адам укугу

"Кыргыз Туусун" Нарын облусунун прокурору
Р.Исаев сотко берет
Ак-кара аныкталган сотто сүйлөшөлү
же чындыкты жокко чыгарбаган позиция жөнүндө
Атайын журналисттик иликтөөгө
киришүүнүн алдында редакцияга келген алакандай жооп катты окурмандарга тааныштырып, андан соң ой учугун
уласак.

"Кыргыз Туусу" гезитинин Башкы редактору
К.С.Молдокасымовго
Урматтуу Кыяс Сатарович!
"Кыргыз Туусу" гезитинин 2008-жылдын 21-ноябрындагы №88 санына жарыяланган "Жумгалдагы жегичтерди жең-ичинен коргогон прокурор" деген сын макала
боюнча облустук прокуратура тарабынан тиешелүү териштирүү жүргүзүлдү.
Териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын тургуну Эраж Кумарбековдун Сиздердин гезитке жарыяланган жогорудагы макаласы чындыкка ылайык келбеген маалымат экендиги аныкталды.
Бул тууралуу Сиздин дарегиңизге 2008-жылдын 5-декабрындагы 11/9-08 сандуу чыгыш менен жиберилген Жумгал районунун прокурору А.Алсеитовдун толук маалыматы жана ага тиркелген тиркемелер менен ырасталат.
Андыктан, Кыргыз Республикасынын "Массалык маалымат каражаттары" жөнүндөгү мыйзамынын 17-статьясынын талаптарына ылайык, белгиленген мөөнөттө гезиттин кезектеги чыгарылышында аталган макаланы жокко чыгарууну жарыялооңуздарды өтүнөбүз. Баш тартылган учурда сотко кайрылууга мажбур болобуз.
Сизди урматтоо менен
Облустун прокурору Р.ИСАЕВ

Акыйкаттын жүгүн актануу көтөрөбү?
Жогорудагы об-
лустук прокурордун жообунун негизинде жазылган редакциянын Нарын облусунун мамадминистрациясынын башчысы Ө.Суваналиевге жазган териштирүү катына аппарат башчысы Б.Богачиевдин жообу да келди. Үндөш, окшош болгондуктан сотко бермекчи болушкан прокурорлорго жооп берүүнү чечтик.
Биринчиден, гезитке жарыяланган арыздагы факт жалган эмес. Ал жоопто кошо жөнөтүлгөн, материал чыккан күнү угузулган Жумгал
райондук сотунун өкүмүндө да: "Узакбеков Советбек Сабыржанович Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза кодексинин 225-статьясы менен күнөөлүү деп табылып, 10000 (он миң) сомго айып төлөм салынсын" деп аныкталып турат.
Экинчиден, Э.Кумарбековдун бир нече арызы, анын айтуусу жана жазуусу боюнча кылмыштык фактылар жетишсиз деген шылтоолор менен жабылган. Арыздануучу
Советбек Узакбековдун 20 000 (жыйырма миң) сомду алып калгандыгы тууралуу тил катты арызданганда эле билдиргенин айтып, редакцияга көчүрмөсүн берген. Прокурор А.Алсеитов аны иликтөөгө тиркебесе редакция күнөөлүбү?
Нарындагы "Промстройбанктын" бөлүмүндөгү финансылык одоно тартип бузуулар, Э.Кумарбековдой акча алып калып жеп-ичмейлерден азап тарткандар бирөө эле эмес, алардын мисалында кошумча далилдерди тапса болмок.
Үчүнчүдөн, алынган 50 000 (элүү миң) сомдун кассалык ордер номери жок болгон, төраганын колу да коюлган эмес. Келишимде төраганын колу же ким бергени белгисиз болуп, актай түзүлгөн. Кыскасы банктын тийиштүү акча берүү тартиби сакталып, толтурулган эмес. Бул жагдай прокурорго факт, негиз болбогондугу табышмак. Себеби Э.Кумарбековдун айтуусу жана документтердин көчүрмөсүн берип кетүүсү боюнча өзү алган 30 000 (отуз миң) сомго айына пайыздык төлөөлөрдө ар кайсы эсептик (счеттук) номерге, кээде анысы жок актай номерге акча төгүп турган. Ал тургай (редакцияда сакталуу турат) айы гана жазылган актай квитанциялар жүрөт. Прокурор эмне үчүн буларды иликтөө өндүрүшүнө далил катары карабаган. Эраж Кумарбеков: " Эгер банкта мага ачылган счет жок болсо, мен кимге төлөп жүргөм жана мага каяктагы акчаны беришкен. Менден алган акчаны кайсыл счетко кириштешкен?", - дейт. Булар прокурорго айтылса да териштирилбеген. "Эмне үчүн төрт жылдан бери бир да реакция жок, качан милиция кармап келгенде делону алып алат" деп ыйламсыраган прокурорго нааразы болгон арыздануучу бизге келип айтуусунда жана жазганында. Кылмыш ишин козгоого прокурор А.Алсеитов үчүн "жетиштүү далил жок болсо" башка териштиргендер бар кылып, акыры сот аныктады го?
Карапайым айыл тургуну Э.Кумарбековго бийлик өкүлү билгениндей мамиле, басым жасаса да, элдин талабын коргогон улуттук гезит "Кыргыз Туусун" жалганды жарыяладыңар деп жокко чыгарууну, "…болбосо сотко кайрылууга мажбур болобуз" деп облпрокурор Р.Исаев баш болуп омуролоо канчалык негиздүү.
Биринчиден, Президент баш болгон жогорку бийлик бутактарына, гезиттерге жазылган кат жана андагы айтылгандар редакцияга берилген документтердин, зар какшап жазылган арыздын негизинде чындык.
Экинчиден, мыйзамды семичкедей чагууга тийиш болушкан Жумгал районунун прокурору А.Алсеитов менен Нарын облусунун прокурору Р.Исаев мырзалар "Массалык маалымат каражаттары" жөнүндөгү мыйзамынын 17-статьясына ылайык "Кыргыз Туусу" гезитин сотко берүүгө прокурор А.Ал-сеитов жазгандай, "Кылмыш куугунтугун алууга негиз жок" болуп жүрбөсүн. Юрист мырзалар Ормон опузага алып, кысым жасаган бул мыйзамда: "Граждан же уюм массалык маалымат каражаттарынын чындыкка ылайык келбеген же өз ар намысына, кадыр-баркына шек келтирүү менен жарыяланган маалыматтарды жокко чыгарууну талап кылууга укуктуу…" деп айтылат. Мыйзамды жадыбалдай биле турган юристтер гезитке жарыяланган факты жалган, мыйзам чегинде каралган, "ар-намысыбызга, кадыр-баркыбызга шек келтирилди" дешсе, өздөрү айткан кимдин ак-кара экенин аныктаган сотто териштирели. Ошол 17-статьяда: "Жокко чыгарууну жарыялоодон баш тартылган учурда ишке тиешеси бар тарап сотко кайрылууга укуктуу. Массалык маалымат каражатынын органы чындыкка жатпаган жана өз кызматкерлеринин ар-намысына же кадыр-баркына шек келтирген маалыматтардын Мыйзамда белгиленген тартипте төгүндөлүшүнө жетишүүгө укуктуу" - деп журналисттердин да укугу көрсөтүлгөн.
Юридикалык түшүндүрмөдө: "Жалган маалыматтар адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип, беделин кетирген болушу керек". Ал эми болгондо да юрист эки прокурордун чычалашканына негиз жок. Ошол эле Американын президенти Жорж Буш Иракта ботинкасы менен атып урган журналистти соттоп жатышат. Ал журналисттей жеке бутага алган эмеспиз. Андан Кудай сактасын. Биз элдик мүдөөнү, мыйзам адилеттигин гана жазганбыз. Эгер, "жең-ичинен колдогон прокурор" дегендин ордуна "жең-ичинен жеген, паракор, далилдүү фактыларды жымсалдап жашырган прокурор" деп жазсак жер сабап "соттошобуз" дешсе жарашмак. Анткени жегендикти, паракорлукту, далилдүү фактыларды жымсалдап жашырган коррупциялык айыптоолорду сот гана аныктайт. Ал эми "колдогон" дегендик арыздануучу Эраж Кумарбеков: "Эмне үчүн төрт жылдан бери бир да реакция жок. Качан милиция кармап келгенде делону алып алат" дегенди жана көз көрүнөө жогоруда айтылгандай фактылар турса дагы чара көрүлбөй созулганы негиз болду. Юрист эмес жөнөкөй эле адамга мыйзам бузуу болгондугу көз көрүнөө билинип турган кылмыш ишин иликтей албаган прокурордун адистик дарамети боюнча маселе эмне үчүн көтөрүлбөш керек. Союз мезгилинде үч тыйын үчүн мыйзам жоопкерчилигине тартылса, мамлекеттик банктан 20 миң сомду жымырган кызматкер С.Узакбеков далилдер жетиштүү эле болсо, жокко чыгарылып, эмненин негизинде, кандай максатта кылмыш козгоодон четтетилип калды. Абайлап, иш боюнча сын айтсак, көз көрүнөө, танып кете албас кылмышты "кылмыш куугунтугуна алууга негиз жок" деп жабууга бир кызыкчылык болгон эмеспи?
Ырас, иш боюнча сынга мамиле туура эмес боло тургандыгы ишке ашса "Промстройбанктын" Чаектеги бөлүмүндөгү май-талканга айланган жеп-ичмейлерди прокуратура кандай териштиргендигин, мыйзам бузууларга, коррупцияга прокурордук көзөмөл кандай жүргүзүлгөндүгүн журналисттик иликтөөгө мажбурлашууда. Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев акыркы элге Кайрылуусунда айткан укук коргоо органдарына эл ишенбей калды дегенин аныктаган карапайым Э.Кумарбековдун Президент баш болгон бийлик органдарына акыйкат издеп, арга кеткенден жазган арызын жарыяладык, чындык кашкайып көрүнүп турса "жокко чыгарууну" сөөмөй кезешкен прокурорлордун кысымы, "сотто сүйлөшөбүз" деген Ормон опузалары адилет каралып, ак-кара аныкталуу үчүн, мыйзам чегинде биз дагы кайрылчу жерге кайрылабыз. Ак ийилет, бирок сынбайт. Ар
дайым калыс сөздөрүн айтып келишкен окурмандардан жана банктагы талаш маселени жакшы билишкен чаектиктерге бул проблемалар боюнча ойлорун билдирүүгө, чындык кайсыл тарапта экендигин айтууга чакырабыз. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок".
Марип ТАЙЧАБАРОВ
"Кыргыз Туусу"




  Шиш такалуу айдоочу айым айыпка жыгылат

Аялзатынын күлүгү дегенибиз эле көлөмү кичинекей, мисалы, "Оке", "Дэу Тика", же "Форде Ка" маркасындагы автоунаалары. Ушул сыяктуу дагы бир катар автоунаалардын тизмеси бар. Мисалы, Сауд Аравияда
айымдарга машина айдоого тыюу салынган.
Ошол эле убакта Англия айымдары тез ылдамдыкта жүргөн "Ягуар", "Форд" сыяктуу спорт автомобилдерин айдаганды каалашат. Дүйнөлүк автокорпорациялары айымдардын салттуу машинасы деп "Фольксваген Поло", "Гольф", "Опель Тигра", "Рено Твинго", "Судзуки Витара" жана "Пежо 2006" маркаларын эсептешет.
Аталган унаалардын айымдарга ылайыктуулугу салондорунун ушунчалык жумшактыгы менен
айырмаланып турат. Эгер машинанын көлөмү кичи-рээк, тыкан жана сүйкүмдүү көрүнсө эркектер дароо андан баш тартышат. Айымдардын табитине, анан дагы тырмагынын, помадасынын, жада калса чачтарынын өңүнө да ылайык деп сунушташат. Ошону менен бирге аял затына салонунун ичиндеги көп функционалдуулугу эң башкы ролду ойнойт.
Адистер салон ичине ар кандай күзгүлөрдү, косметика салуу үчүн чөнтөкчөлөрдү орноштуруп, кыскасы төрт дөңгөлөктүн ичин сулуулук салонуна айландырып беришкен. Бул модель "Лансия Космополишн" деп аталат. Кыргызстандын айымдарынын арасынан трактордон баштап, троллейбус, автобус, жада калса такси айдагандарды кездештиребиз.
Адистердин
баамдоосу боюнча биздин өлкөдө 55 жаштан 60 жашка чейин автоунаа айдаган айымдар 5 пайызды, 40 жаштан 55 жашка чейинкилер15 пайызды, 30-40 жашка чейин 30 пайызды, ал эми 17-30га чейинкилер 50 пайызды түзөөрү далилденген. Автоунаа айдоо эрежелерин мыкты билген күндө да айымдар көңүлгө албаган, бирок чоң роль ойной турган кичинекей сырлары бар. Жол эрежелерин изилдеп көрүп, адистер автокырсыктарынын себеби ыңгайсыз бут кийим экенине ынанышкан. Айымдардын шиш такалары машинанын педалын толугу менен тепкенге тоскоол кылат. Ылайыктуу бут кийим тандоодо кеңеш, бут кийимдин таманы жылмакай болбой, такасынын узундугу 2-3 смден ашпоосу зарыл. Мындай жагдайды эске алышкан Бразилия өкмөтү
атайын статьянын негизинде талапка жооп бербеген бут кийим кийген айымдарды айыпка жыгышат. Ал эми биздин Кыргызстанда ушундай мыйзамды ишке ашырышса тиешелүү органдардын тез эле байып кетүүсүндө шек жок.
Санат ЖУМАКАДЫРОВА
"Кыргыз Туусунун" практиканты













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan