Өнөрдү баалаган эл өлбөйт

Талантты кадырлаган Жумгал элинде
Кыргыз улуттук маданиятынын, искусствосунун туу чокулары Мыскал Өмүрканова, Калык Акыев, Мидин Алыбаев, Муратбек Рыскулов, Бүбүсайра Бейшеналиева, Таттыбүбү Турсунбаева, Уран Сарбагышев, Муратбек Бегалиев ж.б. канчалаган таланттар Жумгал жеринин атын сыймыкка бөлөп турушат. Ал эми элдик баатырлары, илим, билим ж.б. тармактардагы залкарлары канча дейсиз. Ошон үчүн ал өрөөн та-ланттардын бешиги катары абалтадан бийик аңыз болуп айтылып келет.
Чаекте Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, таланттуу публицист, жазуучу Кален Сыдыкованын 50 жылдыгына карата Жумгал элинин чакыруусу менен чыгармачылык жолугушуу кече өттү. Кечеде Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысы Талантбек Касмамбетов чыгармачылык келечектүү тилектерди айтып, бүтүндөй Жумгал элинин атынан кадыр-сыйын билдирди. Жакынкы мезгилдерде райондун борбордук көчөлөрүнүн бирине Кален Сыдыкованын атын ыйгаруу тууралуу дагы айтылды. Ошондой эле райондогу аттуу-баштуу инсандар өз сөздөрүндө жазуучунун чыгармачылык ийгиликтерин белгилешти. Белгилүү жазуучу Шакин Эсенгуловдун жетектөөсү менен керемет кечени "Бекбекей" ансамблинин концерттик номерлери коштоду.
Жумгал райондук Советбек Байгазиев атындагы борборлоштурулган китепканада Кален Сыдыкованын чыгармачылыгына арналган китеп көргөзмөнүн ачылышы дагы эсте каларлык маанай жаратты. Улуттук кийимдерди кийинишкен китепкананын кызматкерлери К.Сыдыкова тууралуу кенен маалымат берүү менен, суроо-жооп иретинде аңгемелешүүлөр болду. Китепкананын директору Замира Исабекованын билдирүүсүнө караганда бул китепканага 2006-жылы Жумгал элинин дагы бир чыгаан кулуну, окумуштуу, жазуучу Советбек Байгазиевдин ысмы берилген. Учурда мында 33 миңден ашык китеп сакталат. Нарын облусундагы китепканалар арасындагы сынакта "Мыкты китепкана" сыйлыгын жеңип алышкан. Китеп фондусун байытуу максатында "Куржун" акциясын өткөрүү менен 1000ден ашык китеп чогултушкан, бул иш-чара дагы улана бермекчи. 1945-жылы ачылган бул китепканага заманбап иштөөгө компьютер гана жетишпегендигин айтышты. Кален Сыдыкова муну эске алуу менен өзүнүн жаңы жарык көргөн китептерин белекке тапшырды.
Мидин Алыбаев атындагы орто мектептеги жолугушуу дагы эң кызык өтүп, жазуучу ал мектептин китепканасына өзүнүн китептерин белекке берди. Окуучулар автордон кол тамга алышып, суроолорду берип, кызыктуу жоопторду алышты.
Кыргыз калкына белгилүү публицист, жазуучу Кален Сыдыкованын жаңы жыл алдында "Ата Журтум ардагым" аттуу 44 басма табак көлөмүндөгү китеби басмадан жарык көрдү. Чыгармачылыкта 30 жылдан ашык мезгилден бери ондон ашык китептин автору болду. Мына ушундай чыгармачылык жолунда талбай узанып келе жаткан Кален Сыдыкованын чыгармачылык кечесинин урматына райондук тарыхый-этногра-фиялык музейдин жамааты дагы атайын даярданышкан экен. Улуу тоонун боорунда жашаган улуу кыргыз элинин салттуу урпагы экендигин билдирген бул музейдин жетекчиси Айнаш Сапаралиева, 75 жаштагы ардактуу Шарипа Исабекова эже баштап салттуу тосуп чыгып, музейдеги Кален Сыдыковага арналган көргөзмөнү салтанаттуу ачышып, жакшы тилектерин ыроолошту.
Кален Сыдыкованын чыгармачылыгын кадырлаган жердештери - касиеттүү Жумгал жеринин эли чынында эле кең көкүрөк, меймандос, өнөрдү баалаган улуу эл экендигин ушул үч күн аралыгында жүрөккө жакын сезим менен туйгузушту. Эмне дейбиз, мындай элден улуу таланттар чыкпаганда кандай элден чыкмакчы?!
Киндик кан тамган кичүү мекенинин мөлтүр булагындай болгон таланттуу публицист, жазуучу Кален Сыдыковага мындан аркы да чоң ийгиликтерди тилек кылабыз.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"




  Жыл жаңырардагы маек

Баракелдедеги" бийчи кыз бизде мейманда
"Милициянын кызматкери сөзсүз чыгармачыл адам болуш керек, - дейт биз менен маегинде Ички иштер академиясынын тарбия жана коргоо бөлүмүнүн начальниги, подполковник Абдразак Турдубаев. - Элдин милицияга болгон ишенимин арттыруунун, экөөнүн ортосундагы ажырымдап бараткан мамилени жакындатуунун бир жолу ушул. Деги эле жандилинде маданияты болбогон адам, ал канчалык тажрыйбалуу экенине карабай, эл менен ымалаша албайт. Ал эми маданияты өспөгөн эл - эч качан өнүкпөйт".
Келечектеги укук коргоочуларды жогорку деңгээлде окутуп-тарбиялоо ишинде Ички иштер академиясы мына ушундай багыт менен иш алып барууда. Окутуу-тарбиялоонун жүрүшүндө бул аракеттер курсанттар үчүн дагы адегенде "чоочун", олдоксон сезилгени менен, бара-бара ар кандай ийримдерге, көркөм иш-чараларга кызыгуу артып, ага катышкысы келген талапкерлердин катары көбөйүп баратканын билдик.
Чындыгында эле бул - коомчулук колдой турган маселе. Маселен, окуу жайда эле эмес, республикалык деңгээлде өтүп жаткан маданий иш-чараларда ("Баракелде" телекөрсөтүүсү, ар кандай КВНдер, ж.б.) милиция кызматкерлеринин таланттарын карап отуруп, бир чети таң калып, бир чети сүйүнөсүң. Албетте, бул тармакта иштегендер кесиптик тактыкты, ж.б. гана туу тутуп, ал эми рухий дүйнөдөн таптакыр алыстап, көпчүлүк учурда (одоно салыштыруум үчүн кечирим сурайм) кудум роботту элестетип калышкан. Баягы: "Менин милициям - мени коргойт" деген ишеним эл ичинде тымызын: "Менин милициям - мени кордойбу" деген ирээнжүү менен алмашып, экөөнүн ортосундагы мамиле, сыйдын, ишенимдин азайып бара жатканы чын эле…
Ал эми муну көрө билип, моюнга алып жана себебин издеп, кыйшайып бараткан көчтү түзөтүүгө жол табуу - көч башында бараткан жетекчинин көрөгөчтүгү. Айткандай эле, коомчулук ички иштер кызматынын соңку убактардагы кесиптик ийгиликтерин, эл ишенимине алына башташын министр М.Конгантиевдин иш билгилиги катары баалашат.
Учурда Ички иштер академиясынын тарыхында биринчи жолу адабий жана өздүк көркөм чыгармачылык ийримдери ачылып, академиянын начальниги, милициянын генерал-майору А.С.Мавлянов муну колдоого алган. Азыркы убакта ийримдерге жетекчилик кылуу үчүн атайын адистер чакырылып жатканын маалымдап:
- Ал эми бий сабагы боюнча өзүбүздүн курсантыбыз Асел Жамакееваны тандадык, - дейт подполковник А.Турдубаев. - Анткени Асел буга чейин бир канча кароо-сынактарга катышып, жеңүүчү катары окуу жайдын туусун көтөрүп, сыймыгыбыз болуп келген.
Асел Жамакеева юридикалык кадрларды даярдоочу факультеттин 3-курсунун курсанты. Борборубуздагы № 56 орто мектепти аяктагандан кийин аталган окуу жайга өткөн. Бала чагынан бийлеп, профессионал окутуучулардан сабак алып, "Бий мугалими" деген сертификатка ээ болгон.
- Бала чагымда менин ушул өнөргө болгон шыгымды байкаган ата-энеме ыраазычылык айтам, - дейт бүгүн Асел. Ал эми кийин таптакыр башка тармакта окуп жатканы менен, ошол өнөрдү чоң сахнада улантып, өз күйөрмандарын таап, ийгиликтерге ээ болушуна академиянын, айрыкча академиянын тарбия жана коргоо бөлүмүнүн начальниги, подполквник Абдразак Турдубаевдин эмгеги чоң экендигин айтат.
- Мен да бул эки тармакты бири-бирине окшошпогон, эки башка дүйнө катары ойлочумун, - дейт Асел. - Бирок менин жандүйнөмө экөө тең жакын. Ошондуктан бийге болгон сүйүүмдү, билимимди боюма, жандилиме катып алып, академияга тапшыргам. Эми ойлосом, көрсө искусство менен болочок кесибим, экөө бир жандүйнөгө сыя турган, бири-бирине кызмат кыла турган, окшоштугу бар кесип экен. "Өнөрлүү өлбөйт" деген сыяктуу эле, жандүйнөсү рухий көрөңгөгө бай адис ар дайым элге жакын болот дегенге ишендим. Андай адам эл менен оңой тил табышып, иштешип кете алат.
Мына ушундай кулак кубанткан маектешүүдөн кийин көңүлүң өсүп жашагың, ырдагың, анан да иштегиң эле келет.
Эмесе, уюткулуу, угуттуу улутубуздун рухий дүйнөсүн аздектеп, улап, элге ак ызмат кылууну ыйык парзыбыз деп эсептеген мекендештерибизге жаңы жылда ийгилик, ак жол каалап, жаңы жыл жакшылыктарды алып келсин демекчибиз!
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan