, 26.12.08 - 19-бет: Биринчи байлык-
Ден соолук
Тамырчынын кеңеши
Цистит же табарсыкка суук тийгенде
Петрушканын данынан 100 гр., нокоттон (горох) 100 гр. кошуп талкалайт да 1 кг. балга кошуп аралаштырат. Аны айыкканча күнүгө 1 чай кашыктан 4 жолу ичет. Кечинде петрушканы кайнатып, анын жылуусуна 10 күн буулайт. Же болбосо 1 кг. карандызды 9 л. сууга 10 саат кайнатып, ал суу орточо жылуулукта болгондо үстүнө отуруп бууланат. Андан чыкканда жылкынын майы менен белди, табарсыкты майлайт. Каздын шорпосун ичирип, суусундукка чайыр куурай менен миңжалбырактын (тысячелистник обыкновенный) ысык сууга демдеген тунмасын берет. Бул ыкма 7 күн уланат.
Чыйкан чыкканда
Өрүк какты кайнатып, анын кайнатмасын иче берүү керек. Шабдалынын сөөгүн күйгүзүп, күлүн солидолго аралаштырып чыйкандын оозуна жаап, байлап койсо тез жарылат. Андан соң адырашман салынган жылуу суу менен жууп, чыйкандын ачылган оозуна бал жаап таңып таштайт. Ал чыйкандын ириңи менен өзөгүн кошо сууруп алат.
Бөрү жатыш
Терини чалкан чаккандай дүүлүктүрүп, кычыштырып, бүдүрөйүп чыгышы менен мүнөздөлөт. Аллергиялык реакциядан пайда болот. Тазалыкты сактабагандыктан, тамак-аштан болушу мүмкүн.
Бир стакан сууга бир чай кашык теңге гүлүнүн арактагы тундурмасын куюп, аралаштырып ошону менен сүртөт.
Кызамык
Адатта кызамык менен ооруган наристенин температурасы көтөрүлөт, суусайт. Ага алма менен ит мурундун кайнатмасын ичирет. Бөрү карагат (барбарис) менен ит мурундун тамырын кайнатып суусундук катары ичирет. Ушундай дарылоону 7-8 күн жүргүзгөндөн кийин кызамык толук кайтат.
Куу далы
Каны аздар, ашказан, жоон ичегилерден жабыр тартканда, ошондой эле кыймылды аз жасагандыктан пайда болуучу оору. Куу далынын белгиси эки далы ачышып, уюйт же кол көтөртпөй зырпылдап ооруйт, желке тартат. Кыр арка уюп, бөйрөккө, жүрөккө, боорго күч келет.
Куу далыны билбегендер ар кайсы ооруларга жорушат. Остеохондроз деп да коюшат (остеохондрозго окшошуп кетет). Муну массаждын жардамы менен, ошондой эле эки далынын этек учунан кол учу менен далыны өйдө карай укалоо керек. 5-7 (күнүнө бир жолу) көтөргөндө гана айыгат.
Кептөөр(бронх астмасы)
Кептөөр - тамак шишип, кысылып, былжыр чели сезгенип, какырык менен бүтөлүп калышынан капысынан дем кыстыктырып кармоочу аллергиялык оору. Көп учурда дем алуу органдарынын же мурундун былжыр чели сезгенип, өнөкөт ооруларынын негизинде пайда болот.
Кептөөрдү ошондой эле аллергендик заттар да козгойт. Алсак, тамак-аш аллергендери (бал, жумуртка, шоколад, балык, сүт), чаң аллергендери (ар кандай чөптөрдүн гүл чаңчалары), үй буюм аллергендери (үйдөгү буюмдардын чаңдары, малдын, куштун жүнү), турмуш-тиричилик, дары-дармек аллергендери (антибиотиктер, кан, плазма, вакциналар). Кептөөрдүн пайда болушуна мезгил да өз таасирин тийгизет. Күз мезгилинде шамал болуп, аба температурасы кескин өзгөргөндө күчөйт.
Менин дарылоо ыкмам: ак кодол менен күчаланы 15 гр.дан майдалап алып, спиртке ачытып бир күндө 5 маал 10 гр.дан ичирем. Шар аккан суунун илебинен дем алуу да эң жакшы натыйжа берет. Ошондой эле лимондун кабыгынан ингаляция жасоо зарыл.
Тоо туздары менен да кургак, нымдуу ингаляция жасаса эң жакшы таасир тийгизет. Атап айтканда Кочкордогу кара туз, Сары-Камыштагы кызыл, ак туз, Токтогулдагы шамшыкал тузу менен суукчандар кургак, ысыкчандар нымдуу ингаляция жасоосу зарыл.
Кургак ингаляциялоонун жолу: тоо тузун ундай кылып талкалап, шарга ( жаш балдар үйлөп, учуруп ойногон) салып жарылбагандай кылып үйлөйт. Шардын оозун бошоткондо чыккан туздун чаңы аралаш абаны ооз менен дем алып, мурундан чыгарат.
Нымдуу ингаляциялоонун жолу: 3 л. банкага жарымынан кайнак суу куюп, 3 аш кашык үймө майдаланган тоо тузунан салып, демдеп, буусун ооздон дем алып, мурдунан чыгарат.
Ингаляциялоонун бир нече күн (күнүнө 3-5 жолу) өзүн жакшы сезгиче жасайт.
Эскертүү: кептөөр болгон оорулуу тамакты мүнөздөп ичүүгө болбойт. Мында ноокас бийик тоолуу өрөөндө гана өзүн жакшы сезет.




  Дары өсүмдүк

Уулжан
Уулжан көп жылдык жапайы дары өсүмдүк. Дарылыкка тамыры колдонулат. Биздин республикабыздын бийик тоолуу райондорунда, тактап айтканда Жалал-Абад облусуна караштуу Сары-Камыш, Кызыл-Суу, Майлуу-Суу тоолорунда, ак топурактуу жерлерде өсөт.
Түзүлүшү чаар куурай сымал жыты алыстан аңкып турат. Тамыры 50 см.ден 2 метрге чейин тереңдикте жайгашат. Сентябрь, октябрь айларында казылып алынат. Улукман "Уулжан болсо уулум, кереч болсо келиним өлбөй калбайт беле" дегендей уулжандын дарылык касиети көп ооруларга жагымдуу. Боор, ашказан, жоон ичеги, уйку бези, кант диабети жана дагы ички, тышкы жараларга колдонулат.
Даярдалышы:
Кургатылган тамырды майдалап 1 л.сууга 15 гр. уулжанды салып 5-10 мүнөт кайнатып, бир күндө 3 маал 200 гр. тамакка чейин ичилет. Кайнатылган тундурмасын чаңкаганда ичсе суусундукту кандырат. Сырткы жараларга (ириңдүү) порошок түрүндө колдонулат. Жараттын үстүнө сээп, таңып коёт. Дарыны оорулуу каксыз айыкканга чейин колдонот.
Дүйшөнбек Чомо уулу





Бел ооруну айыктыруунун жөнөкөй жолу
Бел адамдын бүткүл денесин көтөрүп турган негизги мүчө болуп саналат. Бул ооруга дуушар болгон адамдын белинен төмөн карай кыймылдабай калуусу ыктымал. Аны айыктыруунун бир нече жөнөкөй ыкмасы:
Ь Адырашмандын ашынан 35 гр., сүрүнжан өсүмдүгүнөн 8 гр. майдалап туурап, ага шекерден 2 гр. кошуп сууга кайнатып, андан кийин аны чай демдегендей демдеш керек. Муну бир топ күнгө чейин күнүнө эки жолу ичсе, бел оорудан сакаят.
Мындан тышкары бел ооруганда кетенчиктеп басып жүрүүдөн да айыгат. Кетенчиктеп басканда бел булчуң эттеринин кыймыл аракети алдыга карай жүргөнгө караганда өтө жогору болот. Артка карай басууну кайталай берсе белдин булчуң эттери чыңалат. Кандын жүрүшү тездейт. Бел сакаят. Кетенчиктеп басууну ар күнү эки жолудан 20 минут жасаса, бел оорусун айыктырууга болот. Бул ыкма бели сезгенген кишилерге өтө пайдалуу.
Бүгүн көп адамдар эринчээк, кыймылдагандан көрө отура бергенди жакшы көрүшөт. Кээде китеп окуп же компьютер менен иштегендер узак убакыт бою кыймылсыз отурушат. Бул учурда ал кишинин бели талыкшып ооруп, көкүрөгүнүн кысылганы байкалат. Мындай учурда ал (эгер ден соолугун ойлосо) сыртка таза абага чыгып, эки-бутту өйдө-төмөн кыймылдатып, белди ары-бери ыкшап айландырып, көкүрөктү керип, денесин жазышы керек. Ушундай жол менен белдин талыганын, көкүрүктүн кысылганын басууга болот. Дегинкиси ар бир адам иш маалында деле 5-10 мүнөт убакыт таап, дене-башын чойгон кыймыл жасап жүрсө көңүлү да сергек, ден соолугу да жакшы болот.





Ачуу бадамдын касиети
Бул өсүмдүк ачуу бадам жана таттуу бадам болуп экиге бөлүнөт. Алардын талы бири-бирине окшош болот, бирок ачуу бадамдын урукчасы ачуу болот. Бул эки түр бадамдын ачуу бадамынын кээ бир ооруну айыктырууга кандай касиети барын көптөр билбесе керек.
Ачуу бадам шишикти жоготконго, адамдын
терисин өз калыбында, жакшы кармоого жардамы чоң. Дайыма башы ооруп жүргөн адамга ачуу бадамга уксус кошуп, аны абдан эзип, башка чаптаса ооруган жер басылат. Анын суусун чыгарып, көзгө сүртсө көрүү күчү жакшырат. Аны жесе жөтөлдү басат, көкүрөк жана өпкө шишиктерин кайтарат. Бал менен кошуп жесе боордун иштешин жакшыртат. Майдалап жанчып чачты жууса какачты кетирет. Бадамды эзип туруп териге пайда болгон тактарга басса, так жоголот. Ачуу бадамды майдалап эзип сыр же шарап кошуп, котур жараларга жана дененин кычышкан жерлерине сүйкөсө тып басылат.




Бадамдын мааниси
Бадамдын урукчасында май өлчөмү 55-60 пайызга жетет. Бадам майын турмушка пайдалангандан тыш-
кары өндүрүшкө да керектешет, курал-жарактарды майлоого колдонушат. Бадамдын урукчасынын азыктуулугу да өтө чоң. Анда белок, кант, минерал туз кошулмалары, ар түрдүү витаминдер ж.б. заттар бар. Мында кальций, магний, натрий, темир, барий, жез, хром ж.б. элементтер бир аз өлчөмдө бар. Чыгыштын элдик дарыгерлери бадамдын урукчасын ар түрдүү ооруларды дарылоого пайдаланып келишет. Ал эми чет элдик дарыгерлер ачуу бадамдын урукчасын иштетишип, аны ашказан жана ичеги-карын ооруларын айыктырышат экен.





Тамактанууда эмнеге көңүл буруу зарыл?
Тамакты көп жебөө керек.
Тамакты көп жегенде ашказан, ичегинин сиңирүү күчү төмөндөп, убакыт өткөн сайын ашказандын кубаты начарлайт. Ошондой эле тамакты да шашпай ичүү керек, шашып ичкенде өт суюктугу ичилген тамак менен жакшы аралашпайт. Бул ичилген тамакты сиңирүүгө өтө оор болуп, адамдын ичегисин, ашказанын начарлатат.
Тамак жеген учурда башка иштерге алагды болбоо зарыл. Тамактанган учурда гезит-журнал, китеп окууга болбойт же катуу күлбөш керек. Анткени тынч отуруп тамак ичкен учурда кан басымы дагы бир калыпта айланат. Тамактын сиңимдүүлүгү жакшы болот.
Кайнак сууда ысытылган тамакты жешке болбойт. Кайнак суудагы ысык тамактар же азыктар ашказан суюктугун начарлатат. Тамакты өтө ысык ичкен болбойт. Өтө ысык ичкенде ооздун ичи, кызыл өңгөч, ашказандын шилекей бездери күйүп, жарат пайда болот. Кайсы бир убакта кызыл өңгөч жана ашказан жараттары ракка айланып кетиши мүмкүн.
Бир түрдүү тамактарды жей берген да зыян. Адамдардын тамактанууга болгон табити ар түрдүү. Көп убакка чейин бир түрдүү тамактарды жей бергенде адамдын денесинде ар түрдүү заттар жетишсиздик болуп, адамды алсыроо, көңүл коштук абалына алып келет. Ар кандай витамин жетишсиздиги оорусуна да чалдыктырышы ыктымал.
Тамактануунун алдында да сууну көп ичпегиле. Тамактануудан мурда сууну көп ичкенде ичегинин аткарган кызматы өзгөчө жогорулап кетет. Ашказан суюктугу начарлап, тамак сиңирүү кызматы өтө алсыз болуп калат.

Эсиңиздерге салабыз
Тишке байланыштуу суроолор менен врач-ортодонт Токтобек Борон-чиевге кайрылгысы келгендер 62-53-93 эмес, 62-53-96 жана 62-53-89 (каттоо) телефондоруна чалыңыздар.

Даярдаган: Бермет МАТКЕРИМОВА, "Кыргыз Туусу"