 миңден 100 миң сомго чейинки чекте аманатчыларга кепилденген көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Адамдарды турак-жай менен камсыз кылуу маселеси эң курч социалдык маселелердин биринен болуп кала бермекчи. Бул проблеманы чечүү менен биз курулуш материалдарын өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Атүгүл курулуш материалдарын чекене соодалоо тармагы да өнүгөрү анык. Буга чейин социалдык турак-жай курулушунун механизми иштелип чыкты. Өкмөт Улуттук банк менен биргелешип тендер өткөрүп, кубаттуу жана бир кыйла туруктуу банкты аныктап чыгат. Ал башкаруучу банк болуп калмакчы. Мындан тышкары турак-жай курулушуна өздөрүнүн акча каражатын жумшоого мүмкүнчүлүгү бар курулуш компаниялары бул долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул тендер ачык-айкын жана көзөмөлдүк жасоо менен өткөрүлмөкчү. Ал эми Улуттук банк болсо, башкаруучу банктын жалпы финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланып жаткандыгын дайыма текшерип турмакчы. Ошентип, биз капиталдык салымдарды өздөштүрүү процессин көзөмөлгө алмакчыбыз. Жыл акырына чейин тийиштүү чечим кабыл алына тургандыгына мен толук ишенем.
Мен жогоруда кеп кылган бардык инвестициялар, гранттар жана жеңилдетилген насыялар бизге агроөнөржай комплексин өнүктүрүүгө жакындан жардам бере тургандыгы тууралуу жогоруда айтып өтпөдүмбү. Биздин калктын 60%ы айыл-кыштактарда жашап жана иштеп жаткандыгын эч качан эстен чыгарбоого тийишпиз. Өлкөбүздүн ички дүң жыйымына болгон айыл чарбасынын үлүшү 30%дан ашары белгилүү. Бара-бара биз кайра иштетүү тармагын ойдогудай өздөштүрүүгө тийишпиз. Биз чыгарылган продукциянын төмөнкү өздүк наркына жетишүүгө аракеттенебиз. Бул өз учурунда аны ички рынокко коюуга жана экспортко жөнөтүүгө ыңгайлуу шарт түзмөкчү. Албетте, бул туруктуулукту жана билимдүү иш-аракетти гана эмес, ошондой эле зарыл финансылык салымдарды да талап кылары анык.

М.ТЫНАЛИЕВ,
Д.ЮСУПОВ,
"Кыргыз Туусу"













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan