, 26.12.08 - 2-бет:
  Жаңы жыл алдында 80 үй бүлө
жаңы үйлүү болушту

Мындай белекти
Аяз ата да бермек эмес...
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Бишкек шаарынын "Туңгуч" кичи районунда Мамлекеттик күзөт кызматынын (МКК) кызматкерлери үчүн курулган турак үйдүн ачылыш салтанатына катышты. Иш-чарага ошондой эле МККнын начальниги Жаныбек Бакиев, борбор калаанын мэри Нариман Түлеев, өлкөнүн бир катар министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери катышышты.

Салтанаттуу жыйынды ачып жатып мамлекет башчысы жаңы жылдын алдында МККнын жана Улуттук гвардиянын кызматкерлеринин 80 үй-бүлөсүнүн белекке кызматтык квартира алышкандары абдан жагымдуу окуя экенин белгиледи. "Мен билгенден бул квартиралар жетекчи курам үчүн эмес, турак-жайы жок, квартираны ижарага алып жашап жүрүшкөн катардагы кызматкерлер жана кенже командирлер үчүн курулган. Мен сиздердин бул жерде бактылуу өмүр сүрүшүңөрдү каалайм", - деп К.Бакиев конуш ээлерин куттуктады.
Кыргызстандын Президенти өз сөзүндө акыркы жылдарда республиканын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана аскер кызматкерлерине мамлекет тарабынан чоң көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи. "Өзүңүздөр билесиздер, быйыл укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 45 квартиралуу турак үй пайдаланууга берилип, чегарачылар үчүн 72 квартиралуу үйдүн пайдубалы түптөлдү. Мамлекет өз өмүрүн Ата Журтуна, элине кызмат өтөөгө арнаган кишилерге кам көрүүнү мындан ары да уланта берет. Мен кыйынчылыктарга карабастан мамлекетибиздеги элдин жашоо-турмушу жылдан-жылга жакшыра беришин каалайм. Биз баарыбыз жапырт киришсек, бул милдеттин өтөсүнө чыгабыз деп ойлойм",- деди К. Бакиев.
Ал буга чейин жеке квартираларда жашап жүрүшкөн кызматкерлердин бир топ каражаттары квартира акысын төлөөгө жумшалып келгендигин, эми алар өздөрүнүн турак жайына ээ болуу менен үй-бүлөлүк бюджеттин чыгымдарын азайтуу менен үнөмдөлгөн каражаттарды башка максаттарда жумшай алыша тургандыгын баса белгиледи.
Жыйынтыгында мамлекет башчысы мамлекеттик күзөт кызматынын бардык кызматкерлерине келе жаткан Жаңы жылда чың ден соолук, бакубат турмуш каалап кетти.
Андан соң Президент Курманбек Бакиев МККнын үч, Улуттук гвардиянын бир кызматкерине кызматтык квартиралардын ачкычын тапшырып, жаңы квартираларды көрүп, алардагы бардык ыңгайлуулуктар бар экендигине өзү ынанды. Андан тышкары ошол эле үйгө жанаша ММК кызматкерлери үчүн курулуп жаткан дагы бир 90 квартиралуу турак үйдүн курулушуна да барып көрүп кайтты.
Ал эми жаңы квартираларды алышкан кызматкерлердин үй-бүлөлөрү мындай окуяга өзгөчө кубанып жатышты. Алар буга чейин эле квартиралардын кандай бөлүштүрүлгөндүгүн билишкен жана кошуналары менен таанышып да үлгүрүшкөн. Ошондуктан айрымдары жаңыдан алышкан квартираларда дасторкондорду жаюу менен кыргыздарда болуп келгендей бири-бирин чайга чакырыша башташты...
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"
Э.БОЛЖУРОВ (фотолор)




  Балалыктын балатысы

Бүгүн А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Президент К.Бакиев катышкан балдар үчүн жаңы жылдык "Балалыктын балатысы" деген оюн-зоок болот.
Жаңы жылдык оюн-зоокко окуунун отличниктеринен, олимпиадалардын, фестивалдардын жеңүүчүлөрүнөн, "Жеткинчектин" стипендианттарынан , балдар кыймылдарынын өзгөчө активдүү катышуучуларынан, республикадагы бардык балдар үйлөрүнөн жана мектеп-интернаттарынан 800 бала чакырылган. Алардын 500ү аймактардан келишет. Транспортко, мейманканага жана тамак-ашка кеткен чыгымдардын баары мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.
Жаңы жылдык оюн-зоокто балдарга арналган "Кадимки эле керемет" музыкалык жомогунун бет ачары болот.
Жаңы жылдык майрамдын ар бир катышуучусуна шириндиктер жана эстелик белек тапшырылат, бул үчүн каражат Кыргыз Республикасынын Президентинин билим берүү фондусунан бөлүнгөн.
Өз маалыматыбыз



Аскердик наам берилди
24-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевдин Жарлыгы менен Кошоев Марат Темирбековичке "Юстициянын генерал-майору" деген аскердик наам берилди.


Саммитте маанилүү чечимдер кабыл алынды
Казакстандын "Бурабай" курорттук аймагында Россиянын, Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Армениянын президенттеринин бейформал саммити өткөрүлдү.
Самиттин жүрүшүндө мамлекет башчылары аймактык кызматташтык, анын ичинде жамааттык коопсуздук чөйрөсүндөгү жана дүйнөлүк кризистин шарттарында экономикалык маселелерди биргелешип чечүү боюнча маселелер талкууланды.
Саммитте бир катар макулдашууларга жетишилди. Алсак, саммиттин катышуучулары ОДКБнын алкагында мүчө-мамлекеттердин коопсуздуктарын камсыз кылуу үчүн тез аракетке келтирилчү күчтөрдүн тобун түзүү керек деген жыйынтыкка келишти.
Дүйнөлүк экономикалык кризистин терс таасирлерин жеңилдетүү үчүн 10 млрд. долларлык биргелешкен фонд түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Саммиттин катышуучулары биргелешкен инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жогорку технологиялардын борборун түзүү жөнүндө бир пикирге келишти.
Казакстандын Президенти Н.Назарбаев жолугушуунун натыйжалуу өткөндүгүн белгиледи. Жакынкы саммитте макулдашылгандарды жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү документтер кабыл алынат.
Бакай ЧИЛТЕГИН




Өкмөт башчысынын белеги
Премьер-министр Игорь Чудинов мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды колдоонун бир айлыгынын алкагында Беловодскидеги балдардын психоневрологиялык жатак үйүндө камкордукка алынган балдарга жалпы суммасы 100 000 сомдук жаңы жылдык белектерди тапшырды.
Чүй районундагы бул жатак үй ден соолугу боюнча такай медициналык тейлөөгө муктаж болгон балдарга арналган социалдык мекеме. Ошондуктан эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу. Жатак үй 1935-жылы түптөлгөн, азыр бул жерде 265 бала бар.
Майыптардын эл аралык күнүнүн алкагында жатак үйлөрүндө жашаган
майып балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга даректүү материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү максатында Өкмөттүн буйругу менен үстүбүздөгү жылдын 3-декабрынан 2009-жылдын 3-январына чейин ден соолугунан улам мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон жарандарды колдоо боюнча айлык жарыяланып, аны өткөрүүнүн иш-чарасы бекитилген. Ага ылайык бардык райондордо, облустарда жана шаарларда майып адамдарды колдоо максатында иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Жатак үйлөр жана жатак мектептер министрликтерге, мамкомитеттерге, ведомстволорго бекитилген. Мисалы, юстиция министрлиги Петровкадагы жатак мектебине жана Маловодное айылындагы карылар жана майыптар үйүнө жалпы суммасы 15 миң сом турган кир жуугуч каражаттарды алып берген. Мамлекеттик бажы комитети Ак-Суудагы аялдардын психоневрологиялык жатак үйүнө 71 миң сомго эң зарыл буюмдарды, маалымат ресурстары жана технологиялар мамлекеттик агенттиги Сүлүктүдөгү жалгыз бой адамдардын жана карылардын жатак үйүнө 40 миң сом өлчөмүндө жардам берген.
Бермет
МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"
С.АЙЫЛЧИЕВ (фото)




Жашырган мүлкүңдү ачыкта да, жыргалын көрүп жашай бер
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Капиталды жана мүлктөрдү мыйзамдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын экономикасынын ачыктыгын андан ары камсыз кылуу жана анын көмүскө секторун кыскартуу, өлкөнүн экономикасына инвестициялардын көлөмүн арттыруу, ишкердик жигерге дем берүү максатында токтом кылынды:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эки айлык мөөнөттө төмөнкү багыттагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана аларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырылды:
- Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын капиталын жана мүлктөрүн мыйзамдаштыруу;
- мыйзамдаштырылган капиталды жана мүлктөрдү кийин коргоого кепилдик берүү, анын ичинде:
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте мыйзамдаштырылган капиталдын жана мүлктөрдүн келип чыгышын текшерүүгө тыюу салуу;
купуя маалымат түшүнүгүн аныктоо менен мыйзамдаштырылган капитал жана мүлктөр жөнүндө маалыматтардын купуялыгын камсыз кылуу;
жасалган кылмыштын оордугуна жараша жазык куугунтугунан, ошондой эле салык, финансылык жана башка санкциялар түрүндө администрациялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуудан бошотуу;
- мыйзамсыз жол менен алынган кирешелер жана мүлктөр боюнча, эгерде алар белгиленген тартипте мыйзамдаштырылбаган болсо, жоопкерчилик чарасын катуулатуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эки айлык мөөнөттө ишкердиктин субъекттерине салык контрактынын негизинде салыктарды 2009-жылы төлөөгө укук берүү боюнча зарыл болгон чараларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуусу тапшырылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда бизнес-жамааттардын өкүлдөрү жана коомчулук үчүн мыйзам долбоорлорунун жоболорун кеңири талкуулоону жана түшүндүрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.
Өз маалыматыбыз




Алдыңкыларга ардактуу сыйлыктар тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол өлкөбүздүн бир катар министрликтери менен ведомстволорунун мыкты кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө ал республикабыздын мамлекеттик органдарынын кээ бир кызматкерлеринин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин орундатууга жоопкерчилик менен мамиле жасагандыктарын жана жогорку кесипкөйлүк ишин белгиледи.
Ош облусундагы Нура айылында болуп өткөн жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга катышып, чечкиндүү аракеттери менен айырмаланышкан чегара кызматынын майору Жаныбек Жакыпов, бажы кызматынын капитаны Бакыт Абылаев "Эрдик" медалы менен сыйланышты. Ошондой эле бул медалга Кадамжай районунун "Сары-Булак" дыйкан чарбасынын мүчөсү Даминбек Жусупбеков жана Токтогул районунун Терек-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Табылды Култаев (өлгөндөн кийин) татыктуу болушту. Маданият жана көркөм өнөр тармагында сиңирген эмгеги үчүн И.Арабаев атындагы педагогикалык университетинин профессорунун милдетин аткаруучу Сталбек Бактыгулов "Даңк" медалы менен сыйланды.
Жыйындын жүрүшүндө айырмаланган бир катар маданият, мамлекеттик кызмат, саламаттыкты сактоо, калкты тейлөө, дене тарбия жана спорт, маалымат жана басма сөз кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамоталары тапшырылды.
Р.ЖЕТИГЕНОВ