"Жылдын мыкты айыл өкмөтү"конкурсуна

Кочкор районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу айылдары райондон эң алыс аралыкта, деңиз деңгээлинен 2220 метр бийиктикте жайгашкан. Климаты татаал болгондуктан айрым жашылча-жемиштердин түшүмдүүлүгү, кайтарымдуулугу жергиликтүү тургундардын айтымында төмөн. "Жол азабы, көр азабы" дегендей, райондун борбору Кочкор айылынан Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Мантыш, Ак-Талаа, Кызыл-Дөбө жана Орток айылдарына атайын транспорт каттамы болбогондуктан бир барган адам убаракерчиликтин туз-даамын
жакшы эле татат экен.
Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери Кара-Суу айыл өкмөтү алдыңкылардын катарында, сиздер уюштурган конкурска катышууга мүмкүнчүлүгү бар, аракети күчтүү дегендеринен улам аталган айыл өкмөтүнө сапар алдык.

Кара-Сууда инвесторлорду натыйжалуу пайдаланышат
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу айылдык кеңеш
Биз барган күнү Кара-Суу
айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы өтүп жаткан экен.
Жаңы шайланган айылдык кеңештин төрагасы Таалайбек Курткаев депутаттардын курамы тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду:
- Кара-Суу айылдык кеңешине 15 депутат шайланды. Чынын айтсам таймаш өтө оор болду. Ар бир депутаттык орунга 5 адамдан талапкер ат салышты. Азыр шайлоочу да ар бир талапкерге аяр, кылдат, калыс мамиле жасап калганы даана байкалат. Өзүңүз баалагандай депутаттардын дээрлик бардыгы колунан иш келе турган, айткан сөзү өтүмдүү, эл арасында кадыр-баркы бар жаштар.
Эми биздин айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айылдардын орчундуу, көйгөйлүү деп чечилбей келе жаткан маселелерин чечүүгө көмөктөшүү, ага багыт берүүгө байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн аракет кылуубуз керек. Уюштуруу сессиясында төраганын орун басарын, комитеттердин төрагаларын шайлап алдык. Айыл өкмөтү биз үчүн атайын депутаттык бөлмө бөлүп берип, өз күчүбүз менен керектүү кеңселик жабдуулар менен камсыз кылдык. Буюрса, депутаттар өз тургундарыбыздын ишеничин толук актап, натыйжалуу иштеп беребиз деген үмүт бар.
"Коммунизм" доорунда...
Мындан жарым кылым мур-
да 1958-жылдын май айында "Коммунизм", "Ак-Кудук", "Орток" колхоздору бириктирилип, "Коммунизм" совхозу болуп уюштурулган экен. Ошол чарбанын экономикасы рентабелдүүлүгү көтөрүлүп, малдын башы: бодо мал 5 миңден ашып, кой 60 миңге, жылкы 2 миңге чукулдап турган кезде карасуулуктар жеке өзүлөрүнүн жашоо-шартын жакшыртып, айылдардын социалдык-маданий маселелери дурус эле чечилген экен, тургундардын айтымында.
Совхозду Эсенбек Мусаев, Азис Абдыкеримов, Керезбек Санды-баев жетектеп турган учурда айдоо, сугат жерлердин аянты 5 миң гектарга жетип, түшүмдүүлүк дан эгиндеринен гектарына 42 центнерге чейин жеткен. Орток, Кызыл-Дөбө орто мектептери, балдар бакчасы, чарбанын жумушчулары, адистери үчүн турак-жайлар курулган жаңы көчөлөр, жаңы конуштар пайда болду. Чарбада иштегендерди акчалай, материалдык жактан камсыз кылуу кыйла жакшырган. Азыр да карасуулуктар ирээттүү, тегиз пландаштырылган айылдардын жайгашышын "Коммунизм" дооруна энчилеп коюшкан.
Кара-Суу айыл өкмөтү бүгүн кандай?
Айыл өкмөтүнүн паспортунда-
гы маалыматтарга таянсак, айыл өкмөтү 11,5 кв. километр аянтты ээлеп, Мантыш (борбору), Кызыл-Дөбө, Ак-Талаа, Орток, Кара-Мойнок айылдарынан турат жана жалпы калкынын саны 5,5 миң адам.
Айыл тургундары негизинен талаачылык, мал чарбачылыгы менен алектенишет. Алар үлүшкө тийген 5 миң гектарга жакын сугат жерлерин пайдаланышып, колдо 28 миңден ашык кой-эчки, 3670 бодо мал, 3900 жылкы кармашат. Климаттык өзгөчөлүгү, жердин
рельефтик жайгашышы жайыттардын кенендиги жана жакындыгы, сугат суусунун молдугу тургундардын бул тармактарды өздөштүрүшүнө кенен шарттарды түзөт.
Макаланын башында баяндалгандай айыл өкмөтүндө социалдык-маданий мекемелер жетиштүү, айылдыктардын суроо-талаптарын канааттандырууга толук жетишет. 4 орто мектеп, 3 ФАП, 2 клуб, 2 мончо, 8 тегирмен жана башка мекемелер бар.
Инвестицияларды тартуу
Акыркы эки жылда айыл
өкмөтүнүн башчысы Муратбек Бейшенкуловдун айтымында бул жаатта мактанарлык эле жумуштар аткарылгандай. Алсак, ПРООН тарабынан беш айылда 1 млн. 200 миң сомдук каражат тартылган. Ал эми АРИС боюнча 26 долбоор жактырылып, 3 млн. 582 миң сом жалпы тургундардын кызыкчылыгын коргоого жумшалган.
Бул иш-чарага Бүткүл дүйнөлүк банк да тартылып "Таза суу" программасы боюнча Кызыл-Дөбө, Ак-Талаа, Мантыш айылдарына ичүүчү суу чыгарылып, долбоордун жалпы суммасы 7 млн. 200 миң сомду түздү.
Швейцариялык "Кызыл Жарым Ай" коому тарабынан Ак-Талаа, Орток, Кызыл-Мойнок айылдарындагы ФАПтар толук ремонттон өткөрүлдү.
Азия өнүктүрүү банкынан "Компаньон" филиалы азырынча Мантыш айылынын жашоочуларына жеңилдетилген үстөгү менен насыяларды берип жатат. Кийинки жылдан баштап бөлөк айылдардын тургундары да филиалдын кызматынан пайдалана алышат. Жалпысынан Кара-Суу айыл өкмөтү боюнча бардыгы 19 млн. 494 миң сомдук чет элдик инвестициялар тартылган.
Республикадагы бөлөк айыл өкмөттөрүнө салыштырмалуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө бул багытта дурус иш алып баратканы даана байкалат.
Келечек
иш-аракеттери
Айыл өкмөтүнүн кызматкер-
леринин айтымында республиканын элге билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланып, Кызыл-Дөбө, Орток айылдарындагы Жалпетеков атындагы орто мектептеринде капиталдык оңдоо жумуштары жанданды. Министрлик тарабынан бөлүнгөн 6,5 млн. сом менен мектептердин көп орчундуу көйгөйлөрү чечилмекчи. Айыл жана суу чарба министрлигине караштуу суу чарба департаменти аркылуу "Сарсейит", "Сөөк-Каракол" суу пайдалануучулар ассоциациясына долбоор аркылуу каражат бөлүнүп сугат тармагындагы каналдар, арыктар реконструкцияланат.
Андан тышкары Мантыш айылындагы клубдун ремонтуна, "Жайыттар" долбооруна АРИСтен кошумча каражат бөлүп берүү каралып жатат.
Айыл өкмөтүнүн башчысын тыңдасак...
Мен өзүм Кызыл-
Дөбө айылында төрөлүп, ушул жерде чоңойдум. Чарбада көп жыл иштеп, кийин өзүм түзгөн дыйкан чарбанын жетекчиси болдум. Кантсе да айыл өкмөтүнө караган айылдардын жашоочуларын, алар күндөлүк тушуккан көйгөйлөрүн мен жакшы эле билем деп ойлойм. Элибиз ынтымактуу. Чарба жөнүндө берген маалыматыма кошумча - "Коммунизм" совхозунда эмгектенип, Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына Билал Жусупов, Шарип Сыдыков татыктуу болушкан. Аларды кантип атабай коёбуз. Биз сыймыктанган инсандарга коомдук ишмер Таштемир Айтбаевди, Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбековду, Ленин орденинин ээси айылдагы алгачкы мектептин пайдубалын түптөгөн белгилүү мугалим Ашыралы Абдыкадыровду, мектептин деректири болуп иштеген Жээнбек Макен-баевди жана башкаларды атай кеткеним да орундуу.
2008-жылы мөмө-жемиш бактарынын көчөтүн отургузуу колго алынып, 2000 көчөт, терек жана тал көчөттөрү (ар бир үйгө 10-20 көчөттөр) отургузулду. Айыл өкмөтүндө жаңы типтеги дүкөндөр жана жеке менчик турак-жай курулуштары архитектуралык талапка ылайык өз деңгээлинде жүрүп жатат.
Айыл өкмөтү мал уурулуктун алдын алуу, кылмышты болтурбоо боюнча Профилактикалык борбору, участкалык милиция иш бөлмөлөрү менен камсыз болуп, аларга бардык тараптан жардамын берип келүүдө. Ар бир айылда графиктер түзүлүп, элдик кошундар өз деңгээлинде иш алып барууда.
Аксакалдар соту, ардагерлер кеңеши, аялдар кеңеши, жаштар уюму жана өкмөттүк эмес уюмдар менен иштөө өз деңгээлинде. Ар бир уюм иш бөлмөлөрү менен камсыз болгон, иш пландары бекитилген. Коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен иштөө жыйынтыгында Кызыл-Дөбө орто мектебинин окуучулары бут кийим жана жаңы үлгүдөгү формалар менен камсыз болушту. Ден соолук борбору ар кандай дары-дармектер, видео аппаратуралар менен камсыз болушту.
Айыл өкмөтүндө жергиликтүү фонддун эсебинен түзүлгөн "Үч-Көрүк" микро кредиттик агентствосу тарабынан айылдын тургундарына 2008-жылдын июнь айынан баштап жалпы суммасы 500 миң сом төмөнкү пайызда насыя катары берилип жатат. "Компаньон" микрокредит берүүчү уюмга имарат берилип, 2008-жылдын февраль айынан баштап кредит берилип жатат. Жалпы элге таратылганы болжол менен 8 млн. сомдон ашты. Ал эми Ак-Талаа айылына чейин жолдун ремонту үчүн ДЭУга 380 миң сом которулду.
Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына айыл өкмөтү боюнча жалпы жонунан планда каралган 637,3 миң сомдун ордуна 805,7 миң сом жыйналып, план 126,4 пайызга аткарылган. Цифралар айтып тургандай айыл өкмөтүнүн бюджети 1 млн. сомго да жетпейт. Ошондуктан чет элдик, республикалык грант, инвестициялардын эсебинен айылдарга тиешелүү болгон көйгөйлөрдү чечүүгө мажбурбуз - деп Муратбек өз сөзүн жыйынтыктады.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan